Көзүңдү ач! Коррупция!

ЖОЖдордогу коррупцияны
кантип жоготобуз?
(Башталышы өткөн санда)
ЖОЖдордо коррупцияны жок кылуунун бир жолу, кирүү экзамендерин жок кылуу менен кабыл алууну жыл бою иштөөчү үзгүлтүксүз циклге өткөрүү. Кандайча? Мисалы: Ачык эшиктер принцибинде 1-агым - июнь-сентябрь айлары. Атайын компьютердик класстарды уюштуруп, ал жерге тиешелүү предметтерден тесттик материалдар жүктөлөт, окууга кирүүнү каалаган абитуриент каалаган күнү, убактысына карап келип, тандаган адистиги боюнча өзү компьютерден тесттик тапшырмаларды аткарып, алынган баллын көрөт, оң болсо, оператор ага тесттик баллдарын чыгарып берет, абитуриент кирүү арызын толтуруп, ЖОЖ менен тиешелүү келишимге кол коюп, документтерин тапшырат. Эгерде тапшырмасынын аткарылышы тескери бааланса, ал даярданып, көрсөтүлгөн убакыттар ичинде кайра келсе болот.
2-агым - январь-февраль айларында группалардын калыптанышына жараша болот. Бул үзгүлтүксүздүк жана компьютердин баалап бериши айкындуулукту жаратат жана окууга болгон далалат жыл ичи таанышы жок эле чечилет деген түшүнүктү калыптандырат. Ал эми мындай жол менен кабыл алуудан: биринчиден , ЖОЖдо окуу үчүн келишимдик акы азайбайт, анткени кирүүчүлөр экзаменден кийин окуу үчүн бир жылдык келишим акысын төлөгөндөн кийин гана буйрук чыгаруу керек, экинчиден, ажиотаж жок болот, үчүнчүдөн , кокустан окууга киргендердин саны азаят. Демек билимге умтулгандар, чыныгы адис болууну самагандар гана кире алат, төртүнчүдөн , билген адамга билим берүү мүмкүнчүлүгү пайда болот, бешинчиден , сапаттуу билим берүүнү талап кылуу менен ЖОЖдордо коррупцияны жок кылууга биринчи кадам ташталат .
Кирүү сынагында коррупцияны жок кылуунун дагы бир жолу - бул же тигил адистикке студенттерди кабыл алууда лицензиялык чектөө деген шылтоону алып салуу. Республика жалпысынан союз маалындагы пландоо экономикасынан рыноктук экономикага өттүк деп жатканыбыз менен "мынча кабыл ал" - деп ЖОЖго үстүртөн план берилип жаткандыгын кандай закон менен түшүндүрүүгө болот. Рынок мыйзамы боюнча талап барбы, аны билимине жараша кабыл алса, билими начары окуу процессинде табигый тандоо менен элениши керек. Лицензиялык нормативдик план 2-курстан эле өз ордуна келип калат. Билими күчтүүлөрү калып, начары кете баштайт. Кабыл алууда чектөөнү алып таштоонун өзү коррупцияны жоготот.
ЖОЖдордо окуу процессинде зачет-экзамендик карыздары үчүн окуудан чыгаруу дегенди жок кылуу, анын ордуна курстан курска көчүрбөй калтыруу механизмин кийирүү керек, себеби ал канча жыл олтурса, ошончо диплом алганга чейин контракт төлөмүн төлөөгө туура келет. Бул жерде БОЛОН процессиндеги кредиттерин аткара албаган студентке салыштырууга болот. Ал эми окуудан четтетүүнүн тиешелүү мүмкүнчүлүктөрү көп жана орчундуу жетишпестиктерди жаратат.
Жогорку окуу жайларда коррупцияны жок кылуунун дагы бир жолу даражасына, чыгармачылык иштөөсүнө жараша профессордук-окутуучулук курамдын айлыгын көтөрүү. Окутуучуда бул жогорку даражадагы кызматын барктап-баалап, жумуш ордун жоготуу коркунуч сезими пайда болсо, анын өзүнүн чыгармачылык менен иштөөсүнө да шарттар түзүлүп, билим берүүнүн сапаттуулугун талап кылса болот. БОЛОН процессиндеги дагы бир жакшы нерсени, предметтерден окутуучуну студенттердин өздөрүнүн тандашын кабыл алуу керек. Демек (силлабус) бир жылдык окуу пландарын август айында бекитип, алар атайын доскаларга, интернет сайттарына илинип, студенттер кайсы профессордон эмнени окуурун көрүп тандайт жана өздөрү жактырган окутуучуга жазылышат. Профессор, доценттер группасына жараша айлык акы алат. Тандалбаса ойлонот, изденет, эмне үчүн студент аны тандабады? Бул башкаларга да сабак болот. Ар бир 5 жылда тиешелүү мекемелерде профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу менен, 2 жылда бир аттестацияланып, эмгегине жараша айлык маянасын да көтөрүп туруу зарыл.
Тарбиячы, мугалим, окутуучу-педагог качан гана мамлекет, өкмөт жана коомчулук тарабынан колдоого, баалоого ээ болгондо, качан гана аларда өз кесиби үчүн сыймыктануу сезими пайда болуп, алар "Мен мугалиммин!" деп салтанаттуу түрдө айта алганда - коом билимдүү, таланттуу жаштарга ээ боло баштайт.
Демек реформа мугалим-педагогдун статусун көтөрүүдөн башталып, аларда өз кесибине карата сыймыктануу, сүйүү сезими пайда болсо, алар ишин барктай баштаса гана окутууга, окуучуга чыгармачылык менен мамиле жасап, жүрөктөн чыккан сөздөр жүрөктөргө жетип, мамлекетибиз билимдүү, илимдүү адистерге жетишет.





Б.Кубаев, билим берүү жана илим министринин орун басары:
- Бүгүнкү күндө республика боюнча жогорку окуу жайлардан такыр сабакка келбей, катышпай, эң төмөнкү деңгээлдеги окуган 6 миң 300 студентти окуудан чыгарылып салынган. Мен бул цифра үч эсе көтөрүлүшүн каалайм. Билим берүү министрлигин шылдыңдаганга биз жол бербейбиз.
Коррупция демекчи, атын атабай эле коеюун, бир профессордон 24 зачетканы, дагы бирөөнөн жасалма 6000 дипломду сейфинен таап чыгышкан фактылар бар.
Студенттердин арасында "крышовать", "разводить" деген жаңы терминология пайда болду. Бул кейиштүү көрүнүш менен биз биргелешип күрөшүүбүз керек. Бул комплекстүү жумуш.

Гүланда Шадыканова, соода-экономикалык колледжинин директору:
- Мурда биз окуган совет доорунда дегеле акча берүү эмне экенин билчү да эмеспиз. Биздин окуу жайда, албетте, бул көрүнүшкө терс карайбыз. Окуу жайда 102 мугалим эмгектенет, алардын 25 гана улгайып калган мугалимдер. Мен жаш мугалимдерге дайыма силер мындай ишке барбагыла, кайсы жерде болбосун чынчыл болгула деп айтып келемин. Эң башкысы - абийирди сактап калуу болуп эсептелинет.
"Академиялык чынчылдык" деген бар эмеспи, ошол нерсе мугалимдер арасында катуу көзөмөлгө алынып, белгилүү бир жыйынтыктарды берүүдө. Биз коррупция менен күрөшүүгө ата-энелерди тартуудабыз. Эмне үчүн? Анткени ата-эне балага жоопкерчиликтүү. Мен айтаар элем ата-энеден баары башталат.
Программа боюнча эң биринчи окууга себеби жок эле келбей жүргөн студенттерди окуудан чыгарып салабыз. Биринчиден, дисциплина керек, ал болбосо балдар эмне кыларын билбей ар кайсы жактарга баса башташат. Экинчиден, ар бир студентте, мугалимде патриотизм деген нерсе болсо, анда коррупциянын да элементтери жок болот.
Мындан сырткары, биздин окуу жайда коррупцияны алдын алуу комиссиялары иштеп жатат. Анын жыйынтыгы жакшы болот деп ойлойм.

Элнура Музаева, №5 Улуттук компьютердик гимназиянын директору :
- Коррупция жогорку окуу жайларында бар деп айтчу болсом мен алардын короосуна таш ыргыткандай болом. "Бир карынды бир кумалак май чиритет" дегендей, ар бир окуу жайда мындай нерсе бар. Менин дагы балдарым студент болгон, азыр да билим алып жаткан балам бар. Айла жок беребиз, берүүгө туура келет.
Азыр жогорку окуу жайга тапшыруучулардын көбүнчөсүн эле айыл тургундарынын балдары түзөт. Алар балдарынын окуусуна, кийимине, жашаганына төлөөгө мажбур. Ал эми ата-эненин: "Сен тиги адис болосуң, же бул жакшы профессия ошого тапшыр!",- деп мажбурлап, кааласа да, каалабаса да аны кыйнаган туура эмес.

Жазгүл УРМАМБЕТОВА, "Кутбилим"





P.S. Коррупциялык жана протекциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу жогорку жана атайын кесиптик орто окуу жайларына кабыл алууда эң орчундуу маселе катары Билим берүү жана илим министрлиги жана Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик тарабынан көзөмөлгө алынууда. Ар бир окуу жайда кабыл алуу өнөктүгүнүн үстүнөн атайын көз салууда. Билим берүү жана илим министрлигинде ишеним телефону иштеп жатат. Жогорку окуу жайларды ичинен ириткен кейиштүү көрүнүштөрдү четтетүү, тазалануу жана жаңылануу жолдору боюнча "Кутбилим" гезити дагы өзүнүн окурмандарынын ой-пикирин угуп, кеп-кеңеш курууда. Гезитибизде 1-июндан бери "Жогорку окуу жайларындагы коррупцияга каршы тогуз кадам" деп шарттуу аталган долбоор иштеп жатат. Бул долбоордун алкагында коррупциялык көрүнүштөргө каршы коомчулуктун иш-аракетине көмөктөшүү, паракорлук фактыларынын бетин ачуу, жарандардын коррупцияга каршы билим деңгээлин жогорулатуу, маалыматтык жана консультативдик жардам көрсөтүү максатында ар кандай аналитикалык макалалар, адистик кеңештер, укуктук-ченемдик актылар жана башка зарыл маалыматтар жарыяланууда.

вниманию абитуриентов!

В целях улучшения работы с заявлениями, обращениями граждан Кыргызской Республики и для принятия мер по борьбе с коррупцией, в Министерстве образования и науки КР установлены общественные приемные дни.
Прием граждан будет проводиться по средам и пятницам с 14.00 до 17.00 с участием начальников структурных подразделений и сотрудников центрального аппарата согласно штатному расписанию Министерства.
Кроме того, в этом году при Минобразования КР работает телефон доверия. По номеру (0312) 62-68-38 абитуриенты и их родители могут сообщить о любых нарушениях со стороны преподавательского состава того или иного вуза.


Памятка
по предупреждению коррупции в системе образования

Коррупция (произошло от латинского corruption) - это подкупность и продажность общественных и политических деятелей, государственных чиновников и должностных лиц.
Коррумпированность - подкуп кого-либо деньгами или иными материальными благами.

К коррупционным явлениям относятся:

o взятка
o вымогательство
o подкуп
o злоупотребление служебным положением
o искусственное создание препятствий
o превышение должностных полномочий
o конфликт интересов в кадровых вопросах и государственных закупках.

Если Вы столкнулись с подобными явлениями, то можете обратиться:
- лично
- письменно
- по телефонам доверия в Национальное агентство Кыргызской Республики по предупреждению коррупции по адресу: г.Бишкек, ул.Киевская, 96 "Б", 304.

Если Вы выразите свое Н Е Т коррупции, то обеспечите качественное образование своим детям, процветание нашей страны.

Министерство образования и науки Кыргызской Республики