Иш сапар

Билим берүүнүн проблемалары президенттин көңүл борборунда
Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарына болгон сапарында президент К.Бакиев жаңы мектептердин ачылышына катышып, мугалимдердин ой-пикирлерине кулак салып, билим-тарбия программаларына да орчундуу көңүл бурду.

 o Ысык-Көл облусу

Кашаттыктар жаңы мектептүү болушту
5-июндагы иш сапары учурунда К.Бакиев Кашат айылында ачылган жаңы мектептин салтанатына катышты.
1200 орундук жаңы мектептин курулушу тээ 1986-жылы башталган. Бирок каражаттын жоктугунан эле ушул күнгө чейин созулуп келген.
Мындан 2 жыл мурда президент иш сапары менен облуста болуп, айылдын жашоочулары менен жолукканда алардын балдары жаңы мектепте билим алаарын билдирген.
Ошондон улам Президент Атайын билим берүү фондунан 713 миң сом бөлдүргөн. Бөлүнгөн каражатка мектептин ашканасына жабдыктар алынып, актовый жана спорт залына керектүү эмеректер, инвентарлар алынганын жергиликтүү бийлик башчылары билдиришкен.
Жалпысынан бул мектептин турушуна 1 млн. 176 миң 500 сом жумшалган. Учурда жаңы мектепте 36 мугалим эмгектенип, 514 окуучу билим алышууда.



 o Чүй облусу

Билим берүү системасын реформалоо - заман талабы
25-майда Чүй облусунда болгон иш сапарында мамлекет башчысы адегенде Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жайгашкан Жаштар маданий борборунда болуп, анын ачылыш аземине катышты.
"Акыркы мезгилдерде сергек жашоо маселесине көп көңүл бурулуп жатат. Ушундай борборлор коомубуздагы аракечтик, баңгилик, кылмыштуулук сыяктуу терс көрүнүштөрдөн арылуу ишине бир топ салым кошо алат деп ойлойм. Биз жаштарыбыз бош убактысын пайдалуу өткөрө алуусуна керек болгон бардык шарттарды түзүшүбүз зарыл", - деди К.Бакиев.
Жумушчу сапарынын аягында мамлекет башчысы Токмок шаарынын №12 орто мектебинде өткөн "Акыркы коңгуроо" аземине катышып, бүтүрүүчүлөрдү окуу жылдын аякташы менен куттуктап, ден соолук жана ийгиликтерди каалады. Ошондой эле мамлекет башчысы мугалимдерге жана ата-энелерге өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жана окутуу аркылуу коомдун өнүгүшүнө кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. Президент мамлекет мындан ары да республиканын билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана реформалоого өзгөчө көңүл бура тургандыгын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы 10 даана компьютердик техниканы алууга мүмкүнчүлүк берген сертификаттарды тапшырды. Андан тышкары, Президенттик фонддун эсебинен 109 миң сомго мектеп формасы жана 27 миң сомго окуу куралдары алынгандыгы белгиленди.
Шаардын мектептерин ийгиликтүү аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр менен болгон жолугушуу учурунда Президент аталган мектеп натыйжалуу эмгектин жана мыкты көрсөткүч-төрдүн үлгүсү боло ала тургандыгын баса белгиледи.
"Окутуунун сапаты жогорку деңгээлде болгондон улам мектебиңердин 40тан ашуун бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн бардык континенттеринде билимин өркүндөтүп жатышат. Бул, албетте, силердин мугалимдериңердин өз ишине чыгармачылык менен мамиле кылгандыгынын үзүрү", - деди К.Бакиев.
Президент өлкө жетекчилиги билим берүү системасын замандын талабына ылайык реформалоого ниеттенип жаткандыгын айтты.
"Ар бир окуучу жакшы баа алуу үчүн эмес, терең билимдүү болууга умтулушу керек. Кесип тандап алууга олуттуу мамиле кылуу керек, ал көңүлүңө төп келип, андан ырахат алганда гана ишиңдин өтөөсүнө чыга аласың", - деди К.Бакиев.




Өлкөнүн Жаңылануу багыты жаштардын күч-аракетине таянат
Ошондой эле К.Бакиев 5-июнда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде жаштар форумунун катышуучулары менен болгон жолугушуусунда мамлекеттин 2010-жылдагы бюджетинде жаштардын демилгелерин ишке ашыруу үчүн атайын каражат каралаарын билдирди. Аны пайдалануу боюнча чечимди жаштар өздөрү кабыл алышмакчы.

Мамлекет башчынын катышуусунда жаштар үч долбоордун - "Жаштар жана мамлекеттик башкаруу", "Жаштар жана бизнес", "Жаштар жана жарандык коом" долбоорлорунун бет ачаарын өткөрүштү. Ошондой эле КР Президентине караштуу Жаштардын иштери боюнча координациялык кеңеш түзүп, анын төрагалыгына мамлекет башчысын шайлоо туурасында сунуш киргизишти.
Форумдун катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Президент Курманбек Бакиев долбоорлордо чагылдырылган идеялар актуалдуу жана колдоого татыктуу экендигин айтты. Ошондой эле жаштарга өз идеяларын өкмөт менен парламенттин сынынан өтө алгыдай кылып документ-сунуш катары мыктылап даярдоону сунуштады. Бул сунуштар улуттук таламдар менен улуттук өнүгүүнүн артыкчылык багыттарына төп келүүгө тийиш. Эгерде эксперимент ийгиликке жетишсе, бул максатка жумшала турган каражаттын көлөмү жыл санап өсө бермекчи. Ал эми алгачкы эксперимент үчүн 50 млн. сом бөлүнөт.
Мамлекет башчысы бул бийлик менен жаштардын ортосундагы өнөктөштүккө карай реалдуу кадам боло тургандыгын айтты.
"Өлкөнүн Жаңылануу багыты жаштардын күч-кубатына жана жаңыча көз карашына таянууга тийиш. Ошол эле учурда улуу муундун бай тажрыйбасынан да баш тартканга болбойт. Тажрыйбалуу башкаруучулар менен жаштардын күч-кубатынын теңсалмактуу пайдаланылышы гана өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүүсүнө негиз болуп бере алат", - деди К.Бакиев.
КР Президентинин Катчылыгы аркылуу ишке ашырыла турган бул долбоор "Жаштардын бюджеттик демилгелери" деп аталат жана ага каалаган жаш адам же жаштар уюму катышса болот.
Азыркы тапта бийликтин көптөгөн бутактарындагы жооптуу кызматтарда жаш кадрлар иштеп жатышат. Мисалы, кечээ эле Социалдык фонддун төрагасынын орун басарлыгына жаш башкаруучулар дайындалышты.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекет башчысы "Жаштардын бюджеттик демилгелери" долбоору Жаңылануу багытын ишке ашыруудагы дагы бир иштиктүү кадам болуп кала тургандыгын белгиледи жана эксперимент учурунда жаштар өлкөнү башкарууга толук кандуу катышууга даяр экендиктерин далилдей тургандыгына ишеним артаарын билдирди.

Даярдаган
Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим".