Долбоор

o Билим берүүнү колдоочу "Калем" коомдук фонду
"Дин тарыхы" окуу предметинин концепциясы
Билим берүүнү колдоочу "Калем" коомдук фонду 2002-жылы түзүлгөн. Фонддун негизги максаты билим берүү тармагына жардам көрсөтүү менен бирге, бүгүнкү күндөгү элибиздин коомдогу бардык багыттарында болгондой эле, адеп-ахлак, руханий-ыймандык, таалим-тарбия багытында да улуттук кайра жаралуу процесстерине колдоо көрсөтүү.
Коомдун руханий-ыймандык парасатынын төмөндүгү келечек муундун ыйманын бекемдемейин ага берилген билимдин жогорулугуна карабай, адамдык жогорку сапатка ээ болгон инсанды тарбиялоо мүмкүн эмес экендигин эске алып, "Калем" фонду 2002-2003-жылдары Кыргыз билим берүү академиясы менен бирдикте "Мектеп окуучуларына адептик жана рухий-ыймандык билим берүү концепциясын" жана "Ыйман сабагы" окуу программасын иштеп чыгып, Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген. концепциянын негизинде 2003-2004-окуу жылынан тарта жалпы билим берүүчү мектептер үчүн "Ыйман сабагы" окутула башталды. Ушул кичинекей ишибиз эске алынып, "Калем" коомдук фондусунун жетекчиси Аширбаев Э.Т., Билим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланганы, биздин ишибиздин туура экендигин айгинелейт.
Мындан тышкары мугалимдер арасында облустук жана райондук семинарларды, конференцияларды уюштуруп өткөрүү менен бирге, айылдык мугалимдерге жана окуучуларга финансылык колдоо көрсөтүлүп келет. Айылдык мектептердин окуу курал менен камсыз болушуна да, жардамдар көрсөтүлүүдө. "Калем" коомдук фондусунун демилгеси менен башталгыч мектеп салынып, ишке берилди.
Кийинки мезгилде жалпы билим берүү тармагында адеп-ахлак, ыйман тарбиясы кеңири колдоого алынганын жана жаш өспүрүмдөрдү ыйман жолуна салуу коомдогу маанилүү маселелерден гана болбостон, ал мамлекеттик идеологиянын канат бутактарынын бирине айланышы керек экендигин эске алуу менен, "Калем" коомдук фондусу "Дин тарыхы" окуу предметинин концепциясын жана окуу программасынын долбоорун сунуш кылат.

"Ыйман жайын билбеген Ибилиске (шайтанга) кол берээр".
Молдо Кылыч

"Дин нур төгүп турушу керек. Диндин касиети - бириктирүү. Адам баласынын рухий турмушун гүлдөтө турган күч.
Дин адам баласын боорукерликке, илим-билим алууга үндөп, кайрымдуулукка, мээримдүүлүккө жетелесе, анда ал эч кимге жолтоо кылбайт".
Ч.Айтматов

Концепциянын укуктук - юридикалык жана нормативдик - педагогикалык базасы:
o Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясы). -Б., 2007;
o Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамы. 07.05.2003;
o Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамы. №282; 31.12.2008;
o Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү Мамлекеттик саясаттын концепциясы. Кыргыз Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы №324 токтому;
o Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын мектепте билим берүүсүнүн мамлекеттик билим стандартын бекитүү жөнүндөгү" 2004-жылдын 23-июлундагы №554 токтому;
o Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларын тарбиялоо концепциясы. 25.03.2002;
o Кыргыз Республикасынын Демократиялык Кодекси.
Мектеп окуучуларынын руханий таалим-тарбия алышынын эң башкы чен-өлчөмү бул ыйман маселеси жана адеп жолуна түшүү. Жаш өспүрүмдөрдү ыйман жолуна салуу коомдогу маанилүү маселелерден гана болбостон, ал мамлекеттик идеологиянын канат бутактарынын бирине айланышы да зарыл. Биз адатта, элибиздин жана мамлекетибиздин тарыхый өткөндөгүсүн, жетишкендиктерин жана кыйын кезеңдерин тарых сабагында окутуу менен этностун басып өткөн жолу аркылуу чагылдырып, окуучуларды мекенди сүйүүгө жана урматтоого чакырып келебиз. Бул албетте, мамлекеттик идеологиянын башаты болуп саналат. Бирок адамзаттын тарыхы көргөзгөндөй, адамдын жан дүйнөсүндө жана коомдук аң-сезимде ишеним болмоюнча эч бир идеология туруктуу иштеп кете албайт жана ал узакка жашабайт. Ата Журт жана Ата Мекен түшүнүгү менен бирге адамдын руханий жан дүйнөсүндө жараткан кудайга болгон терең ишенимдин орун алышы да абзел.
Адамдын динге болгон ишеними адеп жана тарбия аркылуу келе турган нерсе. Анын башаты үй-бүлөдөгү таалим-тарбия маселелери менен тыгыз байланышкан. Коомдогу жакшы үй-бүлөлөрдө бала эс тарткандан адеп маселелери менен бирге эле, ыйман жолун үйрөтүү жана кудайды таанытуу башталат. Бул жагынан алганда биздин жашоо турмушубузда аракет кылып жаткан ар кайсы конфессиялардын, улуттун ал тургай, үй-бүлөнүн өзүлөрүнө таандык эрежелери жана салт-санаалары бар. Бирок, ошондой болсо дагы, бул маселени үйрөтүү жана таалим берүү жагынан мектеп да четте калбашы керек. Анткени өспүрүмдөр үчүн мектеп билим алуунун гана кенчи болбостон дин тарыхын үйрөнүүнүн, кудайга болгон ишенимди таанып билүүнүн башатына да айланышы зарыл. Биз, ушул сунуш кылып жаткан программада жана окуу куралында, ортоңку жана жогорку баскычтагы мектеп окуучулары үчүн, дин илимин жана диндин тарыхын окутуп үйрөтүү аркылуу, аларда кудайга болгон ишенимди жаратууну жана бекемдөөнү максат кылабыз. Албетте, алдын ала белгилей турган жагдай бул программа коюлуп жаткан маселени бир жактуу карабайт. Анын өзгөчөлүгү, динди тарых аркылуу таанытуу менен байланышкан, ошондой эле иудей жана христиан дининдеги жана ыйык курандагы адамзатты туура жолго чакырган асыл нарктуу ойлор менен жаш өспүрүмдөрдү тааныштырууну максат кылган. Анткени биз сунуш кылган дин тарыхы окуу китеби, түзүлүшү боюнча жараткан жалгыз кудайга болгон Адам атабыздан берки ишенимден баштап, кийинки ыйык китептер түшкөн пайгамбарларга чейинки тарыхты чагылдырган жана жергебизде диндин орношу Ата Мекендин тарыхынын окуялары аркылуу чагылдырган кызыктуу аңгеме-баян таризинде ишке ашырылмак. Ошондой эле бул программа тарыхтан сырткары философия, адам жана коом, адеп сабагы жана башка предметтер менен тыгыз байланышта болот. Бул "Дин тарыхы" сабагын негизинен кыргыз тили жана адабияты, тарых сабагынын мугалимдери, ошондой эле адеп сабагына кайрадан даярдалган мугалимдер, диний окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү өтө алышат.
Бул программа типтүү программа болуп эсептелинет жана жашы жетилип, дүйнө таанымдары калыптанып калган 7-8-9-класстардын окуучуларын кучагына алат. Андагы темалардын бөлүштүрүлүшү билим берүүнүн мамлекеттик талаптарына ылайык иштелип чыгылат жана белгилүү бир түшүнүктөр менен чечмеленет. Маселен, 7-класстарга сунушталуучу окуу-методикалык комплекси, ыйык куран китебинде чагылдырылган пайгамбарлардын тарыхы жөнүндөгү аңгеме-уламыштардын жөнөкөйлөтүп, чечмеленип берилиши менен гана чектелет. Башкы булактардан болгон бул маалыматтар аркылуу, биз окуучуларга диндин башаты жөнүндө тарыхый түшүнүктөрдү берүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Кийинки баскычтарда, жергебизге диндин келишинин маселелери тарыхый окуялар менен коштолуп, исламдын Кыргызстандагы таралуу өзгөчөлүктөрү анын гүлдөп өнүгүү доорлору менен төмөндөө учурлары жана руханий маданиятыбыздын өсүп-өнүгүшүндөгү диндин ролу жөнүндөгү маселелер менен жыйынтыкталат.
Сунушталып жаткан программа, өспүрүмдөргө билим берүүдөгү калыс позицияны ээлейт. Мында эч кандай диний көз караштарды таңуулоо же болбосо алардын дин эркиндигин тутуу ыктыярына шек келтирүүчү жагдайларга жол берилбейт. Биздин башкы максат адамзат тарыхындагы диндин келишинин кыйынчылыктарын жана жер цивилизациясындагы диндин ролу жөнүндөгү маселелерди окуучуларга жеткирүү. Келечек жаштарда дегендей, бул программа колдоого алынып калса, биздин ордубузду баса турган кийинки муундардын жан дүйнөсүндө алардын кайсыл тармакта иштегендигине карабастан, буга чейин таптакыр эстен чыгып унутулуп бараткан ыйман жана адеп ошондой эле, кудайды таануу жөнүндөгү эң бийик түшүнүктөрдүн коштоп жүрөөрү калетсиз. Бул албетте биздин коом, келечек үчүн жакшы эмеспи.

Актуалдуулугу жана максаттары

Бүгүнкү күндөгү мектеп окуучуларына берилип жаткан маалыматтардын көптүгүнө карабастан, "Дин тарыхы" предмети келечекте орто мектептердеги таалим-тарбия берүүдөгү өзүнүн татыктуу ордун табууга тийиш. Бул албетте, предметтеги окутулууга тийиштүү маалыматтарга жана алардын окуучулар үчүн жеткиликтүүлүгүнө ошондой эле, алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге байланышкан. Ошондуктан коомубуз башынан кечирип жаткан өткөөл мезгилди, руханий жакырдыкты ошондой эле, өлкөдөгү салттуу эмес диний агымдардын көбөйүп кетишин жана алардын эл ичинде жүргүзүп жаткан терс иш аракеттерин, айрыкча жаштардын ошол диний агымдарга кирип кетип жаткандарын эске алып "Дин тарыхы" окуу предмети алдыга төмөндөгүдөй максаттарды койду:
1. Дүйнөлүк салттуу диндердин башаты, келип чыгышы жана өнүгүп таралышы тууралуу билимдерди жана маалыматтарды берүү;
2. Азыркы учурда жаш муундардагы мезгил талабына жооп берген жарандык асыл сапаттарды, улуттук жана бардык адамзаттык руханий, маданий, ыйман-адептик асыл нарктарды калыптандыруу;
3. Мектеп окуучуларынын жана жаш өспүрүмдөрдүн руханий жан дүйнөсүн салттуу диндердеги баалуулуктар жана түшүнүктөр аркылуу байытуу;
4. Өспүрүмдөрдүн дин таануучулук сезимдерин жана жан дүйнөсүн калыптандыруу;
5. Өспүрүмдөрдүн башка улуттарга жана диний ишенимдерге карата толеранттуулук мамилесин калыптандыруу;
6. Окуучулар чакан топтордо талкуу жүргүзүү аркылуу Алла - бүткүл ааламдарды жараткан Зат жана Ал эч нерсеге муктаж эмес экендиги тууралуу түшүнүгүн калыптандырышат;
7. Окуучулар текст менен иштөө аркылуу Муса, Иса жана башка пайгамбарлар жөнүндө маалымат алышат, текст менен иштей билүү жөндөмүнө ээ болушат;
8. Алланын акыркы элчиси - Мухаммед пайгамбарды таанып, анын жүргүзгөн иштерине баа беришет;
9. Ар кандай доордогу ар башка элдердин кабыл алган диндерин салыштырып, алардын маанисин, өзгөчөлүктөрүн, жалпылыктарын белгилеп, өздөштүрүп алуусуна шарт түзүү.

"Дин тарыхы" предметинин милдеттери болуп:

1. "Дин тарыхы" предмети аркылуу өспүрүмдөрдү ыйман жолуна чакыруу;
2. Окуучулардын ыйман-адептик, моралдык-этикалык, жарандык сезимдерин, өрнөктүү жүрүм-турумдарын калыптандырууга шарт түзүү;
3. Предметти окутуунун негизинде өспүрүмдөрдүн коомдогу жүрүш-турушун, улуу-кичүүнү сыйлоо сезимдерин жана түшүнүктөрүн калыптандыруу;
4. Предметти окутуу аркылуу, диндеги баалуулуктардын мектептердин окутуу жана тарбиялоо ишинин белгилүү бир компонентине айланышынын жагдайларын түзүү;
5. Предметти окутуу аркылуу мектептерде өкүм сүргөн зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу жана аларда бири-бирин сыйлаган жолдоштук мамилелерди калыптандыруу;
6. Өспүрүмдөрдө, коомдогу ар кандай иш аракет жүргүзүп жаткан диний агымдардын жана секталардын ишмердигин ажыратып баалай билүү сезимдерин калыптандыруу;
7. "Дин тарыхы" предмети аркылуу, мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан билим берүү тармагын реформалоо ишине салым киргизүү;
8. Предметти окуп үйрөнүү аркылуу Алла чексиз илимдин жана күч-кубаттын Ээси экендигин жана ошондуктан бардык жаратылган нерселер Аллага гана баш ийээрин таанып билүү;
9. Окуучуларды текст менен иштөө аркылуу "Пайгамбарлар дин таратуучу жана башка өнөрлөрдүн ээси" деген түшүнүктү калыптандыруу;
10. Исламдын негизин түзгөн Куран жана Сүннөттү окуп үйрөнүү аркылуу аны жашоо турмушта, күнүмдүк жүрүм-турумда кеңири пайдаланууга жетишүү.

Күтүлүүчү натыйжалары

1. Дүйнөлүк салттуу диндердин келип чыгыш тарыхы, алардын өнүгүшү жана таралышы тууралуу кеңири маалымат алышат;
2. Ар кайсы доордогу ар кыл элдердин кабыл алган диндерин, алардын өзгөчөлүктөрүн өз ара салыштырып, анализдеп, туура аныктай билишет;
3. Окуучулар байыркы мезгилден бери келе жаткан улуттук асыл сапаттарды, ыйман-адептик, руханий асыл-нарктарды калыптандырышып өнүктүрүшөт;
4. "Ыймандуулук" жана "адептүүлүк" түшүнүктөрүн ажыратып таанып жана жалпылай билишет;
5. Салттуу диндердин баалуулуктары, тарбиялык мааниси жалпы адамзаттын турмушундагы аң сезиминдеги ээлеген орду тууралуу кеңири түшүнүк алуу аркылуу окуучулардын руханий жан дүйнөсү байытылат;
6. Окуучулар башка диндерге жана ошол диндерди туткан башка улуттун өкүлдөрүнө болгон толеранттуулук мамилесин калыптандырышат;
7. Салттык диндерди окуп өздөштүрүү аркылуу окуучулар өлкөдөгү ар кандай иш аракеттерди жүргүзүп жаткан диний агымдардын жана секталардын ишмердигин ажыратып баалай билүү жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырышат;
8. Окуучулар бул сабакты өздөштүрүүдө пайдаланган ар түрдүү усулдар менен иштөөдө бири-бири менен пикир алышууда, талдоо жүргүзүү, суроо бере билүү, аргументтеп айтып берүү жана башка жөндөмдөрүнө ээ болушат.

Методологиясы
жана усулдары

Методология - бул усулдардын жыйнагы. Анда балдарга, өтүлүп жаткан сабакка болгон мамиле чагылдырылат. Балдарга эмнени жана кандайча берип жатканыбыз түшүндүрүлөт.
"Дин тарыхы" сабагы үчүн түзүлгөн бул программа менен билим берүүдө ар түрдүү интерактивдүү усулдарды пайдалануу сунуш кылынат. Мындай усулдар жалпы класска, чакан топторго жана окуучулар менен жекече же түгөйү менен иштеп сабак өтүүдө пайдаланылып, ыңгайына жараша колдонулат. Мамлекеттик билим берүү стандартында "Адеп сабагы" окуу предметинин концепциясында билим берүүнүн негизги усулдары эки топко бөлүнгөн (162-бет): Адептик аң-сезимди калыптандыруучу усулдар (этикалык аңгемелешүү, талаш-тартыш, лекция, басма сөз маалыматтарын, адабий чыгармаларды талкуулоо ж.б.) жана мектеп окуучуларынын турмушун уюштуруу усулдары (оюн, машыктыруу, көнүгүү, жатыктыруу, тапшырма берүү, мелдеш ж.б.). Мектепте окуучулар колунан келген, алы жеткен ишти аткарууга дайым тартылуулары тийиш. Бул окуучулардын ар түрдүү усулдар менен иштей билүү көнүгүүсүнө да, өздөштүрүүсүнө да керек болот. Ар бир сабактын жыйынтыгы окуучуда кандайдыр бир ынанымды жаратууга алып келиши керек. Ыйман, адеп тууралуу ар түрдүү окуучулардын ыйман-адептик ой-толгоосун өстүрүп дээриндеги ыймандуулук сезимин жана түшүнүгүн ойготушу керек. Ал үчүн керектүү маалыматтарды окуучуларга элестүү, көркөм, ишенимдүү, далилдүү, башкача айтканда, терең ойлондургудай деңгээлде берүү керек.
Ошондуктан бул сабакты окутуунун методикасы ар түрдүү болушу талашсыз жана салттуу ыкмаларды колдонуудан толук баш тартпоо керек экендиги сунуш кылынат.
Сунушталган программа менен иштөөдө окутуунун интерактивдүү усулдары кеңири пайдаланылаары жогоруда айтылды. Анткени, бул учурда окуучулардын сынчылдык ой жүгүртүүсү өнүгөт. Өздөрүн инсан катары таанып, жарандык активдүүлүк көндүмдөрүн калыптандырат. Эл алдындагы, мамлекет алдындагы жоопкерчиликти сезип, патриоттуулук, жарандык, ыймандуулук, адеп-ахлактык сезимдерин тарбиялашат.
Чакан топтордо иштөөдө бири-бири менен пикир алышууга үйрөнүшөт. Окуучулар менен мугалимдин ортосундагы кызматташтык пайда болуп, чакан топтордо иштөөгө көнүгүшөт.
Ички байланыштарды аныктап, бөлүктөргө ажыратып талдап анализдегенге, маалыматтарды салыштырып жыйынтык чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Айрым темалардагы маалыматтардын оң, терс жактарын аныктоо үчүн класста жалпы талкуулоо, дискуссия, дебат ыкмаларын пайдаланып, берилген көйгөйлүү маселелерди ачык, эркин талдоо, карама-каршы маалыматтарды талкуулап "макул" же "каршы" болгон көз караштарды билдире алышат.
Текст менен иштөө, бири-бирин окутуу ыкмалары ийрек (зигзаг), чакан топтордо бири-бирин окутуу, жалпы бири-бирин окутуу, мозаика да кеңири пайдаланылат. Интерактивдүү усулдардын өзгөчөлүктөрүнүн бири - бул окуучулардын текст менен иштөөсү болуп эсептелет. Мында окуучулар негизги түшүнүктөрдү, идеяларды, каармандарды, окуяларды талдап, ажыратып алууга жана аларды башка окуучуларга түшүнүктүү, жеткиликтүү кылып өз алдынча айтып берүүгө үйрөнүшөт.
Өтүлгөн темаларды кайталоо ыкмалары (карусель, троян аты, жамаатта иштөө). Берилген тема боюнча сабак өткөндөн кийин жана бүтүндөй бөлүм аяктаганда, ошондой эле чейректик кайталоодо окуучулардын өз билимдерин текшерүүсүнө шарт түзүү үчүн пайдаланылат. Мында окуучулар тарабынан же атайын даярдалган суроолор кеңири колдонулат.
Бул программада окуучулардын ишмердүүлүгүн пайда кылуучу (репродуктивдүү, түшүндүрүп иллюстрациялоо) жана проблемалык окутуу усулдары (билимдерди проблемалуу баяндоо, изденүү, изилдөө) жана башка усулдарды кеңири пайдалануу сунуш кылынат.

"Дин тарыхы" предмети боюнча окуу жүктөмүнүн көлөмү
7-класс: Жумасына 1 саат. Жылына 34 саат;
8-класс: Жумасына 1 саат. Жылына 34 саат;
9-класс: Жумасына 1 саат. Жылына 34 саат.