Реформа

Билим берүү реформасы өлкөнүн көз карандысыздыгын
Президент Курманбек Бакиев билим берүү реформасын жүргүзүү концепциясын сунуш кылды.
(10-июнда Бишкекте Өкмөт үйүндө сүйлөгөн сөзү)
Президенттин Жаңылануу ба-
гытында айтылган албан ре-
формаларды ишке ашырууга киришкени турабыз. Бизди азыр катуу кабатыр кылып жаткан көйгөй - бул билим берүү системасы.
Билим берүү бүгүн улуттук коопсуздуктун, көз карандысыздыкты сактоонун бирден-бир маселесине айланып отурат.
Глобалдык атаандаштыкка туруштук бере алабызбы-жокпу, башкаруу, укук, башка реформалардын үзүрүнө жетебизби - бул билим системасын реформалоого жараша болот. Бул чөйрөнү оң жолго салбай туруп, өлкөнүн жаркын келечегин куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан, өлкөнү жаңылоонун алгачкы кадамын дал ушул билим берүү системасын кайра түзүүдөн баштамакчыбыз.
Президенттин Багытында сөз жок күчтүү маданий саясат өткөрүү каралган. Анын ийгилигине жетүүнүн бир жолу - билимди мамлекет үчүн өтө маанилүү иш катары жарыялоо.
Бүгүн өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгү билим реформаларын өткөрүү зарылдыгы менен алек. Кайсы багыт менен жылыш керектигин баары билет. Бирок азыркы абалынан бизге керек деген деңгээлине чейинки аралыкты басып өтүү рецептерин азырынча эч ким таба элек. Грекия менен Франция өкмөттөрүнүн билим берүү саясатына аздыр-көптүр өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети жаштар менен профсоюздун каршылык толкунуна кабылды.
Кыргызстанда акыркы жылдары билим берүү жаатында алгылыктуу көп иштер жасалууда. Министрлик менен педагогдор бүт күчүн үрөп жатышат, өзгөртүүлөр боюнча зарыл сунуштар менен кошо документтер иштелди жана кабыл алынды. Бирок көп учурда алар аткарылбай калып, билим берүү сапаты начарлап баратат.

Өлкөдөгү реформалар кадрларга суусап турат.
Менимче, мунун себептери төмөнкүлөр:
o Билим берүүгө адам ресурстары жана азыркы дүйнөдөгү татыктуу орун үчүн глобалдык жарыштан тыш каралууда. Ошондон улам билим аркылуу өлкөнү өзгөртүү жана өнүктүрүү боюнча маанилүү жана кеңири милдеттер жок болуп жатат.
o Документтерди иштеп чыгып, алардын аткарылышын көзөмөлдөөдө негизинен ведомстволук мамиле жасалууда. Башкача айтканда, билим берүү эл чарбасынын өзүнчө бир тармагы катары каралып, ошондон улам анын өнүгүшүнө жалгыз Билим берүү жана илим министрлиги жооп берет. Мындай мамиле, албетте, жарабай калды! Билим берүү - бардык ведомстволордун, бүт өлкөнүн жана коомдун милдети. Өзгөртүүлөр ишине башка мамлекеттик структуралар, бизнес, улуттук элита, акыры ата-энелер катышууга тийиш.
o Ошентип, азыркы башкаруу каражаттары менен механизмдери мындай терең жана кеңири милдеттерди чечүүгө жараксыз болууда.
Көпчүлүк мындай кыйынчылыктарды түшүнөт. Бирок, азыркы системаны реформалоо ордуна сыртынан жасалгалоону сунуш кылышат. Мүмкүн, бул системалык жана узак мөөнөттүү өзгөртүүлөргө ишенимдин жок болушуна байланыштуудур. Бирок да, айрыкча билим жаатындагы чиновниктердин көбү реформаларга жаңыча мамиле кылууга жөндөмсүз болсо керек деп ойлойм.
Дагы бир жолу кайталайын - билим берүү көйгөйлөрү өлкө келечегине, улуттук көз карандысыздыкка, балдарыбыздын тагдырына доо келтириши мүмкүн. Эгер баарын азыркыдай калтырсак, анда коомубуздун мүчүлүштүктөрү жылдан жылга ырбап отуруп, кесепеттүү абалга кептелет. Тез өзгөрүп жаткан шартта бул жагдай мамлекет менен коомдун абалын жана келечегин кескин начарлатат.
Бул үчүн оболу Борбор Азия аймагындагы кырдаалга көз таштоо керек. Биз жакынкы жана алыскы коңшуларыбыз менен жаратылыш байлыктары, экономикалык жана маданий биринчилик үчүн атаандашып жатабыз. Кризистен кийинки өнүгүү маалында ким жаңы инновациялык үлгүнү мыкты жана озунуп өздөштүрүп кетсе, мөөрөйдү ошол алары анык. Инновация деген бир гана жаңы технологияларды пайдалануу эмес, эң оболу өз мүмкүнчүлүктөрү менен ресурстарына башка көз карашты калыптандыруу да болуп саналат. Демек, билим инновациялык саясаттын негизги механизми болуп калууга тийиш.
Биз өзүбүздүн билим берүү кудуретибизге таянуу аркылуу бүт региондун жаштарына билим берүүнүн борбору боло алабыз деген милдетти коюу керек. Ал үчүн билимди тескөөнү жана каржылоону, ошондой эле даярдоо мазмунун жана түрлөрүн өзгөртүүнү сөз жок талап кылат.
Аскер же башкаруу реформаларына талаптар башка мисал болушу мүмкүн. Бизге эртең эле террорчулук менен күрөшүүнүн же мамлекеттик башкаруунун заманбап технологияларын жетик өздөштүргөн камбыл кадрлар керек болот.
Адамдын өмүр бою окушуна, өз кесибине такшалуусуна жана жаңы адистиктерге ээ болушуна шарт түзгөн система бардык өнүккөн мамлекеттер үчүн башкы багыт болуп саналат. Тез өзгөрүп жаткан эмгек рыногу жана глобалдык конкуренция ушуну талап кылууда. Ушундай системада гана ар бир адамдын келечеги болот. Азырынча биздин өлкөдө мындай милдеттин мааниси коюлбай келатат.
Советтик мектептин тарбиялоо системасы учурунда жол бербеген жаңы коркунучтар пайда болду - кылмыш дүйнөсү менен экстремисттик кыймылдар мектепти өз алкагына тартып жатат. Кеч боло электе бул коркунучтун жолуна бөгөт коюу зарыл.
Советтик билим берүү системасына кунт коюп карап, анын биздин милдеттерге жана дөөлөттөргө туура келген тажрыйбаларын колдонуу керек. Мамлекеттин коопсуздук деңгээли жана атаандаштыкка жарактуулугу, ошондой эле жарандардын жашоо сапаты билим берүү реформаларынын ийгилигин баалоонун ченеми болууга тийиш.
Реформалар алдында оболу биз эмнелерди такыр жасабаш керектигин чечип алуубуз кажет. Албетте, бир жылда күчкө салуу менен да реформа жасай албайбыз, бирок көп нерсени бүлүндүрүп алышыбыз ыктымал.

Эмнелерди жасоого болбойт:
o Иштин анык абалын толук билбей жана баарына түшүнүктүү багыт бербей туруп, олуттуу өзгөртүүлөр жүргүзүлбөйт.
o Дароо бүт өлкөгө жана билим берүүнүн бардык мекемелерине жогортон буйрук берүү менен реформа жасалбайт.
o Реформаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга кызыкдар ар башка топтор четте калтырылбайт.
o Билим берүүнүн бардык түрлөрү жана багыттары үчүн бирдей "туура" саналган үлгүгө таянууга болбойт.
o Жалпы максатка байланбаган майда-майда өзгөртүүлөр жасалбайт.
Тилекке каршы, биз көбүнчө дал ушул жол менен кетип жатабыз. Көптөгөн саамалыктарыбыздын акыбетсиз калышынын негизги себеби ушунда.

Эң биринчи эмнелерди жасоо керек:
o Жоопкерчилик зоналарын так бөлүштүрүү керек - мамлекет кайсыга жооп берет, бизнеске же жарандык секторго эмнени тапшыруу керек, ата-энелер эмнени көтөрө алат. Азыр дүйнөдөгү бир да өнүккөн мамлекеттин бүт билим берүү чөйрөсүн каржылап жана башкарууга чамасы жетпейт.
o Билим берүү чөйрөсүндө чечим кабыл алуу айкын болушу кажет - биз иштин бардык жагындагы абалын көрүүгө тийишпиз.
o Убакыт жана чыгымдар жагынан кандай өзгөрүүлөр болорун элестетүү керек. Өзгөчө чыгым кетирбестен, акыл-ой жана тескөө жолу менен бүгүн жасай ала турган иштерди бөлүү зарыл.
o Кандай саясый контекстте жана кандай чечимдер аркылуу билим берүү реформасы ишке ашарын аңдоо абзел. Бийлик алмашканда жана туруксуздук орун алганда мындай ири реформаларга баруунун кажети жок. Анткени, жаңысы түзүлбөйт, эскиси кыйрайт.

Эң оболу төмөнкү милдеттерди чечүүдөн реформаларды баштоо керек:
o Билимди башкаруу системасын жана аны мыйзамдык жактан камсыз кылууну өзгөртүүдөн баштайбыз. Борбордук, жергиликтүү органдардын жана билим берүү мекемелеринин функциялары менен ыйгарым укуктарын ажыратабыз.
o Экинчиден, реформа жасоочу кадрларды даярдоо зарыл. Билим берүү жаатында педагогдорду жана башкаруучуларды даярдоонун жаңы түрлөрү талап кылынат.
o Реформаларды камсыз кыла турган маалыматтык, материалдык-техникалык, методикалык жана финансылык инфраструктураларды түзүү да маанилүү. Буга байланыштуу алыскы региондорго интернетти жеткирүү жана алыстан туруп окутуу боюнча өзүнчө долбоорду жайылтуу зарыл.
o Акырында реформага тартылгандарды социалдык коргоого ылайык система түзүлүүгө тийиш. Айлык, пенсия, артыкчылыктар, башка кесипке такшалуу мүмкүнчүлүктөрү реформанын милдеттерине шайкеш келүүсү керек.
Билим берүүнүн багыттары боюнча кайсы милдеттерге өзгөчө маани берилиши керек?
Биринчи кезекте мектепке чейинки тарбиялоо жана билим берүү системасын кайра жандантып жана заманга ылайыктоо керек. Көп балалуу бүлөлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды колдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.