Ой толгоо

Инсандык улуу сапаттардан өксүбөйлү
Улуттук орто билим берүү системасынын структурасын өзгөртүп түзүү аркылуу билим берүүнү заман талабына ылайык жаңыча уюштуруунун зарылдыгы жөнүндө

(Башталышы өткөн санда)

Жалпы орто билим берүү системасынын жаңы структурасынын долбоору

Бул жалпы орто билим берүү системасынын жаңы структурасынын долбоору төмөнкү:
"Балаңды 7 жашка чейин падышаңдай сыйла, 13 жашка чейин кулундай жумша, 18 жашка чейин оюна кой, андан ары жакшы көргөн коңшуңдай тең кара" - тарбиялоонун элдик принцибине жана
"Бала 7 жашка чейин бала куракта, 13 жашка чейин дастияр куракта, 18 жашка чейин өспүрүм куракта, андан ары кадыресе адам катары калыптанат" - деген элдик тарбиялоонун этаптык-курактык принцибине негизделип түзүлгөн.
Тарбиялоонун бул элдик принциптеринин миңдеген жылдардан ушул күнгө чейин маанисин жоготпой коом ичинде колдонулуп, жемишин берип, жашап келишинин өзү эле бул принциптердин түбөлүктүүлүгүн, бекемдүүлүгүн, эффективтүүлүгүн тастыктап турат.
Андай болсо тарбиялоонун бул элдик принциптерине таянуу аркылуу билим берүү жана тарбиялоону жаңыча уюштурууга чечкиндүү кадам таштоо менен эч кандай жаңылыштык кетирүү мүмкүн эмес деген тыянак чыгарууга болот. Тескерисинче: мына ушундай чечкиндүү кадамдын таасиринен гана билим алуучулардын бекем, терең, күчтүү, учур талабына шайкеш келген билим базасын түзүп алууларына шарт түзүп берүүгө толук мүмкүн.
Ошентип тарбиялоонун бул элдик принциптеринин негизинде учурдагы билим берүү системасынын структурасын, бири-биринен көз карандысыз, өз алдынча жашап, өз алдынча аракет жасашкан, кыска мөөнөттүү төрт баскычтагы мектептерге бөлүп кароо учур талабына шайкеш келет.
1. I - баскычтагы мектеп (1-4-кл.) башталгыч билим берүү мектеби.
2. II - баскычтагы мектеп (5-7-кл.) негизги билим берүү мектеби.
3. III - баскычтагы мектеп (8-10-кл.) жөндөмүнө жараша билим берүү мектеби.
4. V - баскычтагы мектеп (11-12-кл.) жогорку окуу жайына студенттерди даярдоо мектеби.
Бул мектептер бири-биринен балдардын жаш өзгөчөлүктөрү менен гана айырмаланбастан, окутуп-тарбиялоонун бардык функциялары менен да: уставы, багыты, максаты, эрежелери, билим алууга коюлуучу талаптары, жүктөлгөн милдеттери, ыйгарылуучу укуктары жана дагы билим берүү процессиндеги бардык элементтери менен да айырмаланып турушат. Ар бир мектептин өз алдынча гимни, девизи, окуучулук формасынын болушу талапка ылайык.
Эми бул мектептердин ар бирине өз-өзүнчө токтолуп кетели.
1. I - баскычтагы мектеп - башталгыч билим берүү мектеби деп аталып "балаңды падышаңдай сыйла" курагына туура келген балдарды, алты же беш жашынан, ден соолугу тууралуу справкасы менен кабыл алып, "бала курактагы" окуучуларды өзүнө камтыйт. Бул мектептин, мектеп жамаатынын окутуу-тарбиялоо процессиндеги негизги милдети болуп: балага окуганды, жазганды, сүрөт тартканды үйрөтүп, окуган, көргөн, уккан информацияларын ооз эки баяндап бере алуусун, кагаз бетине жазуу түрүндө да, элестүү сүрөт түрүндө да түшүрө алуусун калыптап, өзү кабыл алган информацияларынын үстүнөн аналитикалык эркин ой-жүгүртүү жана сын көз караштагы ой-пикирин ачык айтуу жөндөмдүүлүгүн калыптоо болуп эсептелет.
Бул мектепте балдарга үй тапшырмасы берилбейт. Анткени бул курактагы бала үй тапшырмасын аткарууда өзүнөн чоңдорго көз каранды болуп, бир топ түйшүк тартып калышы мүмкүн. Анын ордуна баланын мектепте 9:00дөн 17:00гө чейин машыгуусу көбүрөөк эффект берет. Балдарга түшкүгө тамак берилет. Түштөн кийин кружок иштери менен алектенишет. Бул мектепте кружок иштери негизинен улуттук мүнөздө жүрүшү зарыл. Өзгөчө: элдик оозеки чыгармаларды сахналаштыруу, элдик чыгармаларды чагылдырып сүрөт тартуу, элдик аспаптарда ойноо, элдик бийлерди сахналаштыруу сыяктуу кружокторго өзгөчө көңүл бурулушу керек. Кружоктор 1-4-класстын окуучуларын бирдейине камтыган кенен формада болушу зарыл. Мындан: улуусу кийин кирген кичүүсүнө жардамдашып, көмөктөшүп, билбегенин үйрөтүп, өз ара пикир алышышып "улуудан урмат, кичүүдөн ызат" накылынын негизинде тарбияланышат. Ошондой эле дүйнөлүк практикадагы "үй-бүлөлүк мектептин" элементтери да сакталат.
Эгерде башталгыч мектептин окуучулук формасы улуттук стилде заман талабына ылайык жасалса анда, жаңы муундарыбыздагы улуттук мүнөздүн, патриоттук сезимдин калыптанышына чоң таасир берген болот элек. "Куш уядан көргөнүн учканда алат" деген накылдын негизинде бала башталгыч класста алган билимин тарбия-таасирин өзөк тутуп, ошол өзөктүү билимин, андан ары, өмүр бою толуктап, кеңейтип, байытып жүрүп отураарын эсибизден чыгарбай көңүлүбүздүн борборунда бекем кармашыбыз керек. Ошондуктан бул курактагы бала чочубай, сезгенбей, өзүнүн алсыз жактарын сезбей, өзүн падышадай сезип, бул курак үчүн чегерилген билим базасын бүт дилине сиңирип алуу аркылуу кабылдашын мектеп жана мектеп жамааты шарттоолору зарыл.
Баланын билими бул мектепте 4 жыл бою бааланбайт, аны менен бала өзүнүн алсыз жактарын сезбей мектеп психологдорунун, методисттеринин жардамы менен ар тараптан өнүгүп, бардык сабактарга жетишип, башталгыч билимге толук ээ болот. Баланын 1-2-3-4-класстар үчүн чегерилген бардык билим базасын кенен, бай, демократиялык жол менен, бүт дилине сиңирүү аркылуу алуусун мектеп мамлекет менен жана ата-энелер менен болгон келишимди кепилдейт. Баланын мектепти бүтүрүү астындагы аттестацияланышы бала үчүн эмес мектептин, мугалимдердин, психологдордун, методисттердин категорияларын аныктоо максатында гана жүргүзүлөт. Ал эми балага жөн гана "Башталгыч билимге ээ" деген күбөлүк берилет. Бул күбөлүктүн жардамы менен бала каалаган экинчи баскычтагы мектепке сөз жок кабыл алынат.
2. II баскычтагы мектеп негизги билим берүү мектеби деп аталып, жогорудагы элдик принциптин "Балаңды кулуңдай жумша" курагындагы 5-6-7-класстардын окуучуларын же "дастияр" курактагы балдарды өзүнө камтыйт. Бала бул мектептен илимдин бардык түрлөрү боюнча: (адабият, тарых, алгебра, геометрия, физика, география, биология, ботаника, черчение, кол-өнөрчүлүк, дин таануу ж.б.) өтө көп сабактардан информацияларды алышат. Бул информацияларды сиңирүү үчүн баладан өтө көп эмгек, энергия талап кылынат. Ошондуктан бул мектепте тартип, режим, талап өтө катуу болушу зарыл. Баланы мектеп эрежелерине убакытты туура пайдалануу үчүн түзүлгөн күндөлүк режимге бекем байлап, багындыруу керек. Бул мектеп балага темирдей бекем тартип алдында, туура режимди пайдалануу аркылуу, ар кандай кыйынчылыкка туруштук берип, аны жеңе билүүнү үйрөтөт. Бул мектептин негизги максаты: баланы эрктүүлүккө, чыдамкайлуулукка, эмгекчилдикке, адилеттүүлүккө тарбиялоо болуп саналат.
Бул мектепте үйгө тапшырма берилет. Анткени бул курактагы балдар үчүн чегерилген билим базасына жетишүү үчүн баланын мектептен машыгуусу аздык кылат. Ошол себептен бала үйдөн да өз алдынча машыгуусу зарыл.
Белгилей кетүүчү жагдай: бул мектепте бала дин таануу сабагынан: дүйнөдөгү бардык диндердин түрлөрү, алардын окшоштугу жана айырмачылыктары, диндин келип чыгуу себептери жана тарыхы, алардын ичинде өзгөчө ислам дини жөнүндө, ислам дининин келип чыгуу жана тарыхы, ислам динин коомдун, илим жана техниканын өсүп-өнүгүүсүнө тийгизген таасирлери, мусулмандар үчүн талап кылынуучу парздар, милдеттер, эрежелер, мусулмандарга ыйгарылуучу укуктар, Мухаммад пайгамбардын осуяттары жөнүндө көптөгөн маалыматтарды алышат.
Бул мектепте кружоктун бардык түрлөрүнүн иштегенине карабай, баланын мектеп кружогуна сөзсүз катышуусу зарыл эмес. Анткени бул куракта баланын өз эркин, өз алдынча чыңоосу көбүрөөк пайдалуу. Мисалы, китепканаларга барып, спорттук мектептерге барып, же жөн эле үйдөн сырткы чөйрө менен изоляцияланган абалда окуп, өз алдынча ой жүгүртүп, өз алдынча сүйлөп машыгуу менен да ийгиликке жетишүүсү мүмкүн. Бирок баланын сабактан кийин эмне менен алектенип жүргөндүгү жөнүндө мектеп кабардар болуп турушу керек.
Бул мектепте баланын эмгеги сөзсүз түрдө бааланат. Мисалы: "0"дөн "6"га чейинки балл өлчөмүндө. Баалоонун бул түрү, бала үчүн, өз чамасын өзү аныктап, өз жөндөмдүүлүгүн өзү баалап, таразалап, келечекте кайсыл багыт боюнча өз билимин улантып, чоң чыгармачылыкты көздөй кандайча кадам таштаарын, өз алдынча аныктаарына шарт түзөт. Ал үчүн баланын ар бир сабактан: күн сайын, анан чейрек сайын, андан жыл ичинде, акырында үч жыл бою топтогон баллдарынын жыйындысын эске алып, баланын кызыгуусунун, каалоосунун негизинде, ата-энесинин макулдугу менен, мектеп психологунун сунушу менен балага, 3-баскычтагы мектептин өзү тандап алган бөлүмүнө мектеп тарабынан жолдонмо берилет.
3. III баскычтагы мектеп - жөндөмүнө жараша билим алуу мектеби деп аталып, жогорудагы элдик принциптин "балаңды өз жайына кой" курагына туура келген 8-9-10-класстын окуучуларын же "өспүрүм курактагы" балдарды өзүнө камтыйт.
Бул мектеп баланын жөндөмүнө жараша өзү тандап алган багыты боюнча эркин, демократиялуу билим алуусун шарттоо максатында үч бөлүккө бөлүнөт:
1-прикладдык илимдер бөлүмү;
2-гуманитардык илимдер бөлүмү;
3-табигый илимдер бөлүмү.
Бул бөлүмдөр негизинен бир мектепте жайгашуусу талапка ылайык келет. Бирок айрым учурларда (менчик мектептерде) бул бөлүмдөр өз алдына жашашы да мүмкүн.
Бул мектепте бала көңүлү сүйүп, жүрөгүнө жакын сезип, өзү тандап алган илими боюнча өз күчүн, эркин, мүмкүнчүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн сыноого киришет. Баланын бул аракети сабактан кийин өткөрүлүүчү практикалык жумуштар менен: өнөрканаларда, студияларда, лабораторияларда коштолот. Бул мектепте кружок иштери жүргүзүлбөйт. Анын ордуна бала тандап алган багыты боюнча конкреттүү практикалык жумуштар аткарылат. Бул мектептин негизги максаты: баланын эмгектене билүүгө, чыгармачылык менен изденүүгө, өзү тандаган кесибин сүйүүгө, анын эң назик сырларын өздөштүрүү үчүн бел байлап иштөөгө жана ал кесиптин чебер устаты болууга багыттоо болуп саналат.
1. Прикладдык илимдер бөлүгүндө өнөрлүү балдар, өнөр үйрөнүүгө бел байлашкан балдар окуп, билим алышат. Бул бөлүмдө: адабият, тарых, коом таануу, алгебра, геометрия, черчение, кол өнөрчүлүк же өнөрчүлүк үчүн талап кылынуучу кесиптик сабактарды окушат. Сабактан кийин өнөрканаларда практикалык жумуштар менен машыгышат.
2. Гуманитардык илимдер бөлүмүндө балдар: адабият, тарых, коом таануу, табият таануу, математика ж.б. гуманитардык илимдерди терең өздөштүрүү үчүн талап кылынуучу сабактарды окушат. Сабактан кийин студияларда практикалык жумуштарды аткарышат.
Белгилей кетүүчү жагдай: Гуманитардык илимдер бөлүмүндө дагы бир кичинекей бөлүм ачылып, ал бөлүмдө ислам динин терең үйрөнүүнү каалагандар үчүн араб тилинде сүйлөгөндү, жазганды, окуганды үйрөнүү мүмкүнчүлүгү да түзүлөт.
3. Табигый илимдер бөлүмүндө балдар: адабият, тарых, алгебра, геометрия, физика, химия, биология, география, астрономия ж.б. табигый илимдер менен кенен таанышышып сабактан кийин лабораторияларда практикалык жумуштарды иштешет.
Бул мектепте балдардын чамасы алардын жасаган практикалык жумуштарынын негизинде, "0"дөн "6" га чейинки балл өлчөмүндө бааланат. Мындай баалоо баланын чыгармачылык менен эмгектенүүсүн калыптайт. Бала өзүнүн 3 жыл бою чогулткан баллдарынын, өзүндө түзүлгөн билим базасынын, ата-энесинин же демөөрчүсүнүн чамасынын негизинде андан ары окуусун улантуусун же улантпоосун өзү, өз алдынча чечет. Бул чечимдин негизинде мектеп тарабынан балага:
а) жумушка орношуу же КТООЖго орношуу тууралуу жолдонмо;
б) IV баскычтагы мектепке билимин андан ары улантуу тууралуу жолдомо берилет.
Бул мектепти бүтүргөн бала: өнөрканалардын, студиялардын, өндүрүштүк ишканалардын алдында эмгектенип, окуп, чыгармачылыгын арттырууга жөндөмдүү болуп чыгуусун мектеп ата-энелер жана мамлекет менен болгон келишимди кепилдейт.
Белгилей кетүүчү жагдай: Эгерде КТООЖдор үчүн чегерилген программаны ийкемдүүлүк менен 3-баскычтагы мектепке киргизип, балдарга түштөн кийин өткөрүлүүчү практикалык жумуштун эсебинен бир аз убакыт бөлүп алуу менен бере алсак:
1. Баланын жумушка жарамдуу курагынан утушка ээ болот элек;
КТООЖ
2. Мектеп
ЖОЖ байланышынын ордуна

Мектеп КТООЖ ЖОЖ байланышы түзүлүп натыйжада.
Жогорку билимдүү адис, КТООЖдун программасын толук өздөштүрүп бүтүргөндүгүнүн таасиринен, кол астындагы жумушчуларынын деңгээлин, мүмкүнчүлүктөрүн, кесиптик сырларынын түйшүгүн, көйгөйлүү маселелерин жакындан сезе билип, иштин эффективдүү алга жылышында өз ара кызматташтыкта, биргелешип, аракет жасоо тажрыйбасына ээ боло алат эле.
Тажи Жумалиева.
(Уландысы кийинки санда)