"Жыл мугалими - 2009"

ӨНӨРҮҢ БОЛСО, ӨРГӨ ЧАП!
Талапкерлер сүйлөшөт
Мугалимдик мага мураска калгандай

Сузак районундагы М.Орозалиев атындагы мектептин математика мугалими Кумарбек Азимбаев "Менин педагогикалык философиям" аттуу презентациясы менен биринчи сыноодон 9,1 упай топтоп, алдыга суурулуп чыкты.

"Ата-энемдин жолун жолдоп мугалим болуп калдымбы, же бул кесип мен үчүн ардактуу сезилдиби, айтор, мураска калгандай. Мугалимдик турмушта туулуп өскөндүгүм менин бул кесипке үндөп, шыктандырып, даярдап койсок керек. Ошондуктан бул кесип мен үчүн эч качан өөн учураган эмес.
Балдар менен иштешүү менин жүрөгүмөн түнөк тапкан. Андыктан кайда жүрсөм да окуучуларым, мектебим оюмдан алыстабайт. "Санаамда сабак, жан дүйнөмдө сенсиң окуучум" - бул сөздөр ар бир мугалимдин канында кайнап, жан дүйнөсүн оргуштатып турса керек.
Жаш муундардын билимдүү, тарбиялуу болуп өсүп өнүгүшү үчүн мугалимдик кесип өтө чоң жоопкерчиликти, изденүүчүлүктү, талбаган аракетти талап кылат эмеспи. Өзүмдүн окуучуларым менен биргеликте жаңы ыкмаларды пайдаланып, Жунглиде математика сабагын өтүп жана Египетке да сапар тарткан күндөрүбүз болгон.
Кыргыз улутунун нукура тарбиясынын негизги өзөгүн түзгөн Тарбиялоонун Пирамидасын изилдеп, талдап көпчүлүккө жайылттым. Тогуз таат, Отуз огожодон турган Тарбиялоонун Пирамидасынын ар бир бөлүгүн ар бир адам толук жана так билсе, абдан жакшы болмок.
Мугалимдик кесип бул жөн гана сабак окутуу эле эмес. Балдардын маданий-эстетикалык аң-сезимин байытуу, ар тараптан жетилишине, татыктуу тарбияланышына да салым кошуу болуп эсептелет. Андыктан балдардын жан дүйнөсүн чагылдыруу максатында "Классташ" көркөм бирикмеси менен биргеликте балдар үчүн тартылган "Балам менин падышам болсо, анда мектеп … Хан Сарай" аттуу кино тасмасын тарттык.
Элим ишенип Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты кылып шайлап алышты. Атуул коомдук бирикмесинин "Кыргызстандын жаңы каарманы" наамы менен биргеликте бир катар сыйлыктарды ыйгарышты".


Миржан Мамбетакунова, англис тили мугалими:
- Сынакка катышкан ар бир мугалим буга чейинки топтогон иш тажрыйбасын, өзгөчөлөнгөн жеке ыкмасын көргөзүп, райондук, облустук сынактарда алган жогорку баадан соң гана республикалык масштабга жолдомо алып, облустун намысын коргоп чыгып жатканы өтө жооптуу жана толкундатчу учур деп айтаар элем. Мисалы, мен "Поле чудес" оюнун уюштуруп, аны ачык сабактарда, экзамендерде колдонуп келем. Мындан тышкары "Элет жериндеги үй" деген 5 сабакты камтыган көрсөтмө курал жасап келдим. Мында балдарга күнүмдүк турмушта колдонуучу буюмдарды англис тилинде үйрөтүүдө сөздүк катары сөз жаттоодо да жардамы тийет. Мисалы, үй ичиндеги 4 бөлмөдө коюлган эмеректерден тартып, короосунда, мал чарбасында, бакчасында жайгашкан буюм-тайымдар, этнопедагогикага байланыштуу кыргыз улуттук кийимдери, боз үй ж.б. бар. Бул менин өзүмдүн табылгам. Бул көрсөтмө куралым менен 24 мектеп катышкан райондук, андан соң 7 район катышкан Нарын облустук сынакта баш байгени утуп алгам.
Мен элет жеринде балдарга англис тилин үйрөткөндүктөн, бул багытта окуткан билимимдин балдарга жугумдуулугун, эффективдүүлүгүн арттырууга болгон күч-аракетимди жумшап келүүдөмүн. Менин аракетимди бул сынакта да татыктуу баалашат деп ишенем.


Гулиза Осмоналиева, №11 мектеп-гимназиясынын директору:
- Биз Ысык-Көлдүн намысын коргоп келдик. Бул биз үчүн чоң жоопкерчилик экендигин сезип атабыз. Билим, тарбия берүүдө мугалимдерибиздин алдыңкы иш тажрыйбалары, мектептин жасалгалары, балдардын окууда жетишкендиктери боюнча, айтор сынактын жалпы талабына шайкеш ийгиликтерибизди иш жүзүндө көргөзүп, аны тастыктаганы келдик десек болот. Буга дейре да бир топ сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетишип келгенбиз. Дегинкиси, "кеп утканда эмес, катышканда" деп коюшат эмеспи, анын сыңары республикалык сынакка катышууга укук алганыбыздын өзү эле бизди мындан ары да мыкты ийгиликтерге умтултуп, мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да чоң стимул экендиги талашсыз.


Бактыгүл Бердибекова, Ноокат районундагы "Солнышко" бала бакчасынын башчысы:
- Бала бакча - зор көңүл бурууну талап кылып жаткан сектор болуп жатканы белгилүү. Андыктан быйыл ушундай сынактын жарыяланып жатканы аябай жакшы болду деп эсептейм. Мен элет жериндеги бала бакчанын бүгүнкү абалын чагылдырганы келдим. Биз ресурстук бала бакча катары жамааттык жана жаңы ачылган бала бакчалар менен иш алып барабыз. Азыр биз эл аралык уюмдар менен, атап айтканда АБРдин "Кенже балдарды колдоо" долбоорунун алкагында иштеп, материалдык-техникалык базабызды кыйла эле оңдоп алганыбыз кубанычтуу. Мисалы, бүтпөй жаткан объектилерибизди бүткөрдүк, усулдук материалдарды алдык. Учурда түрткү берүүчү гранттар менен иш алып баруудабыз. А бирок бизге окшогон элет жериндеги бала бакчаларга иштөөгө атайын адистердин, т.а. тарбиячылардын жетишсиздигин айтып кетким келет. Аз маянага эч ким иштегиси келбестиги түшүнүктүү. Андыктан мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтаарым, бала бакчада иштөөчү адистерди даярдоо, аларды материалдык жактан колдоого алуу маселесин республикалык деңгээлде чечүүгө мезгил жетти. Педкадрларды кызыктыруу, аларга стимул көрсөтүү зарыл. Мурда айылдарда, райондук борборлордо жайгашкан бала бакчалардын имараттары сатылып кеткендиктен, көпчүлүк бакчалар иштебей, ата-энелер бизден колдоо күтпөй да калышкан. Эми ата-энелер бакчага барган баланын артыкчылыгын түшүнө башташты.



Калыс сөз

Таалайкүл Насырымбекова, КР эмгек сиңирген мугалими,
калыстар тобунун мүчөсү:
- Бүгүн республикалык жалпы мугалимдер үчүн эмгек майрамы. Изденүүнүн, ийгиликтин, чыгармачылыктын майрамы. Конкурска 9 мугалим катышып жатат. Мугалимдердин чеберчилиги, устаттыгы, чыгармачылык изденүүсү, окутуп жаткан өзүнүн ишиндеги ийгилиги, автордук программалары, мугалимдин теориялык жана практикалык деңгээли каралат жана бааланат. Сынактын 1-этабында катышуучулар өздөрүнүн кесиптик деңгээлин көрсөтүшөт (самопрезентация). Буга 7 минута убакыт берилди. Ал убакытта мугалим эмнеге шыктуу, кандай методиканын үстүндө иштейт, кандай ыкмалары, жаңычылдыгы бар, кандай изденүүнүн үстүндө иштеп жатат д.у.с. нерселерди көрсөтө алат. Экинчисинде атайын тест-прогресс алынат. Үчүнчүсү, атайын педагогикалык кырдаал. Окуучу менен мугалимдин кыйын абалдан чыгуусу. Маселен, класста 30 окуучу болсо анын 10да китеп жок, 5 окуучуда ручка жок, 5 окуучу кечигип келди дейли. Ошол абалды мугалим кантип жөнгө сала алат деген кырдаал берилет. Ошондой эле ар бир конкурсант ачык сабак берет.