Мамлекет саясаты

"БИЛИМ БЕРҮҮ - БҮТ ӨЛКӨНҮН ЖАНА КООМДУН МИЛДЕТИ"
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган форумда сүйлөгөн сөзү.
6-октябрь, Бишкек


Урматтуу салтанаттын катышуучулары!
Билим берүү кызматкерлеринин күнүн бүгүн бүт өлкө белгилеп жатат. Анткени, калкыбыздын төрттөн бир бөлүгү - 1,5 миллиондон ашуун адам дал билим берүү тармагына тартылган. Билим берүү процессине тиешеси жок бир да үй-бүлө, бир да жаран болбосо керек. Бул системада 72 миңден ашуун мугалим жана жогорку окуу жайлардын 13 миңден ашуун окутуучусу иштейт. Бүгүн ушул залга Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде иштеген педагогдорунун мыкты өкүлдөрү чогулду.
Сиздердин чыныгы жалпы элдик алкышка арзыган кайратыңыздар, асыл эмгегиңиздер Кыргызстанды сабаттуулук деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарына кошуп отурат.
Мен учурдан пайдаланып, эртеңки күндүн пайдубалын, Кыргызстандын жаркын келечегин куруп жаткан өлкөбүздүн жалпы педагогикалык жамаатын ушул жаркын майрамы менен чын ниеттен куттуктаймын!
Урматтуу мекендештер!
Өз жарандарынын билим алуу укугун камсыз кылуу - бул ар бир мамлекеттин маанилүү милдети, анын саясатынын эң негизги багыттарынын бири.
Азыркы учурда өлкөбүздүн билим берүү системасы 60 миңден ашуун бөбөктөрдү камтыган 503 мектепке чейинки мекемени, 2188 жалпы билим берүү мектебин жана 25 билим берүү мекемесин камтыйт. Буларда бир миллиондон ашуун жеткинчектер менен өспүрүмдөр билим жана тарбия алууда.
Мындан тышкары, 111 кесиптик-техникалык, 90 атайын орто билим берүү мекемеси жана 50 жогорку окуу жайында жүз миңдеген окуучулар менен студенттер билимин тереңдетүүдө.
Акыркы жылдары билим берүү системасын каржылоо көлөмү кыйшаюсуз өсүп жатат. Мисалы, 2008-жылы бул тармакка чыгымдар өлкөнүн ички дүң продуктусуна карата 5,3 пайызды түздү. Мисалга алсак, АКШда, Францияда, Улуу Британияда бул көрсөткүч 5,5 пайыздын тегерегинде болсо, коңшу Казакстанда 3,7 пайызды түзөт. Биз өткөн жылдарга салыштырмалуу республикалык бюджеттен каржылоону үч эсеге көбөйттүк, 1 жарым миллиардга жетпеген сумма 4 млрд.360 миллионго жетти. Жергиликтүү бюджеттен да каржылоо кыйла жогору болду. Ушуга карабастан, тилекке каршы, билимге кеткен чыгымдар салыштырмалуу кыйла эле аз.
Ошол эле АКШда орто мектептин бир окуучусуна жылына 8 миң долларга чейин, Финляндияда 5 миң евро жумшалса, Орусияда 300 доллардан бир аз көбүрөөк, ал эми бизде 150 доллар тегерегинде чыгымдалат.
Албетте, биз акыркы жылдары көбүрөөк жаңы мектептерди куруп, эскилерин ремонттоп жатабыз. Буга статистика күбө. Эгерде 1993-2000-жылдары жылына орточо 10 мектеп курулса, акыркы жылдары биз 243 жаңы мектеп курдук. Бүгүнкү күндө эле 22 мектеп менен кошумча имараттар, эки спорт зал бүтүү алдында турат, ал эми жылдын акырына чейин дагы 11 мектеп менен 10 спорт зал ишке берилмекчи. Алар негизинен мамлекеттик бюджеттин, андан тышкары АРИС, МЕРСИКО эл аралык долбоорлор менен чогуу каржылоонун эсебинен салынууда.
Окуу китептери менен усулдук адабиятты басып чыгаруу да мамлекеттин мойнундагы маанилүү иш, мен муну дайыма айтып келемин. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 26 аталыштагы окуу куралдары басыла баштады. "Айылдык билим берүү" долбоорунун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин алдында 7 аталыштагы, жалпы нускасы 700 миң даана окуулук жана усулдук колдонмо басылды.
Урматтуу форумдун катышуучулары!
Быйыл жайда мен "Билим" деп аталган улуттук долбоордун концепциясын иштеп чыгуу тапшырмасын бергенимди билесиздер. Ал долбоор азыркы учкул өзгөрүп жаткан шартта билим берүү жаатындагы глобалдык жана жергиликтүү көйгөйлөргө жооп табуу муктаждыгынан келип чыкты.
Региондо да, жалпы дуйнөлүк масштабда да жаратылыш ресурстары үчүн, экономикалык жана маданий тармактардагы атаандаштык күч алганы жашыруун болбой калды. Бул мааниден алып караганда, билим берүү улуттук коопсуздуктун, көз карандысыздыкты сактоонун маанилүү маселесине айланып отурат.
"Жаңылануу багытында" мен билим жаатындагы өксүктөр өлкө келечегине, анын көз карандысыздыгына, балдарыбыздын тагдырына доо кетириши мүмкүн экенин белгилеген элем. Эгер билим берүү системасын жаңылабасак, анда коомубуздагы терс көрүнүштөрдөн дагы ондогон жылдар бою арыла албайбыз. Азыркы ыкчам өзгөрүп жаткан заманда өлкөбүздүн жана коомубуздун келечегине камкордук менен мамиле кылышыбыз керек.
Урматтуу мекендештер!
Биз баштаган реформалардын ийгилиги толугу менен билим берүүнүн сапатына жана калкыбыздын билимдүүлүгүнө жараша болорун дагы бир жолу эскертейин. Буга байланыштуу бүгүн бардык деңгээлдеги билим берүү тармагындагы маселелер боюнча ойлорумду ортого салууну туура көрүп турам.
Эмесе, ирети менен баштайын. Мектепке чейинки билим берүү биздин билим берүү тармагындагы эң талылуу жерибиз болуп саналат. 1991-жылдан бери мектепке чейинки миңге чукул мекемеден кол жууган экенбиз, азыр анын айынан бөбөктөргө таалим-тарбия берүү жагы өксүп калды.
Акыркы кезде бул жакта оңолуунун жышанасы байкала баштады. Кыргызстандын эгемен тарыхында быйыл биринчи жолу бул маселе өкмөттүк деңгээлде каралып, "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Мыйзам кабыл алынды. Ошентип, бул жакта реформа жасоого мыйзамдык база түзүлдү.
Бөбөктөрдү мектепке даярдоо үчүн 100 сааттык программа иштелип чыкты, ага быйыл 70 миңден ашуун бала тартылган. Бул былтыркыдан 10 миңге, ал эми 2007-жылга караганда 30 миңге көп дегенди билдирет.
Мектептер жөнүндө. Билим берүүнүн пайдубалы болуп саналган мектептин ролу өлкөбүздүн адамдык күч-кубатын камсыз кылуу жагынан алганда азыр ого бетер өскөн кез. Союздун курамында экенде Кыргызстан мектеп билими боюнча эң алдыңкы саптарда болуп келгени белгилүү. Бирок, кийинки кезде бизде билим берүүнүн сапаты түшүп, окуучулардын билим деңгээли төмөндөп кеткенин ички жана эл аралык иликтөөлөр көргөздү.
Биздеги азыркы билим берүүнүн мазмуну эскиден калган. 19-кылымда иштелип чыккан бул система баланы болушунча көп маалымат алууга багыттайт. Бирок, ар бир илимий чөйрөдө маалыматтын токтоосуз өсүп жатышынан улам анча көлөмдү жана мазмунду азыркы мектеп программасына ылайыктоо .өтө кыйын болуп калды. Ошондуктан, балдарды азыркы заманга жараша окутуу жана турмушка камдоо боюнча жаңы усулдар жана эрежелер керек болуп калды.
Ушул себептен баарын билүү принцибинен компеттенттүүлүккө өтүүнүн зарылдыгы туулуп отурат. Бул эреже боюнча, балдарга зарыл предмет боюнча өзөктүү билим алуу аркылуу жүгүн азайтуу мүмкүн. Бара-бара чоңойгон сайын окуучу өз жөндөм-шыгына жараша профилдик багытты тандай алмак.
Азыркы заманда мектеп окутуунун эле жайы эмес, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн үлгүлүү социалдык-маданий комплекси болууга тийиш. Мектеп баланы өзүнө тартып туруш керек. Азыркы технологиялык атаандаштык заманда балдардын илимге, чыгармачылыкка, кол өнөрүнө, спортко жана башкага болгон жеке касиеттерин жана шыгын ачуу аркылуу аларды турмушка даярдоо зарыл.
Мектептин кылмыш дүйнөсү менен экстремисттик күчтөрдүн объектисине айланып жатканы мамлекет башчысы катары азыр мени катуу кабатыр кылууда. Мектептерде рэкет күч алып, улуулардын кичүүлөргө, алдуулардын алсыздарга зомбулугу өкүм сүрүп жатканы жашыруун болбой калды.
Мындан 10 күн мурда Бишкек шаарынын, Чүй облусунун 2 мектебинде өспүрүмдөр мушташып, мектептердин терезелерин талкалап, жаш бөбөктөрдүн үрөйүн учурган окуяга кантип баа берсек болот?
Ушул жол менен кеткен мектеп окуучулары эртең эле кылмыш дүйнөсүнүн кучагына кирип кетпейт деп ким айта алат?
Кеч боло электе бул коркунучтун тамырын соолутуш керек. Билим жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлиги мектеп чөйрөсүндө кылмыштуулукту жоюунун тез чараларын көрүшү зарыл. Ата-энелерди, коомчулукту бул ишке жандуу катышууга чакырамын.
Биз орто кесиптик жана кесиптик-техникалык билим берүүгө коомчулуктун кызыгуусун арттыруубуз керек. Азыр эмгек рыногунда устат кызматкерлер менен техниктердин баркы чоң. Бирок, аларды рыноктун күнүмдүк жана келечек муктаждыктарына ылайык даярдоо зарыл. Ошол эле кезде жумуш берүүчүлөр да бул ишке тике катышып, кесиптик-техникалык билим берүү системасынын бүтүрүүчүлөрүнө талаптарын эртелей коё билгени оң.
Жогорку окуу жайларына келсек, "Билим" концепциясынын бетачарында алар окутуу системасын өзгөрүлгөн шартка ыкчам ылайыкташтыруу зарылдыгына басым жасаган элем.
Жогорку окуу жайлар, дегеле бүт коомчулук билим берүү системасынын продуктусу диплом эмес, терең билим экенин түшүнө турган кез келди. Иш берүүчү дипломдогу бааларга эмес, адамдын жөндөмүнө, анын компетенттүүлүгүнө карайт эмеспи.
Жогорку окуу жайларга илим изилдөө функциясын кайтарып берүү зарыл. Изилдөөлөр менен долбоорлоо жана программа түзүү жогорку окуу жайдагы окуу менен иштин ажырагыс бөлүгү болууга тийиш. Дүйнөдөгү абалды карап көрсөк, Жапонияда калктын 40, Финляндияда 20, Орусияда 8 пайызга жете бербеген бөлүгү - дипломдуу адистер. Өнүккөн өлкөлөрдө калктын 15 пайызы жогорку билимдүү, алар жогорку информациялык технологияларды пайдалануу менен улуттук дүң продуктунун 60 пайызын өндүрөт. 21-кылымда калктын дээрлик жарымынын жогорку билими болорун эсептөөлөр көрсөттү. Чала сабат, билимге жарды өлкөлөрдү кандай тагдыр күтүп турганын элестетүү кыйын эместир.
Биздеги айрым жогорку окуу жайлар ичтен жана тыштан инвестиция таап келип, өздөрүнүн илимий күч-кудуретин арттырып, долбоорлоо ишине катышып жатканы кубандырат.
Мисалы, Ош мамлекеттик университети акыркы эки жылда эле эл аралык уюмдардан үч миллиондон ашуун доллар инвестиция алып келген. Анын эсебинен окуу жайдын окумуштуулары менен студенттери күн батареясы менен иштеген светофорлорду иштеп чыгып, эми шаар бийликтери менен келишим аркылуу энергиянын бул түрү менен бүт шаарды жарык кылууга белсенип жатышкан экен.
Азыр эле окуу жайлар менен мамлекеттик структуралар, бизнес жана илимий чөйрө, ишканалар ортосунда ар кандай долбоорлор менен программаларды түзүү боюнча стратегиялык шериктештикти өнүктүрүү зарыл. Аны ушул эле мисал күбөлөп турбайбы.
Бүгүн биз мугалимдер тууралуу да сөз кылбасак болбойт. Сиздер, урматтуу педагогдор, коомдун жана мамлекеттин жөлөгү жана тирөөчүсүздөр. Бекеринен мен "Жаңылануу багытымда" педагог өз ишмердүүлүгү менен келечекке жол салат деп айтпасам керек.
Балдарыбыздын инсан катары калыптанышы, өз күчүнө ишенип баралына жетиши, Кыргызстандын чыныгы жараны болууга жарактуу ыймандык жана адептик сапаттары сиздер берип жаткан таалим-тарбиянын туу чокусу болуп саналат эмеспи.
Бүгүн бизге кандай педагог керек? Менимче, билим берүү кызматкери бүгүн жогорку компетенттүү, 21-кылымдын масштабы менен ой чабыттай алган, адеп-ахлагы боюнча үлгү болгон мугалим-окутуучу-профессор болууга тийиш. Эгер педагогдун өзү өзгөрбөсө, анын иш жана жашоо шарттары өзгөрбөсө, бардык реформалардан, анын ичинде билим берүү реформасынан майнап чыкпайт.
Азыр 26 жогорку окуу жайында 60 миңге жакын педагог адистер даярдалууда. Буга карабастан, кадрлардын катуу тартыштыгы сезилип жатат. Мисалы, быйылкы окуу жылында 3 миңден ашуун мугалим жетпей калган экен. Анын себептери баарыбызга маалым. Соңку үч жылда алардын айлыгы 80 пайызга көтөрүлгөнүнө карабай, башка чөйрөдө иштеген кызматкерлерге салыштырганда дагы эле төмөн бойдон калууда.
Мисалы, 2003-жылы мектеп мугалиминин орточо айлыгы 616 сом болсо, 2005-жылы 924, ал эми 2008-жылы 2688 сомду түзгөн. Бирок 2008-жылы эң төмөнкү керектөө бюджет 3571 сомго чыккан. Мугалимдин айлыгы өндүрүш тармагында иштегендерден эки эсеге, ал эми банк системасындагыдан беш эсеге аз. Менимче, буга комментарийдин да кереги жок.
Буга кошумча жергиликтүү башкаруу органдары "Билим берүү жөнүндө" жана "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдарда каралган турак жай, жер участоктору менен камсыз кылуу сыяктуу артыкчылыктарды ойдогудай орундата албай жатышат.
Албетте, мамлекет бул проблеманы чечүүнүн ар кандай аргаларын көрүп жатат. Айталык, мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу 1460 бүтүрүүчү мектептерге жөнөтүлдү, "Жаш мугалимдин депозити" деген программа боюнча быйыл эле алыскы тоолуу мектептерге 500 жаш адис келди.
Жаш педагогдорду жер-жерлерде кармап калуу үчүн сегиз жогорку окуу жайында педагогикалык адистиктерге абитуриенттер бюджеттик орундарга кабыл алынды.
Бюджеттик конкурста жалпы республикалык сынактан талап кылынган чектен жогору балл алган жана райондук акимчиликтердин жолдомосу менен келгендерге артыкчылык берилди. Абитуриентке жолдомо берген райондук бийликтер аларды окууну бүткөндө ишке орноштурууга милдеттүү.
Мектептерде педагогикалык кадрлар бир четинен жашарып келатканы кубанычтуу көрүнүш. Эгер 2006-жылы пенсиялык курактагы мугалимдердин саны 11 пайызды түзсө, азыр 5 пайызга түштү. Ал эми 35 жашка чейинки адистер 14 пайыздан 33 пайызга өстү.
Мугалимдер жөнүндө сөз болгон соң, биз - коомчулук да, мамлекет да аларга карыздар экенибизди эске салайын. Мугалимдер талаада дан бастырып жүргөнүн, талаа ишин мектептеги негизги жумушуна айкаштырам деп далбас уруп жаткандарын кантип көрбөй коёбуз! Ошого карабай балдар билимден өксүп калбасын деп, мектепке чуркаган мугалимдерге бүгүн миң ирет алкыш айтсак да аздык кылат!
Урматтуу мекендештер!
Дагы кайталайын: билим менен интеллектуалдык ресурс болбосо, реформалардын өтөөсүнө чыга албайбыз.
Биз эң оболу билим берүүнү эл чарбасынын бир тармагы катары карап, бир гана Билим берүү жана илим министрлигинин иши деген түшүнүктөн кайтууга тийишпиз. Бул натура көз караш. Билим берүү системасын жаңылоого бардык мамлекеттик структуралар, бизнес, жарандык сектор жана ата-энелер жандуу кошулууга тийиш. Билим берүү - бүт өлкөнүн жана коомдун милдети.
Өлкө турмушуна тикелей аралашкан, анын тарыхын жана маданиятын аздектеген, Ата-Журттун келечеги үчүн иштөөгө даяр Кыргызстандын жаранын калыптандыруу - билим берүү саясатынын түпкү максаты мына ушунда.
Азыркы адам өмүр бою билим алууга тийиш, ансыз атаандаштыкка туруштук бере албайт. Бизде ондогон жылдар бою чоңдор үчүн окуунун кажети аз деген калпыс түшүнүк орун алып келген эле. Биздин милдет - окуу борборлорун жана курстарын ачып, ким болбосун билимин тереңдетип, өз адистигин жогорулатууга, же башка адистиктерге окуй алгыдай жагдай түзүү. Ушундай системада гана ар бир адамдын келечеги камсыз болот.
Урматтуу салтанаттын катышуучулары! Азиз мекендештер!
Биз ар бир мугалимдин эмгегин баалайбыз. Алардын талыбас иши Кыргызстандын жаркын келечегине багытталган. Алдыбызда жумуш көп, бирок бардык милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырганга бизде толук мүмкүнчүлүк бар. Анткени, бизде өз ишин мыкты билген, кыйынчылыктарга туруштук бере алган мыкты адамдарыбыз бар. Алар сиздерсиздер, урматтуу окутуучулар, билим берүү тармагынын кызматкерлери.
Баарыңыздардын үй-бүлөңүз-дөргө бакты-таалай, денсоолук, ишиңиздерге чыгармачылык жигер тилеймин. Майрамыңыздар менен!