"Жыл мугалими-2009"

СЫНАК ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЭРГҮҮНҮ ОЙГОТОТ
Билим берүүнүн өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында чыгармачылык менен изденип иштеген мугалимдерди, педагогикалык жамааттарды, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүн, мугалимдерди даярдоо жана билимин өркүндөтүү боюнча регионалдык борборлорду сынак аркылуу аныктап чыгуу жана аларды сыйлоо боюнча экс-министр И.Болжурованын буйругу чыккан эле.
"Мыкты мектеп", "Жылдын мыкты мугалими", "Мыкты билим берүү башкармалыгы", "Мыкты спорт залы жана мыкты спорт аянтчасы", "Мыкты бала бакча" деген номинациялар боюнча жер-жерлерде өткөн сынактын жеңүүчүлөрү эми Бишкек шаарында күч сынашат. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча сынактын 4-этабы 15-сентябрда башталат.
Бул санда "Жылдын мыкты мугалими-2009" сынагы боюнча кеп болот.

Сынактын максаты
Республикалык "Жыл мугалими" сынагы Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, билим берүү жана илим кызматкерлеринин республикалык профсоюз комитети тарабынан өткөрүлөт.
Сынактын максаты - мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү, мыкты мугалимдердин иш тажрыйбаларын республикага жайылтуу менен алардын профессионалдык сапаттарын коомчулукка жарыялоону көздөйт.

Конкурска кимдер катышат?
Буга чейин мектепте, райондо, облуста жеңүүчү деп табылып, республикага жөндөмө алышкан мугалимдер катышат.
Сынактын талабында катышуучунун эмгек стажысы, жаш курагы чектелбейт. Демек жаш адистер да өз күчүнө ишенсе, жаңычыл иштери болсо сынакка катышууга толук мүмкүнчүлүгү бар.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейин жана мектептен сырткаркы башкармалыгынын начальниги Дамира Кудайбергенованын маалыматы боюнча учурда сынакка катышууга 7 региондон, Ош жана Бишкек шаарынан өтүнмө (заявка) келип түшүүдө.
- Конкурсант пайдаланчу видеоролик, кассеталарды карап чыгабыз. Конкурска катышууга даяр мектептерди, бала бакчаларды, райондук билим берүү бөлүмдөрүн, спорт залдарды, спорт аянтчаларды комиссия жер-жерлерине барып көрүп, таанышып, сынактын критерийлерине ылайык келеби, келбейби деп чечим чыгарышат, - дейт Д.Кудайбергенова. - 15-сентябрда башталган сынакта бардык чогулган документтер тыкыр текшерилет.
Дамира Кудайбергенованын айтымында акыркы кездерде каражаттын тартыштыгына байланыштуу республикалык деңгээлде "Жыл мугалими" сынагы өтпөй келген. Эми, буюрса, "Жыл мугалими" сынагынын жобосуна ылайык жылда өтүп турат. Сынактын өтүшү мугалимдердин иштешине чоң стимул берип, профессионалдык дареметин өркүндөтүүгө жол салып келет.
- Айлыктын аздыгынан көптөгөн мугалимдер жумуштан кетип, жаштар болсо мектепке иштебей айлыгы жакшы жактарга ооп кетип жатышат. Ушул сынакта мугалимдин мыкты сапатын аныктоо биринчи орунда турат. Анткени акыркы жылдары педагогикалык диплом алгандардын саны абдан көп болгону менен, тилекке каршы анын баары эле мектепке бара койгон жок. Барса да каалоосу жок болгондуктан окуучуларга берген билимдери начар. Ошондуктан билим сапатынын жылдан жылга төмөндөп жатканынын себеби да ушул , - дейт башкармалыктын жетекчиси. - Жаштар өздөрү каалаган жогорку окуу жайларга өтпөй калганда, айласы кетип эптеп диплом алуу максатын көздөп калышат экен. Чындыгында эле ички сезими менен мугалимдик адистикке умтулуу аз. Адистерди даярдоо жагынан биздин алдыбызга эч ким чыкпайт. Маселен, Сингапурда 300 адам педагогикалык кесипке өтсө, окуу жайды бүтөөрү менен мектепке барып иштешет экен. Кыргызстанда 1000 бүтүрүүчүнүн 20% гана мектепке барып иштеп калат.

"Таймаш катуу болоорун сезип турам"
Зейне Байсалбекова,
№20 мектептин кыргыз тили мугалими, "Жүрөгүмдү балдарга арнаймын!" сынагынын жеңүүчүсү:
- Турмушуңда эң жакшы көргөн, эңсеген, көксөп күткөн тилегиңе жетүү үчүн, аны иш жүзүнө ашырууда бүткүл дитиңди коюп, жүрөгүң менен берилип аракет кылат эмессиңби. Ал эми "Жүрөгүмдү балдарга арнаймын" кароо-сынагы аты эле айтып тургандай, өз кесибинин патриоту болгон адистерди тапка келтирип, жарышка салгандай сезилет. Менин көз карашымда, ар бир мугалим иштеген ишинен жыйынтык чыкса, келечекке изги калса деп ойлонсо керек. Анткени, ушул адистиктеги инсандардын жан дүйнөсү бай, сезимтал, чыгармачыл, жеке көз карашы кенен келет. Салтка айланып калган бул сынак катышуучу катары менин өзүмө абдан чоң таасир калтырды, башкача айтканда, өзгөчө бир ыйык, өтө жоопкерчиликтүү, өтө сыймыктуу сезимди жаратты десем жаңылышпайм. Ошондой эле кесибиме койгон талабым да жогорулады.
Мугалимдерге бул сынак чоң түйшүктү алып келет. Биринчи түйшүгү - жеке мугалимдин ички толгонуусу. Экинчиси - эмгегинин иш жүзүнө ашышы (окуучу менен болгон иш - аракети ). Үчүнчүсү - калыстар тобунун акыйкат баалоосу, сынактын жыйынтыгы. Ой деген күлүк эмеспи, үч күндүк мөөнөт болобу, же төрт күндүк мөөнөт болобу ойлоп-ойлоп ой түбүнө жете албай кыйналып кетесиң.
Ал эми жакшы жагы - ошол тарткан түйшүктүн акыбети кайтып, кесибине болгон мамилеси өзгөрүп, келечекте дагы жакшы пландарды түзүп, ишине чыгармачылык эргүүсү ойгонот. Андан сырткары, жыл сайын өтүп турганы, билим берүү тармагына чоң жаңылык алып келгени, педагогикалык чеберчиликтин негизинде жаңы муундардын өсүп чыгышы, ошону менен бирге мугалимдин кадыр - баркынын жогорулашы, албетте, жагымдуу таасир калтырат.
Республиканын деңгээлинде өтүлүүчү кароо-сынактан катышуучу катары күткөнүм - ийгилик. Бул жолку таймаш өтө катуу болорун сезип турам. Анткени, күлүктүн - күлүктөрү келет. Атаандаш кесиптештериме кааларым: шилтеген кадамдары арымдуу, иштери ийгиликтүү, бекем ден соолуктары менен ар дайым бар болушсун!


Биринчиликке чыккандарга 100 миң сом
Конкурсанттар ириде өздөрүнүн концепцияларын жакташат, педагогикалык-психологиялык тесттен өтүшөт, ачык сабак беришет.
Албетте, мунун баарын калыстар тобу баалайт. Бирок мыкты мугалимдин рейтингин аныктоодо ата-энелердин, окуучулардын, администрациянын пикирлери роль ойнойт. Экинчиден, мугалимдин канча окуучусу олимпиадаларга катышып жеңүүчү болгон, канча окуучусу кызыл аттестат менен бүткөн д.у.с. нерселер да каралат.
- Сынактын жыйынтыгында жеңүүчү деп эки мектеп аныкталат. Анын бири жалпы билим берүү мектеби болсо, экинчиси жаңы типтеги мектеп болушу керек. Бала бакчадан да экөө чыгат, жогоруда белгиленген критерийлер менен. Жылдын мыкты мугалимине үч орун берилет. Билим берүү башкармалыгына - 1 орун, спорт залга - 1 орун берилет.
"Жыл мугалими" номинациясынын гран-присин жеңип алган мугалим 100 миң сомдун ээси болот. Жалпы жонунан бардык конкурска 1 млн.700 миң сом каралды, - дейт Д.Кудайбергенова.
Ошентип республикалык сынакка катышчу мугалимдердин профессионалдуулугу, чыгармачылык изденүүсү, жаңы инновациялык ыкмаларды пайдалана билгендиги, эң башкысы мугалимге таандык бийик сапаттары каралып, жыйынтык чыгарылат.
Ал эми сынактын жүрүшү тууралуу гезитибиздин келээрки сандарында байма-бай берип турабыз. Анда эмесе, чыгаан мугалимдер, алга!

Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"


Приказ МОиН № 896/1 от 10.09.2009 г.
Об утверждении составов оргкомитета и жюри по проведению республиканских конкурсов 2009 года

Во исполнение приказа № 23/1 от 16 января 2009 года и № 771/1 от 14 июля 2009 года "О проведении республиканских конкурсов 2009 года"
приказываю:
1. Утвердить республиканский оргкомитет в следующем составе:
- Тыналиева У. М. - заместитель министра, председатель оргкомитета;
- Кудайбергенова Д.К. - начальник Управления дошкольного, школьного и внешкольного образования, член комиссии, заместитель председателя оргкомитета;
- Солтогулова Ф. Т. - ведущий специалист УДШВО, секретарь;
- Токтогулов А.Т. - председатель ЦК профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики, член оргкомитета;
- Асанов С.Ж. - начальник экономического отдела, член оргкомитета;
- Байгатаев Б.М. - начальник бухгалтерского учета и отчетности, член оргкомитета;
- Шадыханов К.Т. - начальник УПКиГС, член оргкомитета;
- Челпакова С.М. - директор Национального центра детей и юношества "Сейтек", член оргкомитета;
- Мусина Д.С. - директор РУМЦЭВ "Балажан", член оргкомитета;
- Чекиров К. - главный редактор республиканской газеты "Кут билим", член оргкомитета.
- Искакова К.И. - директор Лебединовской средней школы №1 Аламудунского района.
2. Утвердить план мероприятий по проведению конкурсов 2009 года (Приложение №1).
3. Утвердить состав жюри по следующим конкурсам (Приложение №2):
o "Лучший учитель - 2009",
o "Лучшая школа - 2009",
o "Лучший орган управления образованием - 2009",
o "Лучший детский сад - 2009",
o "Лучший спортивный зал и лучшая спортивная площадка - 2009".
4. Утвердить смету расходов на проведение республиканских конкурсов. (Приложение № 3).
5. Республиканские конкурсы 2009 года провести на базе Лебединовской средней школы №1 Аламудунского района Чуйской области.
6. Утвердить план мероприятий по проведению республиканских конкурсов 2009 года.
7. Главному редактору (Чекиров К.) опубликовать данный приказ в республиканской газете "Кут билим".
8. Контроль над исполнением данного приказа возложить на заместителя министра Тыналиеву У.М.
Министр А.И. Мусаев