Жапый баатыр баяны
(Автордун "Баян" аттуу китебинен үзүндүлөр)
(Башталышы өткөн санда)

Байге

Байге жөнүндө сөз болгон жок. Төрөгелди уттурган кишилерин айылы менен көчүрүп береби? Ал тоготпогон мүнөз менен бастырып кетти. Бирок ичи уйгу-туйгу. "Балбайдан кордук көрсөм, Табылды такымдап кууп өлтүрүп кое жаздаса, эми мобу Жапый деген неме үстөмдүк кылабы? Чабышса чабышчу, сайышса сайышчу неме. Кокондун сарттарын сууга агызып өлтүргөндөй бүлүк салаары да бышык. Бугулар укса, бүт кыргызга кыйкырат".
Жапый айкөлдүк кылып доо доолаган жок. Тек гана жооп күттү. Жантай баш болгон карыялар акыл салышты. Көк долунун жоругуна кабатыр болушту. Байге деген байге. Берип кутулуш керек.
Сарбагыштын акылман карыяларынын биринин сөзүнө моюшту.
- Төө төрөнүн малы дешкен кыргыз карылары. - Төө баш кылып тартуу жиберели Жапыйга! Акыл токточу адам деп уктук. Жөнгө келээр.
Карыялар чогулуп, аппак атан төө алдырышты. Көркөмдөп, комдоп, үртүктөп, үстүнө калы килем жаптырышты. Эки чаначка ууз кымыз жүктөлүп, эки көк жал карышкырдын териси арткы өркөч жагына, эки суусардын териси алдыңкы өркөч жагына илинди. Бир көөкөргө шарап куюлуп комдун алдыңкы жыгачына, төөнүн эки алдыңкы тизесине эки карыш көк баш суусар байланды. Төөнүн артына кымкап чапан жүктөлгөн жорго чиркелди. Тогуздан кара мал кошулду.
Бул тартуу Жапыйдын айылына жиберилер алдында:
- "Бутунан жыгылган турат, сөзүнөн жыгылган турбайт" деген кеп бекеринен калган эмес, Төрөгелди баатыр. Ийилип кечирим сура, - дешти карыялар.
Ураңкай Кожомкул карыя бу жактан Жапыйды эпке көндүрдү:
- "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" деген кеп бар, балам. Тиги, бу дебе. Кайра достош, шерттеш. Шерт деген кыйын. Бирде болбосо, бирде кезек келет.
Төрөгелди аялын ээрчитип бастырып келе жатты. Жапый алардын кабарын угуп, кысыр эмди тай сойдурду. Бопуй дасторкон күтүндү.
Тартуунун алды көрүнгөндө, бардыгы эшикке жапырт чыгышты. "Келегей" досу алдыда. Мына алар келип калышты. Төрөгелдинин аялы атынан түшүп, алдыга басып Жапыйга жүгүндү. Кантсе да келин катары эмеспи.
- Кудай жалгасын, балам, болду, болду, кечтим!
Төрөгелди айтарга сөзү жок лөкүйүп турат.
- Кел, баатыр. Кыргызда "бир кыяда, бир бияда" деген кеп бар. Сен да, мен да бир кылжырдын баласыбыз. Өткөн окуялардан бүт элге сөз болдук. "Солто элдин тогу, тынай элдин шогу, кылжырдын эки уулунун барынан жогу" деген лакап тарады. Эми сөзгө келип калганыбыз оң. Кандай дейсиң?
Төрөгелди баш ийкеп тим болду.
- Башка иш түшсө көз болушалы. Келе колуңду.
Көк долу колун сунду. Экөө кол алышты. Тартууга келген төөнүн комундагы көөкөрдү көрсөттү Жапый:
- Алып келгилечи, балдар!
Шараптан чөйчөккө куюп ичти да, Көк долуга куйду.
Ал күйүтү үчүн ичти.
- Тууган эмеспизби, бири-бирибизге көз бололу, - деп дагы кайталады Жапый.
Аппак атан анын үйүнүн жанына чөгөрүлдү. Жоргосун, калган малын баягы качып кеткен ураңкайларды чогултуп таратып берди.
Тартуу алып келген меймандарга чын ыкластан сый көрсөтүлүп узатылды.

Кайта тутанган намыс оту

Ормон хандын чыры "үчүнчү кол" менен бүткөн жок. Бир кезде Кененсары, Норузбайдын жаңжалында казак тарапта жер ээлеп калган Кара баатыр атанган сарбагыш жигити Кемин тарапка келип, ээрчите келген топ колун бугуларга каршы чабышка даярдай баштады. Кадимкидей аскер тартиби.
Эки жигит эрөөлгө чыгат. Найза менен кадимкидей качырышып, жакындаганда аны өйдө көтөрүп кетишет. Каршылашынын кайсы жери уруп өткөнгө оң, муну баатыр улам беттешкенде айтып турат. Кылыч чабуу. Буга да машыктырат. Ар кандай жерге чырпыктарды сайып, аны оңду-солду чаап өтүшөт. Ким чала чапса кайталатат. Мылтык атуу. Чаап келатып бута аттырат. Аттары буга көнгөн. Үркпөй этпей зуулдап өтүшөт.
Бул кабар көп өтпөй бугуларга жетти. Ал тургай Кара баатыр:
- Катын бугулар айыпты аткарышсын. Айтылган күнгө чейин келишпесе каптап киребиз. Кызыл уук кылып чабабыз, кыздарын күң кылабыз, балдарын кул кылабыз. Ысык-Көлдү көргүс кылабыз, - деп жар салды.
Өз ара араздашуудан көңүлү калган эл дүрбөй башташты. Баягы кейиштүү күндөрдү эскеришти. Чырды сүйлөшүп басмайын, ал ого бетер күчөп кетери бышык эле. Бир Ормондун куну эмес, бей ажал өлгөн жүздөгөн эрлердин куну жерде жатпайбы!
Акылман Сарт аке кеңеш салды:
- Жапыйга баргыла, ошол сөз табат.
Мындай дегени анын даанышмандыгына, айкөлдүгүнө таң берген. Төрөгелди менен шерттешкени көңүлүнө жаккан. Жапыйга көл башындагылардын чабарманы тездеп жиберилди.
Кабарды уккан Жапый:
- Барса барайын. Жаш өйдөлөгөн сайын атка жүрүшүм кыйындап калды. Мага тынч ат болсо болот эле, - деди.
Бугулар Сейилдин Суржоргосун апкелип беришти. Аны минип баягы биринчи чыккан чоң Керкашкасын жигиттерине жетелетип жолго чыкты.
Ал кезде оңго-солго кадыры артып, белгилүү болуп калган Шабдандын айылы Желаргынын оозунда эле. Жапый конуп-түнөп жүрүп отуруп үч күндө араң жетти.
Айыл четиндегилерден Шабдандын үйүн сурады.
- тетигил Кара каш мамы турган чоң үй баатырдыкы, - дешти алар.
Жапый түз бастырып келип, Керкашканы ошол мамыга байлатты. Аттардын дүбүртүнөн, адамдардын кобурунан улам үйдөн кең далылуу бир жигит чыга калды. Саламдашкандан кийин жөн-жайын сурады.
- Тынымсейит Жапый деген болом. Шабдан баатырга жолугайын деп келдим.
Жигит үйгө кирип кетип, бат эле чыкты.
- Кириңиз, аба!
Шабдан кичи пейилдик менен ордунан туруп учурашты.
- Куш келиңиз, Жапый баатыр. Алыстан зарыл иш менен келдиңиз болуш керек.
- Ошондой, ошондой, баатыр. Бизге деле тууган эле. Ормон ханыбыздын же куну бүтпөдү, же доосу бүтпөдү. Бир тентектин айынан бейкүнөө адамдар запкы көрүштү. Төрөгелди тууган менен шерттештик эле. Эми жараттын оозу кайра ачылганы турат. Жөндөп коет деген үмүт менен сизге келдим.
- Ии, и, Төрөгелди ушул жакта. Чакыргылачы.
Шабдан жигитине кайрылды. Көк долу Чүйдөн оңдой берди болуп бул жакка келген экен. Аны чакырып келишти. Ал Шабданга ызаат кылып, Жапый менен кол алышып учурашты.
Сөз баягы ат чабыш жөнүндө болду. Шабдан күлдү.
- Мелдешиңер кызык экен. Кулагым чалды эле. Жапый баатыр айкөлдүк кылган экен. Шерттешкениңер чын беле, Төкө?
- Чын эле баатыр, чын эле.
- Бу Төкөмдө кеп жок, - деди Жапый, - кара баатыр деген бала "асманыңардан ок жаадырам, көргүлүктү көрсөтөм", - деп колун машыктырып бияктагы Кароол-Дөбөдө дейт. Кеп ошондо.
Шабдан жигитине:
- Кара баатырды кайыргыла! - деди.
Иштин оңтоюнан пайдаланып, Жапый жана сөз катты:
- Төкөмдүн Суркүлүгүнөн чыккан Керкашканы мамыңызга байлап койдум. Сыйга алып коюңуз.
Кара баатыр келгенде Шабдан минтип айтты:
- Бейкүнөө бир кишинин башы кандабасын. Бир да үйдүн уугу сынбасын. Акыл менен бололу.
Анан Жапыйга кайрылды:
- Жапый баатыр! Жакында Көтмалдыда жыйын болот. Солто, тынай бугу, сарбагыш, башка уруулардын эл бийлегендери чогулат. Ошондо баарын сүйлөшөбүз.
Жапый Желаргыдан сый көрүп, келечеги болоор жакшылыкты сезип узады.
Көп мезгил өткөн жок. Көлдүн этегиндеги Кызыл-Сазга биринен бири көркөмдүү боз үйлөр тигилип, тээ жакынкы жайыттарга сүмбөдөй жылкылар, куйругу килеңдеген ириктер айдалып келе баштады. Кыргыз жеринин өйдөкү, ылдыйкы дубандарынан элге кадыры бар билермандар, акылман деген калыстар, бийлик жүргүзгөн өкүмзарлар чогулушту. Чечүүчү иштер көп. Жашоонун ыңгайын сүйлөшүп, тентек-жөнтөктөрдү тыюу, өз ара араздашууларды жөнгө салуу, башка дагы толгон-токой жагдайларды ыңгайына келтирүү ушундай, чанда болсо да өткөрүлүүчү жыйындарда эпке келтирилип келет.
Бул жыйындын шаан-шөөкөтү: атактуу бай, бийлер бири-бирине сый тартуулап, тигил айдалып келген малды келгендердин коногуна жумшап, өзүнүн мартабасын дагы көкөлөтүүгө аракеттенет. Не бир чечендер сөз кадыры менен татаалдашып калган иштерди жөнгө салышат. Ушул сапар бугу, сарбагыштын чыры көп сөзгө алынды. Албетте, Ормон хандын өлтүрүлүшү кейип-кепчип эскерилди. Кун куумай адаты жөнүндө сөз болду. Ушунун бары ынтымактын жоктугунан, акыл калчап иш жасабагандыктан болуп жатканы айтылды.
Солто Байтик баатырдын сөзү көпчүлүктү муютту. Ал өйдө-ылдый кетип, бири-бирине бирикпей жашап келаткан калкыбыздын көйгөйүн даана айтып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы, ынтымакта бололу деп үндөдү. Ормондун куну жөнүндө: "Ханда кун болбойт", эрегиш боло берсе, эл жапа чегет, далай чолпондой болгон жигиттерден ажырабайлы. Тынчыйлы!" - деди.
Ооба, бул өкүм катары угулду. Ылайым, биримдикте жашайлы, ынтымак-ырашкерлик болсун деген жыйынтык жасалды. Жапый баатырдын күткөнү да ушул болучу.