Разное

Каада-салттар жашоонун эрежелери
Ушундай аталыштагы семинар И.Арабаев атындагы КМУда болуп өттү.

Бул семинардын максаты - жаштарды таалим-тарбияга багыттоо. Семинарга "Дил мүрөгү" адеп-ахлак жана маданият борборунун жетекчиси Өзбек ажы Чотонов, "Дем Нур" медициналык борборунун жетекчиси, нарколог Шайлообек Өмүралиев, "Манас жаңырыгы" телекомпаниясынын жетекчиси Темирбек Токтогазиевдер катышты.
Алгач Өзбек ажы Чотонов сөз сүйлөп, аталган окуу жайга жана Жаштар комитетинин жетекчиси Надежда Мураталиевага терең ыраазычылык билдирүү менен бул иш-чаранын студенттер үчүн абдан маанилүү экендигине токтолду. Анын айтымында, ааламдашуу адамдарга терс таасирин тийгизип, батыштан келген маданият жаштарыбыздын аң-сезимин, кабыл алуусун өзгөртүүдө.
"Ата-энесин карылар үйүнө таштоо, керек болсо, кол көтөрүп сабап, өлтүрүп салуу фактылары дагы жашообузда жок эмес. Кыздарыбыздын бактылары ачылбай, үй-бүлөсүз калгандары өкүнүчтүү. Негизги маселе акчада, байлыкта эмес, баалуулуктарыбыздын жоголушунда. Кыргыздын каада-салттарынын ичинде эң эле негизгиси үй-бүлө. Жашообуздун 80 пайызы үй-бүлө менен өтөт. Бирок мурдагыга салыштырмалуу азыркы учурда басымдуу үй-бүлөлөр идеалдуулуктан алыс", - дейт Өзбек ажы Чотонов.
"Дил мүрөгү" борбору тарабынан иштелип чыккан үй-бүлөдө урмат-сый көргөзүү схемасы катышуучуларга сунушталды. Анда идеалдуу үй-бүлөдө ата-эне, уул-кыздын ортосундагы сый мамиленин схемасы чийилген.
Негизинен үй-бүлө жана андагы бир топ чиеленишкен маселерге көңүл бурулуп, катышуучулардын ортосунда кызуу талкуу жүрдү. Жогорудагы схемага айрым студенттер макул болушса, айрымдар карама-каршы пикирлерин айтышты. Мисалы, "Аял эркектен бир тепкич ылдый болууга тийиш" деген пикирге карата окуу жайдын студенти Аймира: "Эгер эркек баштаган жумушка аял аралашпаса, ал жумуш бүтпөйт. Азыр гендердик теңдик болууга тийиш", - дейт. Ал эми Гүлкайырдын айтымында, ата-энеси же бир туугандары, эже-карындаштарын көзөмөлдөп, ал-ахвалын билип турса сойкулукка барбайт. Көзөмөлсүз, жардамсыз калган гана кыздар турмуштун тартыштыгынан ушундай ишке барууда. Бирок баардык аялзатын сойкулук менен алектенет дегенден алыс болушубуз керек.
Үй-бүлөдөгү ар кандай пикир келишпестиктер, оорулар, кайгы-азаптар ж.б. толгон терс көрүнүштөргө арак менен тамекинин дагы түздөн-түз таасири тиерин баса белгилеген нарколог Ш. Өмүралиев: "Чынында кыйын, өткөөл мезгилде жашап, батыштын абдан кир, ыплас нерселерин үйрөнүүдөбүз. Кыргыздын душманы - арак менен тамеки. Көчөлөрдө жаш балдардын, селсаяктардын саны жылдан жылга өсүүдө. Чет өлкөлөрдөн келген ата-энелер кыргыздардын көчө балдарын багып алышууда. А бул балдар кайдан көчөдө калууда? Себеби, 70-78 пайыз үй-бүлө ичкиликтин айынан ажырашууга мажбур болушууда. Үйдө бир эле адам иче турган болсо, калганы коалкоголизм оорусу менен жабыркайт. 20 жыл ичкен адам менен чогуу жашаган адамдын аң-сезими бузулууга учурайт. Баарынан жаманы - аялдардын алкоголизми өтө коркунучтуу", - дейт.
Ошондуктан ичкилик менен жабыркап жүргөн жакындарына жардам көрсөткүсү келгендерди 0 555 03 01 74 номерине чалып кайрылса болоорун Ш.Өмүралиев билдирди.
Ч.К.

"Жаш канат" - таланттарды колдойт
Ош областынын окуучуларынын арасында таланттуу, жөндөмдүү, өнөргө шыктуу улан-кыздарды табуу, алардын таланттарын эл алдына алып чыгуу жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн уюштурулган "Жаш канат" фестивалынын III туру Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп өттү.

Фестивалдын 1-туру алгач мектептерде, 2-туру райондордо өткөрүлгөн. 3-турга райондордон тандалып алынган жеңүүчүлөр келишкен. Облустун бардык райондорунан келген таланттуу окуучулар фольклор, көркөм окуу, эстрадалык ырлар, хореографиялык, конферансье (алып баруучулук) жанрлары жана өзгөчө өнөр боюнча ат салышышты. Алардын таш жарган таланттары калыстар тобу тарабынан бааланып, жеңүүчүлөр Бабур театрында өткөрүлгөн Гала-концертке жолдомо алышкан.
Гала-концертке Ош областынын мамлекеттик администрациясынан, Ош облустук администрациясынын билим берүү бөлүмүнөн, райондук, областтык билим берүү бөлүмдөрүнөн өкүлдөр, ОГПИнин ректораты, облустук, райондук жетекчилер жана студенттер катышты.
Жыйынтыгында Кара-Кулжа району биринчи орунга, Кара-Суу району 2-орунга, Ноокат району 3-орунга ээ болуп, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын дипломдору менен сыйланышты. 11 жанр боюнча өз өнөрлөрүн тартуулап, жеңишке ээ болгон таланттарга дипломдор, түстүү телевизорлор, баалуу белектер ыйгарылды. Алардын ичинен эң мыкты чеберчилигин көрсөткөн фестивалдагы 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү болгон 10 окуучуга ОГПИнин ректораты тарабынан кийинки окуу жылына бюджеттик негиздеги адистиктерине тапшырууга укук берүүчү жолдонмо сертификаттар тапшырылды.

Ч.КИЙИЗБАЕВА,
"Кутбилим".

Районным, городским отделам



(управлениям) образования
Подведомственным образовательным


организациям

Министерство образования и науки Кыргызской Республики в связи с многочисленными обращениями педагогических работников в центральные органы государственной и исполнительной власти, Министерство образования и науки Кыргызской Республики, Министерство финансов Кыргызской Республики разъясняет:

Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 27 февраля 2008 года № 65 "О выплате надбавок за педагогический стаж работникам государственных и муниципальных учебных заведений за 2003-2007 годы" Министерству финансов Кыргызской Республики было поручено осуществить погашение задолженности по выплате надбавок за педагогический стаж работникам государственных и муниципальных учебных заведений согласно следующему графику:
- с 1 сентября 2008 года - за 2003 год;
- с 1 января 2009 года - за 2004-2005 годы;
- с 1 января 2010 года - за 2006-2007 годы.
Задолженность за 2003 год погашена в сентябре 2008 года, за 2004-2005 годы в апреле-июле 2009 года, т.е. Правительство Кыргызской Республики полностью выполнило свои обязательства по погашению задолженности, причем за 2004-2005 годы досрочно.
Задолженность за 2006-2007 годы будет погашена в 2009 году ежеквартальными равными долями, как это предусмотрено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 2 апреля 2009 года № 208.
Министерство образования и науки Кыргызской Республики разъясняет, что этот график погашения задолженности по выплате надбавок за педагогический стаж работы с момента принятия Правительством Кыргызской Республики остается в силе и не подлежит изменению.
Органам управления образованием, подведомственным образовательным организациям настоящее письмо довести до сведения всех педагогических работников.

Статс-секретарь А. Абдрашев

Защита диссертаций
Диссертационный совет Д.12.08.367 в Кыргызско-Российском Славянском университете (соучредитель: Ошский государственный юридический институт) по адресу: 720000, г. Бишкек, ул. Киевская, 44 тел. 68-00-24 объявляет, что Дуйсенов Эржан Эркинович представил диссертацию на соискание ученой степени кандидата наук на тему: "Конституционно-правовые основы деятельности финансовой полиции Кыргызской Республики" по специальности 12.00.02 - Конституционное право; муниципальное право;
Научный руководитель: доктор юридических наук, профессор Сапаргалиев Гайрат Сапаргалиевич.
Официальные оппоненты: доктор юридических наук, профессор Сартаев Султан Сартаевич; кандидат юридических наук, доцент Кулдышова Гульсара Кенжеевна
Ведущая организация: кафедра конституционного и международного права Университета им. Д. А. Кунаева г. Алматы ул. Курмангазы 107
Защита состоится 28 ноября 2009 года в 14.00 часов.
Председатель диссертационного совета: д.ю.н., профессор Тугельбаева Б.Г.


Межведомственный диссертационный совет 14.09.380 при Научно-производственном объединении "Профилактическая медицина" МЗ КР (720005, г. Бишкек, ул. Байтик баатыра 34, тел.544578) и Международном университете Кыргызстана (720001, г. Бишкек, ул.Турусбекова 89, тел. 218335), объявляет о том, что Гительман Дина Семеновна представила диссертацию на соискание ученой степени кандидата медицинских наук на тему: "Биологические свойства электроактивированных растворов воды и их применение в медицине" по специальности 14.00.07 - гигиена.
Научный руководитель: д.м.н., профессор Касымов Омор Тилегенович
Официальные оппоненты: д.м.н., профессор Мануйленко Юрий Иванович; к.м.н. доцент Бейшенкулова Рая Абасовна
Ведущая организация: Высшая школа общественного здравоохранения Министерства здравоохранения Республики Казахстан (г.Алматы)
Защита состоится 20 ноября 2009 г., в 13.00 часов.
Председатель диссертационного совета: д.м.н., профессор, академик НАН КР Айдаралиев А.А.
С диссертацией можно ознакомиться в библиотеке НПО "Профилактическая медицина" МЗ КР (по адресу: 720005, г.Бишкек, ул. Байтик Баатыра, 34).