Шапы Назаралиева, ардагер мугалим:
Тарбия берүү - жалпы элдик иш
Мектептен чыкпай, жарыбаган айлыктын көзүн карап жашоо-тиричилигин өткөрүп келген мугалимдерден айланса болот. 40 жылдан бери билим берүү системасында эмгектенип келаткан ардагер мугалим Шапы Назаралиева 18 жыл мектеп директору, 7 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, 5 жыл Билим берүү жана илим министрлигинин мектептер боюнча метод кабинетинин директорунун орун басары, шаардык мектептерде "Адеп" сабагынын мугалими болуп эмгектенип келди. Ал Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги. Редакциябызга башбаккан тажрыйбалуу педагогду жөн эле кетирбестен, жаштарга айтчу накыл-кептерин, акыл-насааттарын угуп калалы деп кепке тарттык.

- Бүгүнкү күндө билим берүү системасы эмнеден өксүп жатат?
- Билим берүү системасы бүгүнкү күндө эң оор абалда. Биз Союздун убагында бала деген актай барак, эмнени чачсак ошол болот деген жол менен иштегенбиз, тарбиялаганбыз. Чындыгында балдар актай барак эмес, алардын теги, каны деген болот. Бул ар бир баланын шык-жөндөмдүүлүгүнө, өзүнүн жетилүүсүнө жараша болот. Ошондуктан мейли мугалимдер болсун, мейли ата-энелер болсун балдардын шык-жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө, өнүктүрүүгө аракет кылып билим-тарбия бериши керек.
Мугалимдер, ата-энелер башкаруу мамилеге көнүп калганбыз. Балага "муну аткар, муну жаса" деп басмырлай берген жаман адат дагы эле болсо бар. Балдардын жөндөмүнө жараша мамиле кылганда ал мугалимден болобу, ата-энеден болобу коркпой-үркпөй өзүнүн жан дүйнөсүндөгү бар нерселерди тартынбай сураганга, айтканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Билген билимин айтканга, жооп бергенге мүмкүнчүлүк алат. Ал эми окуучуну башкаруу жолу менен билим-тарбия бергенде, ал болгону сабакты жаттап айтканга эле шыктуу болуп калат, ал эми өз алдынчалык өнүгүүсү азайат. Ой жүгүртүүсү өспөйт. Азыркы учурдун талабы боюнча жаңы инновациялык технологиялардын заманында эң негизги талап өз алдынча жөндөмдүүлүктү өркүндөтүү.
- Окуучулардын предметтик жүктөмү (нагрузка) абдан көп. Балдарга кереги бар деле, кереги жок деле сабактар кирип, балдардын мээсин чарчатып, керек болсо, балдардын ден соолугуна зыян келтирилип жатат. Эмне кылуу керек?
- Туура айтасың, балдарга кереги бар, кереги жок предметтерди окутуп, кыйнап жатабыз. Окутуп жатып Ломоносов же Чыңгыз Айтматов сыяктуу дөө-шааларды чыгарып деле ийген жокпуз. Тек гана келечекти кыйноо менен алектенип жаткан чак. Эң негизги максат, менимче, келечекте адептүү, ыймандуу адамды тарбиялап чыгуу.
Ошондуктан кайсы гана сабак болбосун мейли чет тили, мейли математика болсун ошонун тарбиялык жагына көңүл бөлүшүбүз керек. Үй-бүлөдө, тарбиялык иштерди жүргүзүүдө адептүүлүккө, адилет, ак ниет адам боло турганына басым жасоо зарыл. Тарбиялык иштерди жүргүзүүдө баланын жан дүйнөсүнө адамдарда болгон асыл сапаттарды калыптандырышыбыз керек. Качан гана бала алдына максат койгондо өзүнүн оң, терс сапаттарын байкайт. "Андан кантип кутулушум керек, алардан кутулуу үчүн кандай иштерди жасашым керек" деген ой-толгоо туулат. Улуу инсандардын жазган накыл кептерин окуп, ошолордон үлгү алса, анан жакшы сапаттар калыптандырылат. Менимче, тарбия ишине жамы журт жалпы киришиши керек. "Жакшыга жанаш, жамандан адаш" деген жакшы накыл кеп бар. Жакшыга жанашсаң ишиң жүрөт, жаманга жанашсаң бир балээге капташасың. "Сен жолдошуңду айтчы, мен сенин ким экениңди айтып берейин" деген сөз бар эмеспи.
- Ырас, Сиз айткандай айлана-чөйрөнүн таасири чоң. Адеп сабагынын үзүрүн качан көрөбүз?
- "Адеп" сабагы берилгенине 6 жылдын жүзү болду. Адептик тарбия берүү жолго түшүп, мугалимдер да, окуучулар да, ата-энелер да түшүнүп калды. Үзүрүн берип жатат. Кичине болсо да китептер, методикалык иштелмелер чыгып жатат. Мисалы, жалпы республикалык конференция болгондо адеп мугалимдери катышкан жок, чакырылбаптыр. Жалаң башка предметтин мугалимдери катышкан. Ошол жерде адептик-ыймандык сабакты кантип беребиз деген ой-пикир айтылып, көрсөтүлүптүр. Ал дагы адептин үзүрү деп айтсак болот.
- Мектептердеги мыйзамсыз каражат чогулткандарга көз карашыңыз кандай?
- Адептүү адам - адептүү тарбия бере алган адам болуш керек. Ошондо гана ал балдардын, ата-энелердин алдында авторитетке ээ болот. Бүгүнкү күндө мугалимдердин аброюнун түшүп кеткени мындан көрөм. Балдардан болоор болбос акча чогултат. Ошон үчүн балдарга чоң сүйлөй албай, аларга көз каранды болуп калууда. Бирок мен ушунча жылы мектепте иштеп бир да белек-бечкек алган эмесмин. Мүмкүн открытка алсам алгандырмын. Биз убагында 80 сом айлыкка иштегенбиз. Жайында эс алуу убагында Совет, Өзгөн райондорунда чөптө, күзүндө пахтада иштегенбиз.Бир сом акча сурачу эмеспиз. Согуш учурунда, кыйынчылык учурда деле тобо кылып мугалимдер иштеп келген.
- Адеп сабагы боюнча өзүңүз жазган китепчелер жарыкка чыктыбы?
- Мен мугалимдер үчүн биринчи кезекте адеп сабагы боюнча адеп топтому деген китепти чыгаргамын. Мугалимдердин суроо-талабы боюнча жазган элем. Андан кийин 10-класс үчүн "Эл таануу" кошумча окуу куралын, 8-класс үчүн "Адам" окуу куралын жазып чыктым. Ал китепчелерде улуу инсандардын айткандарын, накыл кептерин, окуучуларга кызыктуу болуш үчүн ар кандай табышмактар камтылган. Маселен, Адам окуу куралында адамдын жеке кулк мүнөзүнүн бөтөнчүлүктөрү, психикалык жана дене бой өзгөчөлүктөрүн байкоо, аны таануу каралган. Адам жашоосунун жан азыгы - жаратылыш, үзүлбөгөн үмүт экендиги, жашоонун максаты, адамдын теги, кулк мүнөзү, ага жараша адамдагы оң жана терс сапаттары, алардын жашоодогу орду, келечек жана бүгүнкү жаш муундарга тийгизген таасири жөнүндөгү тексттерди, практикалык иштерди иштеп үйрөнөбүз. Бул окуу куралынын негизинде адамдардагы болгон изги сапаттар: ишкерлик, кайрымдуулук, адам руху, дили, дүйнөгө болгон көз карашы, адамдын тили, сөз, сөз кадыры, адамдын өзүн-өзү өркүндөтүүнүн жолдорун жан дүйнөбүзгө калыптандырабыз.
Маектешкен
Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"
.



мугалим жетишпеген жерде билим сапаты болобу?
(Башталышы 5-бетте)
Көпчүлүк учурда, эмне үчүн мектепте көптөгөн предметтер окутулбайт деген суроого мектептердин директорлору, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, биз билим берүү министрлигине жетишпей жаткан мугалимдер жөнүндө өтүнүч катыбызды бергенбиз, алар биздин өтүнүчүбүздү канааттандырышпады деген даяр жоопту айтууга үйрөнүп алышкан.
Мындай өтүнүчтөр Союз учурунда аткарылчу, анткени мектепке келген жаш адистерге нормалдуу окуу жүктөмдөрү, жашоо үчүн зарыл шарттар түзүлүп берилчү. Андагыдай шарттарды азыр эч жерде жасап бере албайт. Рыноктук экономика бардыгын өзгөрттү, бирок өзгөргөн шартка ылайыктана албастан педкадрларды даярдоо тартиби эски бойдон калды.
Азыркы шартта нарындык жаш адистин Баткенге, таластык жаш адистин Алай же Кара-кулжа райондоруна өз каалоосу же жолдомо менен барып иштөөсү реалдуу эмес. Ошондуктан мектепте азыр жана келечекте иштей турган мугалимдерди окуучулардын арасынан кесипке багыт берүү иштерин ырааттуу жүргүзүү аркылуу таап, аларды мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайларына киргизип (жогорку окуу жайы менен биргеликте), алар менен студент убактарында да байланышты үзбөй, моралдык, материалдык колдоо иштерин уюштуруп, жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин аларды тосуп алып, иштөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери жүргүзүүлөрү зарыл.
Педагогикалык кадрларды даярдоону ырааттуу ишке ашыруу максатында ар бир мектеп, ар бир район, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, билим берүү жана илим министрлиги бардык шарттарды эске алуу менен беш жылдык планды иштеп чыгып, аны Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекиттирип, аларды ишке ашыруунун чараларын көрүүлөрү тийиш. Педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу маселеси деңизде кырсыкка кабылып "SOS" сигналын берип жаткан кеменин абалындай абалга келди. Өкмөттүк деңгээлде чукул чаралар көрүлбөсө кеч болуп калышы мүмкүн! (Кеч болуп да калды).
Директордун, райшаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын жогорку жана атайын орто окуу жайларынын жетекчилеринин ишине баа берүүдө педкадрларды даярдоонун абалы негизги критерийге айланууга тийиш.
Мугалимдин жоктугунан окутулбай калган предметтер боюнча билим сапатын талап кылуу адилетсиздик экендигин далилдөөнүн зарылдыгы жоктур. Билим берүү жана илим министрлигинин тапшыруусу боюнча педкадрларды даярдоочу жогорку окуу жайлары район, шаарлардын муктаждыгына ылайык конкреттүү сандагы мугалимдерди даярдоого өтүүлөрү керек.
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамынын 26-беренесинде: "Жаш адистерди бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун тартиби кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деп жазылган. Бул беренедеги "адистерди" деген сөздөн кийин "даярдоонун" деген сөздү кошуу керек, анткени жаш адистерди бөлүштүрүү үчүн чоң акылдын, уюштуруучулук иштин кереги жок, жаш адистерди даярдоо маанилүү иш.



 o Сунуш

Реформа билим берүүдөн башталганы туура
Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевдин жаңылануу, мамлекеттик системаны реформалоо жөнүндө айткандарын радио-телевидениеден көрүп, гезиттерден окуп жатабыз. Президенттин билим берүү боюнча концепциясын толук колдойм.

Ушуга байланыштуу мен дагы өзүмдүн оюмду билдирейин деп чечтим. Себеби мектептерди да реформалоо керек. Анда кандайча жолдор менен окуу-тарбия иштерин жакшыртууга болот деген суроолорго жооп издесек.
Биринчиден, чет өлкөлөрдө класстардын толтурумдуулугу 12-15 окуучудан турса, бизде 30-32 окуучудан, кайсынысын жеңил окутууга болот? Менин оюмча класста 15-20 гана окуучу болуш керек.
Экинчиден, мектептерди, айыл округдарын игрелештирүү талапка ылайык. Мисалы, Бакай-Ата районунда, деги эле Кыргызстан боюнча бир айыл өкмөтүндө чакан мектеп бар. Ар биринде директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, чарба бөлүмүнүн башчылары иштөөдө. Иргелештиргенде алардын саны азаймак. Анткени, мектептердин орточо аралыгы 2-3 км. түзөт. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин экономика боюнча бөлүмү Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жогорку айтылгандарды карап көрүп мүмкүнчүлүк болсо иргелештирүү маселесин карап көрүшсө.
Дагы бир жагы директорлор, завучтар, тарбия завучтарынын айлык маянасы окуучулардын санына карата бөлүштүрүлсө. Анткени 200-300 окуучусу бар мектептердин директорлору, завучтары деле 1 ставка, ал эми 1200 же андан көп окуучусу бар мектептерде деле 1 ставка. Чоң мектептин директору, завучу, тарбия завучу 2,3 эсе көп жумуш аткарышат.
Базар экономикасы мугалимдерди да дыйкан кылып койду. Мектепте да, талаада да иштөөгө туура келет. Антпесе бала-чакасын бага албай, кийим-кече кийине албайт. Качан гана мугалим, мугалимдик кесипти аркалаганда татыктуу билим бере алат.
Кыргыз Республикасынын мектептеринде мугалимдерге оордук өтө эле жогору, 1000 сааттан ашып кетет. Чет өлкөлөрдө 800-900 сааттын тегерегинде.
Сырттан келген волонтерлор сүйлөм байланышын гана өнүктүрөт экен, грамматикасына анча көңүл бурушпайт. Мектептерде чет тилдерине өтө көп сааттар бөлүнөт. Мен ойлойм, грамматикасына сааттар азыраак, сүйлөөгө үйрөтүүгө көбүрөөк убакыт бөлүү керек. Ушундан уламбы, фундаменталдык сабактар делген математика, химия сабактарынын сааттары кыскарып кеткен. Билим, илимди өнүктүрөбүз десек так илимге да маани берүүгө тийишпиз.
Мелис БОКУЕВ,
Эл агартуунун,
профсоюз кыймылынын отличниги, Бакай-Ата району, Кызыл-Сай айылы.