Долбоордо эмне кеп

Жетекчилер жаңы ыкмаларды жактырышты
USAID каржылаган "Сапаттуу билим" долбоору буга чейин максаттык мектептердин мугалимдерин, методикалык бирикме башчыларын, окуу бөлүм башчыларын жана райОНО адистерин жаңы долбоорун максат-милдеттери менен тааныштырып келсе, бул жолу көл жээгиндеги Роял-Бич отелине райОНО башчылары менен максаттык мектеп директорлорун жыйнап, "Окутуунун сапатын көзөмөлдөө" аттуу семинар-тренинг уюштурган. Тренингди уюштурууда топтук иштерге караганда даяр билимдерге көнүп калган жетекчилер жаңы ыкмаларга негизделген окутуу аракеттерин кандай кабыл алат деген кооптонуулар болгон. Август айынын 13үнөн 22сине чейин болуп өткөн он күндүк тренингдин жүрүшү мындай кооптонуулардын эч бир негизсиз экенин көрсөттү.

Айткүл Кибираева, Чүй райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
- Мен мурда болуп келгендей лекция угам деп ойлогом. Андай болбой эле көбүнесе топ-топко бөлүнүп жигээрдүү иштедик. Коюлган милдеттердин үстүндө биргелешип иштегенибиз мага өтө жакты. Чынында чындыкты даяр түрүндө албай, бешене териң менен эмгек кылып, иликтеп тапкан кызык экен. Бир жагы бизди топтук талкууга басым жасоого тренерлердин иш билгилиги, маданияттуулугу, талкууланган темалардын актуалдуулугу, тренингдеги сессиялардын мазмундуулугу түрткү берди. Тренингдеги ишке күбө болгон соң мен мораль окуу эч качан, эч кимди туура жолго салган эмес, өткөн мезгилдин алгылыксыз ыкмалары эч бир жерде жана эч качан колго алынбаса деген ойго келдим.

Т.Ашымбаева,
Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
- Менимче, семинардын катышуучуларынын кароосуна коюлган материалдардын мазмуну мектептердеги окуу-тарбиялоо процессин башкарууну жакшыртууга карата азыркы күндө көтөрүлүп жаткан талаптарга жооп берет. Бул мааниде өзгөчө "Окуучунун позициясында туруп окуу максаттарын коюу" деген теманы белгилеп кетким келет. Мектеп, мугалим, өзгөрүү үчүн абдан туура коюлган маселе экен. Бир гана жери, тренингдин жүрүшүндө окуучунун позициясында туруп максаты туура коюлган сабактын кандай болорун кайсы бир практикалык сабактын мисалында карап көрсөк жакшы болмок. Тренингдин уюштуруучулары менин ушул оюмду кийинки семинарларда эске алат деген ойдомун. Ал эми "Иш кагаздары менен иштөө", "Окутуу процессин түшүнүүнү жакшыртуу", "Куррикулумдан сабакка чейинки пландаштыруу", "Мектепте методикалык ишти эффективдүү жүргүзүү", "Мектептеги тарбия процессин башкаруу" сыяктуу сессияларга кайрылсак, алардын дээрлик бардыгы биз үчүн өтө пайдалуу болду. Айрыкча, бизди мектеп директорунун ишинин негизин түзгөн финансылык менеджмент маселесине байланышкан билимдер кызыктырды. Булар боюнча жеткиликтүү билим алдык деп ойлойм. Акырында, лекциялык мүнөздөгү айрым темалар да келечекте талкуу түрүнө иштелип чыкса деген сунушумду айткым келет.

Нурмамат Асанов, Кара-Суу районундагы №96 Н.Примбердиев атындагы орто мектебинин директору:
- ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоору уюштурган бул семинар мага абдан жакты. Мен өзүмө зарыл көп жаңылыктарды алдым. Келечекте жетекчилер үчүн мындай мазмундагы окуулар дайыма болуп турса деген тилегимди айткым келет. Айрыкча, мектеп жетекчилерине иш кагаздарын министрликтин жобосунун негизинде жүргүзүү, бүгүнкү күндө мектептерде иштеп жаткан мамлекеттик программалар, мектептердин, класс-кааналардын, усулдук кааналардын максатка ылайык жабдылышы тууралуу билимдер өтө керек деп ойлойм. Булар тууралуу кийинки тренингдерде тереңирээк берүү керек. Ал эми тренингдеги таркатма материалдарга келсек, алар кыргыз тилинде даярдалса, айылдыктар үчүн түшүнүктүрөөк болмок. Бул айткан сунуштарым долбоор кызматкерлеринин тренингди уюштуруу боюнча аткарган чоң кызматын эч бир кемитпейт. Алардын берген билимине, эмгегине, аракетине биз ыраазыбыз.

Сагыналы Абдыкадыров, Кара-Кулжа районундагы Э.Осмонов атындагы орто мектептин директору:
- Бул тренингдеги мектепти башкаруунун нормативдик документтери, окуп үйрөнүү жана баалоонун критерийлери, сапаттуу көзөмөлдөө системасы, насаатчылык жана колдоо көрсөтүү боюнча сессиялык иштер мектеп директорлору үчүн абдан пайдалуу болду. Мектептеги финансылык менеджмент боюнча окутулган сабак да жогорку деңгээлде өттү. Ушул үйрөнгөндөрүбүздү мектеп практикасында кеңири колдонсок, окуучулардын билим сапаты байкаларлык жогоруламак. Мектеп жетекчиси катары мен бул маселелерди тез арада колго алсам дейм. Ал үчүн эми менде жаңылануу каалоосу да, жетишерлик билим да бар.





Сапат деген дайыма илгерилөөнү талап кылган нерсе
Кеңешбек Сайназаров, USAIDдин "Сапаттуу билим" долбоорунун директору

Бул чакан макалада USAIDдин "Сапаттуу билим" долбоору 2009-2010-окуу жылында кайсыл багыттарда кандай иш-чараларды жүргүзөрү тууралуу сөз болот.

2008-2009-окуу жылында USAIDдин "Сапаттуу билим" долбоору өзүнүн компоненттеринин алкагында системага анализ жүргүзүү, иштелип чыккан сунуштарга карата "продуктыларды" даярдоо, аларды сынактан өткөрүү менен чектелсе, 2009-2010-окуу жылында иштелип чыккан материалдарды Кыргызстандын жагдайына контекстуалдаштыруу багытында аракеттенет. Жаңы окуу жылында мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу системасын жакшыртууга өзгөчө маани берилет. 2008-2009-окуу жылында Кыргыз билим берүү академиясы менен Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту тарабынан кесиптик билимди жогорулатуунун жаңыланган курстарында топтолгон тажрыйбанын туруктуулугун бекемдөө жана аны Ысык-Көл облустук билим берүү институтуна, Жалал-Абад жана Баткен облустук методикалык борборлорго жайылтуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Ушул мекемелердин жардамы менен долбоордун экинчи тобуна тандалып алынчу максаттуу мектептердин башталгыч класс, математика, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, методикалык бирикме башчылары, окуу иштери боюнча директордун орун басарлары, директорлору жана райОНО адистери кесиптик даярдыктан өтүшөт.
Албетте, мугалимдерди даярдоо маселеси долбоордун көңүл борборунда болмокчу. Бул багытта биз И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университетиндеги өзүбүздүн максаттуу факультеттерибизде өркүндөтүлгөн окуу материалдарын колдонуу аркылуу башталгыч класстар, математика жана кыргыз тили кафедраларынын окутуучу жамаатынын устаттык чеберчилигин өнүктүрөлү деп жатабыз.
Жаш адистерди мектепте кармап калуу бүгүнкү күндөгү эң олуттуу маселелерден десек болот. Ушул багытта биз изилдөө жумуштарын улантып, алынган жыйынтыктарды Кыргыз өкмөтү, министрлик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте талкуулайлы деген ниетибиз бар.
Долбоор тарабынан мектеп администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн педагогикалык-лидерлик жаатындагы дараметтерин өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгы министрлик, Кыргыз Билим берүү академиясы менен чогуу талкууга алынат.
Долбоор о куучулардын жетишкендиктерин баалоонун калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу түрлөрүн киргизип, аларды өнүктүрүү үстүндө иштеп жатканы белгилүү. Жаңы окуу жылында жалпылоочу баалоо боюнча бүгүнкү күндө мектептерде колдонулуп жаткан техникалар иликтенет жана анын натыйжасында мугалимдер үчүн колдонмо иштелип чыгат.
2009-2010-окуу жылында окуу материалдарын иштеп чыгууда мугалимдердин ролун жогорулатуу боюнча бир топ иштер аткарылмакчы. Алып айтсак, бул компоненттин алкагында биз мугалимдерге эки колдонмону даярдап беребиз. Алардын биринчиси мугалимдерге сабактын максатын туура коюну үйрөтүп, сабактын планын окуучулардын дараметин эске алуу менен түзүүгө багыттаса, экинчиси, кошумча материалдарды даярдоо жана эффективдүү колдонуу боюнча баалуу кеңештерди берет. Жаңы окуу жылында, сөзсүз, биз билим берүүдөгү каржылоону жакшыртууга багытталган Чүй облусундагы иштерибизди өөрчүтүп, жан башына каржылоо боюнча Дүйнөлүк банк каржылаган "Айылдык мектеп" долбооруна аталган ыкманы Баткен, Ысык-Көл облустарына жайылтууда ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү улантабыз.