Кулагыңа күмүш сырга

жалкоо студенттер баркын билбейт китептин
Замандашыбыз Мирзохалим Каримов жазган ачык катында жеке министрге эмес жалпы коомчулукка кайрылып, өзгөчө жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин, студенттердин, ата-энелердин кулагына күмүш сырга таккандай.
Чындыгында мурунку жаштардай бош убактыларын китепканалардан өткөргөн студенттер жокко эсе. Кышкы жана жайкы сессия учурларында гана китепканалардын ичи окурмандарга толбосо, башка күндөрү китеп издеп кирген студенттердин саны көңүл жибитээрлик эмес.

Гүлнара Бечелова, И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасынын №4 окуу залынын башчысы:
- Азыр заман мурункудай эмес. Мурунку заман менен азыркыны салыштырууга эч болбойт. Мурун биз студент кезде биз окуган окуу жайда болгону бир китепкана, бир окуу залы бар эле. Китепканага келген кишинин көптүгүнөн китеп жетпей калчу. Китеп жетпей калат деп дем алыш күндөрү эртең менен эрте туруп барчубуз. Ал жактан жетпей калсак Чернишевка, Ленинкага барып алып окучу элек. Ал жактан дагы керектүү китебиңди алыш үчүн кезекке туруп, урушуп, талашып жатып анан алчубуз. Азыр болсо студенттер үчүн бардык тараптан шарттар мурункуга караганда 100% жогору түзүлүп жатса дагы алар өтө жалкоо болууда. Карап көрсөңөр ар бир окуу жайда ондогон китепкана, окуу залдары бар. Бирок студенттердин китепканага кирген агымы өтө начар. Кирсе дагы жакшы окуган, саналуу гана студенттер кирет. Алардын барын жүзүнөн эмес фамилиясынан өйдө жаттап аласың. Калгандары анда-санда же өмүрүндө бир эле жолу, анда да обходной кагазын толтурууда мөөр бастырганы кирет. Анда-мында киргендер дагы бир гана аябай зарыл болуп жаткан китебин сурайт. Андай балдар акыл чабытын өстүрө турган бир дагы китеп сурабайт. Кызыктуусу 1-курстар абдан активдүү болушат. Бирок алар деле курсу жогорулаган сайын тескери кете башташат. Азыр технология аябай өнүгүп кетпедиби. Бары-жоктун барын Интернеттен алып жатышат. Ошол такыр китепканага кирбегендердин барынын үйлөрүндө компьютер, Интернети барбы, же чын эле окушпайбы таң калам.
Сессия учурунда студенттердин саны жеке китепканаларда гана эмес университеттин өзүндө көбөйүп калат эмеспи. Азыр кирип жатышат. Бирок мени капа кылганы - келип алып "Эже мага мобул гана тема боюнча китеп таап бериңизчи, же китептин ичинен ушул теманы таап бериңизчи, калганынын кереги жок" дешет. Улуу Ата Мекендик согуш менен 2-дүйнөлүк согушту айырмалап биле албаган студенттер бар. Бир китепти толук окуп чыгайын деген студент аз. Өзгөчө көркөм адабият такыр окулбай калды. Көркөм китеп сураган студент чанда чыгат. Мына сабатсыз адистер кайдан чыгат. Китеп аз окугандыктан билим деңгээли, тарбиясы начар болуп жатат. Ошол көркөм китептерден эле канчалаган таалим-тарбия алышат. Башканы айтпай эле "Манас" эпосун айтайынчы. Ушул эпостон кандай гана сонун пайдалуу маалыматтарды, тарыхыңды, маданиятыңды, руханий жактан өсүүлөрдү алса болот. Азыр Манастаануу сабагын окуу жайларга киргизип койгону абдан жакшы болду. Ар бир патриотмун деген кыргыз Манасты окушу керек. Карап көрсөңөр ал дүйнөдөгү эң чоң эпос. Бирок өкүнүчтүүсү, дагы эле болсо балдар "Манас" эпосуна көп көңүл бурбай жатат. Ушунча болуп "Манас" үчилтигин толук окуп чыгайын деген студентти көрө элекмин. Көбүнчө керектүү эпизоддорун гана таап бериңизчи деп сурашат. Бир жолу бир студент ушинтип келгенинен "Манас" эпосунун эң кичинекей, чөнтөк китебин берип, ушул жалкоолордун китеби деп койсом, кийинчерээк бир бала келип "Эже жалкоолордун китеби бар турбайбы ошону бериңизчи" дейт. Анан буга эмне дешибиз керек.
Биз патриотпуз деп айта албайм. Чыныгы патриоттор мобул эле грузиндер. Аларды карагылачы Манастан канча эсе кичинекей "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасын кандай баалашат. Аларда бул китепти турмушка чыккан кыздын себине неберелерибизге окуп берсин деп кошуп берет экен. Бул алардын өзүнүн тарыхын, адабиятын, улутун баалагандыгын көрсөтүп турат. Эгерде аны сепке кошуп бербесе кыздын себи кем болуп, элдер шылдыңдайт экен. Эмне үчүн биз Манасты ушинтип берсек болбойт. Бул эпостон кандай сонун таалим-тарбия алса болот. Мына биздин эң биринчи кемчилигибиз.

Жылдыз Бакашева, Улуттук китепкананын директору:
- Студенттердин китеп окубай калды, китепканага кирбей калды дегени балким туурадыр. Сырттан караган кишиге ошондой сезилет болушу керек. Бирок биздин китепканага жакшы күндөрү миңден ашуун окурман кирет. Жалпы республика боюнча эки миллиондон ашуун окурман бар. Анын көбү студенттер. Студенттердин бардыгы кооз кийим кийип алып, чөнтөк телефон көтөрүп алып, эс алуучу жайларда чалкалап жатат дегенге мен толук кошула албайм. Себеби студенттердин бардыгы андай эмес. Алардын арасында деле жакшы окуган, билимдүү, көп нерсеге умтулган, көптү билейин, көптү көрөйүн деп аракет кылгандар көп. Сессия убагында студенттер кыштын суугуна, жайдын ысыгына карабай келип окушат.
Жаштар биздин келечегибиз. Эгерде жаштар окубаса, алар билимдүү болбосо анда биздин келечегибиз жок десек болот. Бирок бир жагынан көтөрүп жаткан маселе туура. Албетте, жаштарды тарбиялаганга барыбыз ар тараптуу аракет кылышыбыз керек. Азыр ааламдаштыруунун таасири абдан эле тийип жатат. Алар Интернет аркылуу көп нерсени алабыз дешет. Бирок мен адамзаттын акылынын туу чокусу - бул китеп деп эсептейм. Китеп адамдын акылын, жан дүйнөсүн байыткандай Интернет байыта албайт. Китеп гана адамдын жаны, руху, маданияты десек болот.
Козу карындай жайнаган окуу жайлар көп болуп жатпайбы. Ошол окуу жайлардын өздөрүндө талап күчтүү болушу керек. Жаштарга билим берген кадрлардын дагы ошончолук билими күчтүү болушу абзел. Билими күчтүү окутуучу болсо ошончолук билими күчтүү шакиртти даярдайт. Ал эми билими күчтүү, окурман эл болсок билимдүү мамлекет болобуз. Ошондуктан биз барыбыз ушул багытка жол ташташыбыз керек.

Аида Тентиева, окутуучу:
- Азыр студенттердин арасында ар кандайлары бар. Билим алайын деп умтулганы да бар, эптеп баа үчүн окуганы да бар, жөн гана максатсыз басып жүргөнү да бар. Ошолордун арасынан кайсылары китеп окуурун сырттан эле билсе болот. Жогорку курстарга барып калган студенттердин арасынан кээде бир да жолу Улуттук китепканага кирип көрө электерди кездештиресиң. Анан алар кантип сапаттуу билим алып жатат деп ойлойсуң. Ошондой студенттер деле бүтүп жатат. Ошол эле учурда китепканадан башы чыкпагандарды да учуратасың. Алар чындыгында китеп окубагандардан бир топ айырмаланып турат. Азыр бардык нерсени Интернеттен алып жатышпайбы. Бирок ошол Интернеттен да маалыматты маданияттуу ала албагандар бар. Бир теманы окуп кел же реферат жазып кел деп тапшырма берсе, Интернеттен кандай алса ошол тейинче көтөрүп келишет. Ал Интернеттен алган маалымат эч качан студенттин мээсинде калбайт. Ага караганда тиешелүү темасы боюнча бир, эки китеп окуп чыкса ошол пайдалуу болмок. Бирок, тилекке каршы, студенттер өтө жалкоо болууда. Өткөндө 4-курсту бүтүп жаткан бир баланы Шайлообек Дүйшеевдин журналисттик ишмердүүлүгүн окуп кел десем, аны кайдан табам, Интернетте барбы дейт. Интернеттен эмес Улуттук китепканадан барып таап, окуп кел десем, ал жакка бир да жолу барып көргөн эмесмин, ал кайда, кантип кирем, барып сурасам эле таап береби дейт. Анан ушул бала кантип жогорку окуу жайын бүтүп жатат деп таң каласың.

Нургыз, студент:
- Мен китеп көп эле окуйм. Көбүнчө окуума зарыл болгондорун гана окуганга аракет кылам. Антпесем көркөм китеп окуганга убактым деле жок. Бирок бир да жолу Улуттук китепканага барып көргөн эмесмин. Зарыл китептерди өзүмдүн эле окуу жайымдан издеп таап алам.

Асылбек, студент:
- Өзүмө керектүү китептерди алыш үчүн гана китепканаларга барбасам, ал жакка кирбейм деле. Азыр эмне керек болсо Интернеттен беш мүнөттө таап алса болот.

Бермет, студент:
- Дем алыш күндөрү бош убактымды дайыма Улуттук китепканадан өткөрөм. өзүм жатаканада жашагандыктан бош убактым көп эле болот. Анан, албетте, анча-мынча көчөгө чыгып эс алганга дагы убактымды бөлөм.