Кыргыз Республикасынын ИИМнин 19.08.2009-жылдагы № 692 жана Кыргыз Республикасынын ББжИМнин 19.08.2009-жылдагы № 846/1 биргелешкен буйруктарына №1 тиркеме
Республиканын жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча 2009-2010-окуу жылына карата биргелешип түзүлгөн иш-чараларынын
ПЛАНЫ

2009-2010-окуу жылынын башталгандыгына байланыштуу жана жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларынын арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында төмөндөгү иш чараларды аткаруу зарыл:
1. Мектеп башкармалыгынын өкүлдөрүнөн, педагогикалык жамаат мүчөлөрүнөн, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунан, коомчулуктун жана жер-жерлердеги коомдук алдын алуу борборлорунун (ОПЦ) өкүлдөрүнөн, ата-энелерден, жогорку класстардын окуучуларынан жана ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнөн турган алдын алуу Кенештерин түзүү.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: 2009-ж. сентябрь-октябрь айлары.
2. Жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулар арасындагы опузалоо жана зомбулук фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чаралардын бирдиктүү планын иштеп чыгуу.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: 2009-ж. сентябрь-октябрь айлары.
3. Жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулар арасында тарбиялоо, алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ошондой эле укуктук билимди жогорулатуу жана мыйзамга баш ийген жүрүм-турумду калыптандыруу максатында:
- Мурун түзүлгөн "Алдын алуу бөлмөлөрүнүн" ишин улантуу;
- Дубал гезиттерин, олимпиадаларды, укуктук жана мекенди сүйүү тематикаларына арналган кароо-сынактарды, викториналарды өткөрүү.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: ай-сайын.
4. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын көмөгү менен окуучулар арасындагы карама-каршылык, пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча ишмердүүлүккө, айрыкча мектептин ички каттоосунда турган "тобокел топтогу" балдарга жана жүрүш-турушу начар үй-бүлөлөрдү тартипке келтирүүдө "социалдык педагогдорду" ишке тартуу
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери.
Мөөнөтү: окуу жылынын ичинде.
5. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана ата-энелер коомчулугунун түздөн-түз катышуусу менен мектептеги укук тартиптин сакталышына жана зомбулукка жол бербөө максатында "Коопсуздук мектеби" жергиликтүү программасын иштеп чыгып, жайылтуу.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: ай сайын окуу жылынын ичинде.
6. Бардык билим берүү мекемелеринде ата-энелердин, жогорку класстардын активдүү окуучуларынын жардамы аркылуу ар кандай кыймылдарды жана "мектеп парламентин" түзүү менен окуучуларды укуктук, адеп-ахлактык жактан тарбиялоо, укук бузууларды жана коомго каршы аракеттерди эрте алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери.
Мөөнөтү: 2009-ж. сентябрь-октябрь айлары.
7. Мектептеги коопсуздук кызматтары, коомдук түзүлүштөрдүн өкүлдөрү, ата-энелер комитети жана мектеп администрациялары менен биргеликте мектептин ичинде жана ага жакын аймактарда окуучулар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоосу боюнча чараларды көрүү.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: окуу жылынын ичинде.
8. Окуучуларга жана алардын ата-энелерине, жалпы билим берүү мектептеринин башчылыктарына, Кыргыз Республикасынын "Балдар жөнүндөгү" Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Административдик Кодекстеринин жоболорун түшүндүрүү максатында семинар-окууларды, жолугушууларды өткөрүү.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: ай сайын.
9. Кароосуз калган өспүрүмдөрдү жана жүрүш-турушу начар үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында "Кароосуз калган бала" аталыштагы алдын алуу иш-чарасын Балдар иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрү (КДД), үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн (ОПСД), коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте уюштуруу жана өткөрүү.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: ай сайын.
10. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин "2009-жыл жаштар жана балдар жылы деп жарыялоо жөнүндөгү" Жарлыгын, Кыргызстан балдарынын укугун ишке ашыруу боюнча 2010-жылга чейинки "Жаңы муун" жана "2008-2011-ж.ж. чейин Кыргыз Республикасындагы өспүрүмдөрдүн эмгегинин эң жаман формаларын жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн аракеттери" Мамлекеттик программаларын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: ай сайын.
11. Кыргыз Республикасынын "КРнын жарандарынын ден-соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү" Мыйзамынын 7,12 беренелеринин талаптарын аткаруу боюнча иштерди жүргүзүү.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: ай сайын.
12. Балдардын жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылынын эрежелерин жайылтуу боюнча иш чараларды өткөрүү менен ЖКЖИ (ЮИДД) отряддарынын кароо-сынактарын жана "Көңүл бургула балдар" аттуу бир айлыгын өткөрүү.
Атк.: КР ИИМнин ЖККББ, жалпы билим берүү мекемелери, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБы.
Мөөнөтү: квартал сайын
13. Мектептеги окуучулардын жаңы ийримдерин жана спорт секцияларын түзүү менен мурда түзүлүп иштеп жаткандарын активдештирүү боюнча чараларды көрүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте окуучулардын окуудан тышкаркы убактагы эс алуу мезгилин уюштуруу.
Атк.: Жалпы билим берүү мекемелери.
Мөөнөтү: ай сайын.
14. Темир жол транспортторундагы укук бузууларга жол бербөө, темир жолго жакын жашаган балдардын коопсуздугун сактоо максатында, ички иштер органдарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекцияларынын жана билим берүү мекемелеринин биргелешкен рейддерин өткөрүү.
Атк.: ИИМнин ТИИБ, Бишкек ШИИББ, облустардын жана Ош ШИИБ Жалпы билим берүү мекемелери.
Мөөнөтү: ай сайын.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы


19.08.2009-ж. №846/1 Буйрук
"Республиканын билим берүү мекемелериндеги окуучулар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу чаралары жөнүндө"

2009-жылдын май айындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин аппаратынын жумушчу тобу тарабынан өткөрүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, кылмыш дүйнөсү, жаш өспүрүмдөргө мындан ары дагы өз таасирин тийгизүү менен алардын аң-сезиминде калыптана берерин көрсөттү. Мындай негиздүү кооптонуулар рэкеттердин мектептерде кучак жаюусун, анын жаралуу формасын жана кесепеттерин алдын алуу керектигинен кабар берет.
2009-жылдын январь-июль айларынын аралыгында республика боюнча жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын саны 23,5%га, ал эми кылмышка катышкан мектеп окуучуларынын саны 12,5%га өскөн.
Жогорудагылардын негизинде аймактардагы ички иштер органдарынын жана жалпы билим берүү мекемелеринин мектеп окуучуларынын арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, мектептеги зомбулукту жоюу жана коопсуз мектеп чөйрөсүн калыптандыруудагы эффективдүү кызматташуусун камсыз кылуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАБЫЗ:
1. Республиканын жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында 2009-2010-окуу жылына карата бирдиктүү иш-чаралардын планы бекитилип анын аткарылышы боюнча эффективдүү чаралар көрүлсүн (№1 тиркеме).
2. Билим берүү органдарынын, жалпы билим берүү мектептеринин жана ички иштер органдарынын, мектеп окуучуларынын арасында жекече алдын алуу иштерин жүргүзүүсүндө, алдын алуу Кеңештеринин ишмердигин уюштурууда мурун бекитилген Жоболор жетекчиликке алынсын (КР ИИМ менен ББжИМ 2008-ж., 26-августундагы № 818/524 биргелешкен буйругу).
3. Жалпы билим берүү мекемелеринин администрациялары, КР ИИМнин тиешелүү уруксат берүү баракчасы (лицензия) бар гана жеке күзөт-детективдик агенттиктери менен күзөт кызматтарын көрсөтүү жөнүндөгү келишимдерди түзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы "Кыргыз Республикасындагы жеке детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" № 35 мыйзамынын 14-2 беренелеринин талаптарын аткаруу максатында мектептердеги коопсуздук кызматкерлерин, ички иштер органдарынын, саламаттык сактоо министрлигинин наркологиялык жана психиатриялык мекемелеринин каттоолору боюнча текшерүүлөр жүргүзүлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышы боюнча өткөрүлүп жаткан иш чаралардын жыйынтыктарынын маалыматын жана тиркелген отчеттуулуктун формасына (№2 тиркеме) ылайык ар-бир айдын 5-числосуна тиешелүү Министрликтерге берилсин.
6. Бул буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын, Бишкек ШИИББнын, облустардын жана Ош ШИИБнын башчыларына жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Т.К.Исаевге жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары У.М.Тыналиевага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А.Мусаев

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты М. Конгантиев