Сунуш

Билим берүү тармагын
ата-энелер да колдоосу парз

Реформа тарыхынан

Совет доорунун 80-жылынын орто ченинде билим берүүнү реформалоонун өз демилгелүү алгачкы карлыгачтары болгон чыгармачыл мугалимдер билим берүү тармагынан өз алдынча суурулуп чыгышкан. Алар В. Шаталов, Ш. Амонашвили, Татьяна, Сергей Никитиндер С. Лысенкова, Окуневдер ж.б. Бул демилгелүү мугалимдердин башын кошуп моралдык, чыгармачылык жактан дем, шык берген жалындуу уюштургуч, публицист маркум С. Соловейчик эле. Алардын алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын "Учительская газетага" тынымсыз сандан-санга чагылдырып турган. Бул педагогдордун башын бириктирип, телеберүүлөрдү, жолугушууларды уюштурган. Мындай жолугушуулардын жыйынтыгы кызматташуунун педагогикасына алып келген. Ошентип өзүнчө табигый чыгармачыл мугалимдердин коому пайда болгон. Кийинчерээк ал жалаң педагогикалык алдыңкы тажрыйбаны чагылдырчу өзүнчө газетага айланды. Анын аты затына жарашкан газета "Биринчи сентябрь" деп аталып, ал газетаны али ушу күнгө чейин өзүнүн уулу Соловейчик жетектеп келет. Ал мезгил бир, билим берүүдөгү өз алдынча бышып жетилген, жан-дилдеги табигый-революциялык мезгил экен, көрсө. Билим берүү реформасынын союздагы кыймылы биздин республикага да чоң таасирин тийгизген. Ошол жылдардагы жетекчилер М.Базаркулов,Ч.Жакыповалар чыгармачыл мугалимдердин жолугушууларын, слетторун практикалык мүнөздө, ачык сабактардын сериясын көрсөтүү менен талаш-тартыш, сунуш, пикир жандуу талкуулар менен өткөрүшкөн. Мен билгенден Кыргызстанда да өзүлөрүнүн педагогикалык системасы бар чыгармачыл мугалимдердин караандары көрүнгөн. Алар Б.Исаков, Е.Якир, Б.Батыркулов, Ж.Куваков,Т.Сатылганов ж.б. Бул билим берүү тармагындагы тарыхый окуяга өзүм да күбө болуп калдым. В. Шаталовдун педагогикалык педтажрыйбасын үйрөнүп келүү үчүн Кыргызстандан Россия Федерациясынын шаарларына айрым мугалимдердин чыгармачыл командировкасын да уюштурушкан. Бул кыймыл педагогдордун ишке болгон мамилесин өзгөртүп, өз алдынча изденүүгө жол салып, республиканын педагогикалык чөйрөсүндө чыгармачылык климат түзүлгөн. Бул кыймыл педагогдордун коомдогу ролун, аброюн, мугалимге болгон коомдук көз карашын өзгөртүп, кыйла бийиктикке көтөрүп койду эле. Ал мезгил мугалимдердин чыгармачылык ойгонуусуна, окутуу-тарбиялоо процессине болгон мамилени өзгөртүүгө түрткү берген бурулуш болгон. Ошол жылдардан бери карай республика боюнча салт катары жыл сайын чыгармачыл мугалимдердин "Жыл мугалими" аттуу конкурсу өтүп келет. Бирок азыр бул конкурс педагогикалык тажрыйбаларды илимий изилдебей, жалпылабай, жайылтпай эле жылда өтүүчү кезектеги иш-чарага айланып, мугалимдердин чыгармачылык духун жоготуп баратканы байкалат. Мындайча өткөргөндөн өткөрбөгөн артык болчу. Ал реформалык кыймылдын да экономикалык базасы жок болгондуктан, кургак демилге, курулай элес болуп тарыхта калып кетти.

Эмне үчүн билим берүү реформалары ишке ашпай жатат?

Алгач билим берүү системасын башкарууну уюштуруу жана системанын өзүнүн ички түзүлүшүн (структурасын) рыноктук мамиленин мыйзамына ылайыктоо зарыл деп эсептейм. Бир гана билим берүү реформасына тоскоолдук кылган эски коомдон калган, ата-эненин каржылоосуна каршы болуп келе жаткан бюрократиялык система. Ата-энеге өзүңөргө тиешелүү билим берүү тармагын каржылашыңыздар керек деп айтуудан ызы-чуу чыгат деп алар коркушат. Тескерисинче, эч кандай кошумча каржылоо жөнүндө мыйзамда жок нерсени чыгарып жатасыңар деп, мектеп жетекчилерин ур-токмокко алгандарын да укканыбыз бар. Ошондуктан мектеп жетекчилери "эмне болсоң ошо бол, ак-сайдын башы жошо бол" деп күн өткөрүп, турмуш арабасын айдап келе атышат. Бул ишке мамлекет каршы болбой билим берүү кызматкерлери ата-энелер арасында түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек эле. Бул идея эгерде туура болсо, өкмөттүк деңгээлде мыйзамдаштырууга ылайык, анткени айылда дагы эмне деген шумдук чыкты, өзүбүз минтип ачка отурганда деп, ызы-чуу салган ата-энелер да чыгат. Билим жаштарга керек, ошондуктан бул демилгени тескерисинче ата-эне көтөрүш керек болчу. Балким ата-энени да бир жактуу күнөөлөш эртерээктир, чыны айылда кедей жашагандар да жок эмес. Ошол себептүү "бекердин ашы бышпас" деген макалды эстемек түгүл уккулары келбей жатат. Жаштардын татыктуу таалим-тарбия алышы үчүн мамлекет гана кам көрүп, каржылап, билимдин сапаттуу берилишине көзөмөл кылышы керекпи? Жаштарды окутуу-тарбиялоо мамлекетке эле тиешелүүбү? Окуучу, студенттин мамлекеттен башка келечекте ырыс-кешигине шериктеш боло турган, эң жакыны болгон ата-энеси бар экени жалганбы. Эмне үчүн алар тиешелүү билим берүү тармагын каржылашы керек эмес? Менин оюмча мамлекет менен катарлаш билим берүү мекемелерин милдеттүү түрдө финансылоого ата-эненин катышуусу керек. Албетте, мамлекет баардык каржылоо жагын мойнуна алса, эң сонун болмок, бирок казынада эч нерсе жок болгон шартта кантет. Бул ой боюнча шаар менен айылдын ортосунда айырмачылык чоң. Айылдын психологиясын да акырындык менен бул процесске буруу зарыл. Бишкекте айрым реформатор мектеп директорлорунун күчү мектеп реформасы бир топ деңгээлде алдыга жылып кетти. Дагы бир шаардагы реформанын жүрүшүнө көмөкчү болгон фундаменталдуу таяныч, ал Россия Федерациясынын илимий педагогикалык-психологиялык теория булактары жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын окуп пайдаланышкандыгы, өз алдынча чыгармачылык менен изденишкендиги болду. Шаардык билим берүү башкармалыгынан баштап, орус тилдүү мектептердин дээрлик көпчүлүгүндө педагогика, психология, педтажрыйбалар жөнүндө жарыяланган, жаңы көз карашта жазылган китеп, предметтик журналдар, газеталар көз жоосун алат. Ал психодидактикалык билимди тереңдетүү менен жумушка болгон мамилени өзгөртүп, өз алдынчалуулук калыптанып, кызыктуу чыгармачылык чөйрөгө айланып кеткен. Айылда жаңы көз караштагы илимий-теорияны чагылдырган китептер түгүл биздин "Кутбилим" дагы жетпейт. Бишкектеги реформанын жүрүш табиятына тектеш болгон акын К. Бакировдун төмөндөгүдөй ыр саптары эске түшөт:

Жок алар мейкин талашкан,
Үйрөнсөк болот дарактан.
Короодон түптүз ааламга,
Кыйкырбай өсүп бараткан.

Ошентип шаарда мектеп реформасы кыйкырык-сүрөөнү жок эле, өз ара түшүнүшүүдөн кийин бир максаттуу татаал жол менен реформанын дөңгөлөгүн айлантып баратышат.
Мектеп менен ата-эненин чыныгы чыгармачылык кызматташтыгысыз мектеп реформасы турмушка ашпасын түшүнгөн соң, алар бири кошумча каржылоону колга алса, экинчиси билим сапаты үчүн күрөштү баштады. Натыйжада көч түзөлүп баратат. Шаардагы реформатор-директорлордун мугалимдеринин айлык маянасы жакшы десек ашык болбос. Ошого жараша окуучунун билим сапаты, албетте (чөйрөнүн да салымы бар дечи), баары бир айылга салыштырмалуу кыйла бийик. Анткени ал түздөн-түз мугалимдин айлык маянасынын көтөрүлүшү менен байланыштуу. Мен айтып жаткан билим берүүнү ата-энелер тарабынан кошумча каржылоо аркылуу реформалоонун жолун балким билим берүү чиновниктери билгендир. Бирок ашыкча ызы-чуудан, кызмат ордун алдырып коембу деп да корккон болуу керек. Мамлекеттик каржылоого көнүп калган ата-эне алгачкы күндөрү ызы-чуу салат. "Өзүңдө бар бир айып, кайда барасың кыңырайып" дегендей ары карап, бери карап турмуш чындыгына баш ийбей коймок беле. Биргелешип каржылоого өтүү зарылдыгы эчак эле пайда болгон. Шаардын айрым мектептери ишке ашырып эле жатпайбы. Себеби өзүңдүн кызыкчылыгың үчүн бирөөнүн жонуна минип жүрүү, кудайга да жакпай турган иш да. Айылда жалгыз мамлекет каржылаган мектеп жана мамлекет менен бир мезгилде ата-эне кошо каржылаган мектептер болсо. Ал эми айыл кичине болуп, бир эле мектептен турса, анда мамлекет каржылаган класс, ага жарыш ата-эне менен бирге мамлекет каржылаган класс түзүлсө деген ойду айткым келет. Азыркы учурда мамлекеттин акыбалына карабай өлүмтүгүбүздү артып салдык. Ата-эне баланын таалим-тарбия алышына, билиминин натыйжалуулугуна такыр жоопкермин деп эсептебейт. Мүмкүн билсе да билмексен. Чөнтөктөн акча чыккандан кийин бут-бутуна тийбей тызылдап, мугалим менен кызматташмак, керек болсо көзөмөлдөөгө чейин бармак, бул табигый көрүнүш эмеспи. Өзгөчө айылда таалим-тарбия үчүн мектеп, анын мугалимдери гана жоопкер дешет. Эмне үчүн десең, сиз да кызыксыз, алар айлыгын убагында алып жатпайбы дейт. Айлык маянасы канча, тамак-аш ж. б. майда-чүйдөсүнө жетеби-жокпу, билгилери да жок. Менин баламдын келечегине силер жоопкерсиңер деген гана сөздү айтуудан тартынышат. Бул жамандоо эмес, эски түшүнүктөн ойлонуп, али арылбай келе жаткандыгыбызды айткым келет. Окуучу, студент ата-эненики болсо, келечекте урмат-сыйын ата-эне болуп биз көрсөк, эмне үчүн каржылоодон качышыбыз керек. Ырыс-кешигин ата-эне жана мамлекет чогуу ичишсе, төлөөгө келгенде жалгыз мамлекет төлөп калышы керекпи? Бул калыстык эмес го. Мындай көрүнүш жатып ичээрликтин башкача түрү, эски социалисттик түшүнүктүн калдыгы. Ата-эне го ал болду, ал эми мектеп жетекчилери, мугалимдер да, ата-энеге кошумча каржылоо жөнүндө түшүндүрүү саясатын жүргүзүп, түйшүк тарткылары келбейт. А бирок айлык аз, айлык маянаны качан мамлекет көбөйтөт деп догуруна берет. Алардын оюнда мамлекеттен бирөө келип ата-энеге ортомчулук саясатты жүргүзүш керек да. Рыноктук мамиленин шартында жашап жаткан соң билим берүү тармагында кандайдыр бир деңгээлде болсо да, рынокко киришибиз керек да. Билим берүү тармагында конкуренция болмоюн өнүгүүнүн диалектикалык мыйзамы кайдан ишке ашмак эле. Ошондуктан ата-энеге түшүндүрүү ишин жүргүзүү абзел. Бул ишти мектептен башка эч ким аткарбайт, себеби кошумча айлык акы мектепке, мугалимге гана керек. Алардын деле кыйласы түшүнүп турат. Өзгөчө Бишкекте түшүнгөн ата-энелер коммерциялык класстарга, мектептерге баласын өз каалоосу боюнча берип, окутуп жатышпайбы. Көч акырындык менен түзөлөт демекчи реформаны баштоо мезгил талабы болуп калды. Президентибиз К. Бакиев колдоп, демилге көтөрүп жатканда бул реформанын ишке ашышында шек жок. Бирок биринчи кезекте билим берүү тармагында рыноктун шартына карата түздөнүп турган экономикалык негиз түзүлбөсө реформа ишке ашпайт. Ачка, жылаңач энтузиазм менен тоого чыгууга болоору түшүнүктүү да. Реформа жасоо үчүн билимдүү кадрлар, толгон-токой идея, варианттар табылмак.

Эмне үчүн мугалим
реформа жасабайт

Алган айлык маянам ал болсо, ата-эне, коомчулуктун көз карашы тиги болсо, ичинде мага кандай кызыкчылык бар деген суроо коет да, "өгүз өлбө, араба сынба" деп акырын чоңуна да, кичинесине да макул деп коюп, мугалим ошентип күн өткөрө берет. Маянаны талапка ылайыктуу төлөй албагандан кийин мамлекет өзү да көзөмөлдөй албай калды. Ата-эне болсо такыр эле мамлекетке ишенип жатып алды. Ортодо бала билимсиз арабөк калып жатат. Ачка калган мугалимдин энтузиазми окутуунун кризисине алып келди. Бул табигый эле мыйзам ченемдүү көрүнүш.


Реформа кимге керек?

Коомдо жаштарга таалим- тарбия берүүнүн керектөөсү жана зарылдыгы да пайда болду. Дегеним илим жана техника, технологиялардын, коомдук аң-сезимдин кандайдыр бир бийиктикке көтөрүлүшү, мамлекеттин өнүгүшүндө экономикалык-социалдык прогресске алып келээри чындык. Ал эми мамлекет бүгүн эле эмес дайыма таалим-тарбиясы келишкен жаштарга муктаж. Ошол эле шартта коомдун өнүгүшү, мамлекеттин ар тараптуу чыңдалышы үчүн билимдүү жаштардын зарылдыгы пайда болду. Себеби билим бул мамлекетти өнүктүрүп-өстүрүүчү кыймылдаткыч күч, орой айтканда башкы каражат. Андыктан мамлекет билимдүү жаштардын катарын өстүрүү жөнүндө кам көрүшү табигый иш. Бекеринен президент К. Бакиев бул проблеманы көтөрүп жаткан жок. Билим жалаң эле мамлекет үчүн керек эмес, ал жаштардын өзүнүн келечек тагдыры, жашоо-турмушун бакубаттуу камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте ата-энесине, анан баласына керек. Ал ата-эне үчүн бактылуу карылык. Ошондуктан мамлекет да, ата-эне да, окуучу да өзүлөрүнүн келечеги жөнүндө ойлонуп, кам көрүшү абзел.


Реформаны ким ишке ашырат?

Менин түшүнүгүмдө таалим-тарбиялоо процессинин реформаторлору негизинен мамлекет, ата-эне, мугалим, окуучу болуп саналат. Мугалим - билим булагы катары окутуп, жетектеп алып жүрүүчү милдетти аткарат. Окуучу билим-тарбияны керектөөчү, билим сапатына куштар адам. Ырас, билимдүү жаштар ата-энеге, мамлекетке зарыл болсо алар жалаң эле финансылык эмес ар тараптуу колдоого алынышы милдеттүү. Мамлекет жана ата-эне балдарга билим жана таалим-тарбия берүүдө рыноктук мамиленин табиятына ылайыктуу башкаруу системасын киргизип, аны көзөмөлдөп, окутуунун инновациялык идея, формаларын илимий жактан талдап, ишке ашырууга шарттарды түзүп берип, колдоо көрсөтөт. Мугалим болсо жоопкерчилик менен татыктуу таалим-тарбия берүүчү объект болгондуктан окутуунун психодидактикалык илимий-теорияларынын негизинде окутуунун прогрессивдүү тажрыйбаларын, технологияларын өз шартына ылайыктап эффективдүү пайдаланууга жетишүүсү керек. Окуучу таалим-тарбия алуу үчүн баардык күч аракетин жумшаган адам. Жогорку класстын окуучуларында, студентте да мага эмне үчүн татыктуу билим керек, мен келечекте ким болом, менин билимим, кайсы бир кесип боюнча ички табигый жөндөмүм барбы деген суроолорго так жооптору болууга тийиш. Дайыма студент окуучу билиминин жетишсиздигин билип, анын үстүндө иштөө керек экенин өзүнө айтып, ынандырып, ошонун үстүндө иштөөнү мойнуна алып, өзүн милдеткор деп эсептеши парз. Мындай өзүн-өзү ынандыруу адамды күндөлүк адатка айландыруу менен, калыпка салып барат. Таалим-тарбиялоонун өзүн-өзү тарбиялоо аркылуу ишке ашышы өтө чанда гана кезигет, бирок натыйжалуулугу абдан чоң экенин ким билбейт. Маселен турмушта жетелеме адамга караганда, өз алдынча иш билги адамдын айырмасы асман менен жердей эмеспи. 80-жылдардын орто чендеринде мен иштеген мектепте алтын медалга татыктуу бир бүтүрүүчү бар эле, бир күнү алдымдан чыга калды. Мен ага кайрылып "Нурбек, сабактарың кандай болуп жатат?" десем, "Жаман эмес, үч сабактан "4" калганынан "5" алдым"-деди. Мен "Үч сабакты кайра суранып тапшырбайсыңбы?" десем, ал: "агай, ага кабатыр болбоңуз, мага медалдын кереги жок, медалсыз эле каалаган окуу жайга өз күчүм менен өтүүгө кудуретим жетет" дегени эсимде. Көрсө ал жеткиликтүү билиминин бар экендигине ишеничи бар, "өз киндигин өзү кескен" бала тура. Билим дүйнөсүнө өз алдынча кирип табият кубулуштарын илимий көз караш менен калчап, тарыхый окуяларды, фактыларды көп кырдуу карап өз алдынча бүтүмгө келип калган көрүнөт. Ана, өз алдынчалуулуктун жыйынтыгы. Албетте, жаштарды өзүн-өзү тарбиялоо сапатына эгедер кылуу көп убакытты, тынымсыз максат коюлган түйшүктү пайда кылчу процесс. Бул жолго адамды салуу оңой-олтоң иш эмес. Мындай тарбиялоонун татаал жол, тайгак кечүүсүндө мугалимден да ата-эненин ролу жогору турат. Ал баланын өз алдынчалуулук сапатына ата-энесинин баланын келечек тагдыры үчүн тийгизген таасири чоң болгон. Ошондуктан билим берүү тармагын реформалоодо мамлекеттен кем эмес ата-эне да жоопкер. Балаң таалим-тарбиялуу болсо ата-эненин башына конгон бак-дөөлөт эмей эмне. Кээ бир ата-эне билимсиз эле соода-сатык менен деле жакшы жашап кетсе болот экен деген чолок ойду айтып жүрүшөт. Азыр го жапайы рыноктон эми кичине жылып келе жатабыз. Маданияттуу рынокко баш койгондо, билим рынокко да керек экенин турмуш көрсөтөт. Мезгилинде билимге ички инвестицияны жумшоо керек, бул ата-эненин милдети. Бирок диплом алуу үчүн окутуш эмес, накта билим үчүн окутуу. Ал үчүн мугалимди, мектепти тандоо, албетте, баланын табигый жөндөмүн эсепке алуу менен окутуу жөнүндө ойлонуу туура болоор. Россия Федерациясында 1989-жылга чейин Кыргызстандан мединститутту бүтүргөн кадрларды токтоосуз жумушка алат, андан бери бүтүргөндөрдү албайт, себеби түшүнүктүү. Дагы айтаарым билимди каржылоонун кайтарымы чоң. Албетте, окуп бүткөн балабыз конкуренцияга туруштук бере ала турган болушу керек. Жогорку ойлорду эске алуу менен учурга шайкеш келчү төмөндөгүдөй таалим-тарбия берүүнүн түзүлүшүн сунуш кылаар элем.