Методикалык сунуштар

Мекен таануу предметин окутуу
(башталгыч класстардын мугалимдери үчүн)

Башталгыч мектепте окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө, таанып билүү жөндөмүнө ылайык интеграцияланган предметтер окутулат. Мекен таануу предмети төмөндөгү милдеттерди аткарат:
- коомду жана айлана чөйрөнү илимий негизде таанытат;
- өз ден соолугуна кам көрүүгө, кырсыктан сактана билүүгө, коомдо өзүн туура алып жүрүүгө карата билим-тарбия берет.
Окуучуну турмушка даярдоо багытында төмөндөгү жагдайларды белгилемекчибиз:
- инсандын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- адамдын рухий дүйнөсүн калыптандырууну камсыз кылган маданиятка багытталган билим берүү;
- илимий билимдердин системасын окутуу менен аларды ар кандай практикалык иш аракеттерде, турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү. Тез өзгөрүп жаткан мезгилдин шартына жараша Республикабыздын башталгыч мектептеринде бүгүнкү күндө орчундуу проблемалар арбын. Буга ылайык, Август кеңешмесинде, башталгыч класстын мугалимдерине төмөндөгү маселелерди талкуулоону сунуш кылабыз:
- окуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү;
- окутуунун интерактивдүү ыкмаларын сабакта туура колдонуу;
- окуучунун жеке өзгөчөлүгүнө ылайыктап, дифференцирленген билим жана тарбия берүү;
- инсанга багыттап окутуу;
- баа коюу проблемасы;
- окуучунун ден соолугун сактоо жана окуу жүктөмү ж.б.у.с.
Август кеңешмесинде педагогдор өз тажрыйбаларын ортого салып, ой бөлүшө турган олуттуу проблемалардын бири - балада окуу билгичтигин (умение учиться) калыптандыруу болуп эсептелет. Окуу билгичтиги - башталгыч класста түптөлөт.
Алгач баланы кунт коюп көңүлүн топтоого үйрөтүү зарыл. Башталгыч класстын мугалими көп убактысын жана күчүн сарптай турган жумуш ушул. Окуу материалын түшүнүү төмөндөгү иш-аракеттерди аткарууну талап кылат:
- анализдөө, синтездөө;
- негизгисин бөлүп көрсөтүү (окуучу окуган тексттен негизги
ойду таба билүүгө, план түзүүгө үйрөнүшү керек);
- салыштыруу, окшоштуруу, конкреттештирүү;
- далилдөө, корутундулоо;
- жалпылоо, б.а. окшош белгилер боюнча бириктирүү.
Кенже мектеп окуучусунда жогоруда аталган сапаттарды калыптандыруу үчүн мугалимдер көп изденишет. Ар түрдүү көнүгүүлөрдү, тапшырмаларды пайдаланышат. Интерактивдүү ыкмаларды колдонушат.
Окутуунун максатын толук ишке ашыруу үчүн окуучулардын ар бири үчүн төмөндөгүдөй шарт түзүү талап кылынат;
- өз алдынча иштөө жана группада иштөө;
- билим алууда кыйынчылыктарды жеңип чыгуу жана өз жетишкендигине канааттануу;
- жетишкендиктердин ар дайым бааланып турушу, өзүн өзү баалоо, жолдоштору тарабынан бааланышы;
Азыркы күнгө чейин орун ээлеген мүчүлүштүктөрдүн бири - мугалимдин ашыкча башкаруучулугу, окуучуларды ойлонууга, сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей, конкреттүү билимдерди калыптандырбай, тапшырмалардын сапатына эмес, санына карата иш жүргүзүү сыяктуу кемчиликтен баш тартууга мезгил жетти. Август кеңешмесинде мугалимдер ой бөлүшүп талкуулай турган дагы бир орчундуу маселелердин бири - баланын жеке өзгөчөлүгүн эсепке алуу жана дифференцирлеп окутуу.
Балдар мектепке түрдүү даярдык менен келишет. Алардын социалдык тажрыйбасы жана психофизиологиялык өнүгүү деңгээли да ар түрдүү.
1-класстын окуучулары менен иш жүргүзүүдө 6-7 жашар балдардын окууга даярдыгын аныктоо үчүн психологдор төмөндөгүдөй параметрлерди сунуш кылышат: көңүл буруу, кунт коюу, логикалык ой жүгүртүү, өзүн-өзү контролдой билүү, окууга кызыгуу, сүйлөй билүү, калемсап кармаганга колунун майда булчуңдарынын өнүгүшү.
Мындай изилдөөнүн жыйынтыгында окуучуларды 3 топко бөлүшөт. 1-топтогу окуучулар - даярдыгы начар окуучулар. Аларга ар дайым мугалимдин жардамы керек болот. 2-топтогу окуучулар, булар негизинен, мектепке окуганга даяр балдар. 3-топтогулар - бардыгына кызыккан, тапшырманы чыгармачылык менен аткарган дилгир балдар.
Азыркы күндө башталгыч билим берүү концепциясында окуучуну өнүктүрүү жана ар бир окуучу өзүн толук реализациялоого шарт түзүү маанилүү болуп эсептелет. Окутууда, тарбиялоодо балдардын жеке өзгөчөлүгү эске алынышы зарыл. Начар окуган окуучулар, ошондой эле мыкты окугандар да жеке өзгөчөлүктү эсепке алууга муктаж. Жеке өзгөчөлүктү эске алуу жана дифференцирлеп окутуу окуучуларды группаларга бөлүп окутууну шарттайт.
Окуучуларды группаларга бөлүүдө төмөндөгү жагдайларды эске алуу керек:
- тапшырма класстагылардын баарына бирдей болот, бирок күчтүү окуучулардын группасына убакыт азыраак берилет;
- тапшырма баарына бирдей, ал эми начар окуган окуучуларга жардам катарында көмөкчү материал берилет.
Сабакта окуучулар төмөндөгүдөй иш-аракеттерди аткарууга тийиш:
- дискуссияга жана талкууга катышуу;
- жолдошторуна жана мугалимге суроо берүү;
- жолдошторунун жазуу иштерин текшерүү жана баа коюу;
- өзүнүн иштерин анализдөө жана текшерүү;
- өз пикирин далилдөө, жактоо.
Инсанга багыттап окутууда диагностиканы так коюу чечүүчү мааниге ээ. Азыркы күндүн мугалими диагностиканын методикасын жакшы билүүгө жана мектептеги диагностикалык кызматка активдүү катышууга тийиш.
Стимулдаштыруу каражаты болгон баа коюу системасы бүгүнкү күндө төмөндөгү талаптарга жооп бериши зарыл:
- объективдүүлүгү;
- ар түрдүү жана жекече мүнөздө болушу;
- ачык-айкындыгы;
- ар тараптуулугу;
- дифференцирленгендиги;
- түрдүү формада болушу;
- этиканын сакталышы.
Дүйнөлүк тажрыйбада 1-класста баа коюлбайт. Конкурс, мелдеш, оюндарды өткөрүүдө балдар өзүн өзү баалайт жана башкалардын арасынан өз ордун өзү түшүнөт. Башталгыч класста тестирлөө колдонулат. Мугалимдер өздөрү тест түзсө болот.
Окуучунун ден соолугу жана окуу жүктөмү. Башталгыч класста окутуу жана тарбиялоо баланын өнүгүшүнө жана ден соолугуна терс таасирин тийгизбеши зарыл. 6-7 жашка чыккан баланын нерв системасында олуттуу өзгөрүү болуп, кабыл алуу, көңүл буруу, ой жүгүртүү сыяктуу акыл иш аракеттери өрчүй тургандыгын изилдөөлөр көрсөткөн. Окуу жүктөмү санитардык-гигиеналык талапка жооп берүүгө тийиш. Биринчи класста күнүнө 3-4 гана сабак болот. 2-3-класстарда күнүнө 4-5 сабак өтүлөт, үйгө берилүүчү тапшырманын көлөмү 1 сааттан ашпайт. Ал эми 4-класста күнүнө 5-6 сабак өтүлөт, үйгө тапшырма 1,5 саат убакытты ээлейт. (И.П.Подласый)
Кенже мектеп окуучусунун өнүгүшү татаал процесс. Балдар бул курагында абдан дилгир болушат. Интеллектуалдык, социалдык, адептик сапаттары күн санап ыкчам калыптанат да, көпчүлүк сапаттары өмүр бою калат. Ушу курагында окууга кызыктырууга мүмкүнчүлүк арбын. Ошондуктан ар бир күндү текке кетирбей, натыйжалуу тарбия ишине пайдалануу зарыл.
Кыргыз башталгыч мектептери негизинен мамлекеттик стандарт, программа, окуу китептер менен камсыз болгон.
Мекен таануу боюнча окуу китептер жетишерлик санда басылып чыккан (1-4-кл.) автору - З.Ж.Мамбетова.
1-класска Мекен таануу дептери, "1,2,3-класста Мекен таануу сабактарын интерактивдүү ыкмада окутуу" деген методикалык колдонмо жарык көрдү (автору - З. Мамбетова).
2006-жылы "Родиноведение" (Мекен таануу) жана математика боюнча окуу программасы жарык көргөн.
Башталгыч класстын окуу китептери жылдан-жылга оңдолуп, толукталып, өркүндөтүлүүдө. Азыркы учурда Кыргыз билим берүү академиясында ар бир окуу предметине карата методикалык колдонмолор түзүлүп, даярдалып жатат.
Аталган окуу китептер кенже мектеп окуучуларынын өз алдынча окуп үйрөнүү, таанып билүү жана окурмандык ишмердүүлүгүн калыптандырууну көздөйт. Аны ишке ашыруу мугалимдин колунда. Балдарды китепке кызыктыруу, текст менен иштөөгө үйрөтүү, тапшырмалардын маңызын түшүнүп иштөөгө үйрөтүү, социалдаштыруу, чечкиндүүлүккө, өз алдынчалыкка тарбиялоо, турмушка даярдоо мугалимдин негизги максаты болууга тийиш.
Окуу китептерге карата сунуш пикириңиздер, сурооңуздар болсо, Кыргыз билим берүү академиясына кайрылсаңыздар болот.
Биздин дарек: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 25. Кыргыз билим берүү академиясы. Тел.: 62-23-49.

БИОЛОГИЯ
Мектептик билим берүү системасында биология предметин окутуунун негизги максаты - ар бир адамды тиричиликтин Жер бетинде сакталып калышы үчүн коом алдында өзүнүн жоопкердүү экенин түшүнүүгө түрткү берүүчү аң сезимди калыптандыруу болуп саналат. Азыркы учурда биологиялык жана экологиялык сабаттуулук адамдын интеллигенттүүлүгүнүн өзөгүн түзөт. Ошону менен бирге билимдүү, жогорку маданияттуу адам - коомдогу жана жер бетиндеги баалуулук катары каралат.
Биология техникалык жана гуманитардык илимдердин экөөнө тең алакалашып, гумандуулук принцибин ишке ашыруунун күчтүү фактору болуп эсептелет. Ал адамдын тиричилигинин, ден соолугунун жана рухунун таза сакталышынын негизин түзөт.
Азыркы учурда биология курсун окутууда К.С. Бакиевдин билим берүү реформасын жүргүзүүнүн концепциясында көргөзүлгөн багыттарды эске алуу менен төмөнкүлөргө басым жасалууга тийиш:
- биологиялык билим алууда окуп үйрөнүүнүн ыкмаларына ээ болуу менен бирге окуучунун өзүн-өзү өнүктүрүү технологиясынын окуу процессине киргизилүүсү;
- биологиялык жагдайдагы дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү жөнүндөгү түшүнүккө негизделген көз караштын адамдын жалпы маданиятынын компоненти катары калыптанышы;
- биологиялык билим берүүнүн негизги максаты окуучунун жекече жөндөмүн жана мүмкүнчүлүгүн колдоого, өнүктүрүүгө багытталгандыгы;
- көргөзүлгөн максатты иш жүзүнө ашырууну камсыздаган окутуу технологиясынын колдонулушу;
- билим берүүнүн мазмунунун окуучуну өз алдынча иштөөгө багыттоосу;
- окутуу процессинде компетенттүүлүк мамиле стратегиясынын ишке ашырылышы жана окуучулардын теориялык билимдерин күнүмдүк жашоодо пайдаланууга багытталышы.
Билим берүүнү жогоркудай багытта алып барууда азыркы учурдагы иштелип чыккан биология курсунун мазмунунда (биология боюнча мамлекеттик стандартта, окуу программасында, окуу китептеринде) зор мүмкүнчүлүк камтылган. Анда табият бир бүтүн структуралык система экендигине негизделип, жаратылыш, адам, коомдун өз ара аракети комплекс катары көргөзүлгөнүн жана дагы окуу материалы окуучулардын айлана чөйрөдөгү күндөлүк жашоосу менен бирге тыгыз байланышта экендиги окуу процессинин негизи катары каралган. Ошондой эле биология предмети жекече инсандын бакыбат жашоосунун, анын жүрүш-туруш көндүмдөрүнүн негизин түзөт, наркоманиянын, алкоголизмдин жана башка азыркы учурдун коркунучтуу ооруларынын (СПИД ж.б.) профилактикасынын илимий негизин өздөштүрүүгө көмөктөшөт.
Ошону менен бирге 2009/2010-окуу жылында мугалим бир топ маселелердин үстүндө иштөөгө туура келет.
Жогорудагы белгилегендерге негизделип август кеңешмесинде төмөнкү көйгөйлүү маселелерди талкуулоону сунуштайбыз:
- тесттик тапшырмалардын мамлекеттик стандартка жана окуу программага дал келиши;
- биологияны окутуу процессинде базалык, социалдык түйүндүү компетенттүүлүктөрдү калыптындыруу;
- профилдик окутуу проблемасынын биология курсунда иш жүзүнө ашыруу жолдору;
- окутуу технологияларын колдонууда билим берүүнүн натыйжалуулугуна жетишүү жолдору.
2009-2010-окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн биология боюнча жарактуу окуу китептеринин тизмеси (6-11-кл).