Мугалим - билимдин ачкычы
"Мугалим билимдин ачкычы" дегендей, окуу-тарбиялоо ишин жакшыртуу мугалимдин колунда эмеспи. Ошондой мугалимдердин катарына Бишкектеги №88 мектептин тарых мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги, мектептеги илимий-методикалык иштердин жетекчиси Бегим Асранбекова.

Бегим эже мугалимдик эмгек жолун элеттен баштаган. Мектеп үчүн жанын берген, сүйүктүү окуучуларына таалим-тарбия берүүдө "ичип жаткан ашын жерге кое койгон" мыкты мугалим. Иштин көзүн билген эжей жаш мугалимдердин насаатчысы. Андыктан көпчүлүк мугалимдер иш билгилигин ар убак сыйлап, баалашат.
Бегим Асранбекова мугалимдерге чыгармачылык менен иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп, жаңычыл ыкмаларды, иш тажрыйбаларды жайылтууга ыңгайлуу шарттарды жаратууда эмгеги зор. Ал принципиалдуу жетекчи катары бирге иштегендерге талапты туура кое билет.
Бегим эже тарых сабагын окутууда окуучуларга кыргыз элинин салт-санаасын, тилин, дилин, кыргыз элинин тарыхын тереңинен изилдеп, кызыктуу сабактарды өткөнү жаш мугалимдерди өзүнө тартат. Эженин мезгилдин талабына ылайыкташтырган сабактарды өтүүсү окуучулардын сабак учурундагы изденүүлөрү, жооптору, мектептеги кыял-жоруктары, спорт аянтчасындагы мелдештер, ата-энелер менен болгон ой-бөлүүлөрү, ар бир окуучуга ыр жаратканы эженин педагогикалык билиминин бийиктиги, чыгармачылык менен умтулуусу биз үчүн баалуу табылга.

Майрам Байбосова,
Бишкек шаарынын №88 мектебинин мугалими.




Майрамыныз менен сыймыктуу кесип ээси!
"Баатырдын даңкын алыстан ук, алдына келсең бир киши" дегендей азыркы сөз баштаганы жаткан үлгүлүү инсаныбыз Халил Кочту кыргыз жергесине келгенден баштап тааный баштадык. Анын адамгерчиликтүү улуу сапаты, терең акылмандуулугу, иш билгилиги, билимдүүлүгү бүтүндөй окуучулардын, ата-энелердин кызыгуусун арттырды.

Тарбиялоонун, билимдин жолунун артынан түшкөн Халил Коч Кыргызстандын кайсы аймагында эмгектенсе да, өзүнүн бирге иштешкен жамаатынын, окуткан окуучуларынын, ата- энелердин урмат-сыйына татыктуу болуп, кадыр-барк тапты.
Кыргыз калкы менен түрк элдеринин ортосунда достук, ынтымактын карым-катнашты дагы да чыңдоо үчүн өзүнүн билимин, эмгегин убактысын ар дайым жакшы маанай менен тартуулап келет. Меймандос кыргыз калкы, бул телегейи тегиз жаралган Халил Кочко өзүнүн достук, бир туугандык колун сунуп, ар убакта жылуу мамиледе ардактап келишет.
Адам баласы кайсы улуттан болгондугуна карабастан өзүнүнүн жагымдуу мамилеси, акылмандуулугу, билими, өнөрү менен бири-биринен айырмаланат тура. Халил Коч өзүндөгү улуу сапаттар менен Кыргызстандагы өспүрүмдөрдү окутуп- тарбиялоодо. Анын окуучуларга берген билимине, жасаган мамилесине ата-энелер, билим берүү жамааты чексиз ыраазычылыгын билдирип келет.
Балдарыбыз ушул мугалимдин мектебинде окуса, терең билимдүү болушса деген ата- энелердин үмүт тилектери чоң. Себеби дегенде, Халил Коч ата- энелерди өзүнүн сагынып күтүп турган бир тууганы келгендей жадырап, кучагын жайып тосуп алат. Ушундай кайталангыc улуу инсандын бул сапатына кимдер гана суктанбай кое алат?! Балдарды канчалык деңгээлде жакшы көрүп, аталык, агалык мээримин чачып, мамиле жасаганы ага карата болгон ишенимди күндөн күнгө арттырат.
Сөзүбүз куру болбос үчүн ал иштеп кеткен Кызыл-Кыя шаарындагы "Себат" лицейиндеги ийгиликтерге көңүлдүн чоордонун бурсак. 2000-2001-окуу жылында лицейдин директору болуп дайындалды. Буга чейин "Себат" лицейинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү, ийгиликтүү эмгектенди. Ал иштеген мезгилде окуучуларга, мугалимдердин эмгектенишине жакшы шарт түзгөндүктөн, окуучулар эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту. 1998-жылы Тайванда өткөрүлгөн 39-олимпиадада математика предметинен Икрам Мамаражапов алдыңкы орунга ээ болгон. 2000-жылы республикалык олимпиадада математика предметинен Маматалиев Жуманияз, англис тилинен Салайдинов Чынгыз II орунду жеңип алышты. 2001-жылындагы республикалык олимпиадада информатика предметинен Таштанов Санжарбек III орунду камсыз кылды. Халил Кочтун жетекчилигинин натыйжасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын ийгилигинин бул бир үзүмү гана.
Билим сапаты канчалык жогору болгону менен катар ал иштеген лицейдеги окуучулар спорттук мелдештерде да дайыма алдыда.
Мисалы, түштүк аймактагы "Себат" лицейлеринин ортосунда өткөрүлгөн спорттук мелдештерде II орунду жеңип алышкан.
Мыкты уюштургуч, мыкты жетекчи Халил Коч ата-энелер менен ар дайым тыгыз байланышта болуп, балдарды дагы да тереңирээк таанып билүү үчүн алардын үй-бүлөлүк шарты менен да кабардар болууга аракет жасап, окуучулардын үйүнө баруудан баш тартпайт. Бул сүйүктүү агартуучунун дагы бир жөнөкөйлүк өзгөчө сапаты болуп эсептелет.
Айта берсе жакшы инсан жөнүндө кеп түгөнбөйт. Мыкты окутуучу, жакшы тарбиячы болуу менен катар сүйүктүү жар, мээримдүү ата. Татынакай үч кызынан кийин азамат уулду болду.
Урматтуу Халил мырза, уулду болушуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ылайым жараткан уул-кыздарыңызга өмүр, бакыт-таалай берсин. Жаркылдаган жубайыңыз менен балдарыңыздын жакшылыктарын көрүңүздөр.
Биздин жамаат, биздин окуучулар сизди дайыма урматтайт, сыйлайт. Азыркы учурда алыскы Нарын жергесинде үзүрлүү иштеп жатканыңызды мен дайыма Асан инимен сурап, сизге саламымды айтам.
Кайсы аймакта, кайсы кызматта эмгектенбеңиз сизге дайыма ийгилик гана каалайбыз. Сиздин жылуу мамилеңиз, жайдары мүнөзүңүз ар убак биздин жүрөгүбүздө. Сизди мээримдүүлүк касиетиңизди сагынабыз. Бар болуңуз, аман болуңуз.
Келе жаткан Турция элинин мугалимдеринин салтанатуу күнү менен өзүмдүн атамдын жана Кызыл-Кыя шаарынын мугалимдеринин атынан кызуу куттуктайм.

К.С.Каримова,
Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы