Ой толгоо

Инсандык улуу сапаттардан өксүбөйлү
Улуттук орто билим берүү системасынын структурасын өзгөртүп түзүү аркылуу билим берүүнү заман талабына ылайык жаңыча уюштуруунун зарылдыгы жөнүндө

(Башталышы өткөн сандарда)
Мектеп КТООЖ ЖОЖ байланышынын натыйжасында жумушчулар менен башкаруучулардын ортосунда түзүлгөн өз ара кызматташтык жакын мамиле, өндүрүштү токтотпой, өсүп андан ары өркүндөп, улам жаңыланып, алга карай өсүүсүн шарттай алат эле. Ошондуктан:
Мектеп КТООЖ ЖОЖ байланышын түзүү билим берүү системасынын реформалоодогу орчундуу маселелердин бири катары көңүл борборунда турушу зарыл.
Эгерде бала бул мектепти бүтүргөндөн кийин иштеп, материалдык базасын чыңдап алып, андан кийин жогорку билимге ээ болууну максат кылып алган болсо анда, бала 5 жылдык эмгек стажы менен, иштеген ишканасынын жолдомосу менен, өзү сүйүп аркалаган кесибинин үстүнөн билимин жогорулатуу үчүн республикабыздын каалаган бурчундагы ЖОЖдордун бирине кирүү үчүн ат салышса болот.
Белгилей кетүүчү жагдай: Мындай шартта:
1. Бала республикабыздын ичиндеги гана ЖОЖдордун бирине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат;
2. Өзү аркалаган кесиптин үстүнөн гана билимин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат;
3. Бала ЖОЖго кадыресе экзамен тапшыруу жолу менен гана кабыл алынат.
III баскычтагы мектепти бүтүрүү алдындагы баланын аттестацияланышы бала үчүн эмес, мектептин, мектептин жамаатынын категориясын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
4. IV баскычтагы мектеп - жогорку окуу жайына студенттерди даярдоо мектеби деп аталып, жогорудагы элдик принциптин "Балаңды өз жайына кой" курагына туура келген 11-12-класстардын окуучуларын, "өспүрүм курактагы" балдарды өзүнө камтыйт.
Бул мектепте бала багыттар боюнча алган билимин улантуу менен адам укугу, банктык иштер жөнүндө түшүнүк, экономика, психология, дипломатиялык байланыш эрежелери, дүйнөлүк адабият, дүйнөлүк география, жана дагы жок дегенде 3 түрдүү чет тилинде сүйлөп, окуп, жазганды үйрөнүп чыгышы керек. Бул мектепте практикалык сабактар кыскартылып, бала алган билимин жалпылаганды, аналитикалык талдоо жүргүзгөндү үйрөнөт. Ошентип бул мектепти бүтүрүп чыккан бала өз алдынча эмгектенип, өз алдынча ой жүгүртүп, өздүк чекиттик көз карашка ээ болууга жетишет жана дагы дүйнөнүн төрт бурчундагы ар кандай деңгээлдеги, ар кандай чөйрөдөгү адамдар менен салмактуу баарлашып, пикир алышып, тил табышууга жетише алат.
Бул мектептин негизги максаты: өнүккөн, эркин, өз ишинин профессионалы, өздүк чекиттик көз карашка ээ, инсандык улуу сапаттардын дээрлик баарын өзүнө камтый алган, адам факторун 1-орунга койгон дүйнөлүк идеологияга сиңирилген, өз элинин патриоту, жөнөкөй, кыргыз уул-кыздарын тарбиялоо болуп саналат.
Бул мектепте балдар мектепти бүтүрүү алдында тестирлөөдөн өтүшөт. Бул тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бала өзүнүн чамасын мамлекеттик деңгээлде, курдаштарынын деңгээли менен салыштыруу аркылуу аныктай алат. Бала өзүнүн аныкталган чамасынын негизинде республикабыздын аймагындагы же республикабыздан сырткаркы аймактардагы ЖОЖдорго кирип, билим алууга укуктуу болушат.
Бул мектеп негизинен ЖОЖдордун алдында түзүлгөнү максатка ылайыктуу. Бул мектептин окуу базасын б.а. жогорку билимге умтулган кыргыз инсанынын дүйнөлүк стандарттагы образын жаратууда талап кылынуучу окуу базасын түзүү үчүн мамлекетибиздеги бардык кыргыз тилиндеги ЖОЖдордун улуу кызматкерлерин чогуу талкууга чакыруу керек.
Улуттук жалпы орто билим берүү системасынын бул долбоор боюнча өзгөрүшүнүн оң жагдайлары

Тарбиялоонун улуттук принциптерине, тарбиялоонун улуттук этаптык-курактык принцибине таянып түзүлгөн мындай кыска мөөнөттүү мектептердин жашашы:
1. Баланы 12 жыл бою бирдей шартта, бирдей эрежеде, бирдей окуучулук формада, бирдей тартипте, бирдей ыкмада билим алуудагы зеригээрлик узун жолун кыскартып, жомоктогудай ары кызыктуу, ары табышмактуу, ары көп кырдуу билим алууга үндөйт. Баланын ар 3 жылда мектеп бүтүрүүчүсү болуусу менен жаңы мектепке, жаңы чөйрөгө, жаңы достордун арасына, жаңы ой-максат, жаңы көз караш, жаңы пландар менен барып кошулуп, жаңылануу менен жаңы табылгаларга умтулуусуна алып келет;
2. Мындай кыска мөөнөттүү мектепте мугалимдердин учу кыйрысыз түйшүктүү эмгеги өзүнөн өзү конкреттелип, компактталып, ар 3 жыл сайын жыйынтыкталып, аттестацияланып, туура бааланып, категориялары аныкталып, ага жараша эмгек акысы чегерилип турат. Андан улам мугалим эч кандай ураан чакырыксыз эле өз кесибине кызыгуу менен, изденүү менен, чыгармачылык менен, жаңыча көз караштагы ой жүгүртүүлөрү менен эмгектенүүлөрүнө шыктандырат;
3. Мектептерди мамлекет тарабынан көзөмөлдөө, методикалык жардам берүү, окуу базасын учурдун талабына жараша тез-тез өзгөртүп туруу, жаңылоо, байытуу, ар бир мектеп окуучуларын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окуучулук бирдей форма менен камсыз кылуу ж.б. окутуу-тарбиялоо процессиндеги уюштуруу иштерин жолго коюу, жеңил жана натыйжалуу жүрөт;
4. Идеологиялык ишкерлердин илимий бизнеске аралашууларына да кеңири жол ачылат. Алар үчүн каалаган баскычтагы менчик мектептерди ачуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт. Балдардын укуктарын коргоо мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү аркылуу жеке менчик ээлерине, мамлекеттин көзөмөлдөөсү, ата-энелердин макулдугу менен, баланын өз каалоосу менен өтө назик жоопкерчилиги жогору (тонкий) өндүрүштүк ишканалар үчүн, мыкты жумушчу кадрларын даярдоо буюртмаларын кабыл алууга да мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мындай мүмкүн-чүлүктөрдүн шарапаты менен өлкөбүздө дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты өндүрүштүк ишканалардын ачылышы анын артынан өлкөбүздүн экономикалык абалынын кескин өсүшү күтүлөт;
5. Мындай кыска мөөнөттүү мектептердин жана жеке менчик мектептердин жашашы мамлекет тарабынан билим берүү системасына ажыратылуучу 4 бюджеттик каражаттын үнөмдөлүшүнө да алып келет;
6. Бирок менчик мектептер, ата-энелер жана мамлекет тарабынан дайыма кыраакылык менен көзөмөлдөнүлүп турушу зарыл;
7. Бул сунушталып жаткан билим берүүнүн жаңы структурасы:
1) АКШ мамлекетинин билим берүү системасынын структурасына жакын түзүлүп, окшоштук жактары бар экендигин АКШда айлап командировкада жүрүп келишкен окумуштуулар тастыкташууда. Демек бул реформанын иш жүзүнө ашышына АКШ мамлекети да кайдыгер карабайт деп ойлойбуз;
2) Дин таануу сабагын мектепке киргизүү, анын ичинен ислам динине өзгөчө көңүл буруу идеясы ислам мамлекеттерин да кайдыгер калтырбаса керек деп ойлойбуз.
Ошентип бул эки өнүккөн бай мамлекеттеринин биздин өлкөдө мындай реформанын жүзөгө ашышында кандайдыр бир деңгээлде көмөк көрсөтөөрүнө ишеним артсак болот деп ойлойбуз.
8. Эгерде бул реформа коомубуздун калың катмарынын колдоосуна ээ болуп калса, өзүбүздүн жергиликтүү азаматтарыбыз да кол куушуруп турбаса керек деп ойлойбуз.
Тажи Жумалиева,
Бишкек шаары.