Жол-маек

Ормонов Кубанычбек, Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору:

- Кубанычбек Камбарович, Сиздер ЮСАИД каржылаган "Сапаттуу билим" долбоору менен биргелешип мугалимдердин билимин жогорулаталы деп жатыпсыздар. Бүгүнкү маекти ушундан кеп салып баштап берсеңиз?
- Жакшы болот. Бул долбоор бизге бирге иштешели деп келгенде дароо макул болдук. Анткени ар бир долбоор өзү менен кошо жаңы идеяны ала келет. Ал эми идея болсо коомдо жашаган адамдардын аң-сезимин өзгөртүүчү күчкө ээ экени белгилүү. Идея жокто коомдо стандарттык ойлор, шаблондук аракеттер үстөмдүк кылары бышык. Мындай кырдаал коомдун колу-бутун байлап, анын алга жылуусуна бөгөт болот. Жашырган менен болобу, биздеги мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу курстары айрым учурларда чындыкты чогуу-чараан биргелешип, талкуулап табуунун ордуна, даяр билимдерди берүү менен чектелип келген. Жаңы долбоор бизге ошондой тажатма лекциялардан арылууга жардам берет.
- Жаңы нукта иштөөгө Сиздердин усулчу-тренерлер канчалык деңгээлде даяр деп ойлойсуз?
- Биз буга чейин эле АБРдин экинчи долбоору менен бирге иштешип, ондой тренерди интерактивдүү ыкмаларды колдонуп сабак өтүүгө даярдап алганбыз. Мындан сырткары ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоорунун көмөгү менен бир топ усулчуларыбыз Бишкекке барып тренерлер үчүн тренингден өтүп келишти. Эми алар билгендерин мектептердин окуу бөлүм башчыларына, математика, кыргыз тили жана башталгыч класс мугалимдерине үйрөтүшөт. Өткөндө ЮСАИДге караштуу "Сапаттуу билимдин" адистери менен жолукканымда, биздин кызматкерлердин даярдыгы туурасында сурасам "түшүнүктөрү терең, орундуу суроолорду беришет", - деп айтышты.
- Жогорудагы курстардын үзгүлтүксүз иштеши үчүн окуу бөлмөлөрү, окуу материалдары жетиштүүбү?
- Математика, кыргыз тили жана башталгыч класс мугалимдери жана окуу бөлүм башчылары үчүн өз-өзүнчө кабинеттерди бөлүп бердик. ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоору окуу үчүн зарыл калем-кагазын, көтөрмө жана магнит доскаларын ала келди. Долбоор аяктаган соң, ушунун баары бизде калат.
- Долбоордун чегинде канча мугалим даярдыктан өтүшөт?
- Азыр бизде окуу-бөлүм башчылары менен райОНО адистери өз билимин жогорулатып жатышат. 24-июлдан 2-августка чейин башталгыч класстардын мугалимдери келишет. Анан кыргыз тили жана математика, ушул эле предметтер боюнча усулдук бирикмелердин жетекчилери өз билимдерин жогорулатышат. Жалпысынан июлдан ноябрга чейин бизде 420 угуучу институттан үйлөрүнө көз карашын жаңылап кайтышат. Ноябрда долбоордун иштөө регламентине ылайык кийинки финансылык жылга келишим түзөбүз.
- Курстун угуучулары үчүн жатакана, тамак-аш маселелери кандай чечилген?
- Биздин 100 орундуу жатаканабыз бар. Анда мугалимдердин эс алуусу үчүн зарыл шарттар түзүлгөн. ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоору курс уюштуруп жатат деп Кара-Суу, Кара-Кулжа, Алай райондоруна кабар берсек, жайкы эс алууда элек дешпестен, 27 угуучу дароо келишти. Долбоордун эсебинен биз аларга үч маал ысык тамак, эки маал чашке чай берип, жатакана, жол чыгымын жаап жатабыз.
- План боюнча жүргүзүлүүчү курстардагы абал кандай?
- Алардын баары мурдагы салтка айланган ыкмаларда өтүлүп жатат дегенден алысмын. Жетекчи болуп келген биринчи күндөн баштап жаңыча иштөөгө, өзгөчө инновациялык ыкмаларга маани бергенимден, аз-аздан болсо да биздин иште алга жылуу байкалууда. 2006-2007-окуу жылында план боюнча 3245 мугалимге заявка берилсе, иш жүзүндө курска 2311 угуучу келди, бул 71,2%ды түзөт. Ал эми 2007-2008-окуу жылында 3134 мугалимге заявка берилсе, курска келгени 2771 болду, бул 85%ды түзөт. Үстүбүздөгү окуу жылында бул көрсөткүч мындан да жакшы жагына өзгөрдү. 3081 мугалимге заявка берилсе, курска келгени 3066 угуучу болду же бул 99,5%ды түздү.
- Өзүңүздөрдүн усулчулардан башка мугалимдерге кимдер сабак беришет?
- ОшМУдан, ОшТУдан, ОГПИден, ОшКУУдан мыкты окутуучуларды тандап алабыз. Курстун жүрүшүндө мугалимдердин муктаждыктарын эске алып, окуу программасына өзгөртүү киргизебиз. Жыл сайын 300-400 тематикалык пландарды өзгөртүп турабыз. Угуучулар өздөрүнө жакканын тандап алып, өздөштүрүшөт. Курстун аягында лекторлорго да баа берилет. Угуучулардын сынына толбогондор менен жылуу-жумшак коштошобуз. Ушулардын баары келип-келип биздеги курстардын таасирдүү болушуна жол ачып жатат.

Усулдук борбордогу жолугушуу
2009-жылдын 9-июлунда ЮСАИД каржылаган "Сапаттуу билим" долбоорунун директору Кеңешбек Сайназаров жана долбоордун программалык менеджери Нуриля Бараканова Жалал-Абад облустук мугалимдердин усулдук борборунда усулчу Эшбаева Марипа менен жолугуп, өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.
ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоорунун жетекчиси бул ирет Жалал-Абадга усулдук борбордун потенциалы менен жакындан таанышуу үчүн келишкенин билдирди. Марипа Исабековна борбордо болгону директор менен орун басарды кошкондо 8 усулчу иштерин, албетте, бул облустун аймагында мугалимдердин кесиптик билимин өркүндөтүү ишин толук кандуу жүргүзүүдө кедерги болуп жатканын айтып өттү.
- Жетишпеген лекторлорду биз ЖАМУдан алып жатабыз. Бирок аларга жол акысын, окуткан сабактары үчүн төлөмдөрдү эсептеп берүүдө кыйынчылыктар бар. Борбордо штаттан тышкаркы лекторлор үчүн төлөмдөр каралган эмес, - деди усулчу.
Жогорудагы кыйынчылыктарга карабай жергиликтүү усулдук борбор мугалимдердин билимин көтөрүүнү колго алыптыр. Учурда 72 сааттык программа менен 3 предмет боюнча мугалимдер Сузакта курстан өтүшкөн. Дагы 6 предметтен мугалимдер кесиптик билимин кийинки жылы жогорулатышат.
- Бул курстарды Сузакта уюштуруп жатканыбыздын себеби, райондо жүздөй мектеп бар. Калган райондордун мугалимдери кесиптик билимин жогорулатууга Бишкек, Ошко барышат, - деди Марипа Исабековна "Кутбилим" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып.

P.S. Ушундай мазмундагы жолугушуу 10-июлда Баткен облустук мугалимдердин усулдук борборунда болуп өттү.

А.Алибеков, "Кутбилим"
Бишкек-Ош-Жалал-Абад.





Өнөктөш таржымалынан
Оштогу мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1962-жылдын 8-августтагы "Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтун түзүү жөнүндөгү" №415 токтомунун негизинде ачылган. Ал мугалимдердин билимин жогорулатуу, педагогикалык изденүү ыгын калыптандыруу, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, усулдук иштерди уюштуруу багыттарында иш алып барат. Институттун алгачкы директору болуп У.Юлдашев, директордун окуу-усулдук иштер боюнча орун басары болуп И.А.Макаревичтер иштешкен. Кийинки кездерде институтту К.У.Нуркулов, Р.А. Абдразаков, А.Н.Нуриев, А.К.Кудайкулов, Г.М.Атабаева, А.Көлбаев, З.Токтомаматовалар жетектешкен. Ал эми орун басарлык кызматты: Л.П.Свердлов, В.Т.Гаус, А.С.Сазина, Л.П.Ульянова, О.И.Пугачевалар аткарып келишкен. Предметтик каана башчылыгында И.Х.Ходжаев, Л.И.Хван, Л.А.Фоянс, А.Г.Кардаманов, И.Х.Устинов, Б.Н.Нарматов, А.К.Козуев, М.Е.Зубахина, А.Умаров, З.И.Фесенко, Х.Б.Сабитовалар үзүрлүү кызмат кылышкан.
ОМБӨИ өзүнүн педагогикалык чыгармачылык изденүүлөрүнүн натыйжасында "Үлгүлүү усулдук кызматтын борбору" деген наамга ээ болгон. Мындан сырткары союз учурунда илимий-педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуудагы жетишкендиги үчүн Бүткүл Союздук Көргөзмөдө эки жолу Ардак грамота менен жана тармактык профсоюз уюмунун көчмө Кызыл Туусу менен сыйланган. Институттун алдында бир нече жолу илимий-практикалык конференциялар, педагогикалык окуулар, чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин семинарлары өткөрүлгөн. Мектеп окуучуларынын облустук олимпиадалары, фестивалдар, "Жыл мугалими" конкурстары системалуу түрдө уюштурулуп келет. Алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу максатында институт тарабынан усулдук иштелмелер, плакаттар, буклеттер, макалалар жарыяланып турат. Союз мезгилинде институт усулчулары өз билимдерин Москва, Киев, Казань, Алма-Ата, Ташкент шаарларынан өркүндөтүп келишсе, учурда мындай көмөктү АБРдин билим берүү боюнча экинчи долбоорунан, ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоорунан алышууда.