"Ыйык-Ата журт" коомдук жаштар фонду "Жылдын мыкты адамын" атады
"Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду, "Шоокум" илим, турмуш жана маданият журналы биргелешип, Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгынын (ТИКА) колдоосу астында мындан ары жыл сайын "Жыл адамы" эл аралык конкурсун өткөрүп турууну пландаштырууда. Учурда компетенттүү адамдардан куралган атайын комиссия тарабынан "Жыл адамы" наамына татыктуу талапкерлер тандалып алынып, уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

"Жыл адамы" наамына татыктуу деп табылгандар атайын статуетка, диплом жана алтын медаль менен сыйланышат. Сыйлыкты тапшыруу аземи эл аралык конкурстун уюштуруучулары тарабынан белгиленген күнү мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, илимпоздордун, маданият кызматкерлеринин, элчиликтердин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ж.б. катышуусунда өтүп, республикалык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырмакчы.
Жогорудагы иш-чарага карата 2009-жылдын 16-декабрында "ВЕФА" сода борборунун жыйындар залында басма сөз жыйыны өткөрүлдү.
Басма сөз жыйынына комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Каниметов, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Т.Атмажа, Махмут Кашгари атындагы Чыгыш университетинин ректору А.Ормушев, "ДА" коомдук фондунун директору М.Башкурт, Кыргыз-Түрк ишкерлер уюмунун президенти Х.Муслу, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун директору Э.Эсенканов, "Шоокум" журналынын башкы редактору С.Идирисов катышты.
Жыйынтыгында атайын түзүлгөн "Жылдын мыкты адамы" эл аралык конкурсун уюштуруп өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими расмий жарыя айтылды.
Ошентип, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондусу жана "Шоокум" журналынын редакциясы тарабынан уюштурулуп жаткан "Жылдын мыкты адамы" эл аралык конкурсунун талаптарына жооп берген талапкерлер: Кыргыз Республикасында башкаруу, билим берүү багытында жасаган реформалары, өзгөчө жаштар саясатын толук колдоого алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Түркия Республикасынын Мамлекеттик министри Фарух Челик, гандбол боюнча эл аралык спорт чебери, Испания курама командасынын башкы машыктыруучусу Талант Дүйшебаев, Эл аралык сыйлыктардын ээси, дүйнөлүк искусствонун өнүгүшүнө зор салымын кошкон, балерина, Анкара университетинин окутуучусу Айсулуу Токомбаева, медицина илимине олуттуу салым кошкондугу үчүн Бишкек шаардык илимий-изилдөө, травматология жана ортопедия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сабырбек Жумабеков аталып, "Жылдын мыкты адамы" наамына татыктуу деп табылышты.
Аталган сыйлык келээрки 2010-жылы май айында расмий тапшырылмакчы.

М.Токторов,
"Кутбилим"





o "Жыл мыктылары - 2009"
"Замандаш" журналынын сынагында жаңы ысымдар
"Замандаш" журналы быйыл да салтка айланган сынагын өткөрүп жатат. Учурда "Жыл мыктылары - 2009" сынагынын экинчи этабы башталып, интернет аркылуу добуш берүү жүрүүдө. Калктын алгачкы элегинен өткөн мыктылардын жоон тобу "zpress.kg" маалымат агенттигинин сайтына жайгаштырылган. Күйөрмандардын добуш берүүсү күндөн-күнгө күчөп, татыктууларды тандоого активдүү катышып жатышканын журналдын кызматкерлери билдиришти.
Алсак, "Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери" номинациясында калк таразасынан мамлекеттик үч кызматкер өтүп, т.а. Н. Түлеев (Бишкек шаарынын мэри - 62%), Н.Турсункулов (КР башпрокурору- 25%), А. Карашевдерге (КР өкмөтүнүн аппарат башчысы, вице-премьер министр - 13%) добуш берилүүдө.
"Жылдын алыстагы сыймыктануучу инсаны" номинациясында чет өлкөдө жашап, жамы кыргыз журтунун сыймыгына арзыган А. Раимкулов (АКШдагы мушкер- 57%), Т. Чоротегин ("Азаттык" радиосунун директору- 40%, Прага), Т.Батыралиевге (Түркиядагы медициналык борбордун кардиология клиникасынын директору - 3%) күйөрмандары үзбөй добуш берип жатышат.
- Интернет добуш берүүнүн алгачкы күндөрү "Ала Тоо торгою" номинациясы боюнча күйөрмандардын активдүү катышуусу байкалган. Ошондон улам бул номинацияда кызуу күрөш болот деп божомолдогонбуз. Азыр, тилекке каршы, добуш берүү солгундай түштү. Анын жыйынтыгы боюнча алдыга чыгышкан таланттардан: Ж.Ысманов (Италиянын атактуу тенору, Николо Матинуччинин окуучусу-18%), Н.Азыкбаева (Лос-Анджелесте өткөн "Дүйнө чемпиону- 2009" эл аралык сынактын жеңүүчүсү- 22%), А. Мусабеков (Эл аралык сынактардын лауреаты, президенттик "Алтын шаты" стипендиясынын ээси - 60%), - дейт бөлүм редактору Абдыжапар Нурдинов.
"Жылдын мыкты массалык маалымат каражаты" номинациясы боюнча "Ала-Тоо" маалымат программасы (43%), "ЭлТР" (22%), "Кыргыз радиосу" (34%) ат салышса, "жылдын мыкты журналистине" калкыбыздын элегинен беш калемдешибиз өтүптүр. Алар: Аалы кызы Назира (КТР ,"Салт санат" көрсөтүүсунун автору - 20%), М. Тыналиев ("Кыргыз Туусу", журналист -20%), О.Шакир ("Аят" газетасы, журналист- 17%), Ж.Мусабекова ("Эл сөзү", журналист- 28%), М.Балыбаев (НТС, журналист- 14%).
Социологиялык иликтөө учурунда көпчүлүктүн ой-пикири эске алынып, "Жыл жаңырыгы" номинациясына быйыл курулган үч улуттук этнографиялык комплекс: "Супура" (33%), "Аалам ордо" (40%), "Дасмия" (27%) ат салышууда.
Быйылкы сынактын табылгасы - "Жылдын мыкты улуттук оюну" номинациясы болуп калды. Буга сынактын алгачык этабында "Салбуурун", "Тогуз коргоол", "Көк бөрү" оюндарын алдыга озуп чыгып, интернет добуш берүүгө киргизилген. Анын жыйынтыгы боюнча азырынча алдыда "Салбуурун" (43%) бара жатат. "Тогуз коргоол" - 21%, "Көк бөрү" - 37% добуш топтоду.
Улуттун көрөңгөсүн байытууда, албетте, көркөм чыгармалардын орду өзгөчө. Ошол нерсе эске алынып, "Жылдын мыкты чыгармасы" номинациясына быйыл "Каганат" китеби (автору К.Иманалиев - 32%), "Аян" кыска метраждуу тасма (режиссеру С.Шернияз - 43%), "Воспоминание о Манасе" спектаклине (автору М.Байжиев - 25%) добуш берүү жүрүүдө.
Ошентип "Жыл мыктылары - 2009" сынагынын жалпы номинациясы 17ге жетти. Интернет добуш берүү болсо ушул жылдын 20-декабрында бүтөт.
Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"





  Көргөзмө

"Кыргызстандын келечеги биздин колубузда"
Улуттук "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунда анын директору С.Челпакова менен Кыргызстандагы эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттигинин өкүлчүлүгүнүн директору (USAID) Пэт Р.Шапиро "Кыргызстандын келечеги биздин колубузда" аттуу балдар сүрөтүнүн көргөзмөсүн ачышты.
Вернисажда 4-7-класстын окуучуларынын кыл калеминен жаралган 250дөн ашык сүрөт коюулду.
Бул иш-чаранын максаты - балдардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, аларга эс алуу учурун туура, эффективдүү пайдаланууну, ошондой эле өспүрүмдөрдүн лидерлик сапатын калыптандырып, чечкиндүү чечим кабыл алууну жана чыгармачыл пландарын ишке ашырууну үйрөтүүнү көздөйт.
- Конкурска 2000 ашык графикалык иштер өлкөнүн бардык булуң бурчунан келип түштү. Анда жаш сүрөтчүлөр төрт теманы чагылдырышты: "Кыргызстандын келечеги биздин колубузда", "Энергияны сактагыла", "Айлана чөйрөнү жана табиятты коргогула", "Дени сак жашоо", - дейт USAIDдин коомчулук менен иштөө боюнча адиси Фатима Касмахунова.
Көргөзмө учурунда Улуттук "Сейтек" борборунун жана USAIDдин өкүлдөрү чыгармачылык сынакта ат салышкан 13 жеңүүчүгө баалуу сыйлыктар тапшырылса, ал эми жайкы жана кышкы эс алуу лагеринин катышуучуларына белектер тапшырылды.

Г.А. "КБ"


  Буйрук

Бишкек ш., Өкмөт үйү, 2009-жылдын 17-декабры, №408
А.Б.Абдрашев жөнүндө
Абдрашев Акунжан Баказович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Үсенов.

Распоряжение
от 17 декабря 2009 года, № 408, г.Бишкек, Дом Правительства
Об Абдрашеве А.Б.
Назначить Абдрашева Акунжана Баказовича статс-секретарем Министерства образования и науки Кыргызской Республики, освободив от ранее занимаемой должности.

Премьер-министр Кыргызской Республики Д.Усенов.


Эсептөө палатасы майып балдарга 60000 сом жардам берди
"Кабар" агенттиги таркаткан маалыматка таянсак, Кыргызстандын Эсептөө палатасынын администрациясынын өкүлдөрү республикалык атайын жалпы билим берүүчү кулагы дүлөй жатак-мектепте болушуп, жамааттын атынан 60000 сомдук жардам көрсөтүштү.
Бул жатак-мектепте 354 бала билим алат. Алар социалдык жактан начар камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары. Балдар жатак-мектепти экинчи үйү катары эсептешет.

Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"


КР Өкмөтү Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу боюнча иш чараларды уюштурууга 1 млн.дон ашык сом бөлүп берди
Кыргызстандын премьер министри Данияр Үсөнов Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча иш чараларды уюштуруп жана өткөрүүгө Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине резерв фондунан 1 млн. 300 миң сом бөлүп берүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн буйругуна кол койду.
Сыйлыкты ыйгаруу эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Быйылкы жылы 2007-2008-жылдардагы адабият жана журналистиканын, музыкалык искусствонун, сүрөт искусствосунун мыкты чыгармалары үчүн, спорт жагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн, ошондой эле жаштар саясатын ишке ашырууда коомдук маанилүү демилгелерди өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу жана жетектөөчү порзицияны ээлеген жаш жарандарга сыйлыктарды ыйгаруу пландалууда.
Ч.Айтматов атындагы сыйлык бардыгы 11 номинация боюнча жеңүүчүлөрүнө тапшырылат.
Ниязбек КУЛАМБАЕВ, "Кутбилим"