Документ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Токтом
Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү жөнүндө, Бишкек ш., Өкмөт үйү № 478 2009-жылдын 28-июлу

2009-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 503 мамлекеттик, менчик жана 244 вариативдүү (жамааттык) мектепке чейинки билим берүүчү уюм иштейт, алар мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы санынын 13,4%ын камтыйт. Андан тышкары 133 мектептен тышкаркы билим берүүчү уюм иштейт, алар окуучулардын жалпы санынын 7,8%ын камтыйт.
Бюджеттик каржылоону кыскартуу мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы уюмдарды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизет. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды күтүүгө 2008-жылы 702,7 млн.сом каражат бөлүнгөн, анын 599,9 млн.сому - бюджеттик каражаттар, бул "Билим берүү" бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын жалпы чыгымынын 6,1%ын түзөт. Мектепке чейинки уюмдардын бюджеттик каражаттарынын чыгымдарынын түзүмүнүн 51,3 пайызын эмгек акы төлөө фонду, 27,5 пайызын тамактанууга чыгымдар, 9,4 пайызын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар түзөт. Мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарды күтүүгө бюджеттик каражаттардын чыгымдары 2000-2008-жылдар мезгили үчүн "Билим берүү" бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын жалпы чыгымдарынан 1,3төн 2,2%ге чейинки пайызын гана түзгөн.
Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүдө педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу проблема бойдон калууда. Педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги 11 пайызды түзөт.
Мектепке чейинки билим берүү боюнча адистерди республикада эки ЖОЖ - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Ош педагогикалык институту даярдайт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мектепке чейинки уюмдардын педагогдору статусу жана эмгек акысы боюнча баштапкы билим берүүнүн мугалимдерине теңештирилген. Мыйзамдардын ушул нормалары аткарылбагандыктан педагогикалык кадрлардын иштен бошоп кетүүлөрү көбөйүүдө.
Жаш адистерди мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга жумушка тартуу үчүн аларды "Жаш мугалимдин депозити" программасына катышуу үчүн тартуу керек.
Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар нормадан 1,5-2 эсеге көп балдар менен иштейт. Бул 1991-жылдан 2002-жылга чейин 464 бала бакчанын имараты менчиктештирилгени жана кайра профилдештирилгени менен шартталган.
Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарды куруу, оңдоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселеси абдан курч маселе. Акыркы 20 жылдын ичинде болгону 5 мектепке чейинки билим берүүчү уюм курулган.
Мектепке чейинки билим берүүгө жетүүнү кеңейтүү максатында мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды курууну, оңдоону жана жабдуулар менен камсыз кылууну Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана обьекттердин тизмесине киргизүү жана аларды каржылоону 2010-жылда жана андан кийинки жылдарда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү зарыл.
Бир баланы тамактандырууга белгиленген каржылоо күнүнө 36 сомду түзөт, анын 18 сому бюджеттен төлөнөт, 18 сомун ата-энелер төлөйт, бул сумма балдарды толук тамактандыруу үчүн жетиштүү эмес. Тамактанууга каралган каражаттарды бөлүүнү көбөйтүүнү кароо зарыл.
Финансылык каражаттарына республиканын региондорунда вариативдүү (жамааттык) мектепке чейинки уюмдар түзүлгөн эл аралык уюмдардын долбоорлору азыркы мезгилде аяктагандыгына байланыштуу аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күтүүсүнө өткөрүп берүү маселеси келип чыгууда.
Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнү андан ары өнүктүрүү маселелерин чечүү, ошондой эле "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2009-жылдын 10-июнунда айтылган, Кыргызстанда билим берүүнү реформалоо концепциясына ылайык жакынкы 5 жылга Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана кароого киргизсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте республикалык бюджеттен каржылануучу, 2010-жылдагы курулуштардын жана объекттердин тизмесине мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы обьекттерди белгиленген тартипте киргизүү үчүн сунуштарды 2009-жылдын аягына чейин даярдасын;
- 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын долбоорлорунун алкагында түзүлгөн мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды жергиликтүү өз алдында башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүүнү ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик баалардын негизсиз жогорулашына жол бербестен, социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн педагогикалык багыттарына жана адистиктерине окутуунун контракттык формасы үчүн акы төлөөнүн наркын жыл сайын карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы №702 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмдөгү "жалпы билим берүүчү мекемелер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "бардык типтеги жана аталыштагы билим берүүчү мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "200" жана "2000" деген сандар тиешелүү түрдө "500" жана "3000" деген сандар менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "ай сайын" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 2.1. 2-пункттагы "ай сайын" деген сөздөр алып салынсын;
- 3.1.-пункттагы "5-11-класстарда кеминде 18 саатты, 1-4-класстарда кеминде 16 саатты" деген сөздөр "айлык акынын ставкасы үчүн педагогикалык иштин сааттарынын нормасынан кем эмести" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жаш мугалимдин депозити" программасында:
- 2.2-пункттун экинчи абзацы "мектептерди" деген сөздөн кийин, "мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарды" деген сөздөр менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги №295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- "Билим берүүчү уюмдар" деген графасында:
- 1-пункттагы "Жалпы билим берүүчү уюмдар" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар, жалпы билим берүүчү уюмдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар" деген сөздөр алып салынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов.




Приказ МОиН №859/1 от 20 августа 2009 г.
О проведении - Дня знаний

В целях реализации Закона Кыргызской Республики "Об образовании" и согласно учебному плану общеобразовательных организаций Кыргызской Республики на 2009/2010 учебный год утвержденному приказом Министерства образования и науки КР № 811/1 от 29 июля 2009г.,
ПРИКАЗЫВАЮ:
1. Начальникам Бишкекского и Ошского городских управлений образования, заведующим районными и (городскими) отделами образования:
1.1. Провести 1 сентября 2009 года в 8.30. во всех общеобразовательных организациях торжественные мероприятия, посвященные "Дню знаний" в следующем порядке:
- 8.30-9.00. -поднятие Государственного флага в сопровождении Гимна Кыргызской Республики и мероприятие "Первый звонок";
- 9.30.- 10.15. - первый урок для учащихся 5-11 классов на тему: "Только знания делают человека свободным и великим" и "Урок путешествие для начальных классов";
1.2. Возложить персональную ответственность на руководителей общеобразовательных организаций за безопасность здоровья учащихся во время проведения торжественного мероприятия.
2. Представить до 05.09.09г. в Управление дошкольного, школьного и внешкольного образования краткую информацию о проведенных мероприятиях.
3. Редакции газеты "Кут Билим" (К.Чекиров) опубликовать данный приказ.
4. Контроль за исполнением данного приказа возложить на заместителя министра У.Тыналиеву

Министр А.Мусаев

Приказ МОиН №845/1 от 17 августа 2009 г.

В соответствии со ст.32 Конституции Кыргызской Республики, Законов Кыргызской Республики "Об образовании", ст.19 п.6 "О дошкольном образовании" и постановлением Правительства Кыргызской Республики от 25 августа 2006 года №619
"О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики от 28 июня 2006 года №465 и внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 10.12.2001 №775"
приказываю:
1. Начальникам Управлений образования мэрии городов Бишкек и Ош, заведующим районными (городскими) отделами образования:
1.1. Обеспечить неукоснительное исполнение требований законов, нормативно-правовых актов Кыргызской Республики, доступность и бесплатность начального, общего и среднего образования
1.2. Не допускать проведение тестирования при приеме детей в первый класс общеобразовательной организации, осуществление незаконного сбора денежных средств в государственных и муниципальных образовательных организациях;
1.3. Персональную ответственность над исполнением данного приказа возложить на руководителей общеобразовательных организаций, вплоть до освобождения их от занимаемой должности в случае выявления фактов, допущенных за нарушение нормативных актов Кыргызской Республики;
1.4. О результатах проведенной работы информировать министерство ежеквартально.
2. Управлению дошкольного, школьного и внешкольного образования МОиНКР (Д.Кудайбергенова):
2.1. Осуществить проверку по исполнению законов, постановлений и данного приказа органами образования и общеобразовательными организациями городов Бишкек и Ош, Чуйской области в сентябре 2009 года и результаты проверки представить на рассмотрение Коллегии МОиНКР.
3. Контроль над исполнением настоящего приказа возложить на заместителя министра У.М.Тыналиеву.

Министр А.И.Мусаев

Таалайбек кызы Мээримге Кант шаарындагы №2 орто мектеби тарабынан 2007-жылы берилген аттестаты СА №070057898 жараксыз деп табылсын.


К.Карасаев атындагы БГУнун жалпы эмгек жамааты университеттин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Эргешов Абжапар Абдыразаковичке кайнатасы
Айтбаев Мукамбеттин
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат, аза кайгысын тең бөлүшөт.