Долбоордо эмне кеп

Биргелешип аткарган иштин акыбети чоң болот
Мугалимдер майрамын утурлай деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикте орун алган "Кашка-Суу" эс алуу борборунда Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар Кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Академиядагылардын айтуусунда, мындай окуя акыркы жыйырма жылда болмок турсун, түшкө да кирбептир. Дегинкисин, академия жетекчиси профессор А.Мамытов таап айткандай, бул күн академиядагылар үчүн Айтматовдун Фудзиямасына чыгып, мугалимдик, окумуштуулук дилин, оюн тазартып түшкөнгө тете болду.

Көчмө жыйындын ишин Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, профессор А.Мамытов ачып, ушундай жакшы саамалыкты баштап отурган ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбооруна өзү жетектеген мекеминин атынан терең ыраазычылыгын билдирди.
"Долбоор менен иштешкендин эки жагы бар. Биринчиси, албетте долбоор менен иштеген кадыр-барктуу. Экинчиси, долбоор менен иштешкен - бул өтө чоң жоопкерчилик. Биз үчүн, биринчисине караганда экинчиси маанилүүрөөк. Анткени, долбоор арткан ишенимге жоопкерчиликтүү мамиле кылсаң гана, акыр аягы кадыр-баркка жетесиң", - деди ал.
Академия жетекчисинен кийин сөз алган педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунун директору Б.Кособаева КББА менен ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоорунун ортосундагы мугалимдердин кесиптик билимин өркүндөтүүнүн иштеринин сапатын жакшыртууну көздөп түзүлгөн эки тараптуу келишимдин аткарылышынан кеп салды. Докладчынын сөзүнө караганда, бул биргелешкен ишке өзү жетектеген борбордун мектепке чейинки тарбия жана башталгыч билим, табигый-математикалык жана информациялык технологиялар, билим берүүдөгү менеджмент, кыргыз тили жана чет тилдер кафедраларынын окутуучулары: А.Абдиев, К.Жунушалиева, А.Таласбаева, И.Железнова, Б.Коженкова, М.Усупова, Ч.Аттокурова, Т.Асанакунов жана А.Шергазиевдер түздөн-түз тартылып, иштеп жатыптыр. Аткарылган иштерге келсек, алды менен академия адистери долбоор менен биргеликте мугалимдердин, директорлордун, директор орун басарларынын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жаатындагы муктаждыктарын дыкат изилдешип, баалашкан. Андан соң, башталгыч билим берүү, кыргыз тили жана адабияты, математика мугалимдеринин, мектеп директорлорунун, алардын орун басарларынын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынын буга чейинки мазмундары талданып, КББАнын, Ош жана Ысык-Көл облустук Билим берүү институттарынын окуу-тематикалык пландары ар тараптуу талкууга алынган. Талдоонун негизинде жана эл аралык тажрыйбанын эң натыйжалуу жактарын эске алуу менен жогорудагы курстардын мазмундары кайрадан каралып чыгып, бул курстардын окуу-тематикалык пландарына жана жумушчу программаларга өзгөртүүлөр киргизилген. Мындай маанилүү иш-аракеттерден кийин жаңыланган мазмун боюнча курстардан мугалимдердин болочоктогу тренерлери кылдат даярдыктан өтүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болушкан. Өз ишин мыкты билген тренерлер тобу түзүлгөндөн баштап, модернизацияланган программалар боюнча жаңыланган курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ошентип, 2009-жылдын 2-июлунан 21-августуна чейин КББА менен Ош облустук Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна кесиптик билимин жогорулатууга келишкен 600гө жакын педагогдорго жаңыланган мазмундун негизинде зарыл билимдер берилген. Курска катышкан педагогдордун жол киреси, жатак-жайы, тамак-ашы USAID тарабынан каржыланган. Академиянын президенти А.Мамытов баш болгон окутуучулар лекцияларды, тренингдерди эң жогорку илимий-методикалык деңгээлде өткөрүшкөн. Муну курстун катышуучуларынын берген баалары тастыктап турат. Курстарды уюштурууда ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоору окутуу каражаттары менен камсыз кылган. Долбоорго түздөн-түз тартылган академиянын 4 кафедрасына жана методикалык кабинетке 5 комплект компьютердик техника акысыз берилген. Жайкы тренингдерде колдонулган окутуу каражаттары да КББАга кайтарымсыз калтырылган. Докладчынын сөзүнө таянсак, учурда долбоор кафедраларга керектүү методикалык адабияттарды сатып берүүнү колго алыптыр.
"Биздин Оштогу тренингдерибизден даярдыктан өткөн алайлык мугалим Нурмиза Кенжебаеванын быйылкы "Жыл мугалими" конкурсунда баш байгени жеңип алышы "Сапаттуу билим" менен биргелешкен ишибиздин натыйжалуу болгонунун айкын далили", - деди өз сөзүн жыйынтыктап жатып Бакен Махмудовна.
Докладчынын билдирүүсүнөн кийин кызуу талкуу жүрдү. Окумуштууларды ЮСАИДдин өкүлү Мырза Каримов дун "акыркы 18 жылда Кыргызстандын билим берүү берүү тармагына 200 млн. Америка доллары өлчөмүндөгү инвестициялар келген, бирок кайтарымы тилекке каршы, биз күткөндөй болгон жок" дегени ойго салбай койгон жок. Чыгып сүйлөгөндөр "Сапаттуу билимдин" башка билим берүү долбоорлорунан айырмасын, долбоор менен биргелешип иштөөнүн артыкчылыктарын, курска келген мугалимдер, жетекчилер "Сапаттуу билимдеги" сабактын максатын туура коюу, биргелешип пландаштыруу, насаатчылык, көзөмөл идеяларын кызыгуу менен үйрөнүп жатышканын айтып өтүштү. Кыргыз эл мугалими, профессор Исак Бекбоев "Сапаттуу билимдин" келечегине ишенерин, анын илимий-теориялык негиздерин иликтеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи. Жыйын соңунда ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоорунун директору Кеңеш Сайназаровго, долбоор адистери Л.Киселевага, Ч.Куменовага, Ж.С.Узбековага, Р.Шакировго, Э.Усуповага КББАнын "Ыраазычылык баракчалары" тапшырылды.





  Ат жалындагы маек

Республикалык "Жыл мугалими - 2009" сынагынын жеңүүчүсү Нурмиза Кенжебаева:
"Сапаттуу билим" болбосо мындай бийик сыйлыкка жетмек эмесмин..."
- Нурмиза, Президентибиз Курманбек Бакиевдин колунан алган сыйлыгың кут болсун!
- Ырахмат. Мен бул сыйлыкты базар экономикасы деп шылтоолоп мектепти таштап кетпей, жүрөгүн балдарга арнап, балдардын балалык жоосундарына кечиримдүүлүк менен мамиле кылып, алардын жакшылыгына бекем ишенген бардык ак жүрөк, ак пейил мугалимдердики деп эсептейм.
- Кубанычыңды дагы ким менен бөлүшкүң келет?
- Кошуна айылдагы мектепте Абылкасымова Дүнүйөкан деген эжекем бар. Айылга барсам дароо өзүм идеал туткан эжекеме барам. Ал дагы эле мектепте иштейт. Бизге бешинчи класста кыргыз тили жана адабиятынан сабак берип калды. Баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, балдарга, кылган мамилеси менен ал мени өзүнө тартып алды. Сабакты дайыма кызыктуу өтчү. Конкурстарды, ар кандай адабий кечелерди көп уюштурчу. Мен ошондо эле кыялымда эжекемдей мыкты мугалим болсом дечүмүн.
- Анда балалык кыялың орундалган турбайбы?!
- Кайсы бир өлчөмдө орундалды десем болот. Бирок, алдыда көп пландарым бар. Кабинетимди балдардын билимине үлүш кошкондой кылып жабдысам топтордо иштөөдө парталарды бетме-бет коюуга туура келет, ошондо аларды жылдырууга ыңгайлуу болсун үчүн парталардын астына ролик-дөңгөлөктөрдү орнотсом дейм. Акылдуу китептерди окуп, алдыңкы мугалимдердин сабагына катышып, өзүм билгенди башкаларга үйрөтсөм дейм.
- Университетте окуп жүргөндө Дүнүйөкан эжекеңдей пир туткан агай-эжейлер болдубу?
- Бир-экөөсүн айта алам. Алардын да көзү өтүп кетти. Бирок эжекемдей жан үрөп берилип иштеген окутуучулар деле болгон жок. Мүмкүн университеттин окутуу системасы башкабы же профессорлор студенттердин жан дүйнөсүнө үңүлүп кароонун кереги жок деп эсептешеби, айтор лекциядан лекцияга, экзаменден экзаменге чуркап жүрүп эле окуубузду бүтүп кеттик.
- Андай болсо бүгүнкү деңгээлге кантип жеттиң?
- "Сапаттуу билим" болбосо, мындай бийик сыйлыкка жетмек эмесмин. Конкурстун облустук турунда мага калыстар тобу "Сабак бергениң жакшы, бирок авторитар мугалим экениң балдарга жасаган мамилеңден байкалып турат" дешкен. Алардын сын пикиринин тууралыгын кийин "Сапаттуу билим" уюштурган кесиптик билимди жогорулатуу курсуна катышканымда билдим.
- Буга чейин кесиптик билимди жогорулатуу курстарына катыштың беле?
- 2004-жылы Оштогу Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунан курстан өткөм. Экөөнү салыштырсам, айырмасы асман менен жердей. Мурункусунда мектепке пайдасы аз лекцияларды угуп, жарытарлык бир нерсе үйрөнбөй, педагогикалык куржунум бөксө бойдон келгем.
- "Сапаттуу билим" уюштурган курс кандай өттү?
- Мен бул курстан кийин мугалим, педагог катары кайра төрөлдүм десем болот. Мектепке, балага, окуп-үйрөнүүгө, күнүмкү сабагыма, кесиптештериме, балдардын ата-энелерине болгон мамилем таптакыр өзгөрдү. Сабактын максатын баланын позициясында туруп аныктап-тактоону, балдардын билбегенин, алардын пикирин сыйлоону үйрөндүм. Класста топтордо иштөөнүн, план-программаларды түзүүдө биргелешип иштөөнүн артыкчылыктарына ишендим. Менин күнүмкү ишиме көмөк берүүчү инсанга багыттап окутуу сыяктуу бир топ алдыңкы педагогикалык идеялар менен тааныштым.
- Мындай идеялардын баары сен үчүн жаңылык болгон турбайбы?
- Айрымдары тууралуу мурда эле кабарым бар болчу. Таанып-билүү жөндөмдүүлүгү боюнча Глассердин пирамидасын Салаев Өскөнбай агайдын "Окутуунун интерактивдүү усулдары" аттуу китебинен кезиктиргем. Сабагымда колдонуп көрбөгөндөн кийин түшүнгөн эмесмин "Сапаттуу билимдин" тренингинде аны жакшылап түшүндүм. Азыр иш жүзүндө колдонуп, балдарды топ-топко бөлүп иштетип, талкууга катыштырып, билбегенин билгенине окутуп жатам.
- Натыйжасы кандай болууда?
- Балдардын билим алуусунда жакшы жылыштар бар. Биз мурда "Кызматташтык педагогикасы" дегенибиз менен балдарды мурдагы өзүбүз үйрөнгөн салттуу ыкмаларга салып окутуп, үйрөтүп, талап кылып, билбесе кайра баштан өзүбүз айтып берип, ага да болбосо "эки" коюп, жолдошторунун көзүнчө уяткарып, ата-энесин чакыртып жүрө бериппиз.
- Нурмиза, жаңы ыкмалардан бирди мисал кыла кетпейсиңби?
- Өткөндө текст тууралуу сабак өттүм. Мен текстке аныктама берип, тема жөнүндө билгенимди балдарга айтып бердим. Андан кийин балдардан тема түшүнүктүү болдубу десем, баары "түшүндүк" дешти. Бирок Төрөбек деген окуучумдун көзүнөн эле түшүнбөгөнүн билип турдум. Интерактивдүү ыкманы колдонууга туура келди. Балдарды топторго бөлүп: "өз тобуңарда "текстке" түшүндүрмө бергиле", - дедим. Карасам, балдар өз билгенин ортого салышып, ар бир топ өз пикирин даярдоого үлгүрүштү. Бул ишке Төрөбек да жандуу катышып, бүгүнкү сабакка ыраазы болуп отурганын байкадым.
- Топтордо иштөөнүн, ар бир баланын окуу темпине көңүл буруунун мааниси зор турбайбы?
- Ошону биз эми түшүнүп отурбайбызбы. Жакшы жери "Сапаттуу билим" уюштурган курстагы окутуу иши бүтүндөй топтук талкуу иретинде болду. Тренерлерибиз да мыкты экен, алардын койгон көйгөйлөрүнө топ-тобубузда тезирээк жооп табалы деп, убакытты кызганып, кээде "кофе-брейкке барбай эле коелу" деп кызуу иштедик. Азыр ошол үйрөнгөнүмдүн үзүрүн көрүп жатам деп ойлойм.

Маектешкен А.АЛИБЕКОВ.