Эскерүү

Кыргыз маданий коомчулугу бул күндөрү көрүнүктүү журналист жана маданият ишмери Сулайманов Зарлыкты эскерип жатат. 12-сентябрда Таластагы Улуттук "Манас Ордо" комплексинде маркумдун жаркын элесине жана өрнөктүү өмүр жолуна арналган "өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" деген темадагы эскерүү иш-чарасы өткөн жатат. Ошондой эле Манастын күмбөзүнүн алдындагы адабий-этнографиялык музейде З.Сулаймановдун өмүр жолун чагылдырган атайын турникет ачылмакчы.

Өрнөктүү өмүр
Кыска өмүрдөгү өчпөс из
"Манас" этнографиялык музейинин алгачкы директору жана аны уюштуруучулардын бири Сулайманов Зарлык Сулайманович 1932-жылы 9-майда Талас областынын Буденный районундагы (азыркы Талас району) "Терек" колхозунда карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
Балалык жана тестиер курагы 1937-38-жылдардагы репрессия мезгили менен Улуу Ата Мекендик согушка туш келген. Зарлык эмгекчил, адептүү жана аракетчил адам болуп калыптанган. Билим алууга болгон талабы да күчтүү эле. Ушундан улам ал орто мектепти өз айлынан кыйла алыс жердеги Көк-Арык орто мектебинен аяктап, Үч-Эмчек айылдык кеңешинде маданият бөлүмүн башкаруу менен эмгек жолун баштаган.
Ушундан тарта анын бүткүл өмүр жолу, чыгармачылыгы маданият жана басма сөз тармагы менен байланышып, өзүн терең билимдүү, кругозору кенен, такшалган адис, өз кесибинин билерман адиси катары көрсөтүүгө жетишип, эл-журтка таанымал болгон.
Зарлык Сулайманов 1953-56-жылдары Советтик Армиянын катарында жоокердик милдетин өтөп келгенден кийин 1956-жылы Буденный райком комсомолунда бөлүм башчы, инспектор болуп иштейт. Жогорку билимдүү адис болууну көксөгөн Зарлык 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны 1962-жылы журналистика адистиги боюнча бүтүрүп чыгат. Демек, аны республикабыздагы жогорку билимдүү журналисттердин алгачкы муунуна кошсок болот.
Мындан кийин Зарлык Сулаймановдун турмушунда жаңы тилке, чыгармачылыгында өзгөчө үзүрдүү учур башталат. Ал 1962-1966-жылдары ал кездеги өтө популярдуу "Ленинчил жаш" гезитинде мектеп жана жогорку окуу жайлар бөлүмүн башкарат, 1966-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин алдында жаңы ачылган телерадио комитетинин идеология бөлүмүнө жетекчи болуп бекитилет. Ал мезгилде бул өтө жооптуу бөлүм катары эсептелип, ага даярдыгы жогорку адистер гана дайындалып келген.
1977-жылдын алгачкы айынан тарта Зарлык Сулайманов республиканын маданият министрлигинин багыттоосу менен жаңы ачылып жаткан "Манас" музейин жетектөөгө жиберилет да, аны уюштуруп, ишин жолго коюуга албан эмгек сиңирет. Музейдин жалпы структурасын айкындоого, экспонаттарды тандап, ылайыктуу жайгаштырууга, анын айланасын жашылдандырууга болгон аракетин жумшап, тынымсыз эмгектенет. Манас баатырдын атактуу Мамы ташын жана башка бир катар эстеликтерди көчүрүп келүүнү уюштурат. Республиканын маданият министрлигине музейдин базасында "Манас Ордо" комплексин түзүүнү сунуштап, анын баштапкы долбоорун иштеп чыгат.
Мындай түйшүгү көп иштер менен катар Зарлык Сулайманов чыгармачылык менен алектенип, ондогон публицистикалык макалаларды жазып, таланттуу журналист катары таанылат. Анын ырлары 1962-жылы жарык көргөн жаш акындардын "Дүбүрт" жыйнагынан орун алат. К.С.Ларкиндин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору тууралуу эмгегин кыргызчага которуп, партиялык-комсомолдук материалдарды пропагандалаган бир канча олуттуу макалаларды жарыялайт.
1982-жылдан тарта Зарлык Сулайманов Кыргыз мамлекетинин филармониясында иштеп туруп, 1983-жылы 51 жашында, кайрат-күчкө, чыгармачылык дем-жигерге толуп турган кезинде ооруп дүйнөдөн кайтат. Ал өмүрлүк жары Наске апа экөө 10 баланы (5 уул, 5 кыз) тарбиялап өстүрүшкөн. Алар бүгүнкү күндө түрдүү кесиптин ээлери, коомдун татыктуу мүчөлөрү болуп иштеп, жашап жатышат.
Ошентип, таланттуу журналист жана акын, маданият тармагындагы белсемдүү уюштургуч-ишмер жана мыкты инсан катары Зарлык Сулайманов өзүнүн кыска өмүрүндө өчпөс из калтырды. Ал жасаган иштер татыктуу улантылды, жакшынакай уул-кыздар, небере-чөбөрөлөр өсүп, жетилип келе жатат. Эл Зарлык Сулаймановду унуткан жок. Ушулардын баары ага коюлган эстелик десек болот!

Курманбек Абакиров, филология илимдеринин кандидаты,
Шайлообек Эсеналиев, Эл агартунун отличниги, тарыхчы.

Асыл адам эле
Зарлык Сулайманов өмүрлүк жары Молдомуратова Наске менен "Сары-Булак" өрөөнүнүн көкүрөк жагындагы Козукенин кыштоосунда түбөлүккө бирге болууга антташып үйлөнүшкөн.
"Сүйүүнүн күчү керемет" дегендей, Зарлык Наске экөө бири-бирин жактырып, эски салтка каршы турушкан. Кудалашып койгон ата-энесинин убадасына баш ийбей, үйдөн качып чыгып советтик мыйзамга ылайык үйлөнүшкөнүнө күбө болгом.
Үйлөнүшкөндөн баштап Наске ар кандай жумушта иштеп, Зарлык окуусун улантып, Кыргызстандын борбору Фрунзеге көчүп келип түтүн булатышты. Зарлык менен үй-бүлөлүк жакшы мамиледе болуп, карым-катнашта жүрдүк. Ал адамкерчиликтүү, жапакеч, колунан келсе адамга жакшылыгын аябаган адам болчу.
Зарлык Сулайманов рухий жактан бай, жаратылыштын өнүгүү закондорун билген, өз балдарынын турмушта жакшы жолдо баратканына сыймыктанып, ага ишенген адам экенине ынандым. Анткени өмүрүнүн акыркы күндөрүндө мени чакырып алып: Токмок жакта "ажалга арачы" болгон табып бар экен, алып барып келчи деп өтүнгөн эле.
Мен табыпка алып бардым. Ал табып дары жасап берип, үйүнө чейин келип жакшы сунуштарын айтты. Табыпты узаткандан кийин: дары суудан азыраак ичип, анан кайратына келип: жубайы Наскени, балдары: Болот, Деңиз, Нурпаисти чакырып, жашоого ыраазычылыгын билгизип тапшырма берди. Кыргыздын салты боюнча жылкы союуга акчасын берип, уулу Болотту Кеминге жөнөттү. Жайын каздыруу, башкаруу жумуштарын экинчи уулу Дениске тапшырды.
Филармонияга боз үйүн алып келип тиктирүүнү уюштуруу жагын мага ишенип айтты. Жашоодо өмүр түбөлүктүү эмес деди. "Өмүр өтүп кетсе эл эмгектен эскерер" деп ойлуу тиктеп жатканда Мелистин аскерден келгенин угуп, балам аскерден келген экен деп күлүңдөгөн бойдон көзүн жумуп, узап кетти.
Сулайманов Зарлыктын өмүр жолу жаштарга өрнөк болгонуна, акыркы керээз сөзү аткарылганына кубанам. Кайраттуулугуна таң берип, өзү өтүп кетсе да жезделик мамилесин эстей берген
Асанкан Султанмуратов,
Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген энергетиги, энергетиктердин республикалык кесиптик комитетинин төрагасы.

кыйышпас жан досума ыраазымын
Кыргыз мамлекеттик университетинде беш жыл чогуу окуган курсташым, кадырман жолдошум, бир чети досум Зарлык Сулайманов жөнүндө эсте калгандар төмөнкүчө:
Азыркы мезгилде Зарлыктын жакшы билген жолдоштору деле калбай калды көрүнөт. Ал экөөбүз университетке 1957-жылы кирип, 1962-жылы бүтүрүп чыктык. Мен аны менен адеп университетке кирүү экзамендерин тапшырып жатканда тааныштым. Ачык айрым, адамга өтө жугумдуу жигит эле. Райком комсомолдо иштеп жүрүп университетке келиптир. Ыр жазам деди мага. Ал улуу экенине карабай экөөбүз ынак болуп кеттик. Бирок, мен жаңы эле орто мектепти бүтүп келген боз бала катары андан сүрдөп жүрдүм. Бир чети, өтүп калсак университетте ушундай тажрыйбалуу жигиттер менен окуйт экенбиз да деп өзүмчө сыймыктанам. Өтүп, бир курста окуп да калдык. Анда мен Зарлыктын үй-бүлөсү бар экенин билчү эмесмин. Айттым го башында, адамга өтө жугумдуу болчу деп. Ал бизди жашсынтпай, тең ата жолдош катары жүрдүк. Биз аны тамашалап "Сарылык же Сашка" деп койчубуз. Анткени, Талас менен Чүйлүктөр "З" тыбышынын ордуна "С" менен айтабыз да. Беш жыл бою ал абдан жакшы окуду. Анткени стипендия алыш үчүн жалаң гана "5" же "4"кө экзамендерди тапшырыш керек эле. Ошентип, Зарлык курдашым камчы салдырбай, окуп жүрүп университетин бүтүп, түз эле "Ленинчил жаш" гезитине кызматка өттү. Эсте калган бир нерсе: Зарлык университеттин акыркы курсунан баштап, Байдылда Сарногоев сыяктуу акындар менен достошуп, Байдыкени ээрчий жакшы эле алаксыды. Ошондо мен жаш болсом да: Заке, Баке чоң акын, бирок аны жандагандан көп пайда жок. Алыс эле жүрчү, аракка алдырып коесуң деген күндөрүм көп эле болгон. Бирок кеңешим канчалык таасир бергенин айта албайм. Ал тез эле Байдыкенин "сүрмө топ" досторунан бөлүнүп өз жолуна түштү. Кийин журналисттик калеми жетилип, "Кызыл Кыргызстан" гезитине кызматка өттү да, эмнегедир фельетондорду көбүрөөк жаза баштады. Бирок анда да, мен айттым: "Заке, фельетон опуртмалуу жанр. Душманды көп күтүп аласың. Эгерде жазгандарың далилденбесе, сага оор болот". Айтканымдай таластык бир башкарманын үстүнөн фельетон жазып, ал дагы оңой эмес, кыйын экен ЦКга чейин арыздарды дуулдатты. Ошондон кийин Зарлык радио-теле комитетке кызматка өткөн болчу. Ал жакта дагы фельетонду токтоткон жок. Анда мен Кыргыз Республикасынын маданият министринин биринчи орун басар болуп иштеп калгам. Мага кызматка көп келет. Эзилише, сүйлөшүп алып тарайбыз. Ошондо Талас областында "Манас ордо" комплекси түзүлүп жаткан. мен Заке ушул комплексти барып уюштуруп, директор болуп иштеп бер десем, дароо макул болду. Талас шаарынан үй алып бердик. Кийин музейдин ачылышына мен өзүм барып катыштым. Анда Манас күмбөзүн реставрациялап бүткөнбүз. Мен Таласка тез-тез барчумун. Зарлык Сулайманов Таласта жүргөндө толук кандуу музей уюштуруп, өзүнүн эң эле мыкты жетекчи экенин көрсөттү. Айтор, Зарлык досума, Манастын арбагы жардам бердиби, деги эле комплекс Кыргызстандагы бирден бир мыкты музей боло алды. Музейди көргөнү эки жактан эл-журт агып келет. Кээде, атактуу меймандар чакырылганда Зарлык экскурсияны өзү өткөрчү. Ал учурда Заке алкыштан башка жеме уккан жок. Ылайыгы келсе эле мени Таласка көп чакырчу. Ал тургай мен Таласка барганда мен Зарлыктын үйүндө жатып калчумун. Ал кезде кыргыз адабиятынын классиги Касым Каимов Таласта жашап калган. Мен Таласка барганда Касыкеме учурашпай өтчү эмесмин. Кээде эки-үч күнгө чейин үйүнөн кетирбей Зарлык экөөбүздү сыйлап калчу эле, кайран киши. Кызык жери Зарлык жүрөгү таза, адамкерчилиги артык, адамга жугумдуу, досчул көкжал эле! Бирөө жөнүндө кылтайган жамандык айтчу эмес. Ошо Зарлык Сулайманов уюштуруп негиздеген "Манас ордо" комплекси азыр ажайып ыйык, кооз жайга айланды.
Бир курдай кечке жуук кызматка кирип келди. Көпкө сүйлөшүп отурдук. Айтат: Асаке, мен жаш аялимет адаммын, шарты жок квартирада турабыз. Мен ЦКнын биринчи катчысы Т.Усубалиевге квартира сурап кат жаздым эле. Мага төрт бөлмөлүү квартира бермек болушту. Эгерде Таласта иштей берсем, квартира албай калат окшойм. Мен дароо Зарлыкты түшүндүм да, Таластагы директорлук кызматынан бошотуп филармонияга директордун орун басары кылып бекиттим. Келери менен Усубалиевдин уруксаты менен көп балалуу үй-бүлө катары 4 бөлмөлүү квартира алып, калган балдарын эски квартирасында калтырды. Мен билгени Зарлык кайда жүрбөсүн, кайда иштебесин, мен дегенде жанын жерге койчу. Экөөбүз ошончо жыл бирге жүргөн мезгилдин ичинде бир дагы жолу көңүлүбүз калышкан жок. Жакын курдашым, кыйышпас жан досум эле, кайран Зарлык. Кийин элүү жашка чыгып жатканда жаман оору (рак) менен ооруп калды. Мен шашылыш иштер боюнча Прибалтикага кетип жаткам. Аны узап кетет деген ой менде жок эле. Коштошуп коюп кете бердим. Мага кечинде телефон чалышты. Досуң узап кетти деп. Иштешкен жааматына жана жоро-жолдошторуна тапшырма бердим: жакшылап сөөгүн каада-салт менен койгула - деп. Артында өзүнө окшош мыкты уул-кыздары калды. Ушу кезге чейин алардын эч кимиси менен кол үзүшө элекмин. Турмуш курган балдарынын тойлорунда аяш атасы катары биринчи тосту да урмат-сый менен мага беришет.
Мен досума ыраазымын. Арбагы бала-бакырасын, неберелерин колдой жүрсүн.

Асанбек Стамов,
кыргыз эл жазуучусу, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Манас" орденинин кавалери.