Тарбия сабак

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР
Сабактын максаты:
а) Окуучуларга карылар жөнүндө кеңири түшүнүк берүү;
б) Аксакалдык жана байбичелик нускасы бар карыларыбыз тууралуу билимдерин өркүндөтүү;
в) Улууларыбыз айткан насааттарды угууга, өрнөк алууга тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Залкар ойлор, ырлар, тексттер.
Сабакта колдонулган ыкма: Топтор менен иш жүргүзүү. Кластер түзүү.
Сабактын жүрүшү: Саламдашуу (Арыбаңыз! Бар болгула!).
I. Муз жаргыч: "Макал - сөздүн көркү" (Окуучулар кезеги менен макал айтышат).
Оюн бүткөн соң "Акылман", "Калыс" деп эки топко бөлүнүп отурушат.
1. Эмне үчүн адам башкаларга далысын салып отурбашы керек?
2. Эмне үчүн шыпырынды менен күлдү аралаштырышпайт?
Балдар, улуттук педагогика боюнча суроолорго эң жакшы жооп бердиңер. Ушундай жоопторду биз кимдерден угабыз? Албетте, карылардан. Бирок бардык эле карыларыбыз жакшы сапаттардын ээси боло алышабы? Анда, балдар, "Калыс" тобуна карылардын оң сапаттары, "Акылман" тобуна терс сапаттарын тизмелеп кластер түзүү сунушталат.
Ар бир топ мисалдар, окуялар менен презентациялашат.
II. "Карылыктын чекеге түшкөн бырышынан эмес, жүрөккө калтырган тагынан сакта" деген залкар ойду чечмелөө.
"Манас" эпосундагы Бакайдын образына токтолуу.
Бакай Манаска жолуккан күндөн тартып үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, жамандыгын жашырган, жакшылыгын ашырган, капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, эң ишенимдүү адамы катары ак кызматын кылат, акыл айтып, кеңешин берет.
"Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп калды кыргыз деп,
Бөлөк элге кеп кетет, - деп Бакай карыя эл арасындагы эл ынтымагына доо кетиргендерди накыл сөзү, калыстыгы менен теске салат.
Кыргыз элиндеги же биздин айылдагы Бакайдай акылман карыларды билесиңерби?
"Калыс" тобу байбичелердин кыз-келиндерге, "Акылман" тобу аксакалдардын улан-жигиттерге тийгизген таасири жөнүндө кластер түзүп презентациялашат.
(Окуучулар карылардын түрлөрү менен таанышканча музыкалык пауза.)
Ар бир топ карынын мүнөзүн чагылдырган пантомимо көрсөтүшөт. Экинчи топ ошол пантомимонун негизинде карынын кайсы түрүнө кирерин аныкташы керек.
Бышыктоо: Балдар, карыларыбыз алдан-күчтөн тайганда бизге насааттан башка эмне беришет. Албетте, бата!
"Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт ", - дегендей жаштарды көгөртүүчү маани-маңыздуу баталарды берип келишет.
- Силер да бата алгансыңарбы?
Окуучулар ойлорун ортого салышат.
Баталар боюнча текст таркатуу, талкулоо.
Баалоо: Топ башчыларынын жардамы менен алган упайлардын негизинде жеңүүчү топту аныктоо.

Үйгө тапшырма: Айылыбыздагы кадырлуу карылардын эмгек жолу жөнүндө маалымат табуу, фотоаппаратка тартып келүү.




Мен педагог, кек сактоого акым жок
Замира Зарматова,
Баткен районундагы Орто-Боз айылындагы, Жолдошбай Момунов атындагы орто мектептин кыргыз адабияты мугалими, республикалык "Мыкты мугалим - 2009" конкурсунун финалисти

Он жылдан ашык убакытты камтыган эмгек жолумдун негизинде мугалимдик кесиптин ары кызыктуу, ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү экендигине биротоло ынандым. "Билим иш менен гана көркүнө чыгат. Билим - бак, иш - анын мөмөсү", - деп бекеринен араб санжырасында айтылбаса керек. Андыктан окутуучулук көп эмгекти талап кылат. Мугалим балдарга билим гана бербестен, окуучунун адамдык сапатын калыптандыруусу шарт. Анткени акыркы учурларда арабызда "билимдүү ыймансыздар" көбөйүүдө. Алар билимди өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышууда. Бул келечек үчүн абдан коркунучтуу.
Акылмандан: "Билим деген эмне?" - деп сураганда: "Адамдарды ажырата билүү!" - деп жооп бериптир. Анын сыңары биз балдарды ак, караны ажырата билүүгө үйрөтүшүбүз керек. Ошондуктан адамдын мүнөзүндөгү оң жана терс сапаттарды аңдаштырып айыра таанууга тарбиялашыбыз зарыл. Ушундай процессте окуучу менен, же ата-энелер менен пикир келишпестиктер көп чыгат тура.
Бая күнү энелер менен бирдикте "Энелерге таазим" деген чакан сабак-концерттик программабызды тартууладык. "Т-2 моделдик сабактын" инструкциясынын негизинде энелерге балдардын, балдарга энелердин оң, терс сапаттарын тизмелеп жазуу сунушталды. Анан презентациялашты. Кызыктуу талкуу жүрдү. Балдарынын жоопторуна баш ийкеген энелер да өз кемчиликтерин мойнуна алышты.
Перзенттеринин оң, терс сапаттарын энелер сөз кылышты. Ошол учурда мен мугалим катары окуучуларга жакшы түшүндүрүү үчүн:
- Энелер, силерге кокус бирөө келип: "балаң мас болуп жолдо жатат", - деп кабар берсе кандай абалда каласыздар? - деп сурай салбасмынбы.
- Жүрөгүбүз ыйлайт, - деп бир эне жооп берди.
- Көрдүңөрбү, балдар, энелер согуштан коркпойт, жаратылыш кырсыгынан коркпойт, жокчулуктан коркпойт. Энелер үчүн "балаң жаман" деген сөз кыямат кайымдай кеп, - деп жыйынтыктадым.
Байкаштырсам, айылдагы түшүнүгү жок бекерпоздор:
"Тигил агай өзүнүн уулун билсин, кызын билсин, тиги эжекей өзүнүн инилерин башкарсын, зор болсо!" - деп көп эле мугалимдер жөнүндө ойлору түз эмес экен.
Мүмкүн ошол окутуучу агай, же эжей өзүндөй башкалар кейибесин, баягы эле кемчилик дагы бир үй-бүлөдө кайталанбасын деп чын дилинен тарбия берип жаткандыр. Ошондо мен "кесип алмаштыруу керек" деген оюмду четке кактым. Анткени окуучуну мен тарбиялабасам, дагы бирөөсү эптеп-септеп акча алыштын үстүндө эмгектенсе, көпчүлүгү айлык акысы аз деп чет мамлекеттерге кетсе, күнөөсүз балдардын келечеги эмне болот?
Эки жүздүү адамдын
Аяп кетем бүлөсүн.
Жуктурат деп чоочуймун,
Балдарына мүнөзүн,
- деп кыраакы акыныбыз А.Токомбаев айткандай түшүнүгү тайкы ата-энелердин балдары да тайкы түшүнүктөгү өзүмчүл үй-бүлө ээси болуп чыга келет. Ошондуктан биз, мугалимдер, окуучуга жана ата-энелерге кек сактабастан өз принцибибизден тайбай эмгектенишибиз керек. Биздин коом алдындагы милдетибиз - балага билим жана туура тарбия берүү.