Билим берүү жана мезгил

Үчтүктөр союзу
же мектепте билим берүүнү башкаруунун рыноктук жолу жөнүндө
Башкаруу системасын реформалоо жөнүндө эл депутаттары менен жолугушуусунда президенттин баса белгилегени калетсиз, бирок, кантип, кандайча, кайсыл, системага салуу керек, конкреттүү негедир айткан жок. Президент айткандай эски совет доорундагыдай, башкаруу системасы менен эле жашап келе жатканыбыз чындык. Ал доордун пландуу-экономикалык башкаруу системасы, ушул убакытка чейин бийликтин бюрократиялык даражасын көтөрүп, элди бийликтен ажыратып, жеке чиновниктин кызыкчылыгын көздөп, коомдун өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып келди.

Баардык даражадагы чиновниктер керт башынын кызыкчылыгы үчүн коомду паракорлукка, коррупцияга үйрөттү. Эски башкаруу системасынын түзүлүшү коомдун кызыкчылыгын экинчи орунга калтырып, бюрократиянын өнүгүшүнө ыңгайлуу климат түзүп, мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүү жолуна бут тосуп жатты. Сырткы көрүнүшү укуктук-демократиялык, рыноктук мамиледеги мамлекет болгону менен ички башкаруунун социалисттик системасы ошол бойдон калып калды. Ага бюрократиянын өсүп-өнүгүшү далил боло алат. Бул ыңгайлуу шарттын келип чыгышы атайын эмес, эски башкаруу системасынын өнүгүшүндө жана анын табиятында бюрократизмдин өнүгүшүнө ыңгайлуу кыртышы бар болгондуктан, ошондой эле айрым мүчүлүштүктөрдүн болоорун алдын ала эсепке албагандыктан да, келип чыккан. Башкаруунун бул системасы өзүнөн-өзү бюрократизмдин пайда болушуна шарт түзгөн жана ал башкаруу системасынын табияты ошого ылайык келип, социалисттик көз караш менен түзүлүп, сакталып калган. Бул жалаң эле чиновниктердин күнөөсү эмес, башкаруу системасынын туура эмес түзүлүшүнүн эсебинен, бийликтин эки тизгин, бир чылбыры кокустуктан алардын колуна тийип калгандыгында. Бийлик элдин колунда деген жөн эле абсурд болуп келгени белгилүү. Жада калса азыр да, башкаруу системасынын туура эместигинен шайлоо учурунда атуулдардын добуш берүү укугу өздөрүнүн колунда эмес. Чиновниктердин кызмат абалын жана амалын сактап калыш үчүн жүргүзгөн административдик ресурстарды тымызын пайдалангандыгынын эсебинен, адамдардын айрымдары ал укуктан да кур жалак калышкан. Себеби бийлик чиновниктин колунда болуп, жазалоочу, байлык тапкыч, төмөнкү тепкичтен жогорку тепкичке секиртүүчү каражаттын милдетин аткарып келатат. Ошонун эсебинен, биринчиден, көпчүлүктүн бийликке болгон ишеничи кетип, экинчиден, туруктуу көз караштары жокторунун колу-буту тушалып, ар кимдин оозун карап келе атышат. Өткөн иш өттү, кеткен иш кетти, эмки максат башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүүдө калды.
В. Путин "өткөн заманды ойлобогон адамдын жүрөгү жок, ал эми эски заманга баргысы келген адамдын башы жок" деп бекеринен айткан эмес. Андыктан улам кылчактап артты карабай, башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүүгө, алга карай ишенимдүү кадам шилтөөгө мезгил жетти. Ырас, биз рыноктук системада жашап жаткандан кийин бийлик да рыноктук системанын мыйзамына баш ийип жашашы зарыл болчу, б.а. бийлик эл менен чиновниктин ортосунда болуп, эки объектини айкалыштырып, теңдештирип, байланыштырып турушу абзел эле. Ал эми эски бюрократиялык системада башкаруу бийлиги чиновниктин колунда болуп, элди каалагандай калчап, ага байлык, жалган авторитет таап берүүчү каражаттын милдетин аткарып келди. Эгерде ага мисал келтирсек, кагаз чак келбейт. Анын кажети жоктур. Кызматка кызыгуунун, анын артынан түшүүнүн негизги себебинин бири ушул, муну ким билбейт. Эми рыноктун шартында эки тарап тең биргелешип түзүлгөн контрактка (бийликке) баш ийип иштешке туура келет. Мындай шартта башкаруунун бюрократиялык системасы өзүнөн-өзү жоюлуп, ар ким өзүн көзөмөлдөп калаары чындык. Ар ким өзүн-өзү каржылоо, ички-сырткы керектөөсүн камсыз кылуу үчүн кам көрө баштайт. Өзүн-өзү башкаруунун бир жакшы жери бирөөдөн жардам күтмөйдөн үмүт үзүлүп, жатып ичээрликтен кутулуу жөнүндө ой тымызын аң-сезимде ойлонуп, андан соң практикада ойгонуу процесси жүрө баштайт. Бул адамдын өнүгүү процессинин башталышындагы алгачкы радикалдуу революциялык жылыш. Биз өзүбүз билгендей бул ашуудан ийгиликтүү ашып бара жатабыз. Бирок бюрократизм кандай гана тоскоолдук жасаган жок, жана жасап жатат. Бул кыйынчылык да артта калат, себеби башкаруу системасын жаңылоо тууралуу президенттин стратегиялык пландары боюнча эл депутаттарына кайрылуусунда сөз кылды.
Эми өзүм билген эле билим берүү системасынан мисал келтирип көрөйүн. Маселен, мамлекеттик мектептерде мугалимге айлык маянасын өкмөт төлөйт, ага каршы эмес элем, бирок анын чөнтөгү жука болсо кантет, кептин төркүнү ошондо болуп жатпайбы, ал эми окуучу ата-эненики да, анда ата-эне эмне үчүн билим берүүнү каржылашы керек эмес, эч болбосо белгилүү бир пайызда каржылап, мамлекетке үлүш кошушу парз деле эмеспи. "Бербестин ашы бышпас" демекчи, мугалим да өзүнүн билимин татыктуу баада саткысы келип, алар да кош көңүл болуп окутуп-окутпай жатканы таң калыштуу парадокс. Ушул парадокстун эсебинен мугалим жарытылуу айлык албайт, окуучу канааттандыраарлык билим албайт, мамлекет жетиштүү материалдык-техникалык базасын (окуу куралдары) камсыз кылышка каражаты ченелүү. Эгерде бул проблема жөндүү болсо, билим берүү министрлиги расмий түрдө жобо иштеп чыгуу менен сунуш этсе андан сонун болмок. Азыр ушул үч союздун тең, өзүнө тиешелүү керектөөсү канааттандырылбай жатат. Бекер, бирок сапатсыз билим алып, күн өткөргөн жакшыбы, же убагында каржылап туруп сапаттуу билим алган жакшыбы? ушунун айырмасын-себебин мугалим ата-эне менен мектептин ортосунда ызы-чуу болуп кетет деп, ачык айтып түшүндүргүсү келбей же кандай жагдайда, же кантип жеткирүүнүн ыкмасын биле албай жатабы? Андан көрө айлык акым аз деп өкмөткө догуруна бергени жеңил, бирок андан оң майнап чыкпайт. Ал эми бекер окутуп көнгөн ата-эне, аны ойлонгусу түгүл, уккусу жок. Бул проблеманы чыны ата-эне биринчи көтөрүшү керек эле, себеби билим балага, бактылуу карылык ата-энеге керек эмес беле. Үй-бүлөдөгү окуучунун санына жараша төлөм каражатын да ыңгайлаштырып азайтуу сыяктуу механизмдерди киргизүү керекпи деген да ой келет. Баардык ата-эне бакубат жашабаары белгилүү, ошондуктан параллел класстары көп мектептерде мамлекет каржылаган класстар менен катар коммерциялык класстарды ачуу. Параллел класстары аз жакын аймакташ айылдарда кошумча акы төлөп окутуучу өзүнчө мектеп ачуу зарылдыгы бышып жетилди. Ушул ойду мурунку макалада да айттым эле, ашык боло койбос. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Аны мугалим көкүрөгү ачык, түшүнүктүү, алысты көрө билген, ата-энелер менен демилгелүү топ түзүп, алар менен пикирлешип, турмушка ашырууга мүмкүн. Кыргыздардын бир жакшы менталитети бар, эгерде бир топ белгилүү, абройлуу адамдар жогоруда айтылган кадамга барса, калгандары алардын артынан ээрчип кетишет. Бирок бул проблеманы мугалим өзү гана колго алышы керек. Азыр айылда ар бир мугалимдин чарбасы бар, алар өтө эле айлык акыга да муктаж эмес, бир жагы ошондуктанбы алар да көңүл кош. Баары бир мугалим бир жагы өзүнүн экономикалык абалын жакшыртуу үчүн, экинчи жагы жалпы эле коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн патриоттук демилгени колго алганы оң. Көшөгөнүн ары жагында татыктуу айлык акы жатат же аны көрбөй жатышабы, билбейм, такыр акылыма сыйбай келет. Андыктан мугалим татыктуу айлыктын ээси болуш үчүн ата-эне менен ийкемдүү, жагымдуу, бири-бирин колдой турган мамилеге жетишүү, түшүнүшүп кызматташуу деңгээлине чыгуу керек. Кыргызда бир сөз бар, "кийиз кимдики болсо билек ошонуку" деген. Бирок бул макалдын маңызына ата-энелер азырынча маани бербей жатышат. Ошондуктан демилгени мугалим биринчи колго алуусу азырынча актуалдуу. Экинчи татыктуу жашоо үчүн мугалимге да рыноктун шартына туура келе турган айлык маяна керек, андыктан отуруп алып, каражат жок тарапты карап, кичи-кичи дей бербей, ата-эне менен түшүндүрүү ишин жүргүзүп, тил табышууга мезгил келди. Антпесек акыры келип натыйжасы коомдун өсүп-өнүгүшүнө, үчтүктөр союзуна тең бирдей тескери таасирин тийгизип жатканын көрүп турабыз. Бирок бул жабылып турган маселени ачыкка чыгармайын, ушул таз кейпибизди кийгенибиз кийген. Бул көйгөйдү билмексенге салып тирешүү менен эч кимди утушка алып барбайт. Ал түгүл, коомдун ар тараптуу өнүгүүсүн артка тартат. Ал эми үй-бүлөнүн бакубат жашоосун алыстатат, жеке адамдын келечегин бууйт. Билим берүү системасынын башкаруу тармагын реформалоонун билим берүү чиновнигине кереги жок. Ал окуучуга, ата-энеге, мугалимге гана керек, ошондуктан алар өздөрү өйдө жактагы тиешелүү эшиктерди каккылап билим берүү тармагынын башкаруу системасын реформалоого мажбурлоо зарыл. Тарыхтан белгилүү болгондой реформа төмөнтөн башталат, ал андыктан үчтүктөр союзунун гана иши десек чындыкка жакындашат. Ошол эле кыргызстандагы түрк мектептеринде билим берүүнүн биздин мамлекеттик мектептерге салыштырмалуу айырмасы асман менен жердей, б.а. аларда мамлекет баардык жоопкерчиликтен бошотулган, бардык жоопкерчиликти мектеп өз мойнуна алган. Ал эми мектепти келишимдин негизинде ата-эне каржылайт, жылдык төлөмдүн суммасы 800-1200 чейин АКШ долларын түзөт, мугалим сапаттуу билимдин милдетин алуу менен канааттандыраарлык айлык маянасын алат, окуучуга билим сапаты гарантияланат. Эң акырында үч союз тең бири-бирине ыраазы. Мына рыноктук мамиленин жана рыноктук башкаруу системасынын натыйжасы. Ушул шартта бийликтин башкаруу системасы эч кимдин колунда эмес, рыноктук мамиленин гана колунда (контракт). Ошол себептен бюрократия (паракорлук, коррупция) жоюлуп, автоматтык түрдө күчүн жоготот. Билим берүүнү башкаруунун бул системасында эч кимдин башы оорубай эле процесс өз алдынча жүрө берээри түшүнүктүү. Албетте, баардык ата-эне бирдей каржылай албайт, ар кимдин мүмкүнчүлүгү чектелүү, а бирок ошонун баарын эске алгандан соң деле, мугалимди канааттандыра турган айлык акыга ж.б. мектептеги чыгымдарга ашыгы менен жетет. Мугалим айлыгым аз деп ыйлабайт, мамлекет өтө оор болгон билим берүү системасын каржылоодон кутулбаса да, жеңилдейт, окуучу сапаттуу билимге ээ болот. Башкаруунун бул рыноктук системасы мугалимдин билиминин конкуренциясына алып барат да, аргасыздан рыноктун механизмдери ишке кире баштайт. Билимин жогорулатуудан качып жүргөн мугалим, билим берүү академиясын издеп жүрүп таап, өз билимин жогорулатуу үчүн контракт түзүүгө аргасыз болот. Ошентип башкаруунун жаңы системасы ишке киришип, рыноктук мамиленин поезди өз алдынча жүрүп кете берет. Албетте, бул бир адамдын пикири-ою гана, аны талдоо-тактоо зарыл.

Д.Султанкулов,
Тоо-кен жана тоо-кен технологиясы институту.