"Педагогикалык алдыңкы тажрыйба мектеби"

Чыгармачыл мугалимдердин "Мөл булагы" 20 жашта

Талас районунун Атай Огонбаев орто мектебиндеги чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин жогорудагы уюму быйыл өзүнүн 20 жылдык торколуу тоюн белгилегени турат. Булактан океан жаралат дегендей, ар бир коомдун, уюмдун, топтун, адамдын тарыхы болот эмеспи. Анынсыңарындай "Мөл булак" чыгармачыл тобунун да көптөгөн ийгиликти жараткан эмгек жолу бар.

"Мөл булак" 1989-жылы Атай Огонбаев орто мектебинен окуу бөлүмүнүн башчысы - Сасыкулов Кыялбектин жетекчилиги менен уюшулуп, ал топко мектептин алдыңкы мугалимдери - Стамалиева Калымкан, Рахматилдеев Кенжебек, Козукеева Алымсаада, Жаңыбердиева Бүбүмариям, Сүйүнтбекова Жаңыл, Абдыкеримова Айгүл, Ниязбеков Аскарлар кошулушкан. Көп өтпөй эле алар өз сабактарында алдыңкы усулдук ыкмаларды пайдаланып "Сабак десант" сабагын Долоно, Арашан, Балбал ж.б. орто мектептеринин мугалимдерине өтүп беришип, алардын алкоосуна татышкан. Бул топтун мүчөлөрү 1990-жылы Эл мугалими Бектур Исаковдун тажрыйбасын өз сабактарында чыгармачылык менен колдонуп көрүүнү чечишкен. Ушул саамалык менен жеринде таанышуу үчүн биздин мектепке алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча лабораториянын башчысы К.А.Абдыкалиева, усулчусу С.Ж.Жороева баш болгон республиканын алдыңкы мугалимдери келишкен эле. Алар "Мөл булактын" мүчөлөрү Жаңыбердиева Бүбүмариям (химия), Козукеева Алымсаада (кыргыз тили), Рахматилдеев Кенжебек (орус тили), Сүйүнтбекова Жаңылдын (физика) сабактарына катышып, өздөрүнүн жогорку бааларын беришкен. Ошондо берилген айрым пикирлерге орун берсек:
Ш.Тойгонбаева, Ош шаардык усулкананын усулчусу: - Сабакта окуучулар ушунчалык эркин экен. Үч сабакка катыштым. Билбеген окуучуну мугалимдин кекетип-мокотуп, же насаат айтып чүнчүтпөгөнү жакты. Орус тилчи мугалим жаш экенине карабай сабакты ушунчалык эркин уюштуруп, окуучу менен окуучу болуп жуурулушуп кете алды.
К.Сартбаева, Ысык-Көл областтык Билим берүү институтунун усулчусу: - Биз иштеп баштаганына үч жылга жетпеген мугалимдин (Сүйүнтбекова Жаңылдын) физика сабагына катыштык. Сабак кызыктуу болуп, талаш-тартыш менен өттү. Мугалим менен окуучунун ортосунда ажырым чек жок. Класстагы жагдайдан эле физика дүйнөсүндө жашап калгандайсың.
А.Исмаилов, Нарын зонасындагы Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун усулчусу: - А.Козукееванын сабагынан мугалимдеги артисттик өнөрдү, анын окуучулар менен камыр-жумур болуп кетүү жөндөмүн көрдүм.
Р.Дүйшөналиева, Чүй районундагы Ы.Борончиев атындагы орто мектептин директору: - "Мөл булактын" мүчөлөрүнүн сабагына кирсең: тарых сабагына кирсең нагыз тарыхчы, физика сабагына кирсең накта физика, химия сабагына кирсең орошон химик, тилге кирсең таза тилчи экенине ынанасың. Башталгыч класстын окуучулары кыйла деңгээлдеги татаал суроолорго жооп берди. Сабактар бири-бирин кайталоодон, көрсөтмөлүүлүктөн алыс. Биз тез арада бул тажрыйбаны жайылтышыбыз керек.
Ошол семинарга катышкан Б.Исаков "Мөл булак" чыгармачыл тобун куттуктоо менен эстелик иретинде В.И.Лениндин айкелин тапшырган. Эми "Мөл булак" чыгармачыл тобунун активдүү мүчөлөрүнө токтоло кетели.
Сасыкулов Кыялбек - Республикалык пед. окуунун бир нече жолку катышуучусу, областтык "Билим баяны" газетасынын редколлегия мүчөсү, "Билим баяны" жана "Кутбилим сабак" газеталарына усулдук макалалары байма-бай жарыяланып турат. Мектепте А.Огонбаевдин музейин түзүп, ал музейлердин кароосунда республикада 1-орунду алган. Окуткан окуучулары райондук, областтык олимпиадаларда 1-орунду ээлеп бир нече жолу республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды алып келди. Эмгек ардагери медалынын ээси, Эл агартуунун отличниги, 30дан ашык Ардак грамоталар менен сыйланган.
Сүйүнтбекова Жаңыл - "Жыл мугалими" сынагынын катышуучусу. 1996-жылы райондо 1, областта 1, республикада да алдыңкы орунду ээлеп, Эл агартуу отличниги төш белгиси менен сыйланды. Көптөгөн райондук, областтык, республикалык грамоталардын ээси. Усулдук тажрыйбасы "Кутбилим сабак" газетасына жарыяланып турат. Окуткан окуучулары райондук, областтык олимпиадаларда 1-2-3-орундарды ээлеп, республикалык олимпиаданын катышуучусу болушкан.
Абдыкеримова Айгүл - Эл агартуунун отличниги, "Жыл мугалими" сынагынын катышуучусу. 1994-жылы райондо - 1, областта - 2 - орунга татыктуу болгон. Окуткан окуучулары райондо - 1, областта - 1,2,3-орундарды ээлеп республикалык олимпиаданын катышуучусу болушкан. Иш тажрыйбасы "Билим баяны", "Кутбилим сабак" газеталарына жарыяланып турат. Республикалык пед. окуунун катышуучусу. Көптөгөн грамоталардын ээси.
Жаңыбердиева Бүбүмариям - Эл агартуунун отличниги, 1995-жылы "Жыл мугалими" сынагынын катышуучусу, райондо - 1, областта - 3-орунду ээлеген. Окуткан окуучулары райондук, областтык, республикалык олимпиадаларда 1-орунду алган. Көптөгөн грамоталардын ээси.
Рахматилдеев Кенжебек - Эл агартуунун отличниги, "Жыл мугалими" сынагынын катышуучусу, 1993-жылы райондо - 1, областта 2-орунду алган. Окуткан окуучулары райондук, областтык олимпиадаларда 1-орун, республикалык олимпиадада 2-орунга татыктуу болду. Көптөгөн грамоталардын ээси.
Стамалиева Калымкан - Эл агартуунун отличниги, бүгүнкү күндө Талас мамлекеттик университетинин математика кафедрасынын башчысы.
Козукеева Алымсаада - Эл агартуунун отличниги, Талас шаарындагы №5 мектептин алдыңкы мугалими.
Конушова Сайракан - Эл агартуунун отличниги, көптөгөн грамоталардын ээси. Ардактуу эс алууда.
Шум ажал Жаңыбердиева Бүбүмариям менен Ниязбеков Аскарды арабыздан алып кетти, бирок алардын жаркын элеси окуучулардын, "Мөл булактын" эсинде түбөлүккө сакталат. Бүгүнкү күндө "Мөл булак" Садыралиева Жазгүл, Шералиева Майрам, Ашыралиева Жылдыз, Кенчимова Айнаш, Албанова Майрамкүл, Тургунбаева Салтанат сыяктуу жаш мугалимдер менен толукталды.
"Мөл булактын" учурдагы жетекчиси жаңылыкты жанындай көргөн, чыгармачыл мугалим - Сүйүнтбекова Жаңыл.
"Мөл булак" мектептеги өз ара сабактарга кирүүдө, райондук семинарларда көрсөтмөлүү сабактарын өтүп келүүдө.
Райондук масштабда "Чыгармачыл мугалимдердин отчету", "Жаш мугалимдердин" семинарларында ачык сабактарды өтүшүп, мугалимдердин алкоосуна татышууда. Облуста 2008-2009-окуу жылы "Бектур жылы" деп жарыяланып, тажрыйбалуу агайбыз Бектур агайдын ыкмаларын колдонуп сабактар өтүлүүдө. Бул конкурска "Мөл булактын" жаш мүчөлөрү Кенчимова Айнаш, Жаңылбек кызы Гүлира "Кыргыз тилчи мугалимдеринин устаты" деген темада кароо-сынакка катышууда. "Мөлтүр булактын" мүчөлөрү Сасыкулов К. "Санжыргалуу казына топтому", Абдыкеримова А. "Кештелер", "Кемчонтойдун жооптору", Албанова М. "Сабат санжыра" топтому, Жайчыбек кызы Гүлира "Кеп куржун" топтому, Кенчимова А. "Жаштык жана теңчилик, "Көөкөр-1", "Көөкөр-2" кештеги, Сүйүнтбекова Ж. "Кештелер", "Жыштык жана текшилик", "Көнүгүүлөр топтому: Тургунбаева С. "Кеп куржун", "Сабат санжыра" топтому, "Бектур агайдын сабагы менин сабагымда" аттуу отчеттук сабактарын беришти.
"Бектур жылы" май айында жыйынтыкталып, жюринин чечими менен Сүйүнтбекова Жаңыл "Кыргыз тили" комиссиясынын Ардак грамотасына, Абдыкеримова Айгүл губернатордун Ардак грамотасына, Албанова Майрамкүл, Тургунбаева Салтанат, Жайчыбек кызы Гүлира райадминистрациянын Ардак грамотасына татыктуу болушту. Ал эми Жайчыбек кызы Гүлира Бектур агайдын иш-тажрыйбасын чыгармачылык менен колдонууда областта 3-орунду ээледи. "Мөл булактын" жеңилин жерден, оорун колдон алып, өзүнүн кеп-кеңешин аябай, шарт түзүп берген мектептин директору Смадиярова Рахатка, окуу бөлүмүнүн башчысы Рысалиева Жаңылчага биз ыраазычылык билдиребиз. Албетте, "Мөл булак" чыгармачыл тобунун мүчөлөрүнүн саны көбөйүп, такшалган жаштардын саны арбып Бектур агайдын көчүн улай берсин.
Сөзүмдү төмөнкү ыр саптары менен аяктагым келет:

"Мөл булакта" далай арык агып өттү.
Кумду көзөп, жаштарды жарып өттү.
Окуучуну билим менен сугарып,
Үйрөттү илимдерди, келечекти жана көптү.
***
"Мөл булактын" агымдары узарып,
Жаш кадрлар куюлушуп жатышат.
Ачкан өңдүү жаңы булак көздөрүн,
Окуучунун жан дүйнөсүн ачышат.
***
"Мөл булак" ага берсин жаны тынбай,
Калбасын эски бойдон жаңыртылбай.
Келечектин муундарын даярдап,
Агалы алды жакка токтоп турбай.