Семинар

"Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү-окуу усулдук борборуна жер-жерлерден келишкен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин адистери "Балдарды мектепке даярдоодогу комплекстүү окутуунун" ыкмаларын үйрөнүштү.

Балалык башаты - билим жана тарбия
"Балажандын" Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте өткөргөн бул эки күндүк семинарына бардык аймактардын кошумча билим берүүчү мекемелеринин мектепке чейинки студияларында балдарды окуткан педагогдор, жалпы билим берүүчү мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, бала бакчалардын башчылары жана тарбиячылар чакырылган.
Балдарды мектепке даярдоо мекемелеринде иштеген адистердин айтымында коомдук турмушта өтө ыкчамдыкта болуп жаткан өзгөрүүлөр билим берүү ыкмаларынын жаңыча өнүгүүсүн, жаңы педагогикалык технологияларды талап кылууда. Мындай жаңычылдык педагогдордун профессионалдык ишмердүүлүгүндө эле эмес, жаш бөбөктөрдүн жаңы башталган жашоосунда пайда болгон ар кандай кырдаалдарда универсалдуу ыкмаларды пайдаланууну шарттап жатканы талашсыз. Эгерде мындан 15-20 мурда бала окуганды, санаганды мектепке баргандан баштап үйрөнө баштаса, азыр бала мектеп босогосун аттаганда окуганды жана жазганды билгенден сырткары коллективде иштөөгө, ден соолугун чыңдоочу ыкма-көнүгүүлөрдү үйрөнүүгө ж.б. бардык тараптан өнүгүп-жетилүүсү керек деген көз караш бекем орун алды. Балдарын 4-5 жашынан тарта атайын борборлорго өткөрүшкөн ата-энелердин каалоо-мүдөөсү да ушундай болууда.
Тилекке каршы, кайра куруу жылдары мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны кескин кыскарып кеткен. Адистердин айтымында азыр 12 пайыздан бир аз гана көбүрөөк бала мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин кызматынан пайдаланышса, калгандары мектептеги окуу процессине даярдыгы жок барышат. 2009-жылдын 29-июнунда кабыл алынган "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү" мыйзамда мектепке чейинки билим берүү баланын ден соолугун сактоого, анын личностуулук сапатын өнүктүрүүгө багытталып, баланы окутуу процесси оюн ыкмасында түзүлүүсү зарыл деп так белгиленген.
Кийинки убакта балдарды эрте жашынан ар түрдүү багытта окутуп-үйрөтүүнү максат койгон мекемелердин саны көбөйүүдө. Айрыкча анын менчик түрү басымдуу болуп баратат. Арийне, андагы бааларга бардык эле ата-эненин капчыгы туруштук бере албайт. Ал эми элетте менчик эмес, өкмөттүк бала бакчалар тартыш экендиги белгилүү. Бала бакчалардан башка дагы балдарды мектепке чейин окутуп-даярдоо борборлору райондук, областык борборлордо эле бар. Мындай борборлор баланын таанып-билүүгө ынтызар чакан дүйнөсүн кеңири ачып, искусство каражаттары аркылуу ага эстетикалык бай тарбия берүүнү көздөйт.
"Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу усулдук борборунун директору Дария Мусинанын пикири боюнча региондорго методикалык каражаттар жетишпегендиктен жаңы методикаларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү баардыгында эле боло бербейт. Экинчиден, аларда материалдык база жок. Борбордон алыс жайгашкан окуу мекемелеринин дагы бир көйгөйү - атайын билими бар кадрлардын жетишсиздиги. Балдар мекемелеринде иштеген адистердин басымдуу көпчүлүгү педагогикалык адистикке ээ эмес болгондуктан, балдарды окутууда тажрыйбасыздыгы таасир этпей койбойт. Андыктан ушуга окшогон чыгармачыл ыкмаларды жайылткан семинарлар элеттиктерге чоң жардам көрсөтөөрү талашсыз.
- Бул семинардын жүрүшүндө билим тармагында эмгектенген кесиптештерибизге педагогикалык методикаларды оозеки айтып гана бербестен, иш жүзүндө көрсөтүп да бердик, методикалык рекомендацияларды, б.а. ачык сабактарды, сценарийлерди тараттык, мындан сырткары дидактикалык материалдарды дискке көчүрүп, электрондук вариантын бердик. Ушунун баары балдарды окутууда көрсөтмө курал катары аларга жардамын тийгизсе, биз кубанычта гана болобуз - дейт директор.
Албетте, "Балажандын" окутуу программалары автордук иштелмелер болгондуктан, аны пайдалануучулар авторлорун белгилөөсү кажет. Борбордун студияларынын окутуу программаларын көчүрүүгө болбойт, ал эми алар түзгөн методикалык разработкалар башкалардын окуу иштерине пайдасы тийсе, ал "Балажанга" аброй гана алып келээрин кошумчалады Дария Сапарбековна.
24 жылдык тажрыйбасы бар "Балажанда" адегенде 3 студия иштесе, азыр 51 студияга чейин көбөйүп, 3 миңдей баланын сүйүктүү жайына айланган. Мында Дария Мусина жетекчилик кылган педколлективинин үзгүлтүксүз узак эмгек чыйыры жатат. Бишкектеги башка да көптөгөн балдарды окутуучу борборлордун арасынан ал татыктуу алдыңкы орунду ээлеп турушу борбордун директорунун жогорку профессионалдык чеберчилигин дагы бир жолу баса белгилеп турат. Анын үстүнө кийинки учурда ата-энелер да балдарын эрте жашынан ар кандай ийримдерге катыштырууга активдүү тартылып жатышы кубанычтуу көрүнүштөрдөн. Д.Мусина белгилегендей, бүгүн ар тараптуу билим-шыкка үйрөнгөн балдар - эртеңки мыкты адистер, ал эми мыкты адистер - мамлекетти жогорку деңгээлге көтөрүүчү өндүрүштүн алдыңкы күчү болоору анык.
Семинардын катышуучусу Шайыр Шаршенбаева Ысык-Көл областык билим берүү институтунда мектепке чейинки жана башталгыч класстар боюнча методист болуп 17 жылдан бери эмгектенип келет. Ага "Балажандын" базасы аябай жаккандыгын айтты.
- Семинардын "Балдарды мектепке даярдоодо комплекстүү окутууну" - менин көз карашымда балдарга жуурулушкан сабактарды окутуп-үйрөтүү деп белгилесек болот. Мисалы, ИЗО менен музыка сабагы удаа өткөрүлгөндүктөн, бизге чогуу өткөндөй пикир калтырды. ИЗОдон музыкага ийкемдүү өтүп кетиши мурунку сабактын уландысы катары туюм калтырат экен. Мага "Балажан" борборунун мугалимдеринин даярдыктары, алар өткөн сабактардын жабдылышы, ачык сабактар өтө жакты. Алыскы региондордо бул жагынан тартыш экендиги жашыруун эмес. Андыктан семинардын бизге пайдасы зор болду. Таркатма материалдарды алдык, эми колубуздан келишинче ал ыкмаларды жайылтууга, балдарды окутуп-үйрөтүүдө колдонууга аракет жасайбыз. Менде айылдык мектептерде комплекстүү даярдоо класстарын ачсак жакшы болчудай деген ой пайда болду. Ал үчүн ата-энелердин, айыл округунун, жалпы эле коомчулуктун колдоосу керек, - деген оюн билдирди бизге Ш.Шаршенбаева.
Нарын областык балдардын билим борборунун директору Аипова Назиранын пикири боюнча ар түрдүү ийримдерге катышкан балдар менен ийримдерге тартылбаган балдардын психологиясы ар башка болот.
- Айылдык балдардан айырмаланып, бул жактагы балдар өздөрүн ээн-эркин алып жүрүүсү өзгөчө таасир калтырды. Менимче, бул айырмачылык айылдык балдардын ийримдерге активдүү тартылбагандыгынан болсо керек. Ар бир мектепте психологдордун иштеши да балдардын пайдасына чечилет деп ойлойм. Биздин тема - мектеп жашына чейинки балдарды комплекстүү окутуу деп аталып жаткандыктан, эң биринчиден ата-эне баласынын билим алуусуна салым кошушу керек, - деп эсептейт ал.
Нарын областык балдардын билим борбору мамлекеттен тышкаркы мекеме болуп эсептелет. Мында азыр 15 багытта ийримдер иштейт. Ага 7 жаштан 17 жашка чейинки миңден ашык бала тартылган. Шыктуу жана чыгармачыл балдар катышкан ийримдерден тышкары кытай, жапан тилдери боюнча курстар да бар. Ийримдерге балдар акысыз катышат, аны мамлекет каржылайт. Учур талабына ылайык коммерциялык багытта, б.а. акы төлөгөн окутуу кызматтарын кийирүү борборубуз Бишкекте гана ийгиликтүү ишке ашпаса, айылдарды айтпаганда эле райондук, областык борбордо да иштеп кетиши күмөн. Мисалы, Нарындагы балдардын билим берүү борборуна тартылган балдардын 80 % жакыны акы төлөө кызматын көтөрө албайт. Алардын ата-энелеринин көпчүлүгү жумушсуз же толук эмес үй-бүлөнүн балдары. Эгерде акча төлөө керек болсо, анда балдар борбордон чыгып калышаары талашсыз. Мында окушкан өзгөчө шык-жөндөмү бар балдар көптөгөн кароо-сынактарга катышып, райондун, областын намысын коргоп, алдыңкы жеңиштерге жетишип жатканы аз эмгек акы алып, көп мээнет жумшап жатышкан борбордун коллективинин эмгек үзүрү, кайтарымы катары бааланат. Комуз ийриминин активдүү катышуучусу Шарип уулу Улан 2007-жылы Түркияда өткөн эл аралык фестивалда алдыңкы орунду ээлегенин кубануу менен белгиледи директор. Мындай өзгөчө шык-жөндөмдүү балдардын кароо-сынактарга катышуусуна көбүнчө "Дордой" ассоциациясынын жетекчилиги колдоо көрсөтүп келет.
Адистердин айтымында балага таалим-тарбия берүүнү, аны туш тараптан өнүктүрүүнү эрте жашынан баштоо зарыл. Анткени ушул этапта келечекте ийгиликтерге жеткирүүчү баланын шык-жөндөмүнүн пайдубалы түптөлөт. Адамдын турмушунда мектепке чейинки бал балалык доору эң маанилүү жана жооптуу учур болгондуктан, ага өзгөчө маани беришибиз шарт.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим"

24 жылдык тажрыйбасы бар "Балажанда" адегенде 3 студия иштесе, азыр 51 студияга чейин көбөйүп, 3 миңдей баланын сүйүктүү жайына айланган. Мында Дария Мусина жетекчилик кылган педколлективинин үзгүлтүксүз узак эмгек чыйыры жатат.