Отчет

Акунжан Абдрашев,
Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы
Билим берүү - жалпы элдик иш
Статс-катчынын кызматы министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде жана административдик уюмдарда Президенттин Жарлыгы менен 2004-жылы 3-ноябрда бекитилген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндөгү 2004-жылы 10-декабрда мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин чечими менен бекиген жободо статс-катчынын милдеттери, функциясы жана ыйгарым укуктары так жазылган. Статс-катчынын негизги милдеттери: мамлекеттик кызмат тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик кызматчылардын укуктарын камсыз кылуу, коллективде иштиктүү маанай түзүү, этиканын бузулушуна жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө, мамлекеттик кызмат системасын өркүндөтүү жана кадр саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү. Статс-катчынын мойнунда Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жүктөлгөн башка милдеттер да бар.
Бул милдеттерди аткаруу үчүн статс-катчы мамлекеттик кызматчыларды даярдоо, ылгоо жана жайгаштыруу, кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча бирдиктүү саясатты ишке ашыруунун үстүндө иштейт. Бош кызмат орундарына кызматчылар сынак жолу менен кесиптик квалификациясы жана жеке сапат-касиеттерине карап тандалып алынат. Мындай ыкма кызматчыларды жакшы иштөөгө шыктандырып, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын көтөрөт, ошондой эле бош кызмат орундарына тандап алууда чыныгы таза атаандаштыкка өбөлгө түзөт.


Мага Кытайдын улуу философу Конфуцийдин мындай сөздөрү абдан жагат: "Караңгыны өмүр бою каргап жүрүп өткөнчө, бир шам жагып жарык кылган артык". Акылман адамдын бул нускоо сөздөрү кылымдарды жиреп өтүп келип, бүгүнкү өткөөл заманда жашап аткан бизге, билим берүү кызматкерлерине карата айтылгандай сезилет. Педагогиканын түмөн түйшүгүн мойнуна көтөрүп келаткан мугалимдер жана билим берүү тармагынын жетекчилери акылын азык, каруусун казык кылып, күнүмдүк мээнет эмгеги менен канчалаган шамдарды жагып, дүйнөнү агартып жатышат. Билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө "Кутбилимдин" окурмандары менен бөлүшүүнүн ыңгайы келип турат.
Азыркы учурда министрликтин борбордук аппаратында жана министрликтин номенклатурасына кирген билим берүүнү башкаруунун жергиликтүү органдарында мамлекеттик кызматчылардын бош орундарына татыктуу адамдар сынак жолу менен гана тандалып алынууда. Таразалап тандоо иштери аттестациялык-сынак комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүдө.
2006-жылдан бери бош мамлекеттик кызмат орундарына 104 адам кабыл алынды, анын ичинде министрликтин борбордук аппаратына 57 адам, билим берүүнүн райондук жана шаардык бөлүмдөрүнө 47 адам өттү.
Бош кызмат орундарына кадр тандоо боюнча аттестациялык-сынак комиссиясы жүргүзүп жаткан иш менен катар мамлекеттик кызмат тармагында мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо иши маанилүү орунда турат. Бул мамлекеттик кызматчылардын ээлеген ордуна жарактуулук деңгээлин аныктоо жана анын квалификациясын жогорулатуу, класстык чиндерди ыйгаруу үчүн жүргүзүлөт.
Соңку үч жарым жылда 19 мамлекеттик кызматчы аттестациядан өтүштү, анын ичинен 15 кызмат орундарына жарактуу деп табылды, үчөө - шарттуу түрдө алты айга аттестацияланып кайра аттестациядан өтө турган болду, бирөө аттестациядан өтпөй калды. Ушул эле убакыттын ичинде 56 кызматчыга квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча класстык чиндер ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик кызматчылардын билимин жогорулатып туруу иштерин уюштурууга өзгөчө маани берип келатат. Бул биринчи иретте билим берүүнү башкаруунун жергиликтүү органдарынын жетекчилерине тиийштүү. 2008-жылдын февраль айында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн 54 башчылары үчүн үч күндүк окутуу семинарын өткөрдүк.
Биздин министрликтин акыркы он сегиз жылдагы иш тажрыйбасы натыйжалуу административдик реформасыз билим берүү жана илим тармагын рынок шартына ыңгайлаштырып реформалоо максатына жетпей турганын көрсөттү. Дал биздин министрликте 2001-жылы биринчи жолу министрликтин аткарып жаткан ишине функционалдык анализ жүргүзүлгөн.
Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратын реформалоону анын аймактык структураларынан өзүнчө бөлүп алып жүргүзүү мүмкүн эмес эле. Андай болгондо административдик реформанын натыйжалуулугуна жетише албайт элек.
2008-жылы жүргүзүлгөн функционалдык анализ Кыргызстандын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эле эмес, билим берүүнүн областтык бөлүмдөрүнүн жоюлушу менен шартталып, алардын функцияларын кайра бөлүштүрүүгө туура келди.
Бул иш министрликте максатка ылайыктуу жана ашыкча ызы-чуусу жок жүргүзүлдү, анткени андан мурдакы жылдарда биз кайра түзүүлөрдүн кыйынчылыгын баштан өткөрүп, тажрыйбалуу болуп калганбыз. Биз натыйжада кадрдык потенциалыбызды сактап калдык, эң башкысы - системанын иштөө жөндөмүн сактап калдык.
Министрликтин борбордук аппаратынын структуралык бөлүмдөрү менен бирге жумушчу топтор Билим берүү жана илим министрлигинин ишмердигин жөндөгөн негизги укуктук-ченемдик актыларды иликтеп-изилдеп, ар бир документтин конкреттүү департамент, башкармалык же бөлүмгө тийиштүү болгон жоболорун майда-баратына чейин бышыктап тактап чыктык. Билим берүү системасын башкарууну оптимизациялоо үчүн ушундай кылыш керек эле, ар бир бөлүмдүн негизги жана кошумча функцияларын аныктап, министрликтин ичиндеги жана ага баш ийген структурада бири-бирин кайталаган бөлүмдөрдү жоюу, башкаруу рычагдарын жер-жерлерге көбүрөөк калтыруу, тармактын бардык звенолорунун арасында өз ара карым-катышты жана координацияны жакшыртуу, жогорку квалификациядагы кадрларды тандоо, айтор натыйжалуу башкаруу үчүн проблемалардын бүтүндөй комплексин чечүүгө туура келди.
Министрликтердеги жана ведомстволордогу функционалдык анализ каалаган учурда жүргүзүлө турган бир жолку иш-чара эмес, аны жок дегенде эки жылда бир жолу жана Кыргызстандын Өкмөтүнүн структурасы өзгөргөндөн кийин сөзсүз түрдө өткөрүү керек.
Кыргызстанда билим берүү мамлекеттик саясатта эң орчундуу тармактардын бири болуп эсептелет. Анын тарамы көп түрдүү: мектептер эле - 2188, бала бакчалар - 503, ЖОЖдор - 50, Кесиптик атайын орто окуу жайлары - 90, кесиптик техникалык окуу жайлары -111. Аларда баардыгы 1,5 млн. адам окуп, 150 миңдин айланасында мугалимдер, окутуучулар иштеп жатат.
Мамлекет колдо болгон мүмкүнчүлүккө жараша билим берүү тармагына абдан чоң көлөмдө каражат жумшоодо. 2008-жылы билим берүүгө жумшалган каражаттар ички дүң продуктуга карата алганда 5,3 пайызды түздү, бул кыйла эле бийик көрсөткүч.
2005-жылдан 2008-жылга дейре билим берүүгө жумшалган мамлекеттик чыгымдар абсолюттук бирдик катары да, ички дүң продуктуга жана мамлекеттик бюджетке карата пайыздык көрсөткүч менен алганда да өсүү жолунда болуп келди, 4917,7 млн. сомдон 9616,6 млн. сомго көбөйдү.
Дал ушул убакыт аралыгында "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын педагогикалык стаж үчүн кошумча акы төлөөнү караган 32-беренесин аткаруу боюнча аракеттер ишке аша баштады. Ошондой эле мамлекеттик мектептерде окуучуларга тамак уюштуруу колго алынды, педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы кыйла деңгээлде жогорулатылды.
Министрлик өзүнүн ишинде мектептерди куруу жана сапаттуу ремонттон өткөрүү маселесине да орчундуу көңүл бурууда. "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга карата республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамдын талабына ылайык, мектептердин ремонтуна акча жыйноо жана окуу китептердин аренда акысы алынып салынды, анын ордуна Жакырчылыкты кыскартуу боюнча борборлоштурулган фондудан жыл сайын мектептердин ремонтуна жана окуу китептерди чыгарууга көлөмдүү каражат бөлүнүп жатат.
2009-жылы эле мектептердин ремонту жана окуу китептерин чыгарууга биз жогоруда айткан фонддон 100 млн жана 85 млн сом бөлүү жагы каралган.
2008-жылы ар кайсы булактардын эсебинен 362 мектепте капиталдык ремонт жүргүзүлдү, бул пландалган ишке караганда эки эсе көп экенин баса белгилей кетүү керек.
Дүйнөлүк банктын "Баардыгы үчүн билим" программасы боюнча Каталитикалык фонддон 49 мектепке 133,5 млн сомго капиталдык ремонт жасалды. Анын ичинен 13 мектеп көмүр менен жылытууга өткөрүлдү. Азия өнүгүү банкынын "Билим берүү тармагын өнүктүрүү" долбоорунун эсебинен 2008-жылы 28 мектепте жалпысынан 94,4 млн. сомго ремонт иштери бүткөрүлдү.
Мектептердин капиталдык ремонтуна 2005-жылга салыштырмалуу 2006-2008-жылдары каражат кыйла көп бөлүндү. Азыркы учурда дагы 214 мектепке капиталдык ремонт жүргүзүү зарыл. Чатырларын алмаштырып, электржабдууларын, суу системаларын, эскирген от казандарын алмаштырып, жылуулук системасын оңдоп чыгуу керек. 2008-жылы 57 мектепте 13,4 миң орунга курулуштар бүткөрүлдү, анын ичинде 30 мектепте 7,7 миң орун республикалык бюджеттин эсебинен кетти. Жергиликтүү бюджеттин, гранттардын, АРИС эсебинен жана "ашар" ыкмасы менен 5,7 миң орунга эсептелген 27 мектеп курулуп бүттү.
Өткөн жылы эле республикалык бюджеттин эсебинен мектептерди курууга 928,2 млн. сом капиталдык чыгымдар жасалды. 2009-жылы 90 мектепти куруу планына 389,3 млн. сом каражат жумшоо жагы каралган. Бул маалыматтар өлкөбүздүн жетекчилиги билим берүү тармагына, биринчи иретте мектептеги билим берүүгө орчундуу көңүл буруп жатканын көрсөтүп турат.
Билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн алдыңкы маалымат технологияларын окуу процессинде колдонуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Жакырчылыкты кыскартуунун борборлоштурулган фондусунун эсебинен 2008-жылы мектептер 90 млн. сомго компьютерлер менен камсыз болду. Ошондой эле мектептерди компьютерлештирүүгө Дүйнөлүк Банктын "Айылдык билим берүү" долбоорунун эсебинен да каражаттар жумшалды. Бирок компьютерлерди мектепке жеткирип койгон менен, электрондук окуу китептери, лицензиясы бар программалары колдо болмоюнча жана сапаттуу тейлөө болмоюнча, мектептерди компьютерлештирүү проблемалары чечилбейт экен. Маалыматтык-коммуникативдик технологиялар дүркүрөп өнүгүп жаткан чакта компьютердик техника окуу жайларда улам жаңыртылып турушу абзел, бирок каражаттын тартыштыгынан бул иш ойдогудай чечилбей жатат. Азыркы учурда мектептердин жаңы муундагы компьютердик техника менен камсыз болушу 54,8 пайызды түзөт.
Билим берүү тармагындагы дагы бир орчундуу маселе педагогикалык кадрларга байланыштуу. Жашы 45тен өткөн мугалимдер азыркы учурда өлкөдөгү мугалимдердин 65 пайызын түзөт, анын ичинен педагогдордун 11 пайызы пенсия курагындагы адамдар (60 жаштан жогору).
Республиканын мектептеринде педагогикалык кадрлардын жетишпегендигинин негизги себеби мугалимдин социалдык статусу жана эмгек акысы төмөн болуп, аймактарда жаштардын социалдык-маданий суроо-талаптарын канааттандыра турган социалдык инфраструктуранын жок болуп жаткандыгында. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө", "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамдардын мугалимдерди үй, жер үлүштөрү менен жана башка жеңилдиктер менен камсыз кылуу жөнүндө жазылган жоболор да жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан талаптагыдай аткарылбай жатат.
Эмгек акынын аздыгынан мугалимдер башка ишке өтө качып, мектептерде жаш педагогдордун саны аз болууда. Жаш адистерди мектептерге байырлатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар анчалык үзүрлүү болбой жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-сентябрдагы №519 Токтомунда мамлекеттин эсебинен педагогикалык адистикти окуп бүткөндөргө диплом алар мектепте эки жыл иштеп келгенден кийин гана бериле тургандыгы каралган, бирок бул чаралар да күткөн натыйжа берген жок. Азыркы учурда жогорку окуу жайларынын сейфтеринде ээсин күтүп миңдеген дипломдор жатат, алар негизинен педагогикалык адистикте окугандардыкы.
Мугалимдердин тартыштыгын жоюу боюнча аракеттердин бири 2004-жылдан бери иштеп келаткан "Жаш мугалимдин депозити" программасы болуп саналат. Азыркы учурда бул программага эки миң мугалим тартылган. Бирок бул программа да өзүнүн максатына толук жетпей жатат, программанын катышуучуларынын мектепке байырлаганы 75 пайызды гана түзөт. Программага катышкандардын чектелүү саны мектептерде мугалим тартыштыгын толук жоюуга мүмкүнчүлүк бербей жатат.
"Билим берүү жөнүндөгү" Мыйзамга ылайык мугалимдер беш жылда бир жолу билимин жогорулатып турушу шарт. Бирок каражаттын өп-чаптыгынан жана буга каражат бөлүп берүүгө мойну жар бербеген жергиликтүү атка минер чиновниктердин кашаңдыгынан, квалификациялуу методисттердин аздыгынан, мыйзамдын бул талабы да жакшы аткарылбай жатат.
Жаш адистерди мектепке байырлатуунун бир жолун биз жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын педагогикалык адистиктеги бүтүрүүчүлөрү эгер мектепке иштегиси келбесе, алардан окууга кеткен чыгымды мамлекетке кайтарып алуудан көрүп жатабыз.

Ар бир мамлекеттик органдын ишмердигине объективдүү баа берүү үчүн эң алды анын иши жөнүндө коомчулук толук кабардар болушу керек. Ошон үчүн Билим берүү жана илим министрлиги Интернетте өзүнүн порталын ачты. Эл менен тыгыз байланышта болуп туруу үчүн жана проблемаларды илгиртпей чечүү үчүн министрликте коомдук кабыл алуу жана ишеним телефону иштеп жатат. Коомдук кабыл алуу жумасына эки жолу үч сааттан иштейт, ал эми "ишеним телефону" жумуш убактысында иштейт. Тез чечүүнү талап кылган маселелер боюнча жана ой-пикир, сунуштар менен коомчулук өкүлдөрү төмөнкү телефондорго кайрылышса болот. Т. 62-68-38, 66-29-34