Долбоордо эмне кеп

"Сапаттуу билимден" үйрөнгөнү келдик дешет мугалимдер
Кыргыз билим берүү академиясына USAID каржылаган "Сапаттуу билим" долбоорунун кесиптик билимди жогорулатуу курстарына келишкен мугалимдерге жолугуп, айрымдарына өзүм кызыккан суроолорду бердим.

- Кечиресиз, сиз кайсыл мектептен келдиңиз?
- Москва районундагы Курманбек Сыйданов атындагы орто мектептен ...
- Кайсыл предметтен сабак бересиз?
- Башталгыч класстардын мугалими болом.
- Аты-жөнүңүздү айтып кетсеңиз?
- Ниязбаева Суракан…
- Буга чейин курстардан өттүңүз беле?
- Үч-төрт жолу курстан өткөм. Акыркы жолу 2007-жылы ушул жерден билимимди жогорулатып кеткем.
- Ошондогу үйрөнгөнүңүз эсиңизде калдыбы?
- Калбай эмне, азыр деле эсимде. Баяндама, дилбаян жазуу боюнча өзүмө зарыл маалыматтарды алгам. Топторго бөлүп иштөө ыкмаларына кызыккам. Ошондо үйрөнгөндөрүмдү азыр да колдонуп жүрөм.
- Бүгүнкү тренингден эмне жаңылыктарды күтүп жатасыз?
- Көптү билейин, үйрөнөйүн деген ниетим бар. Бизге чейин "Сапаттуу билимден" курстан өтүшкөн кесиптештерим күнүмкү сабактарын таптакыр башка нукта пландаштырып жатышат. Окуучулардын каталарын оңдоодо да алар бизге окшоп оңдоп отурбастан, белги коюп кете беришет. Балдардын өз катасын өздөрү анализдеп, тууралашканы мага өтө жакты. Өзгөчө сабактын максатын окуучулардын көзү менен аныкташканы кызык экен. Ушуларды үйрөнсөм дегенде эки көзүм төрт.
- Жаңыланайын, өзгөрөйүн деген каалооңуз зор турбайбы?
- Мектепте отуз эки жыл иштесем да жаңыны үйрөнгөндөн кача элекмин.
- Агай, өзүңүздү тааныштырып койсоңуз?
- Мен Асиров Али Чүй районундагы Покровка кыштагынын Чүй биринчи мектебинде орус класстарга математикадан сабак берем.
- Бүгүнкү тренингден кандай жаңылыктарды күтүп жатасыз?
- Мугалим окуп турса гана мугалим дейт эмеспи. Мугалимдик ишиме таяныч болчулардын баарын жан дилим менен кабыл алам.
- Педагогикалык, методикалык китептерди көп окуйсуз го, баамымда?
- Математикага байланышкан терминдер туурасында, дегеле жаңы ачылыштар туурасында издеп окуйм. Өздүк мейкиндик туурасында илимий доклад даярдасам дегем. Эки ай мурун Интернеттен карасам, Москвада бирөө ушул темада илимий ишин жактаптыр. Менин байкашымча биз, мугалимдер маалыматтан артта калып жаткандайбыз… Бул заманда ким маалыматтан артта калса, сөзсүз уттурат экен.
- Артта калууңузга эмне себепкер болууда?
- Жүктөмдүн көптүгү... Жумасына кырк алты саат сабак берем. Мындан тышкары үч саат кошумча сабагым бар. Ошого карабастан бул тренингге катышканы турам. Мурда катышып кеткендердин аз-аздан болсо да өзгөргөнүн көрүп мында аттандым.
- Сиздер кайсы мектептенсиңер?
- Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча мектебинен болобуз. Менин атым Жусупова Инабаткан. Кесиптешимдин аты-жөнү Бөдөшова Төлөнбү. Мен кыргыз тили жана адабияттан окутам, Төлөнбү болсо башталгыч класстар мугалими.
- Окутуунун интерактивдүү ыкмалары туурасында кабарыңыздар бардыр?
- Бар эмей… Сабактарды оюн түрүндө өтөбүз. Кээде тесттик суроолорду колдонобуз.
- Интерактивдүү ыкмалардан мобуларды колдоном деп так айта аласыңарбы?
- Айтабыз, айтпай эмне?.. Көп жылдан бери иштеп жатпайбызбы?! Бирок бизде, айрыкча айыл жериндеги мектептерде методикалык адабияттар жетишпегени чын. Ошондон кыйналабыз…
Мугалимдер менен баарлашкан соң "Сапаттуу билим" долбоорунун программалык ассистенти Эльнура Усуповага кезиктим. Уюштуруу иштеринин арбындыгына карабастан ал менин суроолорума астейдил жооп берди.
- Эльнура, бул жолку тренингге канча мугалим катышмакчы?
- Долбоордун максатына жооп берген үч предмет боюнча 73 мугалим келиши керек болчу, кээ бирлерин эртең болсо да кабыл алабыз. Эртең менен долбоордун жетекчиси, Кеңеш Сайназаров тренингдин максат-мүдөөлөрүн түшүндүрүп бергенден кийин, мында демейдеги курстарга келишкен Бишкектин айрым мектептеринин мугалимдери жол кире акысы төлөнбөсө да, долбоор уюштурган курстан окуйбуз деп жатышат.
- Каалоочулар жетишээрлик турбайбы?
- Курска келгендердин көбү мурда тренингден өткөндөрдөн уктум дешүүдө…
- "Сапаттуу билим" аларды эмнеси менен өзүнө тартып жатат деп ойлойсуң?
- Менимче, мугалимдерге "Сапаттуу билимдеги" баланын позициясында туруп сабактын максатын аныктоо, биргелешип пландаштыруу, көзөмөл жүргүзүү, калыптандыруучу баалоо абдан жагып жатат. Балдарды топ-топко бөлүп иштетүүгө да кызыгышууда. Мугалимдин сабакта аз сүйлөп, тескеринче окуучулардын көбүрөөк иштеши жакшы экен дешүүдө…




P.S. Долбоор алкагындагы жакшыртылган программалар боюнча кесиптик билимди жогорулатуу курстары 2-ноябрдан 11-ноябрга чейин Ош облустук Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун базасында уюштурулуп, 135 кыргыз тили жана адабияты, математика, башталгыч класс мугалимдери катышмакчы.

o Ат жалындагы маек

Кеңеш Сайназаров, ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоорунун директору:
"Төрт тараптуу келишимге кол койгону баратабыз"

- Кеңеш, бир-эки күндө өзүң баш болгон долбоор адистери түштүктү көздөй жолго чыгат экенсиңер. Бул жумушчу сапардын максаты туурасында сөз баштап берсең?
- Ал жакка биз төрт тараптуу келишиме кол койгону баратабыз. Долбоордун финансылык жылы 2009-жылдын 1-октябрынан 2010-жылдын 30-сентябрына чейин созулат эмеспи, ушул көрсөтүлгөн мөөнөттө долбоор менен биздин өнөктөштөр эмнелерди чогуу аткарууга тийиш экендиги бул келишимде көрсөтүлөт.
- Билим берүү академиясынын да аталган төрт тараптуу келишимге тиешеси барбы?
- Албетте, тиешеси бар. Академия - биздин эң башкы өнөктөшүбүз, ансыз мугалимдердин кесиптик билимин жаңы нукта жогорулатуу аракеттерибиз натыйжалуу болбойт деп ойлойм. Дагы бир жүйөөлүү себеби, анын окуу-материалдык базасын, окутуучу-профессордук составынын потенциалын айтпаганда да, ал жер-жерлердеги бардык билим берүү институттарынын ишин координациялайт.
- Алдыдагы келишимде Оштогу Мугалимдердин кесиптик билимин өркүндөтүү институтунун ролу кандай болмокчу?
- Оштогу мугалимдер институту республикадагы таанымал окуу мекемеси болуп саналат. Ал союз убагында түптөлгөн. Институттун потенциалы мыкты экенине биз жайкы тренингдерде күбө болдук. Мында топтолгон тажрыйбаны эми аймактык башка институттарда колдонсокпу дейбиз.
- Жалал-Абад жана Баткен билим берүү борборлорун айтып жатасыңбы?
- Ооба, жакын арада алар менен да тыгыз иштеше баштайбыз. Алдын борбор адистерин даярдыктан өткөрөбүз. Андан кийин мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууну колго алабыз.
- Экөөндө теңби?
- Жок, Баткенде мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууга биздин долбоордун каржылык жактан чарк-чамасы жетпейт. Бул ишти Жалал-Абадда гана жүргүзөбүз. Ал жерден 25 максаттык мектепти тандап алганбыз. Келишимге кол коюлуп калса, ушул мектептердин директорлорун, окуу бөлүм башчыларын, методикалык бирикме жетекчилерин, кыргыз тили жана адабият, математика жана башталгыч класс мугалимдерин кыска мөөнөттүү тренингдерден өткөрүп, жергиликтүү тренерлердин жардамы менен окутабыз.
- Окуу жабдуулары жагынан да жардам берилеби?
- Сөзсүз, жабдуулардан көмөк көрсөтөбүз, анткени ал жакта педагогика, психология жана методика жаатындагы адабияттар тартыш экени баарына белгилүү.
- Жакынкы күндөрү Ысык-Көлдө өтүүчү форумдун койгон максаттарына токтоло кетсең?
- Ал форум долбоордун "Билим берүүнү каржылоо" деп аталган төртүнчү компонентинин алкагында өтмөкчү. Форумда бир жыл ичинде билим берүүнү каржылоо жаатында эмнелер аткарылды ушуга баа берилет.
- Жыйындын ишине кимдер катышмакчы?
- Долбоор адистеринен, өнөктөштөрдөн тышкары Билим берүү жана илим министри менен Вице-премьер-министрдин катышуусу күтүлүүдө.
- Кеңеш, анда жолуңар шыдыр болсун, көп иштерди бүтүрүп келгиле.
- Ырахмат. 7-ноябрда журналисттер күнү белгиленгени турат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып "Кутбилим" гезитинин жалпы жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, чыгармачыл иштерине ийгилик, өздөрүнө бекем ден соолук каалап кетейин.

Маектешкен А.АЛИБЕКОВ, "Кутбилим".