Маек

Коррупциянын тамырын үзүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн Нарын мамлекеттик университетинде жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин чоо-жайы жана натыйжалары жөнүндө аталган окуу жайдын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев "Кутбилимге" маек куруп берди.
"Коррупция -
бул комплекстүү проблема"
- Жогорку билимди аксаткан коррупцияны жоюу боюнча учурда көп эле аракеттер жасалып жатат, силердин окуу жайда бул маселе кандай чечилүүдө?
- Биринчиден, биздин окуу жай 2003-жылы эле Академиялык чынчылдык боюнча кодекс кабыл алган. Анда жеке эле окутуучулар эмес студенттердин өздөрүн да камтыганбыз. Себеби эки тарап тең бири-бири менен тыгыз байланышта болуп жатпайбы. Ошол кодексте бүт баардыгы камтылган. Андай жаман жолго барган окутуучу же студент кодексти бузса, демек ал уставды бузган болот. Ал эми уставды бузса административдик мыйзамды бузган болот. Кодексте атайын статья бар, ошого жараша мыйзамдуу түрдө административдик чара көрүүгө укугубуз бар. Бул жерден биз мугалимге дагы чара көрө алабыз, студентке да чара көрө алабыз.
Экинчиден, биз беш жылдан бери ар бир семестрда эки жолудан жабык түрүндө студенттер арасында сурамжылоо жүргүзүп келебиз. Ал сурамжылоодо жеке коррупция эмес баардык жактан суроолор камтылган. Мисалы, мугалим сабакты кандай өтүп жатат, кайсы мугалим начар, ким кечигип келет деген сыяктуу суроолор бар. Аны жабык өткөрөбүз. Студенттин аты-жөнү жазылбайт, болгону студенттер ал жерде турган суроолорго жооп беришет. Жалпы жонунан мындай сурамжылоо жылына төрт жолу өткөрүлөт. Ошондо эле кайсы мугалим кандай мамиле кылып жатканы, кайсы окутуучу сабактарын кандай өтүп жатканы, керек болсо кайсы мугалимдин сабакка канча жолу кечигип келгенинен, канча акча алаарынан өйдө билинип калат.
Анын үстүнө сурамжылоону модуль тапшырып бүткөндөн кийин жасайбыз. Анда ачык эле Асанов момунча алат, Үсөнов мынча алды деп жазып жатышат. Биз дароо эле аты көп чыккан окутуучуну чакырабыз да "сурамжылоонун жыйынтыгы момундай болуп жатат, албетте бул далил болуп бере албайт, бирок 100 студенттин 90 сенин атыңды атап жатат, көзүңдү ач, болбосо аягы жаман болот" деп эскертип жатабыз.
Бул илдетке каршы турууга ишеним телефондору, ишеним кутучалары, менин электрондук почтам жардамчы болуп жатат. Студенттер менен тыгыз байланышта болуш үчүн керек болсо өзүмдүн чөнтөк телефонумдун номеринен өйдө берип койгом. Студенттер кээде электрондук почтама кат жазса, кээде ачык эле чөнтөк телефонума чалышат, же болбосо ректораттын жанындагы кутучага салып кетишет. Аны биз ар жуманын аягында ачып окуп турабыз. Ошондо окуу жайда болуп жаткан көп нерселер билинип турат.
- Студенттердин билимин туура баалоо коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир жолу деп жатпайбызбы, силерде бул жагы кандай болууда?
- Коррупция менен күрөшүүдө мен жогоруда айткан механизмдер, иш-аракеттердин баары көп деле жыйынтыгын бербейт экен. Себеби, баары бир начар студент, начар мугалим жолугат экен. Муну биздин тажрыйба көрсөтүп турат. Ошондон улам биз билимди баалоонун системасын түп орду менен өзгөрттүк. Антмейинче баары бир акча болбосо дагы тааныштык чыгат экен. Өзүңүздөр билгендей, кыргызда тууган түгөнбөйт эмеспи. Байке, эже, тайке, куда болуп кете берет. Эч болбосо ортого киши салышат. Анын үстүнө Нарында баары эле бири-бирин тааныйт эмеспи. Ошондуктан биз билимди баалоо системасын өзгөрттүк. Бизде мектептегидей студенттерди күнүгө, ар бир сабакта окутуучудан сырткары деканаттан жоктоп турат. Ар бир себепсиз калтырылган сабактан модулунан эки баллдан кемите беребиз. Ал үчүн атайын сабакты калтыруунун жүйөлүү жана жүйөсүз себептерин дагы аныктап койгонбуз.
Жүйөлүү деп үч гана себепти аныктадык. Биринчиси, ооруп калса. Анда да атайын медициналык справкасы болуш керек. Облустук, шаардык оорукана менен макулдашып, анын атайын формасын тапканбыз. Ооруган студент ошондой гана справка алып келиши керек. Мурункудай ар кайсы врач өзүнүн мөөрүн коюп, жазып берген справка жарабайт. Ооруп калса дагы жыйырма күндөн ашпашы керек. Жыйырма күндөн ашкандан кийин студент академиялык отпуска алышы керек болот. Себеби, жыйырма күн бир семестрдин жарымы деп эсептелет. Ал баары бир алдыга кеткендерди кууп жете албайт.
Экинчиси, жакындары каза болсо. Ага үч эле күнгө уруксат берилет. Жакын туугандары деп бир туугандары жана ата-энесин гана эсептедик. Таяке, жээн, таята, тайене дегендерди биз жүйөлүү эмес деп таптык. Үчүнчүсү, бала үйлөнсө же кыз турмушка чыкса. Ага дагы үч эле күн бердик. Мындан башканын баары жүйөөсүз деп эсептелет.
Студент жогорку билим алам деп келгенден кийин ал эң биринчи окушу керек да. Ал окушу үчүн күнүгө сабакка келиши керек. Коррупция качан башталат? Качан студент сабакка келбей жүрө берип, жүрө берип анан бир күнү келип туруп эле сессиясын бүтүрүп кетсе, демек ал жерде коррупция бар экен деп билсе болот. Сабакка катышпоо коррупциянын биринчи себеби.
Биз билимди баалоо системасын төрт элементке бөлдүк. Биринчисин, күнүмдүк элемент дейбиз. Мисалы, студенттин семинарларда, практикалык сабактарда катышуусу отуз балл менен бааланат. Экинчиси, студенттин өздүк иши. Өздүк иши сөзсүз түрдө жазуу түрүндө болот дагы, ал группанын алдында жакталат, ал кырк баллга чейин бааланат. Андан кийин шифрланган модулдук жазуу иши. Ал отуз баллды түзөт. Модулду болсо бир жарым ай сайын жазуу түрүндө алып турабыз. Ал модулдук ишти студент берилген тема боюнча жазат, андан кийин иштин өзү шифрланат, ал шифрлангандан кийин атайын түзүлгөн комиссия текшерет. Жакшы жери иш шифрлангандан кийин комиссия кимдин ишин текшерип жатканын билбейт. Жазган ишине жараша баа коет.
- Демек студенттерди күнүгө жоктоо жакшы найтыжа берип жаткан турбайбы?
- Ооба. Мындайда сентябрда сабак башталып анан январга чейин жүрө берип сессиясын бүтүрүп кетүүгө бул системада мүмкүн эмес. Биринчиден, студент күнүгө сабакка келиши керек, экинчиден, күнүгө иштеши керек, күнүмдүк элементте тийиштүү баллын топтош үчүн өздүк ишин сөзсүз аткарышы керек болот. Андан сырткары, модулдук ишин жакшы жазышы талап кылынат. Ошондо гана 100 баллга чейин топтой алат. Бизде жүз баллдык модулдук-рейтингдик система. Ошондо акыркы финалдык экзамендерге студенттердин 15, 20% гана кирет. Анда да үч алып калса төрткө, төрт алып калса бешке суралам дегендер гана. Ошондуктан билимди бир семестрда бир эле жолу баалоо Кыргызстанда, өзгөчө Нарындын шартында болбойт экен. Билимди күнүгө баалап турганда гана сапаты артат экен. Ошондо гана студент айла жок сабакка келет, айла жок иштейт. Себеби баллдарды топтош керек болот. Экинчиси, мисалы, модулга бир жума калганда рейтингди чыгарабыз да, ар бир факультеттикин илип коебуз. Студенттердин баары аны жакшы билет. Экинчиси өздүк иштердин жыйынтыгы чыкканда илинет. Модуль болгон күнү, иштер текшерилип бүтөөрү менен анын жыйынтыгы да дароо илинет. Ошондо ар бир студент өзүнүн кандай баага татыктуу экенин билип турат. Ал тургай бүтүндөй факультет, бүт университет бир студенттин баасын билип турат. Андайда эки же үч алгандар билинбей эле сессиясын бүтүрүп кете албайт. Анткени анын ага чейин алган баасы баарына белгилүү болот. Ушул система киргенден баштап, бизде студенттердин сабакка келүүсү аябай көтөрүлдү.
- Жогоруда өзүңүз айткандай, студент менен окутуучунун ортосундагы мамиле сессия учурунда башталат эмеспи, ал учурда экзамен, зачетторду кандай жол менен алып жатасыздар?
- Сессия учурунда студент менен окутуучунун ортосундагы мамилени көзөмөлгө алганга аракет кылуудабыз. Бизде ачылган ведомость экзамен бүтөөр замат жабылат. Башка окуу жайларда ведомосттор ачылгандан кийин алар бир топ убакытка чейин жабылбай жүрө берет. Жабылбай жүргөн ведомосттор болсо эле аны коррупция деп эсептесе болот. Бизде болсо экзамен болгон күнү дароо ведомость жабылат. Келгени келди, келбегени келген жок, эки алганы эки алды, үч алганы үч алды деп жаба беребиз. Жабылган ведомостторду оңдоп салбашы үчүн атайын каттоо кеңсесин ачканбыз. Ведомосттун кагаз түрүндөгүсү деканатта калат дагы электрондук варианты ошол каттоо кеңсесине келип түшөт. Экзамен, модулдардын жыйынтыгы компьютерге түшкөндөн кийин аны эч ким өзгөртө албайт. Аны мен дагы ректор катары өзгөртө албайм. Себеби аны өзгөртсөм, деканаттагы кагаз түрүндөгүсүн дагы өзгөртүшүм керек болот. Бул жерде эки адам сүйлөшүп алып жасай турган иш эмес. Аны жасаш үчүн үч-төрт киши менен сүйлөшүшү керек болуп калат. Мисалы, каттоо кеңсесиндеги бааны оңдоп коебуз десе, анда анын деканаттагы кагаздагы варианты калып калат. Аны болсо ректорат, окуу бөлүмү дайыма салыштырып турат. Ошондуктан бул система аябай катуу тартипти сактайт.
Андан сырткары бизде зачетка дегенди жойгонбуз. Дүйнө жүзүндө - Америкада, Европада зачетка деген түшүнүк жок. Зачетка дагы коррупцияны чакыра турган бир жолго кирет. Себеби, мугалимди каалаган жерден таап алат дагы зачеткасына баа койдуртуп алат. Бегунокту дагы такыр жойгонбуз. Кайсы күнү экзамен, зачет болсо ошол күнү келет, катышат, тийиштүү баасын алат да кетет, болду.
Эгерде студент өзүнүн алган баасын билгиси келсе кеңсе каттоочуга келип арызын жазат, ал дароо чыгарып берет. Ал жерде эч кандай кыйынчылык жок.
Мындай офис регистратор менимче Кыргызстан боюнча Борборук Азиядагы Америка университетинде гана бар, анан бизде.
Бул системаны киргизгенибизге быйыл үчүнчү жылга кетти. Быйыл аябай жакшы жыйынтыкты берип жатат. Ушундай система болгондо гана студент сабакка келет экен, сабакка активдүү катышат экен. Муну биздин тажрыйба көрсөттү.
Ал эми азыр экзамендерди акырындык менен компьютерлештирүүгө өткөрө баштадык. Андай жол менен программист адистигинде окуп жаткандар экзамен бере башташты. Анда жакшы жери экзаменде окутуучу катышпайт. Студент өзүнүн пин коду менен компьютерге кирет, тестти алат, суроолорго жооп берет да кетет. Анын билимин компьютер баалап, ошол баа коюп берет.
- Башка окуу жайлардагыдай эле силерде дагы коррупцияны алдын алуучу комиссия түзүлгөнбү, ал кандай иштеп жатат?
- Биз бул комиссияны Коррупцияны алдын алуучу эмес, Чыр-чатакты чечүүчү (конфликтный) комиссия деп атаганбыз. Аны менен Студенттик кеңеш дагы тыгыз иштешүүдө. Анда студенттер тарабынан дагы, окутуучулар тарабынан дагы чыккан ар кандай чыр маселелерди чечебиз. Кандай жол менен келген арыз болбосун ал бизге келип түшөөрү менен иликтеп баштайбыз. Бирок өкүнүчтүүсү, студенттердин арасынан да чынчыл эместери чыгат экен. Мисалы, кээ бири чындыкты айтып жазса, айрымдары жөн эле өч алыш үчүн жазышат.
Анан дагы бир маселе, мунун баарына жалгыз мугалим күнөөлүү дегенден алыспыз. Анткени студенттердин 80% коррупциянын болушуна студенттердин өздөрү күнөөлүү деп жазып жатышат. Бирок биздин университет чакан болгондуктан андай иштер дароо эле ачыкка чыгып, билинип калат. Мисалы, кечээ жакында эле бир мугалимди жумуштан кетирдик. Акыркы модуль бүткөндөн кийин ал мугалим мынчадан акча чогултушуңар керек дептир, студенттерге. Аны мугалим ушинтип жатат деп группа толугу менен жазып келиптир, чөнтөк телефонго дагы жазып алышыптыр. Окутуучуну чакыртып келип угузсак, мен эмес деп ар кандай шылтоолорду айтты, акырында уятына чыдабай арызын жазып кетип калды. Андан сырткары ушул система киргенден бери биз беш-алты мугалимди жумуштан кетирдик. Студенттер мурда ачык айткандан коркушчу, азыр коркпой калышты. Менимче мугалимдердин 90% ашыгы дурус иштегендер. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, арасынан чыкпай койбойт экен.
Студенттик кеңеш азыр башка көз карандысыз студенттердин профсоюзун түзүштү. Канчалык силер уюшулган болсоңор ошончолук коррупцияга каршы күч топтойбуз деп, мен аларды колдоп бердим. Менимче, биринчи жыйынтыктар жаман эмес.

Маектешкен
Чолпон Кийизбаева,
"Кутбилим"