Баскан жолду барактап...

Билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулаталы
Кыргыз Республикасында педагогика илиминин түптөлүшү, азыркы абалы жана келечектеги өнүгүшү жөнүндө
И.Бекбоев,
Кыргыз Эл мугалими, профессор



( Башталышы №23 санында)
Биздин оюбузча илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, натыйжаларын, сунуштарын билим берүүчү мекемелерге жайылтып пайдалануу иштерин борборлоштуруп уюштурууга убакыт келип жетти. Бул маселени ишке ашыруу үчүн эмнелер талап кылынат?
- илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн, ошондой эле диссертациялардын сунуштарын билим берүүчү мекемелерге жайылтып пайдалануу боюнча министрликтин алдында уюштуруп башкаруучу органды түзүү зарыл;
- илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн сунуштарын пайдалануу боюнча республикалык координациялык совет түзүп, ага: илимий мекемелерден, жогорку окуу жайларынан жана башка мекемелерден, конкреттүү адамдардан, ошондой эле диссертациялык кеңештерден келип түшүүчү сунуштарды карап чыгып, илимий идеяларды билим берүү мекемелерине жайылтып пайдалануу иштеринин тартибин аныктоону милдеттендирүү керек;
- илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын билим берүүчү мекемелердин практикасына жайылтып пайдаланууга керектүү шарттарды камсыз кылуу максатында райондордо илимди практикага пайдалануунун методикалык кызмат көрсөтүүлөрүн түзүү зарыл.
Илимий жетишкендиктерди жайылтып пайдалануунун ийгиликтүү болушу көбүнчө жер-жерлердеги билим берүүнүн облустук, райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн иштерине көз каранды. Ошондуктан министрлик бул органдардын дал ушул иштерин катуу көзөмөлдөп, алардын ушул багыттагы иштеринин конкреттүү этаптарын белгилеп, жыйынтыгын дайыма талап кылып туруусу зарыл. Чынында эле жергиликтүү органдардын бул багыттагы жумушу негизинен төмөндөгүлөрдөн турууга тийиш:
- пайдаланууга сунушталган жумуштар жөнүндөгү маалыматтарды ар бир мектепке жеткирүү;
- пайдаланууга сунушталуучу материалдарды пропагандалоону уюштуруу;
- илимий-педагогикалык изилдөөлөрдү пайдалануу тармагындагы алдыңкы новаторлук тажрыйбаны аныктап, аны жайылтуу;
- илимий изилдөөлөрдү жайылтуу процессин өркүндөтүү жана пайдаланылуучу материалдын сапатын жакшыртуу боюнча мугалимдердин жана билим берүү системасындагы башка адамдардын сунуштарын үйрөнүп чыгуу;
- пайдаланууга сунушталган жумуштарды колдонуу кандай жыйынтыктуу эффект берип жаткандыгын аныктоо.
Жыйынтыктап айтканда билим берүүнүн бүткүл системасынын жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуунун өзгөчө перспективдүү жолу - бул педагогикалык илимдин жетишкендиктерин билим берүү мекемелеринин иштөө практикасына жайылтып пайдалануу болуп эсептелет.
Биз реформаларды көп эле жаздык: уюштуруу-экономикалык механизмдерин реформаладык, деидеологизациялоо, гуманизациялоо, гуманитаризациялоо менен алек болдук, билим берүү системасын (куррикулумдун талаптарын) масштабдуу информатизациялоо идеясын жүргүздүк, азыр ишке ашырууга далалаттанып жан башына финансылоого активдүү киришип жатабыз. Бирок, карап көргөндө, ушул реформалардын бирөөндө да "бала" атайын айтылбайт б.а. адамдын инсандыгынын тагдыры татыктуу белгиленбейт.
Бир сөз менен айтканда окутуу каражаттарынын, окуу китептеринин сапаты, мугалимдерди даярдоо, алардын кесиптик устаттыгын, квалификациясын жогорулатуу ж.б. кыскасы окутууда баланы курчап туруучулардын бардыгы жөнүндө сөз кылабыз, бирок бүткүл иштин чордону борбору болуп турган баланын өзү (анын каалоосу, ички дүйнөсү, мотиви) жөнүндө сөз жокко эсе болуп жатат.
Азыр мектеп коомдук институт катары коомдун өзүнүн, анын өзөктүү ооруларынын абалынын күзгүдөн көрүнгөн образы болуп калды. 17 жылдын ичинде биз такталган идеологиясы жок мамлекет болдук, деги биз кандай коом экендигибизди тактай алган жокпус. Биздин XXI кылымдагы коомубузду цементтеп бекемдей турган руханий, адеп-ахлактык, үй-бүлөлүк нарктуулуктардын, баалуулуктардын системасы деген эмне экендиги өлкөбүздө анча так аныкталбай келет.
Мына ушул себептен жаңы типтеги мектепти түзүүгө негиз боло тургандай фундаменталдык принциптерди камтыган мамлекеттик стандартты иштеп чыгуу көп кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Баарыдан мурда коомдун негизги, өзөктүү баалуулуктарын (дөөлөттөрүн) аныктап, формулировкалоо зарыл. Анткени дал ошол баалуулуктар гана стандартты куруунун негизин түзөт. Анткени мындай баалуулуктар жөнүндө жалпы улуттук идеал болгон кезде гана кеп кылууга болот. Баалуулуктардын системасын негизинен эмнелер түзүүсү керек?
1. Традицияга болгон ишеним. Улам кийинки муундун мурунку муунга милдеттүүлүгү, ызаттуулугу. Мурунку муундун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн тажрыйбасына таянуу.
2. Өзүнүн тарыхын билүү, ошол тарыхты жараткан адамдардын тарыхын, алардын улут үчүн, улуттук мамлекет үчүн жасаган зор эмгектерин билүү.
3. Коомдо кабыл алынган закондун аткарылышынын ар бир адам үчүн ыйык милдеттүүлүгү.
Азыр ийгиликтүү адам деген ким? Турмуштук деңгээлден алып караганда: ийгиликтүү адам - бул айлык маянасы жогору, машинеси бар, дачасы бар адам. Тилекке каршы, эмнегедир: "ийгиликтүү адам - бул үй-бүлөнү түзгөн, балдарын тарбиялап өстүргөн адам" деп эч жерде айтылбайт.
Ийгиликтүүлүк жана адептүүлүк түшүнүктөрү бири биринен ажырагыс түшүнүктөр. Ийгиликтүү атуул (гражданин) деген ким? Ал биздин коомдун бүткүл моралдык, руханий, адептүүлүк системасын билген, өзүнүн үй-бүлөсүн камсыз кыла ала турган атуул (гражданин). Демек адамдын ийгиликтүү атуул болуп калыптанышы мугалимдин ишине байланыштуу. Тилекке каршы, педагогикалык билим берүүнүн концепциясында мыкты физикти же мыкты химикти даярдоо керектиги гана айтылат да, ийгиликтүү атуулду тарбиялап өстүрүүгө жөндөмдүү педагогду даярдоо жөнүндө эч жерде айтылган эмес.
Чындыгында билим берүүнүн мазмунун коомдун азыркы талаптарына ылайык аныктоо дал ушул маселени толук изилдөөнүн натыйжасына негизделиниши керек.
Кыргызстандагы билим берүү системасын концептуалдуу негизде чечүүдө олуттуу төмөнкү маселелер кезекте турат. Алар кайсылар?
1. Бүгүнкү күндөгү педагогика илиминин башкы маселеси билим берүүнүн багытын жана мүнөзүн так аныктоонун жаңыча концепциясын иштеп чыгууда турат. Анткени соңку жылдары социалдык-экономикалык, коомдук-саясий, айрыкча маданий-идеологиялык жагдайда болуп көрбөгөндөй өзгөрүштөр келип чыкты. Буга кошумча өзгөчө мамлекет башчысы, Президент К.С.Бакиевдин ушул жылдын 1-октябрь айына чейин эки маселе: 1) билим берүү системасын жаңыча модернизациялап реформалоо; 2) көчмөн цивилизациябыздын тарыхындагы баа жеткис мурастарды өлкөбүздү идеологиялык, саясий, экономикалык, маданий, илимий жактан өнүктүрүүнүн ишенимдүү бир таянычы катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк бере ала тургандай кыргыздын чыныгы турмушун чагылдырган үлгүлүү тарых китептерин түзүү жөнүндөгү сунуштарын эске алсак, мунун баары педагогикалык ситуацияларда өзөктүү өзгөрүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылып жатат.
2. Жалпы орто билим берүү процессиндеги окуучулардын окуу жүктөмүн азайтуу максатында окуу планынын оптималдуу вариантын аныктап чыгуу.
3. Орто мектептин жогорку класстарында профилдик окутууну киргизүү үчүн зарыл болгон теориялык, уюштуруу-педагогикалык, илимий-методикалык проблемаларды изилдөө аркылуу бул маселенин ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылууга керектүү шарттарды аныктоо.
4. Болон процессине кошулууда кыргыз билим берүүсү дүйнөлүк системада кандай орунду ээлей тургандыгын аныктоо.
5. Предметтерди окутуунун теориясын түзүүгө киришүү зарыл. Нечен жылдардан бери ушул мезгилге чейин жазылып келгендердин бирин да окутуунун теориясы деп эсептөөгө болбойт. Алар болгону предметтин айрым бөлүмдөрү боюнча гана түзүлгөн илимий-методикалык иштелмелер.
6.Азыркы учурда айыл мектептерин өнүктүрүүнүн проблемаларын иштеп чыгуу эң маанилүү болуп эсептелет. Бул иштин эң эле перспективдүү багыттары биздин оюбузча төмөнкүлөр:
- айылдык мектептердеги билим берүүнүн абалын ар тараптан терең анализдеп чыгып, ошонун негизинде республикадагы айылдык мектептердин андан ары өнүгүүсүн долбоорлоо (прогноздоо);
- үзгүлтүксүз билим берүү системасындагы айылдык мектептин окуучусунун инсан катары өнүгүүсүнүн келечегин аныктоо;
- айылдык жаштарга таалим-тарбия берүүнүн педагогикалык атайын концепциясын иштеп чыгып, окуучулардын улуттук, типологиялык жана жекече бөтөнчөлүктөрүн эске алуу менен айыл мектебинин окуучусунун инсандыгын калыптандыруу.
Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн мындай жаңыча концепциясын түзүүнүн зарыл экендиги талашсыз. Бирок негизги маселе аны иш жүзүнө ашырууга керектүү каражаттарды аныктоого келип такалат. Баарыдан мурда реалдуу шарттарды терең анализдөө зарыл, ансыз кандай гана концепция, (к.г. реформа, к.г. модернизация) болбосун ал бизди эң чоң моралдык жана материалдык чыгымдарга дуушар кылат, орду толгус кадрлык жоготууларга алып келет. Азырынча биздин жалпы системабыз жогортон сунушталган модернизациялык процесстерге даяр эмес. Ошондуктан натыйжасыздык жана профессионалдуулуктун жоктугу орун алууда. Теориялык жактан алганда модернизациялоо жолу менен билим берүүнү өркүндөтүүнүн ар түрлүү концептуалдык моделдери сунушталган. Кептин баардыгы аларды пайдалануунун механизмдерин (өзгөчө каражаттарын) изилдеп аныктоодо турат.
Кыргызстанда 1949-жылдан бүгүнкү күнгө чейин педагогика илимдери боюнча 506 кандидаттык жана докторлук диссертация жакталган.
Аткарылган изилдөөлөр жалпы педагогикалык илимдин жана практиканын өнүгүүсүнө белгилүү салым кошкондугу талашсыз. Мисалы: 1) "Математикалык үзгүлтүксүз билим берүү системасында маселелерди түзүүнүн жана аларды чыгарууга үйрөтүүнүн илимий негиздери" деген темадагы докторлук диссертацияда аныкталган жоболор (законченемдүүлүктөр) орто мектептин I-XI класстары үчүн жаңы муундагы математикалык окуу китептерин түзүүгө негиз болду; 2) "Кыргыз мектебиндеги орус адабияты курсунун илимий негиздери" аттуу диссертацияда ушул курстун илимий методикалык базасы болуп эсептелинген алгачкы жоболор аныкталды. Мындай мисалдар бир топ. Бирок жакталган диссертациялардын тематикасында ошондой эле бир катар диссертациялардын өздөрүндө да кемчилдиктер бар экендигин белгилөөгө туура келет.
- фундаменталдык изилдөөлөр жокко эсе;
- айрым гана докторлук диссертацияларды эске албаганда педагогикалык илимдин докторлору өздөрүнүн жактаган проблемасына байланыштуу илимий-методикалык мектеп уюштуруп иштешкен жок;
- педагогика менен адам таануунун башка тармактарынын байланышында аткарылган диссертациялар жок;
- принципиалдык жаңы негизде, жаңы - суроо талаптарга жооп берүүгө арналган диссертациялар өтө эле аз санда.
Педагогикалык илим боюнча изденүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн методологиялык маданияты кемчил. Ошондуктан илимий изилденген жумуштардын деңгээли билим берүү системасын радикалдуу жаңылоонун талаптарынан артта калып жатат.
Педагогика илими боюнча түшүнүктөрү жетишпеген көп адамдар, алардын арасында (тилекке каршы) кээ бир окумуштуулар, бул илимде изилденип ачыла турган эч нерсе деле жок, бардыгы эбактан бери эле белгилүү деп эсептешет. Бирок чындыгында педагогика илими адамды, аны инсан катары кайра жаралтуу процессин окуп үйрөнө тургандыгын, объективдүү себептерге байланыштуу бул процесс дайыма такай өзгөрүлүп тура тургандыгын эч качан унутууга болбойт. Ошондуктан А.С.Макаренко айткандай "Педагогика - бул эң татаал, диалектикалык илим" болуп эсептелет.
Мына ушулардын баардыгы педагогикалык илимге карата калыптанып калган көз караштарды өзгөртүп, ага жаңыча мамиле кылууну иштеп чыгууну талап кылат.
Ошондуктан Кыргыз билим берүү академиясынын (КАО) алдында педагогикалык изилдөөлөрдүн приоритеттүү багыттарын аныктоо боюнча координациялык совет түзүү зарыл болуп отурат.
Кыргыз Республикасында педагогикалык илимдин мындан аркы өнүгүшүндө каралып камтылуучу маселелер өтө көп. Биз алардын баардыгын камтый албадык. Мисалы: мектепке чейинки билим берүү, башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүү, жаштарга тарбия берүү, окутуу процессинде компьютерлик-электрондук каражаттарды пайдалануу, билим берүүнү модернизациялоонун илимий-теориялык жактан далилденип сунушталган концептуалдуу парадигмаларын ишке ашыруу, мугалимдердин педагогикалык устаттыгын жогорулатууну өркүндөтүү ж.у.с. көп маселелерге толук токтоло алган жокпуз.
Ошондуктан окурмандарды ушул маселелерди эске алуу менен жогоруда айтылган маалыматтар боюнча өз ой-пикирлериңиздерди ачык айтууга чакырамын.