Реформарын ишке ашырууга мүмкүндүк түзүлүп берилет.
3.4.2. Тармактык уюштуруу башка билим берүү уюмдарынын билим берүү ресурстарын максаттуу түрдө жана уюшкандыкта тартуунун эсебинен мектепте (билим берүү уюмунда) окуучуларды окутууну ишке ашырууга мүмкүндүк берүү менен эки негизги вариантта түзүлүшү мүмкүн.
Биринчи вариант жетиштүү материалдык-техникалык базасы, кадрлык потенциалы бар "ресурстук борбордун" ролун аткаруучу жетектөөчү мектептин айланасына бир нече билим берүү уюмдарын бириктирүүгө байланыштуу. Тармакка кирген ар бир мектеп базалык предметтерди толук өлчөмдө, айрым профилдик предметтерди жана элективдик курстарды (тандоо курстарынын) өз мүмкүнчүлүгүнө ылайык окуп-үйрөнүүнү камсыз кылат, ал эми профилдик даярдоонун калган бөлүгүн "ресурстук борбор" өзүнө алат. Ресурстук борбордун кызматын, мисалы, өз алдынча уюм катары уюшулган окуу-өндүрүштүк комплекс (ОӨК) аткарышы мүмкүн. Бул учурда балдардын өмүрүнүн жана саламатчылыгынын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды ташып келүүнү уюштуруу, чоңдордун жардамы менен аларды билим берүүчү ар түрдүү жерлерге коштоп баруу, уюштуруучулар менен уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндөгү нормативдик документтерди камсыз кылуу маселелерин чечүү зарыл.
Экинчи вариант кошумча билим берүүчү ресурстарды тартуу менен (дистанттык курстар, сырттан окуучу мектептер ж.б.) жалпы билим берүүчү уюмду кошумча, жогорку, орто жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары менен кооперациялоого негизделген.
3.4.3. Уюштуруунун аралаш формасы мектептен тышкаркы структуралардын (анын ичинде үй-бүлөлүк, дистанттык билим берүү ж.б.) билим берүү потенциалын тартуу менен окуучулар жекече окуу планын ишке ашырган учурда колдонулат. Тармактык биргелешип иштөөнүн алкагында жекече окуу планын түзүүдө бир нече билим берүү уюмдарынын окуу курстары пайдаланылышы мүмкүн.
Профилдештирүүнүн сунуш кылынган формалары төмөндөгүлөрдүн иштөөсүн жана аларды дагы да өнүктүрүүнү жокко чыгарбайт: биринчиден, профилдик билим берүүгө багытталбаган универсалдуу (профилдик эмес) мектептердин жана класстардын болушун, экинчиден, ар түрдүү багыттагы адистештирилген билим берүү мекемелеринин болушун (хореографиялык, музыкалык, көркөм, спорттук мектептер, ири жогорку окуу жайларынын алдындагы мектеп-интернаттар ж.б.).
3.5. Профилдик билим берүү моделин аныктоо.
Мектеп (билим берүү уюму) билим берүүнүн профилин (профилдерин), окуучуларды даярдоонун тибин (типтерин), профилдештирүүнүн формаларын өз алдынча тандап алуу укугуна ээ. Окуучулар жекече окуу планын тандап алууга укуктуу.
Профилдерди ишке ашырууга социалдык заказ бүтүрүүчүлөрдүн андан ары ишке орношуусун (өлкөнүн, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүн), ошондой эле мектептин кадрлык жана материалдык техникалык потенциалын эске алуу менен окуучулардын жана ата-энелердин керектөөлөрүн талдоонун негизинде иштелип чыгат.
Билим берүү уюмунда профилдештирүүнүн моделин аныктоо мектептин жана билим берүү коомчулугунун (жогорку окуу жайларынын, баштапкы жана орто кесиптик- техникалык билим берүү системасынын мекемелеринин, окуу борборлорунун ж.б.) мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ата-энелер комитети жана коомчулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте мектептин педагогикалык коллективи тарабынан кабыл алынат. Профилдештирүүнүн структурасын жана багыттарын аныктоодо жогорку класстардын окуучуларынын жекече кызыкчылыктарын, жөндөмдүүлүктөрүн, кызыгууларын эске алуу керек.
3.6. Профилдик класстарды түзүү окуучунун даярдыгы жөнүндөгү мугалимдердин сунуштарын эске алуу менен окуучулардын жана ата-энелердин жекече суроо-талаптарынын негизинде ишке ашырылат, алар окуучунун рейтингдик баасы, анын мүмкүнчүлүктөрү менен керектөөлөрүн психологиялык-педагогикалык диагностикасы, портфолиодо чагылган анын реалдуу жетишкендиктеринин натыйжалары түрүндө болушу мүмкүн. Профилдик класстын минималдуу толукталышы - 16 адамдан, максималдуу толукталышы - 26 адамдан турат.
Профилди акыркы тандап алуу укугу окуучуда болот. Бир профилдик класстан башкасына которуу тандап алган профилдик предметтердин айырмасын тапшырган шартта окуучунун арызы боюнча жүргүзүлөт.
3.7. Профилди утурлоочу даярдыкты уюштуруу.
Профилдик билим берүүнү ишке ашыруу негизги мектептин бүтүрүүчүсүн алдына өз ишмердигинин профилдик багытын алдын ала өз алдынча аныктоо зарылдыгын коёт. Профилдик мектептин билим берүү мейкиндигин түзүүдөгү зарыл шарт профилди утурлоочу даярдыкты киргизүү болуп саналат.
Профилди утурлоочу даярдыктын милдеттери:
o Окуучулардын кызыкчылыктарын, шык-таламдарын, жөндөмдүүлүктөрүн айкындоо.
o Кеңири салаадагы таанып-билүү кызыкчылыктарын калыптандыруу.
o Мектептин жогорку баскычында окууну тандап алууга багытталган таанып- билүүнүн жана кесиптик ишмердиктин ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү практикалык тажрыйбаны калыптандыруу.
o Кесиптик калыптанууга байланыштуу болгон турмуштук, социалдык дөөлөттөр жөнүндөгү мектеп окуучуларынын түшүнүктөрүн иштеп чыгууга психологиялык-педагогикалык жактан көмөк көрсөтүү.
Профилди утурлоочу даярдыктын мүмкүн болгон формалары жана методдору:
o Тандоо курстарынын кесипке багыттоочу кызматын эске алуу менен аларды уюштуруу. Тандоо курстары 8-класстан баштап киргизилип, кыска мөөнөттүү/модулдук жана кезектүүлүк мүнөзүнө ээ. 9-класста элективдик курстарга өзгөчө маани берилип, алар өнүктүрүүчү, ишкердик жана практикалык багытка ээ болууга тийиш.
o Курстарды тандап алуу жөнүндө окуучунун чечим кабыл алуу механизмин өздөштүрүүсү үчүн алдын ала максаттуу иш жүргүзүү.
o Психологиялык кызматтардын жана тийиштүү борборлордун адистеринин топтордо жана жекече консультацияларын өткөрүү.
oОкуучунун интеллектуалдык өнүгүүсүнүн мониторингин жүргүзүү.
o Кесипке багыттоо ишин жүргүзүү.
o Портфолио алып баруу, анда окуучулардын билим рейтингин аныктоодо алардын жекече жетишкендиктери эске алынат.
3.8. Профилдик билим берүүгө өтүү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталган графикке ылайык пилоттук мектептерден жана/же класстардан баштап (буга чейин колдонулган тажрыйбаны эске алуу менен) этап-этап менен жүргүзүлөт. Буга колдоо көрсөтүүчү психологиялык-педагогикалык инфраструктураны уюштуруу (мектеп психологдорунун иши, кесипке багыттоо иштери менен алектенген агенттиктерди түзүү жана алардын потенциалын пайдалануу ж.б.) профилдик билим берүүгө өтүүдөгү маанилүү шарт болуп саналат.
Профилдик билим берүүгө өтүү бул ишти Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү мекемелердин бардыгына жайылтууну көздөбөйт. Профилдик мектептерден башка профилдештирилбеген жалпы билим берүүчү мектептердин болушу да мүмкүн. Бул 10-класска келгенге чейин профилдештирүүнүн багытын аныктай элек окуучулардын кызыкчылыгын камсыз кылат.
3.9. Профилдик мектептерди лицензиялоо жана аттестациялоо.
Мектептер профилдик билим берүүнү ишке ашыруу укугун алуу үчүн лицензиялоодон жана Жалпы билим берүүчү уюмдарды аттестациялоо жөнүндөгү жобого ылайык аттестациялоодон өтүүгө тийиш.
3.10. Профилдик мектепти бүтүргөндүк жөнүндө документтер.
Профилдик мектепти бүтүргөндөн кийин окуучулар орто билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү аттестат алышат. Аттестаттын тиркемесине төмөндөгүлөр жазылат:
- окуучулар окуп-үйрөнгөн профилдин, профилдик компоненттеги курстардын жана тандоо курстарынын (элективдүү) аталышы.
Тармактык профилдештирүү моделин ишке ашырууда окуучулар баштапкы кесиптик курстарынан өткөндүгү жөнүндө да сертификат алышы мүмкүн.
Билим берүү кызматын көрсөтүүчү бир нече уюмдун жекече билим берүү программаларын ишке ашырган учурда окуучу бааларды аттестатка коюу үчүн башка билим берүү уюмдарынан белгиленген үлгүдөгү документти алып келүүгө милдеттүү.

4. ИШКЕ АШЫРУУ МЕХАНИЗМДЕРИ

4.1. Нормативдик документтерди иштеп чыгуу.
Профилдик билим берүүнү киргизүү үчүн мектептер төмөндөгүдөй нормативдик документтердин пакетин камсыз кылышы зарыл:
o орто жана жогорку мектеп үчүн предметтик куррикулумдар (жалпы билим берүүчү, профилдик компоненттер);
o типтүү (базалык) окуу пландары;
o жалпы билим берүүчү уюмдардын программалары - мектеп куррикулумдары;
o тандоо курстарын уюштуруу боюнча сунуштар;
o профилдик класстар жөнүндө жобо;
o 10-класска окуучуларды кабыл алуу жөнүндө жобо;
o профилдик билим берүүнү кадрлык жактан камсыз кылуу жөнүндө жобо;
o баалоо жөнүндө жобо.
4.2. Профилдик билим берүүнү киргизүү үчүн шарттарды түзүү.
Төмөндөгүлөр профилдик билим берүүнү киргизүү үчүн зарыл шарттар болуп саналат:
o профилдик билим берүүгө өтүү шартында колдонуудагы окуу китептерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн айкындоо үчүн аларды талдоого алуу жана профилдик билим берүү шартында колдонуудагы окуу китептерин пайдалануу боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу;
o профилдик билим берүү үчүн окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) иштеп чыгуу;
o ресурстук жактан камсыз кылуунун тизмесин түзүү жана ресурстук камсыз кылуунун өзүн ишке ашыруу;
o профилдик билим берүү үчүн маалыматтык-коммуникативдик технологияларды пайдалануу боюнча сунуштарды/рекомендацияларды иштеп чыгуу.
4.3. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу.
Профилдик билим берүүнү нормативдик талаптарга ылайык даярдоодон жана кайра даярдоодон өткөн педагогикалык кадрлар камсыз кылышат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык билим берүүнү уюштуруунун учурдагы ыкмаларынын негизинде профилдик мектептер үчүн адистерди даярдоонун жана кайра даярдоонун структурасынын жана мазмунунун моделин иштеп чыгат.
4.4. Башкаруу жана администрациялоо.
Концепцияны ишке киргизүү мектептик билим берүү системасын башкаруу жана администрациялоонун уюштуруучулук структурасына жана функционалдык милдеттерге өзгөртүү киргизүүнү талап кылат.
Билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана профилдик билим алууда жогорку мектептин окуучуларынын бардык категориялары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында аны республикалык бюджеттен финансылоону камсыз кылуу зарыл.
Профилдик билим берүүнү киргизүү процессин уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги профилдик мектептердин, профилдик билим берүүнүн ресурстук борборлорунун ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды жана жоболорду иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин базасында Профилдик билим берүүнү киргизүү боюнча борбор (бөлүм) түзүлүшү мүмкүн.
Билим берүү уюму профилдештирүүнүн моделин, типтерин калыптандыруу жана социалдык өнөктөрдү тандап алуу укугуна ээ.
4.5. Профилдик билим берүүнү психологиялык-педагогикалык жактан коштоо.
Профилдик билим берүүнү ийгиликтүү киргизүү үчүн мектептердин жана/же райондордун деңгээлинде психологиялык кызматтарды түзүү жана аларга колдоо көрсөтүү зарыл. Психологдун иши профилди тандап алууда окуучулардын айкын жана так тандоосуна көмөк көрсөтүүгө багытталууга тийиш. Психологдун корутундусу сунуш мүнөзүндө болушу керек.
4.6. Мониторинг жана баалоо.
Бардык деңгээлде профилдик билим берүүнү киргизүүнү, баалоону жана мониторинг жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги профилдик мектептерде жана класстарда жыйынтыктоочу аттестация жүргүзүү жөнүндөгү жобону иштеп чыгат. Мында орто билим жөнүндөгү аттестатта окуган профиль көрсөтүлөт.
Профилдик билим берүүнү киргизүүнү ишке ашыруунун мониторинги киргизүү процессин да, пландалган натыйжаларга жетишүүнү да камтыган индикаторлор менен көрсөткүчтөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат. Максаттуу жана орто мөөнөттүү көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын мектептеринде профилдик билим берүүнү ишке ашыруунун стратегиясын жана планын иштеп чыгууда аныкталат.
4.7. Профилдик билим берүүнү киргизүү боюнча коомдук пикирди калыптандыруу.
Профилдик билим берүүнү ийгиликтүү киргизүү жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдү окуучулар менен алардын ата-энелери, ошондой эле жалпы билим берүүчү жана кесиптик окуу жайларынын педагогикалык коллективдери, иш берүүчүлөр түшүнүү менен мамиле жасоосуна көп нерсе көз каранды. Массалык маалымдоо каражаттары аркылуу жана эл катышкан иш чараларды (конференцияларды, тегерек үстөлдөрдү) уюштуруу аркылуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү профилдик билим берүүнү киргизүүдө алгылыктуу натыйжаларга жетүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.

5. РЕСУРСТУК ЖАКТАН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУНУН ЭТАПТАРЫ

1-этап. Даярдануу - 2 жыл.
o Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Профилдик билим берүүнү киргизүү (ишке ашыруу) боюнча борборду/бөлүмдү түзүү.
o Мазмунду, нормативдик базаны иштеп чыгуу, методикалык жактан камсыз кылуу.
o Кадрларды кайра даярдоо.
2-этап. Пилот жүргүзүү жана тажрыйбаны жалпылоо - 3 жыл.
o Пилоттук мектептердин иши
o Мониторинг
o Талдоону жана түзөтүүлөрдү киргизүү.
3-этап. Кеңири киргизүү - 3 жыл.
o Жалпы билим берүүчү уюмдардын негизги массасын тартуу
o Бардык жерде жалпы билим берүүчү уюмдарды профилдик билим берүүгө тартуу.
Иштин негизги багыттары:
1. Профилдик билим берүүнүн мазмунун иштеп чыгуу.
o Профилдик билим берүүнүн предметтик куррикулумдары (жалпы билим берүүчү, профилдик компоненттер) жана мамлекеттик билим берүү стандарты;
o Профилдик билим берүү үчүн типтүү (базалык) окуу пландарын иштеп чыгуу;
o Жалпы билим берүүчү уюмдардын окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгуу;
o Тандоо курстары боюнча сунуштар (элективдүү);
o Баалоо системасын иштеп чыгуу;
2. Методикалык жактан камсыз кылууну иштеп чыгуу.
o Профилдик билим берүүгө өтүү шартында колдонуудагы окуу китептерин пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө талдоо жүргүзүү;
o Профилдик билим берүүгө өтүү шартында колдонуудагы окуу китептерин пайдалануу боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу;
o Профилдик билим берүүнүн окуу-методикалык комплекстерин (ОМК) иштеп чыгуу;
o Ресурстук жактан камсыз кылуунун тизмесин түзүү;
o Ресурстук камсыз кылуунун өзүн түзүү.
3. Педагогикалык жана жетекчи кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу.
4. Нормативдик жактан камсыз кылуу.
o Концепцияны бекитүү;
o Окутуучу-профессордук курам жана административдик персоналдын кызматтык инструкциясын иштеп чыгуу;
o Профилдик мектептердин иши боюнча документтердин пакетин иштеп чыгуу.
Сертификаттарды иштеп чыгуу жана алардын статусун бекитүү.
5. Уюштуруучулук иштер.
o Профилдик билим берүү боюнча мурдагы иш тажрыйбаны талдоо (мектептер, атайын кесиптик орто окуу жайлары, борборлор) жана профилдик билим берүүнү киргизүүнүн дифференциялуу моделин иштеп чыгуу;
o Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде, республиканын райондук билим берүү бөлүмдөрүндө, билим берүү уюмдарында профилдик билим берүүнүн моделин киргизүү;
o Жалпы билим берүүчү уюмдардын уюштуруучулук структурасын өзгөртүү;
o Жаңы кызматтык жана функционалдык кызмат орундарын киргизүү (директордун орун басары, тьюторлор);
o Психологиялык-педагогикалык кызматты түзүү;
o Апробациялоонун натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, аларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.
6. Кызыкдар топтор менен иш алып баруу.
o Ата-энелер менен иштөө (мектептин, массалык маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү коомчулуктун деңгээлинде, ата-энелер коомчулугун/комитеттерин түзүү);
o Жогорку окуу жайлары, атайын орто окуу жайлары (уюмдардын деңгээлинде, окуу-методикалык бирикмелер (ОМБ) менен иштөө);
o Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, иш берүүчүлөрдүн ассоцияциялары менен иштөө;
o Эл аралык донорлор менен иштөө.
7. Профилдик мектепти каржылоо.
o Профилдик мектепти каржылоого карата ыкмаларды иштеп чыгуу (мунун ичине жан башына каржылоого өтүүнүн алкагындагы иштер да кирет), ресурстарды бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү.