Сыйлык - жалкы, сыймык - жалпы

Ак эмгектин үзүрү
Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашевге агартуу тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Президенттин Жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилди.

Абдрашев Акунжан Баказович Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы кызматында 2006-жылдын апрель айынан бери иштеп келатат. Мамлекеттик кызматтагы жалпы иш тажрыйбасы 31 жылга аяк басты, анын ичинде билим берүү тармагында эмгектенгенине 27 жыл болду. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Билим берүүнүн отличниги, профсоюз кыймылынын отличниги, Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу.
А.Абдрашев 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктагандан кийин билим берүү тармагында эмгек жолун баштаган. Көп убакыт Жалал-Абад облусунда мектепте жана кесиптик-техникалык окуу жайында катардагы мугалимден шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына чейинки жолду басты. 2000-2001-жылдары Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 2001-2005-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 1999-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон. А.Абдрашевдин эмгек жолу, көрүнүп тургандай, билим берүү тармагы менен тыгыз байланышта болуп келатат. Ал өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, интеллектуалдык кубатын чыңдоого бүт бардык билим-кубатын жумшап, орчундуу салым кошту.




Бир эле учурда Президенттин Жарлыгы менен Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Тынычбек Табылдиевге "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" деген ардактуу наам берилди. Аталган мамлекеттик ишмерди "Кутбилимдин" окурмандары курулушчу катары эле эмес, көбүнчө кайра куруу заманындагы кыргызстандык комсомолдордун лидери, андан кийин билим берүү жана маданият тармагын өнүктүрүүгө көп кызмат кылган жетекчи катары да жакшы таанышат. Билим берүү жана маданият тармагы бир министрлик болуп турган 1997-2005-жылдардын бир мезгилинде Т.Табылдиев министрдин биринчи орун басары катары аталган тармактарды кыйынчылыктан алып чыгууга, өнүктүрүүгө көп салым кошту. Жоогазын ыңкылабынан кийин вице-премьер-министр, өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп иштеп турганда да социалдык тармактын көптөгөн көйгөйлүү маселелерин чечкен өрнөктүү иштери арбын болду.

"Кутбилим" гезитинин эмгек жамааты мамлекеттик кызматтын көрүнүктүү ишмерлери- Акунжан Абдрашевди жана Тынычбек Табылдиевди мамлекеттик жогорку ардак наамдары менен чын жүрөктөн куттуктайт жана мындан аркы иштерине дагы албан-албан ийгиликтерди каалайт.




Билим ишмеринин бийик зоболосу
Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары, көрүнүктүү окумуштуу жана таланттуу жетекчи, коомдук ишмер Борис Кубаев 13-сентябрда 65 жашка толот.

Борис Кубаев - Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, экономика иилмдеринин доктору, профессор, Нобель сыйлыгынын лауреаты В.Леонтьев атындагы алтын медалдын ээси. Б. Кубаевди Кыргызстанда эле эмес, океандын ары жагындагы өлкөлөрдө да танышат. 1998-жылы анын ысмы Дүйнөлүк Энциклопедиянын "Эң белгилүү жетекчилер" бөлүмүнө киргизилген. Ушул эле жылы Б.Кубаев АКШда Жылдын Адамы болуп жарыяланган. 2001-жылы Америкалык атайын институт кыргызстандык ишмердин атын "Кто есть кто: Достижения 20-века" деп аталган биографиялык китепке киргизген.

Борис Кубаевди Кыргызстанда ири окумуштуу, таланттуу изилдөөчү, билим жана илим тармагында активдүү ишмер катары аттын кашкасындай таанымал. Ал уюштуруучулук зор таланты, билим берүү жана илимдин идеалдарына берилген өрнөктүү ишмердиги менен Кыргызстандын ичинде аты ооздон түшпөгөн бийик абройго жана сый урматка жетишти, атагы океандын ары жагына чейин тарады. Терең билим жана жогорку интеллекти менен табияттан бүткөн бийик адамгерчилик сапаттары, жаны тынбаган жалындуу ишмердиги айкалышып, анын аты биздин өлкөбүздүн ичинде эң кадырлуу жана мартабалуу инсандардын катарынан орун алды.
Б. Кубаев эрудициясы өтө терең инсан, беш тилде эркин сүйлөйт, ишмердиги бир эле тармак менен чектелбейт, ар тараптуу жана көп кырлуу өнүккөн окумуштуу. Билим берүү, социалдык жана саясий тармактын проблемалары, экономика, тарых, адабияттын маселелери боюнча 17 илимий монография жазды, жүздөгөн илимий жана коомдук-саясий макалаларды жарыялады. Ал коомчулуктун жүрөгүн өйүгөн көйгөйлүү курч маселелерди коомчулуктун талкуусуна коюп, дайыма прогрессивдүү идеялар жана демилгелер менен топ жарып массалык маалымат каражаттарында чыгып келатат. Мына ушундай кайнаган ишмердик Б. Кубаевди бөтөнчө жаралган адам катары көрсөтөт.
Б. Кубаевдин басып өткөн жолу оңой-олтоң болгон жок, көптөгөн кыйынчылыктар менен тоскоолдуктардын тосмосунан өтүп сыналды, курчуду, такшалды. Ал Түндүк Кавказдын тоолорунда төрөлдү, бала кезинен эле далай кыйынчылыкты башынан өткөрдү, репрессивдүү режимдин куугунтугунан сүрүлгөн бейкүнөө элдин арасында болду. Атасынан эрте жетим калды. Бирок ал табият берген мүнөзү боюнча кыйынчылыктарга моюн сунуп кала турган жолдо эмес эле. Кыйынчылыктарды тайманбай бет алып, билимге ык коюп, турмуштан өз ордун жана ырыскысын издеди. Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин чет тилдерди үйрөнүүгө өзгөчө максат коюп, чет тилдер факультетине окууга кирди.
1967-жылы университетти окуп бүткөндөн кийин Б. Кубаев окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы жана чет тилдер факультетинин деканы болуп 15 жыл үзүрлүү эмгектенди. 1973-жылы "өнөр жай экономисти" адистиги боюнча экинчи жогорку билимге ээ болду. "СССРдин эл чарбасын пландоо" кафедрасынын улук окутуучусу, Ж. Баласагын атындагы Улуттук университетте экономика факультетинин деканынын орун басары жана деканы болуп кызмат кылды.
1973-жылы Алматыдагы Эл чарба институтунда кандидаттык ишин коргоду, ал эми 1999-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде докторлук ишин ийгиликтүү жактап, экономика илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болду. Б. Кубаев көптөгөн башка өзүнүн экономикалык илимий изилдөөлөрүн совет доорунда баштаган, ошол себептүү анын илимий изилдөөлөрүндө советтик пландоо экономикасы менен базар экономикасын салыштырма талдоого орчундуу көңүл бурулган.
Б. Кубаев 30 жылдан ашуун Кыргыз улуттук университетинде жемиштүү иштеди, англис тил кафедрасынын башчысы, чет тилдер факультетинин деканы, университеттин проректору кызматтарын аткарды, 80-жылдардын ортосунан тартып 90-жылдарга чейин "СССР эл чарбасын пландоо" кафедрасынын башчысы, андан кийин КУУнун сырттан жана кечки окуу факультетинин деканы болуп эмгек өтөдү.
1992-жылдан 2003-жылга чейин өзү башында туруп уюштурган Кыргыз улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана билимин өркүндөтүү институтунун директору кызматын аркалады. Бул окуу жайы эгемен Кыргызстанда советтик доордо билим алган кадрларды рынок талабына ылайык кайра даярдоочу биринчи институт болуп калды, кийин анын базасында Кыргыз Юридикалык Академиясы түзүлдү.
2003-жылы Б. Кубаев Билим берүүдөгү стратегиялык маалымат технологиялары институтун уюштуруп, аны 2009-жылга чейин жетектеп келди. Аталган окуу жай азыркы күндө да ийгиликтүү иштеп, алдыңкы билим очокторуна айланып баратат.
2009-жылы Б. Кубаевди жетекчилик тажрыйбасы бай агартуу ишмери катары мамлекет Билим берүү жана илим министринин орун басары кылып дайындап, жогорку билим тармагынын түйшүгүн жана жоопкерчилигин мойнуна жүктөдү.
Б. Кубаев өзүнүн өрнөктүү эмгек жолунда ондогон өлкөлөргө барып, эл аралык абройлуу конференцияларга, симпозиумдарга катышып, илимий баяндамалар менен чыгып сүйлөдү, Чехословакия, Япония, АКШ, Польша, Италия, Франция, Испания, Иран, Россия, Белоруссия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында лекцияларды окуду.
Борис Кубаевдин илимий-педагогикалык ишмердигине быйыл 43 жылдын жүзү болду.
Азыркы учурда дагы эл сүйгөн ишмер чыгармачылык күч-кубаты ашып-ташып, көптөгөн ой-пландардын үстүнөн бел чечпей жигердүү иштеп жатат.


Билим берүү жана илим министрлиги, "Кутбилим" гезитинин эмгек жамааты Борис Кубаевди 65 жаш куттуу мааракеси менен кызуу куттуктайт жана мындан ары дагы жетишкендиктерге шыктанып, даңк менен сый-урматка бөлөнүп, калкынын кызматында жүрө беришине тилектештигин билдирет.