п»ї
  Элет мектеби

ынтымак бар жерде ырыскы көбөйөт
Нарын районундагы Жылан-Арык айылында кайрымдуулук марафону аркылуу каражат топтолуп, бала бакча жана мектепти капиталдык ремонттон өткөрүүгө мүмкүн болду.

Калыгул Жусупов атындагы Жылан-Арык орто мектеби кенже курактагы балдарды өркүндөтүү долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынан 280 миң сомго барабар долбоорун жеңип алган. Мунун он пайызын жергиликтүү эл өз мойнуна алыш керек эле. Муну түшүнгөн мектеп директору Сейтек Кошалиев Нарын өрөөнүнүн чыгаан уулу, азыркы Бишкек шаарынын мэри Нариман Тулеевге кат менен кайрылган. (Анда Нариман Республикадагы темир жолдун жетекчиси болуп турган.) Чындыгында күнүмдүк турмушун эптеп өткөрүп жаткан элдин чөнтөгүндө жогорудагы 28 миң сомду чогултуп берүүгө мүмкүнчүлүк жок эле.
Ошентип С.Ж.Кошалиевдин демилгеси, уюштургуч аракети менен долбоор толугу менен иш жүзүнө ашып, өткөн жылы мектептин экинчи корпусу кайрадан жасалгаланып оңдолуп, анын негизги үч бөлмөсү бала бакчага айландырылып, 2008-жылдын декабрь айында анын тасмасы айыл калкынын, коомдук уюмдардын жана райондун, облустун тийиштүү жетекчилердин катышуусу менен кесилди. Бакчадан 25 бала тарбия-таалим алып, үстүбүздөгү жылдын жаңы окуу жылына 1-класска даяр болушса, ушул эле жылдын апрель айынан бери бакчадан дагы 18 бала тарбия алышууда.
Өрнөктүү иш колдоо болсо өз ишин улантат эмеспи. Жетекчиге бакчанын келечеги үчүн дагы көптөгөн иштерди аткаруу милдети келип чыкты. Ошондуктан балдар ойноо үчүн жай, спорттук инвентарлар жана башкалар керек экен. Кыскасы, бала бакчанын базасын чыңдоо милдети турду. Мунун бардыгы каражатты талап кылары бышык. Жетекчи кайрадан Азия өнүктүрүү банкынан 92 миң сомдун долбоорун утуп алды. Анын он пайызын же 9200 сомун мугалимдер өз мойнуна алышып, тиешелүү суммадагы акчаны которуп беришти. Азыр мектепте спорт аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.
- Биздин ушул мектебибиз 1968-жылы курулган, - деп сөз баштады С.Кошалиев биз менен болгон маегинде. - Ошондуктан аны капиталдык оңдоодон өткөрүү мезгили эбак эле келип жеткен. Бардыгы каражатка байланыштуу болгондуктан, бул көйгөйлүү маселе болуп кала берген.
"Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат" дегендей абалда калганбыз. Акыры бул маселени кайрымдуулук жолу менен чечүүнү максат кылып, долбоор издедик.
- Ал үчүн дагы эле Азия өнүктүрүү банкынын долбооруна кайрылыш керек бекен?
- Жок, бул жолу АРИС аркылуу издендик. Тактап айтканда мектептин бардык оңдоо жумуштары үчүн 300 миң сом талап кылынууда. Мунун 25 пайызын эл көтөрүш керек экен. Ушул маселе жүрөктү оорутту. Анткени айылдагы элдин кандай жашап жатканын билебиз да. Бирок айылдын, мектептин келечеги үчүн мезгилден артта калбайлы дедик. Балдар - биздин келечегибиз эмеспи.
- Анан маселени кандай чечиш керек экен?
- Сурооңуз туура. Айыл эли мектеп үчүн эч кандай каражат берген жок десем өзүмө деле, кудайга деле туура эмес болор. Алар сүйлөшүү жолу менен буга чейин биз талап кылганды ата-энелер фондунун негизинде берип келишти. Ошондуктан элге оорчулук келтирбейли деген максат менен биз бул жолу Бишкек, Нарын шаарында жашашкан, ушул жерде киндик каны тамган кулундарыбызга кайрымдуулук демилгеси менен барууну туура таап, көйгөйлүү маселебизди чечүүгө жетиштик. Ырас, "Кур аякка бата жүрбөйт" дегендей жердештерибизди сыйлуу үйдө, дүйүм даам-дасторкон үстүндө чакырып кайрымдуулук марафонун өткөрдүк. Ушул максатта марафондун биринчи багытын 30-майда Бишкек шаарында өткөрдүк. Анын негизги демөөрчүсү жана баштоочусу мектебибиздин ысымын алып жүргөн ардактуу агайыбыз, физика, математика илимдеринин кандидаты, профессору Калыгул Жусупов болду. Бул киши бардык уюштуруучулукту өз мойнуна алып, чакырылгандарды өз үйүндө өткөрдү. Ошентип марафонду өзү баштап, анан кутучасына өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан 20 миң сомун салып, бир компьютерди белекке берди. Анан чакырылгандардын бардыгына жылуу сөзү менен кайрылып, алыстагы айылдын, мектептин келечеги үчүн бул марафон эң туура учурда өткөрүлүп жаткандыгын, муну колдоп тургандыгын белгиледи.
Ооба, мектеп директору өзү айткандай, Бишкек шаарында өткөрүлгөн бул марафон зор ийгилик менен аяктады. Жалпысынан борбор калаабыздагы илимдин кандидаттарынан, жалпы эле жеке ишкерлердин демилгеси менен 50 миң сом чогулган. Айрымдарын атай кетсек Кувейт университетинин проректору, математика илимдеринин кандидаты, доктор Шакин Алиев жана архитектура жана транспорт университетинин деканы, экономика илимдеринин кандидаты, академик Турдубек Нарынбаев 4 миң сомдон салым кошушту. Ошондой эле айылдын кулуну, айыл суу чарба министрлигинин кызматкери Орозбек Омуров 5 миң сом салып, бир телевизорду белекке берерин жолдосо, жеке ишкер Барадин Султаналиев 100 доллар тартуулады. Жалпысынан марафонго 20га жакын жердештерибиз катышты. Буларга ыраазычылык сезимин билдирмекчибиз.
Марафондун экинчи баскычы 5-июнда Нарын шаарында өткөрүлдү. Мында айлыбыздын кулуну, облуска таанымал ишкерлердин бири, өткөн жылдын жыйынтыгы менен облустагы жайылтылган мекеме-ишканалар арасындагы мелдештин жеңүүчүсү, ишкананын жетекчиси Нарын шаардык кеңешинин депутаты Баатырбек Жээналиев өзгөчө камкордугун көрсөтүп, ишканасындагы кафесинин эшигин чакырылгандарга кенен ачып берди. Марафонду өзү баштап, анын кутучасына 5 миң сом салды. Нарын райондук ички бөлүмүнүн МАИсинин жетекчиси, милициянын майору Макен Султаналиев да өз чөнтөгүнөн 5 миң сомду жолдоду. Ошондой эле облустук саламаттыкты сактоо башкармасына караштуу бейтапкананын жетекчиси Нарынкул Токталиева 2 миң, жеке ишкер Абдыталип Султанов 2 миң сом беришти. Ошентип Нарын шаарында жашап-иштеп турушкан жердештерибиз жалпысынан марафондун кутучасына 16 миң сом салым кошушту.
Ооба, ата-бабаларыбыздан бери унутулгус салт болуп келе жаткан кайрымдуулуктан айланса болот. Бул өзгөчө бүгүнкү оомал төкмө турмушубузда зарыл керек экендигин жогоруда биз сөз кылган марафон айкын-ачык тастыктады. Бар бол, кайрымдуулук!

Ыманбек Курманалиев,
Нарын району, Жылан-Арык айылы, ардагер мугалим, Калыгул Жусупов атындагы орто мектеби. Кыргыз Республикасынын журналисттер кошунунун мүчөсү.





юрист мугалимдерди даярдоо зарыл
Элибиз кийинки он, он-беш жылда "укуктук мамлекетке өтөбүз, өлкөбүздү демократия жолу менен өстүрүп - өндүрүшүбүз керек", деген максат менен мектептерге укук таануу сабагын окуу программасына киргизип, жалпы мектептерге сабак өтүлүп жатат. Бирок сабактын өтүлүш сапаты, мугалимдердин укук боюнча билим деңгээли жөнүндө башка сөз, ага кийин токтолоюн.


Демократия деген бул менин жеке пикирим боюнча, мыйзамдуулукту терең окуп түшүнүп, аны так, кыйшаюсуз аткаруу ар бир атуулдун негизги милдеттеринин бири, аны так, жашоо турмуштун ыргагына ылайыктуу, өлкөбүздүн өсүшүнө өбөлгө боло тургандай аткарышыбыз керек.
Мыйзам - бул адам баласынын акыл эсинин, жашоо турмушунан жаралган алдыңкы, эс акылдын жыйынтыгы деп бекер айтпаса керек. Ошондуктан өлкөбүздүн өсүшүнө, келечек муундарыбыздын аң сезимдүү өз өлкөсүн, ата мекенин сүйгөн алдыңкы жогорку билимдүү адамдардан болушун камсыз кылуу, аны ишке ашыруу, азыркы мезгилдеги билими терең, турмуштук тажрыйбасы бар ар бир атуулдарыбыздын милдети.
Менин жеке пикирим боюнча бул жооптуу милдеттерди иш жүзүнө ашыруу боюнча мектептерде укук таануу сабактарынын окутуу программасын атайын түзүлгөн жумушчу топ менен кайра карап, жаңы окуу программасын түзүү, азыркы мезгилдеги келечектеги жашоо турмуштун талабына ылайык болуш керек. Ал үчүн жумушчу топтун курамына академиянын, милициянын, юрист-педагог окумуштууларынан, көп жыл иштеген практика юристтерден, алдыңкы тажрыйбасы күчтүү мугалимдерден кошулуп программа иштеп чыкса жакшы болоор эле.
Программалар жашка жараша балдар бакчасынан тартып, жогорку окуу жайларына чейин орто окуу жайларында өзүнчө түзүлүп, айрыкча кыргыз элинин кулк мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүгүнө ылайыктуу, кыргыз тилинде программа түзүлүп, укук таануу сабагы, жашоо турмушта болуп жаткан окуяларга айкалыштырылып, элдин калың катмарына жеткидей болсо, өз максатына жетет эле деген ойдомун.
Азыркы укук таануу сабагын окутуп жаткан мугалимдердин юридикалык деңгээлин баардыгыбыз билебиз, кечирип коюңуздар, ал педагогдор көбүнчө сааты жетпей калган тарыхчылар, тилчилер, айласы кетсе, мектептин мүдүрү өзү берип жүргөн фактылар бар. Ачык айтканда сабак берүү деңгээлдери төмөн. Ошондуктан өлкөбүздүн мектептеринде акча тоногон рэкеттер, ар дайым акча жыйнаган балдар топтору, 50 сом үчүн өзүнөн кичүү балдарды коркутуп, үркүтүп, сабап, акча алып келбейсиң деп өлтүрүп койгон фактылар, балдар эле эмес, кыздар арасында да орун алганын газета баракчаларынан окуп, үналгыдан угуп, сыналгыдан көрүп жүрөбүз. Айрыкча улуу муундагы ата-энелердин тынчсызданганы кийинки жылдарда өлкөбүздө кылмыш жасаган жаштардын саны көбөйүп, 85/90 пайызы, 25-35 жашка жетпеген жаштарды түзөт.
Мектептерде мындай фактылардын орун алып жатышынын негизги себептеринин бири укуктук сабактардын өз деңгээлинде берилбей, атайын юрист педагогдор (мугалимдер) даярдалбай жаткандыгы, укуктук сабактар окуучулардын аң сезимине жетпей жаткандыгы деп ойлоймун. Менин жеке пикирим боюнча жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттеринде, эки академияда педагогдук жөндөмү бар балдар, кыздарды тандап, атайын юрист мугалимдерди даярдап, ал эми мурунку бүткөн балдар-кыздар арасынан педагог юристтерди таап, аларды алгачкы мугалимдик даярдыктан өткөзүп, атайын юрист мугалимдерди даярдасак.
Анан ошол эле мугалимдер жалпы элге укук таануу боюнча окуп, элге мыйзам таануу сабактарын, окуу иштерин уюштуруу, азыркы мезгилдин талабына ылайыктуу болоор эле деп ойлойм.
Дагы бир көйгөйлүү маселе, кийинки жылдарда жаандан кийинки өскөн "козукарындай" болуп ар бир кыштактарда мечеттер салынып, намазга жыгылган жаштардын саны көбөйүүдө.
Ал эмес намаз жума күндөрү мектепти таштап, намаз жумага кеткен окуучуларыбыз аз келгенсип, кээ бир молдолор 5-6 балдарды бир бөлмөгө чогултуп, куран, намаз жаттатып, кечирип коесуз ашык кетсем "зикир" чалдыргандар да бар.
Эгер мындай фактылар көбөйүп кетсе белине жардыргыч затты байланып, жарылгандар чыкпайт деп ким кепил боло алат. Ошондуктан менин жеке пикирим боюнча, түрктөр уюштуруп окутуп жаткан лицейлердей, крестьян дин багытындагы Токмоктогу "Ырайым" орто мектептердей ислам дини багытындагы мектептерди уюштурса, көзөмөлдө болуп, жогорудагыдай фактылар болбойт эле.
Ал мектептерде араб алфавитин, тилин терең окуп, келечекте ошол тил боюнча дагы адисти толук кандуу даярдалса, алардын арасынан окумуштуулар да чыгууга шарт түзүлөт эле деген ойдомун.
Бул боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, жалаң эле мечет кура бербей, ошол мечитке кеткен каражатка мектеп интернаттар курулуп, ар бир райондун борборунда адеп-ахлак, ыймандуулук, таалим иштери да колго алынаар эле деген ой.

Т.Жээналиев,
Эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген юрист, милициянын генерал-майору.





Warning: include(0810.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/09/0810_7.htm on line 87

Warning: include(0810.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/09/0810_7.htm on line 87

Warning: include(): Failed opening '0810.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/09/0810_7.htm on line 87
а ­е¦Є.НҐй«