Сунуш

Өткөөл доор жана өзөк факторлор
(Президент Курманбек Бакиев сунуштаган билим берүү реформасын жүргүзүү концепциясы боюнча ой-пикир, сунуштар)
Президент Курманбек Бакиев тарабынан сунушталган билим берүү реформасын жүргүзүү концепциясы бүткүл коомчулукту катуу кабатырлантып жаткан бүгүнкү мезгилдин өктөм талабы. Өлкө башчысынын: "Билим берүү бүгүн улуттук коопсуздукту сактоонун бирден бир маселесине айланып отурат" - деген тынчсыздануусунун түпкүрүндө бычак сөөккө жеткенди айгинелеген курч маселе жатат. Бул бүгүнкү билим берүү системасында өкүм сүрүп келген өлөсөлүү өксүктөрдү чечүүнүн кечиктирилгистигинен кабар берет.

Концепцияда билим берүүнүн алдыга жылбай жатканына кедерги болуп жаткан негизги өзөк факторлор катары:
o адам (кадр) ресурстарынын орундуу пайдаланылбай жаткандыгы
o иш-аракеттерди жүргүзүүдө жана көзөмөлдөөдө негизинен өлүмсак ведомстволук мамилелер жүргүзүлүп келгендиги;
o билим берүүнүн жалпы коомчулуктун колдоосунан ажырап калгандыгы;
o үстүрттөндүк, сыртынан жылмалап-жасалмалоочулук иш-аракеттердин үстөмдүгү;
o кадр саясатындагы өксүктөр жана баалуу кадр-адистерди колдоп-коргоо чараларынын чабалдыгы;
o мектептерди бүгүнкү заман деңгээлинде башкаруу тажрыйбаларынын жетишсиздиги;
o билим жаатындагы чиновниктердин жаңыча ойлонуу жөндөмүнүн жетише бербегендиги;
o окуу пландарынын системасыздыгы жана жүктөмдөрдүн ашкере оорлугу, көпчүлүк окуулуктардын дидактикалык талаптарга жооп бербегендиги, жетишсиздиги;
o амалият менен назарияттын ортосунда кескин ажырымдын пайда болушу, натыйжада балдарга турмуш менен коошпогон кургак, жадатма билимдердин бериле башташы;
o баанын таалимгерлик таасиринин жоголуп баратышы, деги эле баалоонун жаңыча ынанымдуу формаларын иликтөө маселесинин бышып жеткендиги;
o коомчулукта мектепке, мугалимдин статусуна болгон сенек көз-караштардын топтолушу, мугалимге шылдыңкор мамиленин өкүм сүрүшү;
o мугалимдердин кесиптик кошундарынын түпкү миссиясынан четтеп баратышы, көпчүлүк жерлерде алар мугалимдин укугун адилет коргоп, жамааттарда жаратмандык психологияны жаратканга көмөктөшүүнүн ордуна, өз көмөчүнө күл тарткан интригалык топторду түзүп алуу аркылуу өз иштериндеги алешимдиктерди жылмалап-жашырып жансактоого көбүрөөк алектенип келаткандыктары.
- "Мугалим+коомчулук+ата-эне"үчилтигинин реформаларды, жаңылыктарды кабыл алууга дайыма эле даяр эместиги;
- билим берүүнү материалдык жактан колдоонун алсыздыгы;
- кесиптик билим берүү, жогорку билим берүү системасындагы алешемдиктер, өзгөчө ЖОЖдордун терең коррупцияланышы, деги эле коррупциянын билим берүү тармагын баардык тарабынан желелеп муунтуп баратышы, терең тамырлап кетүүсү;
- мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарынын иштеринин кайтарымынын өтө төмөндүгү, бир жактуулугу, чыныгы чыгаан, фанат, ой-өрүштүү, жаңычыл адистердин зарылдыгы ж.б.у.с. сыяктуу түйүндүү маселелерди өз ичине камтый тургандыгы таасын көрсөтүлгөн.
Өзгөчө кийинки өткөөл доордо (1991-2005-жылдарда) унут боло түшүп, коомчулуктун да, мамлекеттин да камкордугунан ажырап калган мектепке чейинки билим берүү системасынын деңгээлин көтөрүү маселесине орчундуу маани берүү зарылдыгы баса белгиленген.
Президентибиздин мектеп реформасынын алгачкы этаптарын ишке ашыруу үчүн Улуттук кеңеш түзүү сунушу да кубаттого арзыйт. Ошондой эле максатты ишке ашыруу үчүн түрдүү тармактардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүп, үч ай ичинде долбоорду иштеп чыгуу зарылдыгына басым жасагандыгы мезгил талабына шай ташталган кадам.
Жогорудагы белгиленгендерге чексиз ынануу менен реформанын толук кандуу жүргүзүлүүсү үчүн төмөндөгү жагдайларды эске алуу керек деп эсептеймин:
1. Ар кандай жаңы аракеттердин, реформалардын пайдубалы, башталыш ок тамыры, өзөк идеологиясыболуусу керек. Ал өзөк идеология жалпы улуттук идеологиядан чыгаары белгилүү. Ошондуктан алгач түпкүлүктүү улуттук идеологияны иштеп алуубуз зарыл (ошондон улам кечээги балдар Манастай, Кычандай, Чолпонбайдай, Жаңылдай болом дешсе, бүгүнкүлөр Жеки Чандай, Вандамдай, Шварценегердей болом деп калышты).
2. Билим берүүнү ашкере саясатташтыруудан оолак болуу абзел. Эгемендүүлүк жылдарында айрым саясаткерлер билим берүү жаатын өз карьерасы үчүн саясий ареналардын чордонуна айландырып алган. Ушундан улам билим куугандан, саясат куугандык үстөм боло баштаган (М: көпчүлүк окуучулар Токтогулга, Алыкулга караганда асмандан түшө калгансыган убадакөй депутаттарды түзүк таанып калышкан).
3. Базар мамилелеринин чукулдан кирип келиши жаратмандык эмес, эптеп күн көрүүнү, коомдон эмненидир өөнөп, пайдаланып калууну көздөгөн өтө тар эгоисттик-өзүмчүлдүк психологияны жаратты. Айрым инсандык руханий ыйыктыктар көрпенделик майда кызыкчылыктардын тебелендисинде калып кетти. Чечекейди чеч кылган дүйнөкорлуктун торунан чыгып, ыйык руханий таянычтарыбызды туу туткан инсандарды калыптандырууга багытталган билим-тарбия көрөнгөсүн түптөгөн системаны жаратууга багыттануубуз керек.
4. Өлкөбүздө кээ бир жөндөмсүз адистерди коргоп, көрөңгөлүүлөрдү оолактаткан ашкере күч алган трайбализм, тааныш-билишчилик тенденциянын билим берүү тармагына да терең тамырлап алгандыгы олуттуу ойлонууну жана чечкиндүү иш-чаралар көрүүнү талап кылат.
5. Кылымдар бою түптөлүп, элибиздин каны-жаны менен жашап келаткан элдик педагогиканын өрнөктүү салттарын бүгүнкү дүйнөлөшүү жараяны менен шай келтирип сыйбагыштоо, жаңыча өңүттө зарылдыгы чордондуу маселе катары каралууга тийиш. Бул багытта элдик педагогика менен учур талабын жуурулуштуруу концепциясын иштеп чыгуу зарылдыгы туулат.
6. "Кимде ким технологиядан утса - ал баарынан утат!" Өнүккөн өлкөлөрдө эң башкы ураандардын бири болгон бул маселеге биздин өлкөдө гана тескерисинче мамиле болуп калгандыгы - өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Буга кечээ күнкү эле райондук усулдук-технологиялык борборлордун жоюлушу ачык күбө. Ошол кездеги Билим берүү министрлигинин жетекчилигинин бул маанилүү системага ат үстүнөн көңүлкош мамиле жасап, мектеп турмушун жакындан билбегендигинин, кайдигерлигинин, коркок билиштигинин кесепетинен ушинтип жоюлуу тагдырына дуушар болгон усулдук кааналарды тез арада калыбына келтирбей туруп реформа жүргүзүүгө болбойт. Болбосо бул анык дүйнөлүк маскарачылыктын мисалы болуп калат.
7. "Өлкө кадрларга суусап турганы" (К.Бакиев) чын. Кийинки 10-15 жылдык аралык билим берүү системасында көрөңгөлүү адистерден айрылуунун, мектепти ЖОЖдорду көмүскөдө чала-чарпыт бүтүргөн көптөгөн сабатсыз адистер менен толуктоонун жылы болду. Бара-бара эски мугалимдер эс алууга кетип, негизги өзөктү ошолор түзө баштады. Эми реформаны негизинен ушул мугалимдер менен жүргүзүүгө туура келет. Бул - келечек үчүн коркунучтуу. Көртирлик кезип кеткен күчтүү адистерди кайра билим берүү тармагына кайтаруу чараларын көрүү зарыл.
Ушул жерде жакшы максат ниеттер менен башталып, бирок көп учурда акыбетин бербей, айрым билим берүү кызматкерлеринин өкүлдөрүнүн, кадрлар бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин көңүлүн тапкан тааныш-билиштерин ишке жайгаруу даражасынан ашпай калган "Жаш мугалимдин депозити" программасы да кайрадан каралууга тийиш.
Дагы бир орчундуу көйгөй - бул мектепте агайлардын күндөн күнгө суюлуп баратышы. Бул - чоң социалдык маселе. Бул - акыр-аягы билим-тарбия жаатында олуттуу катастрофалык жагдай түзө турган көрүнүш. Реформада бул бирден-бир маселе катары көңүл борборунда болуусу абзел.
8. Таза педагогикалык багытта гана билим бергенге ЖОЖдорду түзүү, алардын табигый педагогдук шыгы бар окуучуларды мектептен тандап-көзөмөлдөп барып кабыл алуу шарттарын жаратуу. "Устат-шакирт" алакасын деңгээлине чыгаруу чаралары көрүлсө. Бул ЖОЖдордо коррупцияны ооздуктоого да өбөлгө болор эле. (Ноокат районунда мындай долбоор бар).
9. Калкыбызда негедир айрым цивилизациялуу элдерге салыштырмалуу акыл эмгегинин маданиятына ык алуу көндүмдөрү жай баракатыраактай туюлат. Көпчүлүк окуучуларыбызда окуу үчүн жоопкерчилик маданияты, мугалимдерибизде билим-мамилелерди үйрөтүү маданияты, ата-энелерибизде балдарынын билим алуусу үчүн жоопкерчилик маданияты өксүп келатканы байкалат. Болочок иш-чарада буга олуттуу баа-маани берилип, өзөктүү маселе катары иликтенип каралуусу керек.
10. Мектеп куррикулумун жаратуу ишинде да айрым "Бармак басты, көз кысты" адаттарыбызды карматып жиберип жатабыз. АБР-2 долбоору аркылуу каржыланып, билим берүү системабызды эл аралык деңгээлге ылайыктап жөндөп алууга мүмкүндүк жаратып жаткан мындай келечектүү ишти жүзөгө ашырууда да баягы эле тааныш-билишчилик, кадыр-көңүлдүк мамиле үстөм болуп кетип жатат. Жан үрөгөн аракет жок. Уюштуруу иштери эң төмөнкү деңгээлде. Астейдил катышкан мугалимдерди чет өлкөлөргө стажировкага жиберүү көбүн эсе алардын көрөңгө-жөндөмүнө эмес, долбоордун жетекчилеринин өз билемдик ыктыярына, тааныш-билиштик даражасына жараша бир жактуулук менен жүргүзүлүп келатат. Натыйжада акыбет-майнап жок. Мындай жагдайда бул маанилүү иш-чараны да олуттуу өксүтүп аларыбыз бышык (Кайсы бир деңгээлде өксүтүп эле алдык!) Мектеп куррикулуму - Президент көтөрүп жаткан билим берүү боюнча Улуттук долбоордун, реформанын өзөгү болууга тийиш.
Президентибиз Курманбек Бакиев сунуштаган билим берүү системасынын концепциясы элибиздин кызуу талкуусуна ээ болоруна терең ишенемин. К.Бакиев КР Президенти болуп кайрадан шайланып, өзү көтөрүп жаткан өлкөбүз үчүн башкы курч маселени - билим берүүнү реформалоону өзү ишке ашырса деген тилекти билдиремин.

Жусуп Молдобаев,
Ноокат району, К.Бобулов атындагы орто мектебинин мугалими.