Мугалим жөнүндө сөз

Жеңиштин жемиштүү жазы
Ата Мекендик согуштан жарадар болуп, туулган жери Ак-Талаага кайтып келген Исамамбет деген жигиттин жүрөгүнө өмүрүндө эки кубаныч батып, батпай мелт-калт толгон. Бул 1945-жылдын жазы болчу. Дал ушул күнү анын тун кызы төрөлгөн. Маңдайы жарыла сүйүнгөн ата кызына Жеңишгүл деген ысым ыйгарган. Балдарынын ичинен өзгөчө Жеңишгүл кызынан көптү үмүт кылган ата, ал 3-классты бүткөндө кайтыш болот. Төрт баланы багып чоңойтуу үчүн Жеңишгүлдүн энеси күндүз мектептин полун жууп, түнү сугатта иштеген. Ушундай оор күндөрдө төрт бир тууган тең энесинин оор жүгүн жерден алып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушкан.

Бүгүнкү күнү Жеңиш эже Бишкек шаарындагы №88 орто мектепте үзүрлүү эмгектенген ардагер мугалим. Окуучулардын логикалык ой-жүгүртүүлөрүн өстүрүүдө математика сабагынын мүмкүнчүлүктөрү абдан зор экендигин Жеңишгүл Исамамбетовна ар дайым баса белгилеп айтып келет.

Мугалим менен ата-эне даракка окшош болсо, дарактын мөмөлөрү анын перзенттери болот эмеспи. Жеңишгүл эже беш кыз, эки уулдун мээримдүү энеси. Кыздарынан Гүлмира экономист, Гүлназ врач, Нурзат соодагер, Нурмира программист, Гүлзат алыскы Италияда эмгектенсе, уулдары Урмат менен Улан ички иштер бөлүмдөрүндө эмгектенет. Ардагер мугалимдин турмушта жеңген тоодой тоскоолдуктарын кичинекей макалага сыйдырып жазуу мүмкүн эмес.

Карапайым үй-бүлөдөн тарбия алып чыккан бала тең кийин жогорку билимге ээ болушкан. Анын бири менин каарманым, агартуу майданында 40 жылдан бери эмгектенип келе жаткан, эл агартуунун отличниги Жеңишгүл Кармышева.
Жеңишгүл эже кичинесинде ырчы болууну каалаган. Мектептин кичинекей сахнасында ырдап көнүп калган кичинекей кыз ар дайым чоң сахнада ырдоону кыялданган. Анткени анын ошол кездеги күйөрмандарынын ал жөнүндөгү зор үмүт-тилектери минтип ойлонууга шарт түзгөн. Табият берген мукам коңур үнү менен ал чоңойгондо ырчы болбой эле, математика мугалими болуп калаары анда эч кимдин оюна да келген эмес. Жеңишгүл эже 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика факультетине кирип, аны 1968-жылы ийгиликтүү аяктайт. Эмгек жолун ушул эле жылы өзү туулуп өскөн Ак-Талаа районунун Баетов айылында математика мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
Ал өзүнүн жаштыгынын жана эмгек жолунун советтик доорго, коммунистик идеологиянын жылдарына туш келгенин абдан сыймыктануу менен эскерет.
Бирок ошол алгачкы жылдарда деле мугалимдердин иштешине мүмкүн болгон шарттар аз болчу. Предметтик кабинеттер, жада калса окуу куралдарын жайгаштыруучу шкафтар, стенд, щиттер жокко эсе эле. Мунун баарын мугалимдер өз колдору менен түзүп чыгышкан. Мектептеги математикалык кабинетти Жеңишгүл Исамамбетовна окуучуларынын жардамы менен биринчилерден болуп түзгөн. Бирок педагогикалык иште мугалимдин энергиясын, нервин алмайынча эч бир иш бүтпөйт эмеспи.
"Бир класста отуз окуучу болсо, отузунун кыял жоругу ар башка. Класс жетекчи болуп иштеген жылдары ыйлаган күндөрүм көп болгон", - деп эскерет Жеңишгүл эже.
Ал кездерде окуучулар арасында комсомолдук чогулуштардын тарбиялык мааниси абдан чоң болгон экен.
Жеңишгүл эженин классы жогорку класс болгондуктан бир жолу мектептин директору анын балдарына олуттуу тапшырма берет. Ал мектептин котельныйынын айланасын сокмо дубал менен тосуу эле. Бул тапшырманы балдар кош көңүл кабыл алышып, жумушка келгенде бирин-экин гана бала чыгат. Буга капа болгон Жеңишгүл эже "силер мындай кылсаңар, мен силерди директорго айтып, ата-энеңерди чакыртып, баарыңарды комсомолдук чогулушка саламын", - деп ыйлап кетип калат. Эртеси жумушка бир да бала калбай чыгып, Жеңиш эжени биринчи өздөрү күтүп алышкан экен. Мына ушундай эмгеги менен ал 1975-жылы эл агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланат. Жеңиш эжени Жеңиш деген атын чыгарып турган бул - анын табият берген ырчылык талантында. Ал учурда Ак-Талаада ыр-күүнү сүйгөн мугалимдер, "акылгөй Каныкей" аттуу топ түзүшкөн. Жеңишгүл эже өзүнүн сүйгөн экинчи кесиби ырчылыкты ушул топто уланткан. Бул топтун ырчылары Нарында өткөрүлгөн "Даткайым" кароо конкурсунда биринчи орунду ээлеген. Мунун өзү эле топтун курамында таланттуу ырчылар бар экендигин айтып турат. Убакыт деген көзгө илээшпей бат өтөт эмеспи. Бүгүнкү күнү бул топ өзүнүн атын "Ак Мөөрдүн сиңдилери" деп өзгөртүп, курамы жалаң байбичелерден турат. Топтун ырчылары ар түрдүү тармакта эмгектенген аялдар. Алар жаш курагына, ортодогу аралыкка да карабастан чакырган жерге барып өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап турушат. Жеңишгүл Исамамбетовна да бул иш-чарадан артта калбайт.
Бүгүнкү күнү Жеңиш эже Бишкек шаарындагы №88 орто мектепте үзүрлүү эмгектенген ардагер мугалим. Окуучулардын логикалык ой-жүгүртүүлөрүн өстүрүүдө математика сабагынын мүмкүнчүлүктөрү абдан зор экендигин Жеңишгүл Исамамбетовна ар дайым баса белгилеп айтып келет. Анын сабактарында окуучулар анализ, синтез, салыштыруу, абстракциялоо, конкреттештирүү жана жалпылоо сыяктуу ой-жүгүртүүнүн түрдүү ыкмалары менен таанышышып жана аларды практикалык иштерде пайдаланышат.
Математика сабагын ар дайым турмуш менен байланыштырып өтүү окуучулардын зор кызыгуусун жаратат. Анткени азыр базар экономикасынын шарттарында Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөдө үй-бүлөлүк бюджетти кантип байытып, кантип сарптоо керектиги ар бир атуулдун ой-кыялында турган маселе. Ал эми окуучулардын аң-сезимине туура таасир берүү бул мугалимдин милдети эмеспи. Жеңишгүл Исамамбетовна бул жаатында изденип эмгектенген мугалим. Ал өзүнүн окуучуларына ар дайым адамдар эмгегине жараша акы алаарын айтып, ага карата ар кандай маселелерди чыгартып, алардын эмгекти сүйүүгө болгон кызыгуусун ойготот. Мисалы, процентти эсептөөгө маселелерди чыгарууда окуучуларга процент боюнча эсептөөлөрдү үйрөтөт. Бул жерде класстагы ар бир окуучуга атасынын айлыгы, апасынын айлыгы, эжеси же байкесинин стипендиясы үй-бүлө бюджетинин канча процентин түзөт? - деген сыяктуу маселелер берилет. Бул ар бир баланын жеке үй-бүлөсүнө байланыштуу маселе болуп, тапшырманы аткарууда балдарды терең ойлонууга түртөт.
Ал көп орундуу сандарды, ондук бөлчөктөрдү кошуу жана кемитүүнү өткөндөн жалаң гана окуу китебиндеги темалар менен чектелип калбайт. Жеңишгүл Исамамбетованын көрсөтмө куралдарынын арасында гезиттик жана журналдык материалдар өтө көп. Мындан окуучулар Кыргызстанда жыл сайын канча дан, жашылча, эт, сүт өндүрүлүп жаткандыгы тууралуу таанышышат. Андан кийин окуучулар бул продукциялардын кайсы жылы канча өндүрүлгөндүгүн салыштырып маселелерди чыгарышат. Демек өндүрүштү уюштурууда жана башкарууда, аны үнөмдөөдө математиканы колдонуунун негизги жолдору менен таанышуу окуучуларга абдан кызыктуу. Эженин сабактарында бул маселелер ар дайым практика жүзүндө колдонулуп келет. Ардагер мугалимдин мына ушундай эмгеги мектеп жетекчилиги тарабынан да унутта калбайт. Мектептин директору Ниязалиева Гүлмиранын демилгеси менен быйыл алдыңкы төрт-беш мугалим Ысык-Көлдө эс алып келишти. Алардын арасында Жеңиш эже да бар. Мугалим менен ата-эне даракка окшош болсо, дарактын мөмөлөрү анын перзенттери болот эмеспи. Жеңишгүл эже беш кыз, эки уулдун мээримдүү энеси. Кыздарынан Гүлмира экономист, Гүлназ врач, Нурзат соодагер, Нурмира программист, Гүлзат алыскы Италияда эмгектенсе, уулдары Урмат менен Улан ички иштер бөлүмдөрүндө эмгектенет. Ардагер мугалимдин турмушта жеңген тоодой тоскоолдуктарын кичинекей макалага сыйдырып жазуу мүмкүн эмес. Жакшы сөз жан эргитет демекчи бул жөн гана жаңы окуу жылынын башталышы менен азыр да катарыбызда жүргөн ардагер мугалимдин көңүлүн улап, демине дем кошуу эмеспи. Жеңиштин жадыраган жазында төрөлгөн Жеңиш эженин баскан турган жерлеринде ар дайым жеңиш болсун демекчимин.

Гүлзат Токторова,
Бишкек шаары №88 мектептин мугалими.