Мээнет - дөөлөт
Нурдай жанган Нуржамал Ибраева
Окумуштуу болуу - парз,
Адам болуу - милдет.

Адамгерчилик жагынан алдына ат салдырбаган, таланттуу окумуштуу Нуржамал Ибраеванын өрнөктүү өмүрү кеңири сөз кылууга татыктуу.

Нуржамал Ибраева мектеп окуучуларынын таанып билүүчүлүк ишмердүүлүктөрүн калыптандыруу проблемасын изилдөө боюнча Кыргыз Республикасында гана эмес, бүткүл союздук масштабдагы окумуштуулардын катарына кирет. Айта кетүүчү эң негизги жагдай - илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын башталгыч мектептердин оригиналдуу математика окуу китептерин түзүүгө илимий негиз катары колдонгондугунда.
Кыскасын айтканда, мен Нуржамал Ибраеваны КРнын билим берүүсүнө олуттуу салым кошкон илимпоз катары баалаймын, анын мындан аркы ишине албан ийгиликтерди каалаймын.

Исак Бекбоев, Кыргыз Эл мугалими, КР УИАнын мүчө-корреспонденти

Окумуштуулук дарамети тууралуу
Педагогика илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкер Нуржамал Ибраева союз учурунда эле кыргыз башталгыч класстары үчүн оригиналдуу математика окуу китептеринин (1-4-класстар) кол жазмаларын Исак Бекбоев жана башкалар менен авторлошуп даярдаган. Ал учурда өзүнчө бир республикада, болгондо да математика боюнча оригиналдуу окуу китебинин жарыкка чыгышы деги эле мүмкүн эмес эле. Ал кезде кыргыз тил, адабият китептери гана өзүнчө чыкпаса, калгандары союз боюнча которулуп окутулчу. Ошондуктан, республикадагы билим берүү жаатындагы жетекчилер бул окуулуктардын кол жазмаларын басып чыгарууга даай алышпай, создуктуруп кармап жата беришкен.
Айла кеткенде, бул кол жазмаларды Москвага Педагогика илимдеринин академиясына экспертизага жөнөтүүгө туура келет. Окуучулардын окуу-таанып билүү ишмердигине негизделген бул кол жазмалардын оригиналдуулугун Академияда баалай алышкан, ага абдан жогорку баа берилген. Мына ошондон кийин бул окуу китептеринин кол жазмалары бүтүндөй Кыргызстан боюнча эксперименталдык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Ошентип, Кыргыз Республикасындагы жаңы муундагы окуу китептеринин тарыхы башталгыч класстардын математика китептери менен башталгандыгын белгилеп кетсек болот.
Учурда бул окуу китептери оңдолуп, толукталып, кайра иштелип, 20 жылга жакын окутулуп келет. Ошондой эле которулуп, орус мектептеринде да окутулууда.
Башталгыч класстар үчүн оригиналдуу математика окуу китептери Нуржамал Ибраеванын 1985-жылы Челябинскиде жактаган илимий изилдөөсүнө негизделип, балдардын окуу-таанып билүү ишмердигине негизделген. Аларда баланын таанып билүү өзгөчөлүгү аныкталып, ага жараша материалдар тандалып, ал материалдарды өздөштүрүү куралдары иштелип чыккан.
Башталгыч мектептеги математика окуу китептериндеги ойлорду андан ары улантуу максатында Исак Бекбоев, Асанбек Айылчиев, Алмамбет Абдиев, Адылбек Касымов менен авторлоштукта 5-класстын математика окуу китеби, Адылбек Касымов менен биргеликте 7-класстын алгебра окуу китеби жазылып, басылып чыкты жана бул окуу китептери окумуштуулар, практик мугалимдер арасында жылуу пикирге арзыды.
Чыгаан педагог окумуштууларыбыздын бири, педагогика илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкер Алманбет Абдиев учурунда Нуржамал Ибраевнадан таалим алуу үчүн эже башкарган Башталгыч билим берүү бөлүмүнө келип иштеген. Үзүрү жаман болгон жок, азыр 5-, 6-класстардын математика окуу китептеринин авторлорунун бири. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев жана казакстандык авторлор менен бирдикте жазган 7-11-класстардын алгебра жана геометрия окуу китептери учурда Казакстандын мектептеринде окутулууда.
Нуржамал Ибраева тарабынан кыргыз башталгыч класстарында математиканы окутуунун программасы (орус класстары үчүн да), мамлекеттик стандарты иштелип чыгып, "Башталгыч класстарда математиканы окутуунун технологиясы", педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоевич менен бирдикте "Математиканы 1-4-класстарда окутуу", "Кыргызстанда башталгыч математиканы окутуунун жаңы методикалык системасы", профессор Ж.Байсалов жана Ж.Коңурбаева менен авторлошуп "Башталгыч билим берүү методикасы" аттуу фундаменталдуу эмгектерди жана көптөгөн баалуу илимий макалаларды жаратты.
"Эл үчүн жасалган эмгек жерде калбайт" демекчи, эже 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамына, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгына (Исак Бекбоев, А.Бөрүбаев менен бирдикте) татыса, 1997-жылдан бери Москвадагы "Педагогика жана социалдык илимдер академиясынын" мүчө-корреспонденти.
Нуржамал Ибраева педагогика боюнча адистештирилген кеңеште 10 жылдан ашык окумуштуу катчы болуп эмгектенди. Бул учурда адистештирилген кеңештин иши ырааттуу, жогорку деңгээлде уюштурулду. Мында да эженин эмгеги аттын кашкасындай даана көрүнүп турду. Эгерде Нуржамал Ибраевна карап чыккан илимий иш болсо, ал талапка жооп бере тургандыгына баары бөркүнө ишенгендей ынанып турушчу. Анткени эженин салымынан кийин канча гана изилдөөлөр жогорку деңгээлге көтөрүлбөдү.
Нуржамал Ибраева 5 илимдин кандидатын даярдады, бирок эжени устатым дегендердин саны абдан эле көп, анткени расмий жетекчи болбосо да, канчалаган изилдөөлөр эженин колунан чыкты.
Эженин жөнөкөйлүгү ушунчалык, потенциалы ашып-ташып турганда да докторлук диссертация жактоого аракет кылбады, ал тургай, бардык жагынан төп келип турса да, профессорлук наамга документ берген жок. Көптөп айтып да, макулдата албадык. Педагогика айдыңындагы эженин эмгеги тууралуу илимий-практикалык конференция өткөрүү тууралуу оюбуз да, программасы даярдалып, уюштуруу иштери башталып калганына карабастан, арык аттап, суу кечпеди. Ага да эже макулдугун бербеди.

Жетекчилик өзгөчөлүгү, насаатчылыгы
Окуу китептеринде гана балдарга, окуу процессине болгон демократияны, таанып билүүнүн мыйзам ченемдерин сактоону талап кылбастан, Нуржамал Ибраевна жашоодо, ишмердигинин бардык тараптарында бул принципти бийик тутуп келет. Кол алдындагыларды эч качан урушуп, тилдөө менен эмес, ар дайым колдоо, шыктандыруу менен иштетүүгө, ошол шыктандыруу аркылуу алардын мыкты натыйжага жетүүсүнө шарт түзүүгө аракеттенген жетекчи боло алды. Мындай кылуу руханий деңгээли, адамгерчилик кудурети жогору адамдардын гана колунан келет.
Кыргыз Билим берүү институтунун Мектепке чейинки тарбиялоо жана башталгыч билим берүү бөлүмүн жетектеп турган кезде, окуу предметтери боюнча адистерди "Бул маселени сен эң мыкты билесиң, сенден артык билген эч ким жок" деп айтып турар эле. Ошондон кийин өзүңдүн предметиңди эң мыкты билүүгө дайыма тырышууга туура келчү.
Нуржамал Ибраевна ошол учурда бөлүмдө иштеген баарыбызга насаатчы да, илимий жетекчи да болду. Бөлүмдө иштегендердин айрымдарына расмий түрдө жетекчи болуп эсептелбегени менен, алардын изилдөө иштери эженин түздөн-түз көмөгү, жардамы менен даярдалды.
Менин кандидаттык изилдөөмө Нуржамал Ибраевнанын жетекчи болгонуна ар дайым сыймыктанып келем. Деги эле турмушта, илимде мен Нуржамал Ибраевнадан көп нерсени үйрөндүм. Мына ушул бөлүмдө иштеп турганда, 2-, 3-, 4-класстардын адабий окуу китептери жаралды. Бул китептер "Кыргызстан-Сорос" фондунун сынагында биринчи даражадагы грантка татып, бир жыл бою фонд тарабынан эксперименттен өткөрүлүп, мыкты окуулук катары таанылган. Бул окуулуктардын мындай даражага жетишинде Нуржамал Ибраевнанын эмгеги абдан зор. Анткени, биринчиден, диссертациялык изилдөө адабий окуу китептеринин дидактикалык негиздерине арналып, Нуржамал Ибраевна илимий жетекчилик кылган. Экинчиден, адабий окуу боюнча ар бир урунттуу учурларды чогуу талкуулап, эже ар дайым баалуу сунуштарын берип турду.
Эже жетектеген бөлүмдө биринчи жолу 1-4-класстар үчүн Мекен таануу окуу китептери жаралды. Алгач окуу программасын иштеп чыга турган жумушчу топ түзүлүп, аны Нуржамал Ибраевна жетектеди. Окуу предметинин концепциясынын, окуу прграммасынын иштелип чыгышында, окуу китептеринин структурасын даярдоодо эженин салымы зор болду. Окуу китептери Заря Мамбетова тарабынан даярдалып, ага байланыштуу диссертациялык изилдөөгө эже илимий жетекчилик кылды жана иш ийгиликтүү корголду.
Ошондой эле Нуржамал Ибраевнанын түздөн-түз жетекчилиги менен 4-класстын кыргыз тил окуу китеби Саткын Шайылдаева тарабынан жазылды. Бирок, эже бул окуулукка авторлош болуудан "Мен математик болсом, кыргыз тили окуу китебине автор болгонумду көпчүлүгү туура көрбөйт го"- деп, баш тартып койду. Окуу китеби басылып жатканда ага редактор болгон белгилүү акыныбыз, мыкты редактор Айгүл Узакова окуу китебине карата жылуу пикирин билдирген.
Ошентип, Нуржамал Ибраевна катышып даярдалган окуу китептери ар дайым алкоого гана ээ болуп келет. Мунун негизги себеби эже педагогиканы, балдарды мыкты билгендигинде. Жана да эженин негизги артыкчылыктарынын бири - ой жүгүртүүсүнүн өтө күчтүүлүгү. Ошон үчүн кандай гана маселе болбосун, ал боюнча эженин пикири абдан баалуу.

Адамгерчилиги
Илимий кызматкердин маянасы аз болгондуктан, бир жолу жетекчилерге билгизбей эжеден жооп сурап, Адылбек Касымов экөөбүз элди сурамжылоого бир нече күнгө кеттик. Бирөөлөр жеткире койгонбу, жетекчилер чакырып, бизге рапорт жазууну талап кылышат. Жагдайды түшүндүрсө макул болбой койгондо, жумуштан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу эже өзү арыз жазат. Азыр ушундай өз кызматкерин канатына калкалаган жетекчилерди табуу кыйын болуп калды го.
Анан да бөлүмдө иштегендердин үйдөгү абалына чейин сурап, балдарды бакчага орнотконго жардам берип, балдарыбыз сабактардан кыйналып жатса, чакырып алып, аларды окутканга да жетишчү. Менин уулум менен кызым математикадан кыйналышты эле, эже жардам бергенден кийин сабактарынан жетишип, эжени чоң энесиндей көрүп калышты. Албетте, бул адамгерчилик эмей эмне!
Ушундай улуу устат адамыбыз Нуржамал Ибраева 70тин кырын чапчып турган убагы. Кутман курагыңыз кут болсун, өрнөктүү өмүрүңүздү ар дайым бакыт коштосун! Үч баланын урматына арзып, 5 неберени эркелетип, элге кылган кызматыңыздын үзүрүн көрүңүз.


Алмазбек Токтомаметов,
Педагогика илимдеринин кандидаты.