музыка
Биздин көз карашыбызча, орто мектептерде музыкалык-эстетикалык билим, тарбия берүүнүн жана окутуунун негизги максаты болуп, окуучу татаал проблемалык, тоскоол болгон кырдаалды чечүүнү мыйзам ченемдүү түшүнүү жолу менен фантазиялаштыруу ыкмалары аркылуу чыгармачылык процессин өз алдынча башкара билүүсүн калыптандыруу болуп эсептелет.
Адам баласынын фантазиясынын пайда болуусуна жардам берүүдө, ошондой эле тарбиялоонун татаал болгон көп мазмундуу элементтерин окуучуларга берүүдө, өзүнүн таңкаларлык табышмактуу өзгөчөлүктөрү менен музыка, көркөм-эстетикалык предметтер сөзсүз түрдө биринчи орунда турат. Музыкалык чыгармаларды жараткан авторлордун, мугалим менен окуучунун жекече инсандык деңгээлдерин, алардын чыгармачылыкка болгон муктаждыктарын жана таланттарын өз алдынча иш жүзүнө ашыруучу, жетилтүүчү жана мыктылоочу предмет - музыка предмети болуп эсептелинет.
Базалык билим берүүнүн башаты болгон башталгыч жана негизги мектептерде окуучуларга ар тараптуу билим берүү, анын ичинен аларды музыкалык билимдин элементтерине ээ кылуу, үрп-адат, каада-салтыбызды чагылдырган кыргыз музыка өнөрүн жаратуучулар менен балдарды жакындан тааныштыруу, улуттук музыканын ыргагында аларды угуу, эске тутуу, ырдоо аркылуу окуучуда музыкалык билимди калыптандыруу.
Жаш өспүрүм балдардын музыка предметинен ийгиликтүү билим жана тарбия алышы, алардын ар тараптан өсүп-өнүгүүсү музыканы угуп, анын коштоосунда ырдап, кайра кайталап бере алышы, класстагы башка балдар менен уккан музыка боюнча өз ара пикир алышуу, элестөө, анализдөө, жыйынтык чыгаруу жөндөмүнө жетишүүсү зор мааниге ээ.
Кыргыз Республикасынын президентинин 2006-жылдын 28-сентябрындагы "Өнүгүүнүн улуттук стратегиясы жана жакынкы милдеттери тууралуу" Кыргызстандын калкына кайрылуусунда "Биздин стратегиялык максатыбыз кыргыз элин, Кыргызстандын элин, анын мамлекетин, маданияты менен тилин сактап калуу жана өнүктүрүү болуп саналат", - деп баса белгилеген. Жогорудагы өлкө президентинин кайрылуусунда айтылгандай жаш муундардын музыкалык-эстетикалык деңгээли өөрчүбөй туруп, ар тараптан өнүккөн, руханий дүйнөсү бай маданияттуу инсандарды, элибиздин патриотторун тарбиялоо мүмкүн эмес.
Элибиздин музыкалык мурасы эки багытта - аспаптык жана ыр чыгармачылыкта кылымдан-кылымга, муундан-муунга өтүп, өнүгүп-өсүп келген. Бул эки багыт бирдей деңгээлде өсүп-өнүгүп келе жатат.
Азыркы мезгилде жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн түзүлгөн программалар өзүнүн мүмкүнчүлүгүнүн чектүү экенине карабай, эки багытты тең өзүнүн ичине камтыды.
Башталгыч мектепте элдик музыкалык аспаптар менен таанышуу иретинде өтүлсө, негизги мектепте ошол аспаптардын жаратылыш тарыхы, аларды бүгүнкү күнгө чейин сактап өнүктүрүп, эл аспаптар үчүн чыгармаларды жаратып, аткарып келген залкар музыкант-аткаруучулар менен таанышып, чыгармачылыктары жөнүндө маалымат берилет.
Бул маалыматтар жөн гана берилбестен, ошол чыгармаларды уктуруу, аны анализдөө, төкмө акындардын, дастанчылардын, манасчылардын аткаруусундагы ырлардан, дастандардан, манастан үзүндүлөрдү уктуруу менен айрым кыска бөлүктөрүн аткарууга шарт түзүп, келечекте маданияттуу инсандарды тарбиялоого жетишүүбүзгө көмөкчү болот.
Жалпы билим берүүчү орто мектептерде жаш муундарга музыкалык-эстетикалык тарбия берүү жагдайында эң маанилүү маселелерден болуп, окуучуларды ыйманга, адеп-ахлакка тарбиялоо, алардын музыкалык табитин ачып, музыкага болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачыл жөндөмүн өстүрүү болуп саналат.
Урматтуу кесиптештер!
Мектеп окуучуларынын музыкага болгон кызыгуусун калыптандырууда төмөндөгүдөй билгичтиктерди, көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн август кеңешмесинин музыка мугалимдеринин секциясында төмөнкү маселелерди талкуулоону сунуштайбыз:
- Окуу материалдарын учурдун талабына жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырып пландаштыруу (календарлык план).
- Окуучулардын музыкалык шык-жөндөмдүүлүк касиеттерин өнүктүрүү менен музыкага болгон кызыгуусун өөрчүтүү.
- Окутууну турмуш менен байланыштыруу, окуучулардын уккан музыкалары боюнча күндөлүк жашоосуна колдонуусуна жетишүү.
- Элдик музыканы уктуруу аркылуу патриоттук сезимдерин ойготуп, ар нерсени өз алдынча таанып билүүсүн калыптандыруу.
- Музыка уктурууда ойлоо, анализдөө ишмердүүлүгүн өстүрүү жана активдештирүү.
- Окутуунун интерактивдик методдорун музыка предметинде колдонуунун жолдору.
Мындан тышкары региондогу өзүңүздөргө кызыктуу болгон проблемаларды секцияда көтөрүп чыксаңыздар болот.
Бүгүнкү күндө Республикадагы музыка мугалимдеринин алдындагы негизги чечилбей жаткан проблемалары төмөнкүлөр:
- Окуучулар үчүн окуу китептеринин жоктугу;
- Окуучуларга толук кандуу музыкалык-эстетикалык билим жана тарбия берүүдө жумасына 1 сааттын аздыгы;
- Ырдатуу жана уктуруу үчүн музыкалык материалдардын жетишпегендиги жана мугалимдерге ноталык хрестоматиянын жоктугу;
- Мугалимдердин окуу нагрузка (ставка) менен камсыз болбогондугу, башталгыч мектептин музыка сабагынын предметниктерге берилбей жаткандыгы;
- Атайын жабдылган окуу кабинеттеринин жетишсиздиги;
- Кабинеттерди жабдуу үчүн композиторлордун, манасчы, төкмө-акын, улуу, орто, кичүү муундагы комузчулардын портреттеринин жоктугу жана музыкалык аспаптардын жетишсиздиги.
Жогорудагы көңүл ооруткан маселелер музыка предметин окутуунун сапатын жогорулатууга тоскоол болооруна шек жок. Ошого карабастан музыка мугалимдери программада берилген темалардын тартибин бузбастан, ырдоо жана уктуруу үчүн берилген музыкалык чыгармаларды өз каалоосу менен тандап алууга чыгармачылык эркиндик берилет.
Мындан тышкары 2009-2010-окуу жылында Республиканын кыргыз тилдүү мектептери базалык 2004-жылы 1-4 жана 5-7-класстары үчүн "Тас" басмасы тарабынан жарык көргөн окуу программалары менен окутулушу керек.
Бул программалар "Музыкалык билим жана тарбия берүүнүн" Мамлекеттик стандартынын негизинде жазылган.


Окуу китептеринин дагы көпкө чейин белгисиз себептер менен чыкпагандыгына байланыштуу, төмөнкү кошумча адабияттарды жана методикалык колдонмолорду сунуш кылабыз.
1. Алагушев Б. Кыргыз элдик музыкалык аспаптары. Ф.: 1977.
2. Апраксина О. Из истории музыкального воспитания. М.: 1983.
3. Ниязова Н.Биринчи класстын музыка сабагында окуу процессин уюштуруу, методикалык колдонмо, Б.:-2008.
4. Дюшалиев К. Кыргыз композиторлорунун вокалдык чыгармалары. Б.: 2003.
5. Дюшалиев К., Лузанова Е. Кыргызское народное музыкальное творчество. Б.: 2000.
6. Дмитриева Г., Черноиваненко Н. Методика музыкального воспитания в школе. Учебное пособие. М.: 1998.
7. Дүйшеналиев Ж. Балдар хорлору (ноталык жыйнак). Б.: 2007. КАО.
8. Дуйшеналиев Ж. Хорду дирижерлоо боюнча хрестоматия. Б.: 2009.
9. Койгелдиева Т., Ниязова Н., Турдумамбетова Ш. 2-класс
Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо жана ноталык жыйнак. Б.: 2000.
10. Критская Е., Сергеева Г., Шмагина Г. Музыка 1-4 кл. Методическое пособие. М.: "Просвеүение" 2004.
11. Музыка, начальная школа. Методическое пособие. М.: 2001.
12. Музыкалык билим жана тарбия берүүнүн Мамлекеттик стандарты. Б.: КАО, 2006.
13. Музыка. Поурочные планы 7 кл., по учебнику Г.И.Науменко., В.В. Алеева. Волгоград.: 2005.
14. Начальная школа. Музыка 4 кл. Поурочные планы, по учебнику Г.С.Рагиной. Волгоград.: 2005.
15. Саламатов Т. Ырда бөбөк, жыйнак Б.: 2000.
16. Субаналиев С. Кыргыз элдик музыкалык аспаптары. Ф.: Кыргызстан. 1989.
17. Эсенгулова Г., Чокиев Т. Бала кербез 1,2,3 хрестоматиялык жыйнак. Б.: 1998, 2003, 2007.

Көркөм өнөр, эмгекке үйрөтүү, черчение
Азыр Кыргызстандын билим берүү системасын жаңы принциптерге шайкеш келтирүүнүн жолдорунун бири - бул Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн Алкактык Улуттук куррикулумун түзүү деп эсептелинүүдө. Кандай болгон күндө да жаңы нерсени түзөөрдө мурунку турмуштук тажрыйбадагы кетирилген кемчиликтер кайрадан кайталанбагандай, алгылыктуу жактары унутта калбагандай болуусу зарыл.
Жаш муундарыбызды кийин келечекте көрүнгөндүн көзүн карабагандай, өз табиятындагы мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кесипти аркалап, өз оокатына тың, маданияттуу, элинин дагы бакыбат жашоосуна кам көргөндөй кылып кантип, кандай билим-тарбия берип, аларды болочок турмушуна даярдай алабыз деген маселе эң актуалдуу.
Мында эстетикалык циклдеги предметтердин да өз орду бар. Бирок, тилекке каршы, эстетикалык билим-тарбия бере турган көркөм өнөр, музыка предметтерине азыр такыр эле көңүл бурулбай калган десек болот. Алсак, союз таркагандан бери түрдүү себептер менен бул предметтерден бир дагы окуу китеп басмаканадан чыга элек.
Азыркы учурда предметтердин санын кыскартып, окуучулардын окуу жүктөмүн азайтуу талабы коюлууда. Эгер азыркы турмуштун шарттарына мүмкүнчүлүктөрүбүз шайкеш келгендей кылып, өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбаларын эске алып, предметтерди интеграциялоо, аларга бөлүнүүчү сааттардын санын кайрадан кылдат карап чыгуу зарыл.
Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн Алкактык Улуттук куррикулумунда жети билим берүү областы көрсөтүлгөн: тилдик, социалдык, математикалык, табигый-илимий, технологиялык, ден соолук маданияты, көркөм өнөр. Көркөм өнөр (искусство) билим берүү областына адабият, музыка, көркөм сүрөт чыгармачылыгы, дүйнөлүк жана атамекендик көркөм маданият предметтери киргизилген.
"Көркөм өнөр" (искусство) билим берүү областынын алкагында эстетикалык билим-тарбия берүү боюнча иш-аракеттер окуучулардын эстетикалык дүйнө таанымын алардын жалпы адамзаттык жана улуттук маданият дөөлөттөрүн өздөштүрүүсү аркылуу калыптандырууга багытталары айтылган.
Кийин кайсы гана кесипте иштебесин адамдын көркөм сулуулукка болгон табити канчалык жогорку деңгээлде болсо, анда анын аткарган жумушунун көркөмдүк баркы, наркы да ошончолук деңгээлде чеберчилик менен аткарылат.
Мисалы, көркөм өнөр, черчение, эмгекке үйрөтүү предметтери келечектеги конструкторлорду, архитекторлорду, сүрөтчүлөрдү, дизайнерлерди, скульпторлорду, карапачыларды, көркөм жасалгалоочуларды, усталарды, зергерлерди, тикмечилерди, саймачыларды, жыгач-усталарды кесипке үйрөтүүнүн алгачкы пайдубалы мектепте түптөлөөрүн унутпайлы.
Буга чейин окуучулардын шык-жөндөмү келечекте кайсыл кесипке ылайыктуу болоору жаңыдан байкалып келе жаткан учурда көркөм өнөр предметинин жетинчи класстан бүтүп калганы туура болбой келген. Азыр таланттуу балдар үчүн сөзсүз профилдик окутууну мектептин жогорку класстарына киргизүү керектиги талкууланып жатат.
2008-жылы Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Азия Өнүктүрүү Банкы жана "АБУ Консалт Берлин" компаниясы менен бирдикте Кыргыз Республикасындагы "Билим берүүнүн экинчи долбоору" бардык предметтер боюнча "Куррикулумду, окуу китептерин, окуу материалдарын жана баалоо системасын жаңылоо" деген темада семинар уюштурду.
Бул семинарга Билим берүү чөйрөсүнүн түрдүү тармактарында эмгектенген кызматкерлер катышышты. Көркөм өнөр предмети боюнча куррикулумду түзүүгө республикабыздын ар тарабында чыгармачылык менен эмгектенген алдыңкы мугалимдер катышышты. Алар: Рыскелдиев К.А. (Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Ж. Алтымышбаев атындагы орто мектеп), Мамбеталиев Ж.Т. (Нарын мамлекеттик университети), Абдыкаирова Б. И. (Бишкек шаарындагы №38 мектеп- гимназия), Чернышенко Г.Д. (Токмок шаарындагы №1 мектеп-гимназия), Бектурганова М.К. (Бишкек шаарындагы №66 орто мектеп), Громыко А.Х. (Каракол шаары, Х.Карасаева атындагы лицей), Эшенова К. З. (Манас району, Кызыл-Жылдыз айылы, М.Рахманбердиев атындагы орто мектеп), Бийбосунова Э.Т. (Бишкек шаарындагы №65 орто мектеп).
Семинарда куррикулум бир кыйла өнүккөн өлкөлөрдө практикаланып, өзүнүн оң натыйжаларын бергендиги айтылды.
Куррикулумдун негизинде окутуунун мурунку союз мезгилинен бери келаткан окутуудан айырмасы теориялык билимдерге гана басым жасалбастан, окуучулар алган билимин аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен турмушунда, өзү жашаган чөйрөдө кеңири колдоно алганга багытталаары баса көрсөтүлдү. Куррикулум - коомдун социалдык заказдарына шайкеш келүүчү окуу процессин уюштурууга багытталган, жөнгө салып, багыт берип туруучу документтердин системасы болгондуктан, жалпы билим берүүчү орто мектептерге куррикулумду киргизүүнүн зарылчылыгы белгиленди.
Ар бир класс үчүн окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен элибиздин көп кылымдардан бери калыптанып келген тарыхый, маданий мурастарын жалпы адамзаттык дөөлөттөр менен айкалыштырып, түрдүү көркөм каражаттардын жардамы менен чыгармаларды жаратып, изденүүгө багытталды.


Август кеңешмелеринде көркөм өнөр, эмгекке үйрөтүү, черчение предметин окутуучу мугалимдердин секциясында төмөнкү маселелерди талкуулоо сунуш кылынат:
- эң алгач элибиздин, ошондой эле дүйнө элдеринин маданий мурастарын кеңири пайдалануу багытындагы иш-тажрыйбалар;
- окуу материалдарын учурдун талабына, жергиликтүү шарттарга ылайык тематикалык пландаштыруу (календарлык план);
- окутууну турмуш менен тыгыз байланыштыруу, окуучуларга күндөлүк жашоодо керектүү буюм-тайымдарды жасоого үйрөтүү, зарыл эмгектик иш-аракеттерди аткарууга көнүктүрүү маселелери;
- эмгекке үйрөтүү, көркөм өнөр, черчение предметтерин окутууда өз ара жана башка предметтер менен байланыштыруу боюнча иш-тажрыйбалар;
- кесиптик багыт берүү;
- жогоруда аталган предметтер боюнча негизги деп эсептелген айрым темаларга тиешелүү материалдарды топтоо үчүн атайын папкаларды уюштуруу;
- окуу программасына ылайык аудиовизуалдык каражаттарды, компьютерди колдонуу маселелери ж.б.
- 1-класс үчүн "көркөм өнөр" окуу китебинин мазмуну жана структурасы.
Август кеңешмелеринде эмгекке үйрөтүү, көркөм өнөр, черчение предметтерин окутуу боюнча сунуш-пикириңиздерди Кыргыз билим берүү академиясына жиберүүңүздөрдү өтүнөбүз.