Ойлор, сунуштар

"Цивилизация жана Ата журт тагдыры"
Жакында Кыргызстан жазуучулар союзунда белгилүү окумуштуу-публицист Советбек Байгазиевдин "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" аттуу 50 басма табак көлөмүндөгү публицистикалык бир томдугуна талкуу болуп өттү. Талкууга белгилүү жазуучулар, акындар, көрүнүктүү адабиятчы-окумуштуулар, сынчылар, педагогдор, журналисттер, студенттер катышты. Талкууда филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева С. Байгазиевдин "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" китеби жөнүндө доклад жасады. Талкууну Жазуучулар союзунун секция башчысы, белгилүү жазуучу Сейит Жетимишов алып барды. Докладчы жана талкуунун катышуучулары "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" китеби жөнүндө кеңири сөз сүйлөшүп, орчундуу ойлорду ортого салышты. Сүйлөнгөн сөздөрдүн, айтылган пикирлердин бардыгын газетага берүүгө мүмкүн болбогондуктан докладчынын жана чыгып сүйлөгөндөрдүн баа-пикирлеринин негизги ток этер жерин гана кыска берүүнү туура көрдүк. Эмесе, сөз талкуунун катышуучуларында.

Лайли Үкүбаева, филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы:
- Советбек Байгазиевдин талкууга коюлган бул көлөмдүү китебинин тематикасы ар түрдүү, камтыган маселелери кеңири. Эмгекте кыргыздын руханий дөөлөттөрү, адеп-ахлагы, менталитети, эне тил жана коомдогу таалим-тарбия көйгөйлөрү, инсандын калыптануусу, салт жана инновация, көчмөн калктын, цивилизация менен кагылышуусунан улам келип чыккан турмуштук драмалуу жагдайлар, глобалдашуунун шарттарында улутту сактоо, демократиянын жаралуу азаптары, агартуунун, билим берүүнүн оң-солу, күңгөй-тескейи, улуу Манастын рухий-идеялык нарктары жана улуттук идеология, эркин ойлом жана догма, маңкуртчулук жана патриоттуулук, бир сөз менен айтканда, кыргыз коомунун тарыхый көчүнүн өткөнү, бүгүнкүсү жана эртеңкиси жөнүндөгү ж.б. актуалдуу проблемалар козголот, талданат жана чечмеленет. Окумуштуу-публицисттин Ата журттун тагдырына тиешелүү орчун проблемаларды коюшу жана трактовкалашы масштабдуу жана терең. Бул жерде өзгөчө С. Байгазиевдин "Чыңгызга карышкырдан кат" аттуу публицистикалык-философиялык эссеси өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Аталган эссе анималисттик образдардын ой-толгоолору аркылуу азыркы күндөгү коом жана адам, жаратылыш жана адам маселелеринин көйгөйүн көркөм чагылдырууга арналып, жанрдын эстетикалык талаптарына ылайык жазылган.
С. Байгазиевдин бул публицистикалык чыгармасын кыргыз эссе жанрынын өнүгүшүнө кошулган олуттуу салым деп эсептесек болот. Эгер, мүчүлүштүктөр жөнүндө айтсак, "Карышкырдан катта" кээде диалогдор ыгы жок узарып кеткен учурлар бар. Эссенин кийинки басылышында автор ушуну эске алса. Бүтүндөй алганда, С. Байгазиевдин "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" китебин улуттук публицистиканын жаңы тепкичке көтөрүлгөндүгүн тастыктаган көрүнүш катары баалар элем.

Калканбай Ашымбаев, жазуучу:
- "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" жыйнагына кирген "Иниме кат" публицистикасы курч жана мазмундуу жазылган. Жаштарга бул өзүнчө чоң таалим-сабак. С. Байгазиевдин башка публицисттерден айырмасы - тили чебер, чечен, курган сүйлөмдөрүнөн поэзиялык ыргак сезилип турат. Жазып жаткан маселесине дүйнөлүк философиянын, дүйнөлүк педагогиканын сересинен серп таштай билет. Мобу сөз болуп жаткан китебинде адабият, философия, педагогика жуурулушуп кеткен. Китеп мактоо сөзгө татыктуу.


Асан Жакшылыков, Кыргыз Республикасынын Эл акыны:
- Советбек Байгазиев учурдун көйгөйлүү маселелерин убагында курч сезип турган, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген, улуттун тагдырына тиешелүү орчун проблемаларды бурчатпай көрүп, аларды жүрөгүнөн өткөрүп, ортого алып чыгып, калың окурмандарды ойлонтуп, түйшүккө салган чоң публицист. Ал эмгектерин патриоттук сезим, философиялык арым менен жазат. Ушундай касиет мына бүгүн талкууланып жаткан "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" китебине таандык. Китептеги бардык эмгектерге токтолуу мүмкүн эмес. Мени "Манас жөнүндө талаш же улуу мурас улутту сактайбы?", "Көк-Дөбөдөгү сырдашуу" аттуу публицистикалары өздөрүнүн кызыктуу жана терең жазылгандыгы мени ыраазы кылды. "Чыңгызга карышкырдан кат" аттуу көркөм публицистикасын китептин өзөктүү чыгармасы десек болот. Китептеги акын Нурмолдонун бизге белгисиз педагогикалык ишмердигин ачып бериши С. Байгазиевдин чоң атуулдук эмгеги болуп эсептелет. Дагы бир өзгөчөлүк, С. Байгазиев өз оюн жылаңач төөнү такымга чапкандай таамай тил менен жазып жеткире билет. "Бүркүттүн көз жашы" ыр китебин окуп да жактырган элем. Бизде баары эле патриот эмес. Советбек Байгазиев биздеги аз сандагы патриот публицисттердин бири. Анын мындай касиетине ынануу үчүн "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" китебин окуу керек. Бул китептин тарбиялык мааниси бай. Башат жана келечек темасы бул китепте чоң деңгээлде козголгон. Китеп публицистика жанрынын бүгүнкү жаңы деңгээлине күбө өтүп турат. Ошентсе да Советбек кээде публицистикасын чубалжытып жибермейи бар. Советбектин азыркы курагы кыска сүйлөй турган курак. Советбекке мындан аркы ийгиликтерди каалаймын.

Кубат Чекиров, "Кутбилим" газетасынын башкы редактору:
- Мен башкы редактор катары айтайын, Советбек агайдын ушул "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" китебине кирген макалалардын, эмгектердин дээрлик көпчүлүгү биздин "Кутбилим" газетасына жарыяланган. Советбек Орозкановичтин "Ата журттун он тиреги", "Кыргызстанда демократиянын жаралуу драмасы же дагы бир жолу улуттук стратегия жөнүндө сөз", "Кыргызстандын билим берүү концепцияларындагы космополитизм же өлкөбүздүн билим системасынын айырмалуу улуттук мүдөө-миссиясы барбы?", "Эне тилибиз глобалдашуу коркунучу астында: эмне кылуу керек", "Кыргызстанга кандай тарбия стратегиясы керек?", "Империянын окуу китеби", "Көчмөн кыргыздарда агартуу болгонбу?", "Цивилизация бузбаган адеп-ахлак же европалык технократтан ак калпакчан тоолуктун айырмачылыгы эмнеде?", "Адеп-ахлак кризиси жана Манас", "Мугалимдерге жети кат", "Кыргыз педагогикасындагы белгисиз "материк"", "Азыркы мектептеги тарбия: максаты, мазмуну жана технологиясы" аттуу жана башка толгон-токой макалаларын өзүм кол коюп газетага чыгарып, бул макалалар окурмандарыбыздын арасында чоң резонансты жараткан. С. Байгазиевдин макалаларын мугалимдер журту дайыма сагынып күтүп турушат. Бул китепке мен өзүм баш сөз жазгам. Китепте оңой менен эскирбей турган түптүү, өзөктүү маселелер козголгон жана автор аларды майын чыгара жазган. Советбек агайдын почеркин мүнөздөө үчүн мен сынчы Санарбек Карымшаковдун төмөнкү оюн келтиргим келет:
"С. Байгазиев чыгармачылык ишмердигинин кайсы гана салаасында иштебесин, жүр-нарыга салбай, ат үстүнөн карабай, көтөргөн проблемасынын өзөгүн таап, ар тараптан негизденип, аналитикалык акыл-эсинен уютулган ой корутундуларын таасын сөздөр менен логикалык жактан ырааттуу кынаптап жазат. Ошону үчүн анын эмгектери окурмандардын калың катмарына жеткиликтүү, таасирдүү чыгып, алардын жан-дүйнөсүн жаңыланткан катарсис катары гүлазыкка айланат".
Мен ушул мүнөздөмөгө толук кошулам. "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" китеби кыргыз публицистикасынын жаңы бийиктигин аныктаган көрсөткүч. Бирок Советбек Орозкановичтин эмгеги бааланбай келатканы өкүнүчтүү. Бу киши өзү жулунуп, төшүн какпаган адам.

Керимбек Ибраимов, ардагер журналист:
- …Жакында эле "Агым" гезитинен окуп калдым. Педагогика илимдеринин алгачкы кандидаты, тажрыйбалуу педагог Жумаш Койчуманов Советбек Байгазиевдин орошон окумуштуулугу, педагогдук тажрыйбасы, ага жараша окурмандарды, окуучуларды тарбиялоодогу эмгектери, миңдегендерге терең таасир берчү тарбия жаатындагы методикалык китептери, маселени кабыргасынан койгон публицистикалары жөнүндө пикир жазыптыр. Аягында өлкөбүздөгү жогорку сыйлыкка сунуштаптыр. Мен Советбектин "Карышкырдын катын" окугандан кийин Койчумановдун пикирине толук кошулдум. Чынымды айтсам кызыгына батып окудум, барактарын ары оодарып, бери оодарып ойлонуп, толгонуп, толкундап окудум, кучагыма кысып кубанып окудум.
Эгерде мен чебер режиссер болсом Советбектин "Карышкырдан катын" кыргыз театрларынын бирине спектакль жасап, сахнага коер элем. Себеби дегенде миңдеген көрөрмандарга терең таасир калтырчу күч кубат бар экен.

Кадыркул Даутов, көрүнүктүү адабиятчы-сынчы:
- Мен Советбек Байгазиевдин чыгармачылыгын көптөн бери байкап келатам. Мен бул инсанды жакшы билемин. Советбекте төрт өзгөчөлүк бар.
Биринчиси. Советбекте табият берген талант бар. Тубаса образдуу ойлоо өзгөчөлүгү бар.
Экинчиси. Советбек аналитикалык акыл-эске эгедер, чыгармачыл инсанда аналитикалык акыл болуш керек. Советбек ошондой адам. Билим ошондой адамга жугат.
Үчүнчүсү: Бул жерде айтышты, С.Байгазиев окумуштуу дагы, жазуучу-публицист дагы, акын дагы, педагог дагы деп. Эмне үчүн мындай? Анткени Советбек синкреттүү ойлоо жөндөмүнө ээ. Ошон үчүн ал түркүн тармактын билимдерин өзүндө жуурулуштуруп, ой жүгүртөт, жазат.
Төртүнчүсү. Албетте, жазганды көбү билет. Бирок окурманды өзүнө тарткан кооз форма, жугумдуу стиль менен бардыгы эле жаза албайт. Советбектин өзгөчөлүгү - окурманды өзүнө тартып, кызыктуу, жугумдуу жаза билгендигинде. Албетте, бардык эле учурда жазганы бутага тиет деп айта албайм, бирок С. Байгазиевдин жазгандарында негизинен көркөмдүк-аналитикалык касиет бар.
Мына биз өзүбүздүн отчетторубузда ар кандай фактыларды, көрсөткүчтөрдү санап, өсүп атабыз дейбиз. А ары жагыбыз эмне болуп атат, кайда баратабыз, эмне деген элбиз, эмне кылышыбыз керек? Советбек аталган китебинде мына ушундай чоң маселелер жөнүндө олуттуу кеп козгоп, окурмандарды ойлондуруп отурат.

Абдыкерим Муратов, педагогика илимдеринин кандидаты, публицист:
- Жыйнак "Кыргыз руху", "Цивилизация жана улут тагдыры", "Этика жана педагогика", "Инсан жана коом", "Цивилизация: Адам жана табият", "Батыш-Чыгыш маселесине карата" деген бөлүмдөрдөн турат жана ар бир бөлүм да бир нече бөлүктөргө ажырайт. Автордун айтылуу "Иниме кат" деген чыгармасы да ушул китептен орун алган. Жыйнактын бүткүл өзөктүү сызыгы - азыркы ааламдашуу алкагында алатоолуктардын тагдыры кандай болот, эртеңки күнү башка маданияттардын тепсендисинде калбайбызбы, өткөндө уюткулуу эл элек, эми бөтөн калктардын ичине сиңип жок болуп кетпейбизби деген көйгөйлүү маселени көтөрүп турган орчундуу, мазмундук даражасы бийик эмгектерден куралган.
Азыркы кыргыз "жоокерлери" башкача. Алардын колунда найза жок. Алардын оозунда кеби, колунда калеми бар. Булар улуттун руханий дүйнөсүн байытуу үчүн, ааламдашуу алкагында Алатоону ылайлап келе жаткан бөтөн маданияттын баскынчылыгын ооздуктоо үчүн майданга чыккан. Ошол жоокер-майданчылардын алтандарынын бири Советбек Байгазиев экенин ушул китеби далилдеп турат.

Сейит Жаанбаев, Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы:
- Мен Советбек Орозкановичтин публицистикаларын калтырбай окуп келатам. Окумуштуунун публицистикалык чыгармачылыгы жөнүндөгү азыркы айтылган ойлорго жана бааларга толук кошулам. Мен мобул нерсени айткым келет. Советбек ага быйыл "Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун концепциясын" түзүп, "Кутбилим" газетасына жарыялады. Азыр республиканын көптөгөн мектептеринин мугалимдери С. Байгазиевдин бул концепциясын мамлекеттик расмий документ катары кабыл алуу керектигин газетага коллективдүү түрдө билдирип жатышат. Бул тарбия концепциясы Советбек Байгазиевдин "Иниме каттан" берки көп жылдык педагогикалык эмгектеринин логикалык натыйжасы. Советбек агага мен мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын.

Талкууда мындан башка филология илимдеринин кандидаттары Абдыкерим Абдразаков, Нурзат Казакова, жазуучулар Бактыбек Максүтов, Токтош Абдиева, адабиятчы А. Сардарбеков, студенттер чыгып сүйлөшүп, "Цивилизация жана Ата журт тагдыры" китебине өздөрүнүн оң бааларын беришти. Соңунда жазуучу Сейит Жетимишев жыйынтыктап, сөз сүйлөдү. С. Жетимишев С. Байгазиевдин китеби олуттуу чоң сөздү көтөрө ала турган объект болгондуктан талкуу кеңири чабытта жана кызыктуу өткөндүгүн белгиледи.
Негизинен талкууда Советбек Байгазиевдин аталган публицистикалык томдугу автордун чыгармачылык жетишкендиги жана кыргыз публицистикасынын бүгүнкү күндөгү өзүнчө бир бийиктигине күбө өткөн орчундуу факт катары баа берилди. С.Байгазиевдин бул китебинде улутту сактоонун өзүнчө бир концепциясы берилген. Китеп ар бир окурманга жеткидей болуп, көп нускада чыкса максатка ылайык болор эле.
Акырында С. Байгазиев талкуунун катышуучуларына көңүл бөлүп, пикир айткандыктары үчүн рахмат айтып, алдыдагы чыгармачылык пландары тууралуу ой бөлүштү.

Талкуунун сөздөрүн кагазга түшүргөн
Элмира Сабитова, филология илимдеринин кандидаты