mainkaptal

Пользовательский поиск
  Мектеп жана коом

"Галера" мектеп коопсуздугун бекемдегиси келет
Бишкек шаарындагы "Галера" коргоо-детективдик агенттиги мектеп окуучуларын ар кыл кылмыштуулуктан коргоп, мектеп жетекчилерине, ата-энелерге жакындан жардам берүү демилгеси менен чыгып жатышат. Башка коргоо агенттиктеринен айырмасы "Галерада" отставкага чыккан тажрыйбалуу аскер кызматкерлери, анан дагы педагогикалык-психологиялык билим барлар эмгектенет. Алар бир гана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылбастан, алардын жүрүш-турушуна, кылмыштуулукка алдын ала чара көрүү, аскерге даярдоо ж.б.у.с. нерселерди аткарууга далаалат кылып жатышат. Агенттиктин бул сунуштарын шаардык мэрия, ИИМ, шаардык билим берүү департаменти колдоого алышты. Кеп эми мектеп жетекчилери менен ата-энелер комитетинде.

Биздин редакциянын кеңсеcине башбаккан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин запастагы полковниги Эркинбек Аскарбековдун айтымында, "Галера" агенттигинде педагогикалык билими бар, аскер кызматында эмгектенип, оперативдүү иштеген, тажрыйбалары зор адамдар эмгектенет.
- Мектептерге "жеңилин жерден, оорун колдон алып" жардам берсек деген ниет. Анткени эч кимге жашыруун эмес мектептерде кылмыштуулук көбөйүп жатат. Күчтүүсү алсызын баса калып уруп, акча чогултуп, керек болсо, өлтүргөнгө чейин барышууда, - дейт запастагы полковник. - Андыктан биз тентек балдарды изилдеп, таап ИДН кызматкерлери менен бирдикте иш алып барабыз. Анан дагы мектепте аскерге чейинки даярдоо сабагы берилбейт. Берилсе дагы сааты аз эмгектен, музыкадан берген мугалимдер беришет. Натыйжада окуучулар автоматты туура кармаганды кой, оңго-солго бурулганды жакшы билишпейт.
Э.Аскарбековдун берген маалыматы боюнча жакында борбор калаадагы бардык мектеп жетекчилери чогулушкан жыйында "Галера" агенттиги өздөрүнүн сунуштары менен чыгышкан. Аларды колдогон да, колдобогон да жетекчилер четинен чыкты.
- Мектеп жетекчилеринин бизден коркуп жаткандарынын жөнү бар. Анткени баарыбыз тең запастагы полковник, майор ж.б., анан дагы иштеген жерлерибиз коопсуздук, коргоо министрликтери болуп жатпайбы. Экинчиден, кайсы мектепти албайлы, ал жерде каражат чогултуу деген, т.а. коррупция орун алган. Ошондуктан бизден чочулагандары деле эп, - деди Эркинбек агай. - Бирок биздин милдет - кылмыштуулукка жол бербөө. Балдардан акча чогултуп жаткан балдарды иликтеп, таап чыгуу, алар менен жекеме-жеке иштөө, Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен тыгыз байланышты түзүү, отставкага чыккан, педагогикалык билими бар аскер кызматкерлерин мектептерге тартуу, аларга аскерге чейинки даярдык көрүү (НВП) сабагын берүү, бир сөз менен айтканда жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо.
Чындыгында эле айрым мектептерге барсаң "секьюрити" деп аталган кароолчулук милдетти аткарган жаш балдар окуучулар мушташып жатышабы, жанында туруп алып тамеки тартып жатышабы дегеле иштери жоктой мамиле кылышат. Ата-энелер аларга ай сайын 10, 20 сомдон балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төлөшөт. Э.Аскарбеков айткандай айрым мектептерде коопсуздук агенттиктеринин инструкциясын деле мектептин кире беришинен көрбөйсүң.
- Жакында бир мектепке барып постто турган жаш баладан директорду сурасам ал кайда экенин, жада калса, телефонун да билбейт экен. "Эгерде кандайдыр бир өзгөчө кырдаал түзүлүп калса кимге чаласың?" деп сурасам. "Милицияга", - деп койду. Демек коопсуздукту камсыз кылган агенттиктер мектеп директорлору менен иш алып барганды билишпейт. Кызматкерлери менен инструктаж өткөрүшпөйт, - дейт Э.Аскарбеков. - Жада калса, айрымдарынын униформасы да жок. Ошондуктан биздин агенттикте иштегендерди атайын униформа менен камсыз кылабыз. Андан сырткары, кызматка кабыл алынган кызматкерлер психиконеврологиялык, тубдиспансерлерден өтүшөт. Анан дагы атайын тестирлөөдөн өткөндөн кийин гана мектептин улагасын атташат.
Эмнеси болсо дагы кандай агенттик болбосун сапаттуу иши менен ата-энелерге көрүнүшү керек. Ошондуктан "Галера" агенттиги ириде ата-энелер комитетине Уставдарын, сунуштарын, аскерге чейинки даярдоо сабагынын программасын көрсөткөндөн кийин башка агенттиктердин иштерин салыштырып туруп, ата-энелер комитети кандайдыр бир чечимге келиши ыктымал. Бирок "Галера" сунуштап жаткан идеялар колдоого арзырлык экени талашсыз.
Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим".





o Кычан тирүү болгондо быйыл 90го чыкмак...
Өлбөй турган эрдик
Ысык-Ата районунун Жээк айылындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектепте баатыр пионердин 90 жылдык юбилейине карата иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Коллективдештирүү жылдарындагы кыргыз жергесинде айыгышкан тап күрөшү табигый шартта өнүгүп, Совет бийлиги үчүн жан дили менен күрөшкөн улуу муундардын эрдиктери мезгил өтсө да унутулбай келет.
Жаңы заман жалаң гана кан төгүү менен келгенин эскерип, анын символу катары мойнундагы кызыл жагоону тагынып чоңойгонбуз. Бардык кыйынчылыктарды жеңе билүүгө үйрөтүүнүн жана элдин эртеңи үчүн тайманбастан күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөткөн Кычан Жакыпов 1919-жылдын 18-майында Чүй дубанына караштуу Ажырык- Барат (азыркы Үкү-Барат) айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Жакып, энеси Турдукан биринчилерден болуп колхозго мүчөлүккө өтүшүп, коомдун ишине жигердүүлүк менен катышып, алдыңкы колхозчулардан болушкан. Кычан 4 баланын үчүнчүсү. Улуу агасы Бейшеке 1934-жылы 20 жаш курагында оорудан каза тапкан. Экинчи агасы Курманбайдан 1942-жылы "Согушта баатырларча курман болду" деген кара кагаз келет. Иниси Моңолдор да Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
Мына чындык. Жөнөкөй аспектиде каралбай тарых барактарынан татыктуу ордун таап, мезгилинде болуп өткөн реалдуу окуя менен азыркы жашоонун карым-катнашынын учун улай турган көөнөрбөс чындык. Башкасын айтпаганда да Моңолдордун үч небереси ушул тапта Кычандын атын алып жүргөн мектепте тарбияланышууда. 14 жашында бир айылдын уюнун бадасынын милдетин алгандыгы эле Кычандын бир туугандарынын ичинен өзүнүн чыйрактыгы, жаңы түзүлүшкө жан-дили менен каршы турган Капсалаң, Майрык, Жумаалы сыяктуу адамдардын ар кандай калпыс иштери менен келишпестиги, чынчылдыгы жана уюштургуч жөндөмдүүлүгү менен айырмаланып туруучу. Ал шайдоот, бир нерсенин түпкү тегин билип алууга дилгир бала эле. Мезгилинен эрте жетилип, катаал көрүнүштөрдү талдай билүүчү бышык, ар нерсени жасай билүүгө колу жөндөмдүү болгон. Жолдошторунун арасында чоң кадыр-баркка ээ, анын ар бир чыгарган бүтүмүн классташ-жолдоштору өздөрү үчүн милдет катары кабыл алышчу. Кычандын мүнөзүндөгү бул касиеттерди белгилүү жазуучу Ш.Бейшеналиев турумуштун чындыгынан көркөм чындыкка айландырып, окурмандарга тартуулаган.
Өткөн муундун ушул бүгүнкү бейпил турмуш үчүн жанын аябай жасаган аракеттеринен тарбиялык мааниси зор. Ошол мезгилдин жашоочуларынын арасында жаш болсо да өз учурунда коомдо болуп жаткан өзгөрүштөргө өзүн алдын-ала даярдап, Бейшеке сыяктуу адамдардын да аттары сүймөнчүк менен аталып жүрөт. Анын учурунда калаадан окуп, жаңыча жасаган кадамы элеттик балдарга таасир берген. Эки таптын эч качан бирикпес ажырымы Кычан сыяктуу эрте жетилген тубаса пионер баланын таптык сезимин мезгилинен мурда ойготуп, анын индивидуалдуу мүнөз өзгөчөлүктөрү, ошол кездеги союздук чөлкөмдө болуп жаткан окуялардын багытына карай калыптанган. Баатыр пионер Павлик Морозовдун дүйнөнү солк эттирген эрдиги жер-жерлерге таралганда. Кычан сыяктуу жүрөгүндө оту бар, жаңы түзүлүштүн багыты менен тарбияланган жаш жеткинчектер эч буруу-терүүсү жок кабылдаша, тымызын тилек кылышкандыр. Бирок мындай эрдиктин үлгүсү Сары-Өзөн-Чүйдүн жылуу койнунда жарыкка келген, жөнөкөй бир кыргыздын баласы жасап койгонуна кантип сыймыктанбай коё аласың.
Кеңеш өкмөтүнүн душмандары колдорунан келишинче ар кандай зыянкечтик жүргүзүшкөндүгү белгилүү. Кычан колхоздун комсомол комитетинин тапшырмасын аткарып, өз жолдоштору менен колхоз мүлкүн сактоо, туура эмес багыт алган душмандардын бетин тартынбай ачуу жагынан көп эрдик иштерди жасаган. Ошондой тынымсыз жүргүзгөн иштери үчүн душмандар андан өч алгылары келип, акыр 1933-жылы жай мезгилинде, башкача айтканда 27-августта талаада колхоздун уюн жайып жүргөн учурунда басмачы-көркоо Жумалынын колунан мыкаачылык менен өлтүрүлүп, жаш пионер тап душмандар аркылуу каза тапкан.
Ушул багытта Ысык-Ата районунун Жээк айылындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектептин директору Клара Адылбаева баатыр пионердин 90 жылдык юбилейине карата жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди:
- Биздин мектепте жакында башталгыч класстын мугалими А.Карыпованын демилгеси менен Кычандын 90 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, ага Жээк айыл округунун башчысы К. А. Сайындиев, Кычандын тууган-туушкандары, айыл тургундары келишти. Бул мектепте атайын Кычанга арналган бурч уюштурулуп, ал жерге өзү отуруп окуган партасы, пионердик жагоосу, калпагы, камчысы, портреттери жана башка сакталып калган туугандарынын сүрөттөрү коюлган. 4-класстын окуучулары Кычанга арналып жазылган ырлардан окушуп, анын балалык, баатырдык элестерин чагылдыра аны сахналаштырып коюп беришти. Андан соң анын эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, ага багышталып куран окулду. Баатыр пионердин жаркын элесин бир мүнөт үн катпай эскерип туруу учурунда айрымдары көздөрүнө жаш алышпай койгон жок. Адамдык кунары жагынан ар бир муундун оюна төп келген Кычандай баатырлар мындан көп жыл мурунку турмуштун реалдуу чындыгы азыр да жаш муундун айрымдарына идеялык жактан белгилүү өлчөмдө таасир калтырат. Ошондуктан бул датаны биздин мектепте гана эмес республиканын ар бир мектептеринде белгилениши керек, себеби Кычан - жалпы кыргыз улутунун орток баатыры жана сыймыгы, - деди директор.

Дастан Касмалиев,
Ысык-Ата району.




"Кутбилим", жањы саны... • кыргызча... o
email • архив • редакция 
5-июнь, 2009-ж.:
1-бет
IБилимди күчтүү эл болобузбу же..?
2-бет
Окуялар, фактылар
3-бет
эмгек рыногуна сапаттуу экономикалык адистер керек
4-бет
Бүтүрүүчү, мектепке карай жол башта!
5-бет
Билими күчтүү эл болобузбу же..?
6-бет
Жан башына каржылоонун жагымдуу жаңылыктары
7-бет
Высшая школа
8-бет
Толеранттуулук жана диалог - өркүндөөгө өбөлгө
9-бет
"Галера" мектеп коопсуздугун бекемдегиси келет
10-бет
РИТОРИКА ДЕГЕН ЭМНЕ?
же жалпы эле "Риторика" илиминин пайда болушу жана өнүгүү тарыхы тууралуу айрым түшүндүрмөлөр
11-бет
Экспериментальная площадка
12-бет
Нетрадиционные педсоветы как средство развития профессиональной компетентности педагогов
13-бет
"Кыргыз адабияты" предметинин куррикулуму
14-бет
Үй-бүлө маданияты эмнеден башталат?
15-бет
Объявления
16-бет
Защита диссертаций
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика