Балдардын китеп текчесине

Балдар жазуучусунун чыгармалары мектепте
Мектеп окуучуларына азыркы учурдун талабына ылайык таалим-тарбия, билим берүү боюнча ишти жаңыча практикалык багытта, турмуш тиричилик менен байланышта, элибиздин менталитетине улуттук колоритин, руханий-адептик салттарын жана турмуш талабын эске алуу менен жолго коюу зарылдыгы күн тартибиндеги негизги маселелерден болуп турат.

Ушул жагдайларды эске алуу менен жаңыча көз карашта жазылган балдар жазуучусу Бек Жылдыздын бир нече китептери мактоого арзырлык.
Ага "Биздин жердин канаттуулары", "Биздин жердин жаныбарлары", "Үй жаныбарлары жана канаттуулары", "Биздин жердин мөмө-жемиштери", "Бул кимдин үйү?" сыяктуу китепчелер кирет. Алар мектепке чейинки жана кенже мектеп курагындагы балдарга арналып, жаш жеткинчектердин көңүл буруусун, байкагычтыгын, чыгармачылык жана логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө жакындан жардам берерлиги күндөлүк иш тажрыйбабыздан айкын сезилүүдө.
Башталгыч класстагы, орто звенодогу, тагыраак айтканда 5-6-класстагы окуучулар үчүн өтө сүймөнчүктүү, алгылыктуу азыркы талаптарга шайкеш келген, инновациялык, интерактивдүү методдорду колдонууга ийкемдүү, ыңгайлуу бул китепчелер кыргыз тили, адеп, биология, сүрөт, музыка сабактарын жогорку деңгээлде, жандуу өтүүдө көп жардам берип жатат.
Бул китепчелердин негизги максаты - жаш жеткинчектердин жан дүйнөсүндө ыймандуулук, чынчылдык, боорукерлик, адилеттик, тазалык, жаратылышты, Ата-Мекенди сүйүү сыяктуу асыл сезимдерди уялатуу, ар бир көрүнүштү бардык жагынан таанып билүү, ал тууралуу өзүнүн жекече көз карашын иштеп чыгып, татаал турмуштук көрүнүштөрдүн төркүнүн талдап билип, күндөлүк жашоо тиричиликте өзүнүн көз карашын, адептүү жүрүм-турум менен айкалышта тута билүүсүнө каныктыруу, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүү болуп саналат. Ушул китепчелер аркылуу инновациялык, интерактивдик методдун бир нече түрүн колдонууга болот. Маселен, "Чакан топтор менен иштөө" ыкмасында окуучулардын санына ылайык үч же төрт топко бөлүнүп иш жүргүзүү алгылыктуу. Биринчи топтогулар "Биздин жердин канаттууларын", экинчи топтогулар "Биздин жердин жашылчаларын", ал эми үчүнчү топтогулар "Биздин жердин жаныбарларын" бөлүп алып, жарым үн менен окушат. Мындай кырдаалда интерактивдүүлүк күчүнө кирет. Топтун мүчөлөрүнүн максаты - бири-бирине колдоо, көмөк көрсөтүү, акылдашуу, түшүндүрүү аркылуу биргелешип иштеп, билимге жетишүү, суроого, темага чогуу жооп издөө. Бул ыкма ар бир топтогу балдарга өз алдынчалыкты бергендиги менен баалуу.
Ар бир топтогулар өзүнө берилген китепчелердеги тексттерди окуп чыгып талкуулап, алган билимдерин бири-бирине айтып беришинен кеңири маалымат алышат.
Маселен, үчүнчү топтогулар биздин жергебизде түлкү, карышкыр, аркар, аюу сыяктуу жапайы жаныбарлар жашай тургандыгын, ар биринин түспөлүн, жашоо шарттарын айтып беришет. Бул өңдүү жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасап, коргоо керектигин, алар жаратылыштын бир бөлүкчөсү экендигин цитата келтирүү менен (айтып беришет) баяндашат.
"Синквейн" методу менен иштөө да ыңгайлуу. Маселен, "канаттуу" деген сөзгө төмөнкүдөй синквейн түзүүгө болот.
Зат атооч: канаттуу
Сын атооч: жапайы, келгин
Этиш: учат, конот, түнөйт
Фраза: Канаттуулар - адамдын досу
Синоним: куш
"Биздин жердин канаттуулары" деген китепте окуп чыгып тегерегинде кызыктуу аңгеме куруп, өздөрүнө жаккан сөздөрдү тандап синквейн түзүүнү сунуштоого болот.
Венндин диаграммасын түзүүдө да окуучулар менен акылдашып, сөздөрдү тандоо өтө кызыктуу.
Маселен, "Биздин жердин жашылчалары" деген китептеги сүрөттөрдү, ырларды окуп чыгып, андагы сабиз жана пияздын түспөлүнө, даамына ылайыктап төмөнкүдөй диаграмма түзсө болот.
Бул китепчелердеги материалдар аркылуу 5-6-класстарда кыргыз тили боюнча өтүлгөн көп темаларда даяр көрсөтмө курал, кошумча колдонмолор катары кеңири пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр бар. Сөз түркүмдөрүн (зат атооч, сын атооч, этиш, сан атооч, тактоочтор ж.б.) классификациялоодо, алардын ар бирин өтүүдө мугалим өз билимине ылайык чыгармачылык менен пайдалана билсе сабак активдүү, жандуу, кызыктуу өтүлөрүндө шек жок. Бир өңчөй мүчөлөрдү, байланыштуу кептин түрлөрүн өтүүдө да пайдалануу ашыкча болбойт.
Китепчелердеги сүрөттөр, тексттердин мазмуну, иллюстрациялар окуучулар үчүн өтө кызыктуу, эстеринен кетпей тургандай жандуу берилген. Мындан тышкары тарбиялык сааттарда, класстык сааттарда да колдонууга болот. Маселен, күз майрамын, канаттуулар, жаныбарлар жөнүндөгү темалардагы класстык сааттарды өтүүдө бул китепчелер жакындан жардам берип, жакшы натыйжаларды бере тургандыгына ынандык.
Төмөнкүдөй темаларда өтө кызыктуу аңгемелерди, сабактарды өткөрүп, окуучулардын купулуна толорлук иш жүргүзө алдык. Октябрь айында "Алтын күз", март айында "Канаттуулар - биздин досубуз", "Жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасайлы", "Сыры бар жемиш мөмөнү, жуубаган бойдон жебегин!", "Жашылчаларды жууп жегиле!" сыяктуу класстык сааттар жогорку деңгээлде өтүлдү.
Ушинтип интерактивдүү ыкмада иштеп жатып, окуучу өз классташтарынан билим, таалим-тарбия, жардам алып, атаандашып, изденип, ой жүгүртүү жөндөмү өөрчүп, активдүү боло тургандыгына көзүбүз жетти.
Аталган китепчелер психология, этика, эстетика, өнөр таануу, биология сыяктуу илимдердин өрнөктүү табылгаларына таянуу менен окуучулардын сезимине жагымдуу таасир калтырат. Дүйнө таанытуучу милдеттерди аткаруу менен бирге табигый жана гуманитардык билимдердин интегралдашкан системасын камтып тургандыгы аркылуу да баалуу. Эл, жер таануу, мекенчил болуу жагдайына басым жасалып, Ата Журттун ыйыктыгы, касиети, андагы жашаган жапайы жаныбарлар, канаттуулар, мөмө-жемиштер жөнүндө кабар, маалымат берүү менен катар, аларды көздүн карегиндей сактоо керек деген идея негизги орунду ээлейт.
Экологиялык, адеп, жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүүгө, турмуштук көндүмдөрдү калыптандырууга, алган билимдерин тиричиликте колдоно билүүгө окуучулар бул китептерди окуу менен терең үйрөнө алуусуна толук мүмкүнчүлүктөр бар.
Бул китептер аркылуу балдар жазуучусу өзүнүн интеллектуалдык деңгээлинин жогорулугун, педагогикалык бай тажрыйбага ээ экендигин, жаш балдардын психологиясын терең биле тургандыгын көрсөтүп, этнопедагогиканын элементтерин мол пайдалануу менен жазган. Автор ар бир китепчеде ырларды, табышмактарды, эл казынасынан көптөгөн материалдарды пайдаланып, балдарга жатык тил, кызыктуу сүрөттөр аркылуу теманы ача билген.
Балдардын ой жүгүртүүсүн, сезимталдыгын, дүйнө таануусун өстүрүүдө табышмактардын аткарган кызматы зор экендигин билген жазуучу ушул жанрды көп колдонгон.
Ырларында буюмдардын, жашылча-жемиштердин, айбанаттардын, канаттуулардын табият көрүнүштөрүн башка бир ошого түспөлдөш көрүнүштөр менен каймана элестетүүгө орун берип, ошону табуу менен баланын баамчылдыгы, тапкычтыгы андан ары өсүп өнүгүүсүнө шарт түзүп берген.
Түлкү куулугу менен элге, балдарга кеңири белгилүү. Аны автор төмөнкү ыр саптары аркылуу берет:
Чуштуюп ичке тумшугу
Чубалжыйт узун куйругу
Коен, чычкан, кушту жейт,
Жалпыга маалым куулугу.
Кыргыз жергесиндеги жапайы жаныбарлар илбирс, аркар, суур, коен, карышкырлар, көк кытан, ак чардак, бөдөнө, үкү, көгүчкөндөр сыяктуу канаттуулар бар экендигин айтып келип, "Жаныбарларды коргогула!", "Канаттууларды коргогула!" деп окуучуларга кыскача эскертүү берип, аларга аяр мамиле жасоого чакырат.
Кызыктуу ыр түрүндөгү табышмактарга орун берип, азыркы инновациялык методдун бири болгон "Бурама" оюнун окуучуларды кызыктыруу, ой жүгүртүүсүн өстүрүү максатында ыктуу колдонгон.
Бийик тоодо жашайт булар,
Ар ким аны көрүүгө кумар
Биздин жердин көркү,
Анын аты...

Таанылат алыстан,
Дайыма сак учкан
Шакылыктайт...

Бек Жылдыздын бул китепчелери окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, бүгүнкү күндөгү коомдун талабына, окуучулардын азыркы күндөгү өнүгүү деңгээлине шайкеш келип, мугалимдерге методикалык жардам бермекчи.

Турумбүбү Барыктабасова,
Чүй районундагы А.Керимбаев атындагы орто мектептин кыргыз тили, адабияты мугалими, Эл агартуунун отличниги.