mainkaptal

Пользовательский поиск
 "Айылдык билим берүү" долбоору

Жан башына каржылоонун жагымдуу жаңылыктары
(Башталышы өткөн санда)
Жалпы билим берүүчү мекемелерде жайылтылган жаңы ыкма - минималдуу стандарттардын негизинде жан башына каржылоо үлгүсү Чүй облусунун Чүй районундагы В.Марков атындагы №1 мектепте кандай иштеп жаткандыгы тууралуу газетабыздын өткөн санында баяндаган элек. Биз андан кийин Кант шаарындагы Д.Зубков атындагы №1 мектеп гимназияга атайын кайрылып, педжамаат менен жаңы ыкма туурасында баарлаштык. Бул мектеп Ысык-Ата районундагы башка мектептердей эле экинчи жыл минималдуу стандарттардын негизинде жан башына каржылоо ыкмасы менен иштеп жатат.

Былтыркы кыйынчылыктар артта калды
Мектепте билим берүү системасын, айрыкча, аны каржылоо механизмин, мугалимдердин эмгегин баалоо системасын реформалоо максатында киргизилген жан башына каржылоо үлгүсүнүн артыкчылыгы - анын түпкүлүгүндө адилеттүүлүк жана ачык-айкындуулук орун алгандыгында: мектептер 1 окуучунун санына жараша өзүнүн бюджетин өз алдынча аныктоо укугуна ээ болуп жатышат. Мындан тышкары мугалимдерди мыкты ийгиликтерди жаратууга жетелеген материалдык стимул көрсөтүү маселеси чечилип жаткандыгы, окуучуга бөлүнгөн окуу жүктөмүнүн азайышы, мектепте билим берүү системасында акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтардын киргизилиши, билим берүү программасын жана окуу пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү сыяктуу мектептин өз алдынча кожоюндук иш чарбасын жүргүзүүгө берилип жаткан укуктар мына ушул жаңы моделдин алкагында ишке ашууда.
Жогоруда белгиленгендей, Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун мектептери бул ыкмага өткөндөрүнө эки жыл болуп калды. Алар башкаларга караганда мол тажрыйба топтоп, алгачкы жылы кездешкен баш-аламандыктан арылып, бир беткей иш жүргүзүп калышты.
Кант шаарындагы №1 Д.Зубков атындагы мектеп-гимназиянын окуу иштери боюнча директордун орун басары Татьяна Шахворостованын айтымында, мектептеги жалпы жетишкендиктердин көрсөткүчү 10 пайызга өстү. Мугалимдер жамааты өз алдынча автономияга ээ болуп, куржунунда канча каражат бар экендигин айкын билүү менен аны кайда жана кантип жумшоо керектигин өздөрү чечишүүдө. Мындай кожоюндук көз караш өз кезегинде ошого жараша милдеттерди жүктөдү. Эгерде мурда мектеп имаратында суунун, жарыктын ашык же кем болуп жаткандыгынан бейкапар болушса, эми болсо көзөмөл күчөгөнүн айтышты. Анткени суу жана жарык үчүн акы мектеп бюджетинен төлөнүп жаткандыктан, аларды коромжуга учуратпай колдонуу өздөрүнүн кызыкчылыгында экенин баары сезип турушат.
- Накта кожоюндук мамиле пайда болуусуна шарт түзүлгөндүгүнө кубанабыз. Чындыгында мектеп биз үчүн экинчи үй экендиги талашсыз.
Кварталдын, жарым жылдыктын жыйынтыгында мугалимдер кошумча программаларды иштеп чыккандыгы, кошумча билим берүү кызматын көрсөткөндүгү үчүн акча алышууда. Мурда мугалимдер бул милдеттерди акысыз аткарып келишкен. Материалдык кызыкчылык пайда болгондон бери ар кандай иш-чараларды уюштурууда коллективде жагымдуу атаандаштык орун алганын байкоого болот, - дейт ал.
Материалдык жардам демекчи, мектепке бөлүнгөн каражаттын эсебинен класстык эмеректерди, көрсөтүүчү куралдарды жана музыкалык борбор сатып алышты. Ошол эле учурда кездешкен кыйынчылыктар да жок эмес. Кант шаарынын тургундары мындагы эки ири ишкананын кризиске байланыштуу токтоп калгандыгынан жапа чегишүүдө. Натыйжада көпчүлүк ата-эне балдарына көрсөтүлүп жаткан кошумча окуу кызматы үчүн акча төлөй албай калышты.
Дагы бир маселе - педагогикалык орто атайын билими бар башталгыч класстардын мугалимдерине тиешелүү. Тилекке каршы, алар толук эмес билими бар адис катары жогорку категорияга ээ боло алышпайт. Бул аларды ортозаар адис дегенге жатпайт. Тескерисинче, эң негизги күч ошол башталгыч мугалимдерге туш келээрин, мектеп босогосун жаңы аттаган бөбөктөрдү бардык нерсеге үйрөтүү түйшүгү аларга жүктөлгөндүгүн, бирок алар ошол эмгегине жараша баа ала албай жатышкандыгы кейиштүү дешет канттык мугалимдер. Анткени мугалимдин акчасы анын билим көрөңгөсүн ченеген категориялык даражага жараша болот эмеспи. Балким педагогикалык билим берүүчү орто окуу жайларда билим алуу мөөнөтүнө дагы бир жыл кошуп, жогорку билими бар адистик диплом беришсе, ылайыктуу болмок беле деген пикирин билдиришти алар.
Алардын айтымында жан башына каржылоо ыкмасынын алкагында акы төлөнүүчү жана акысыз кошумча билим берүү өз алдынча окуганга мойну жар бербеген окуучуларды кошумча окутууга жакшы эле жардам берчүдөй. Кошумча билим алууга класстагы балдардын баары тартылгандыгы, буга ата-энелери түшүнүү менен мамиле жасап жатышкандыгы, албетте, колдой турган көрүнүш. Бардык эле ата-эне баласы билим фундаментин мектепте мыктылап куруп алса экен деп тилешет эмеспи. Өзгөчө жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, район, облус жана республика аралык олимпиадаларга катышып жаткан балдардын ата-энелери мугалимдин түйшүгүн тең бөлүшүүгө далалаттанышат. Мектепке эле эмес, ата-энеге сыймык тартуулаган окуунун алдыңкыларын даярдоого чындыгында мугалимдер эки эселеп күч жумшашат. Адатта окуучунун жетишкен ийгилиги мугалимдин эмгегин чагылдырган билим күзгүсү катары бааланат. Бул жаңы ыкмага ылайык, алар окуткан окуучулар олимпиадаларга канчалык активдүү катышып, канчалык деңгээлде ийгилик жаратышкандыгына жараша мугалим да материалдык баасын алат. Мурда мындай эмес болчу. Көпчүлүгүндө мугалимдин аты аталбай да калчу.
Мугалимдер эмгекке катышкандыгына жараша акча алышаарын жакшы билишип, ачык сабак өтүүгө, кошумча иш-чараларды даярдоого активдүү тартылып калышкандыгын да жаңы ыкманын жетишкендиги катары баалоого болот.
Ал эми Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында жайгашкан Н.Баранов атындагы №2 мектепте окуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Мектепте 1160 окуучу бар. Ал эми педагогикалык жамаатта 55 мугалим эмгектенет. Мектептин директору Фарида Низамудинованын айтымында учурда мектепте мугалимдердин, айрыкча, физик, математик мугалимдердин жетишпегендигинен улам сааттардын кыскартылышы аларга бир аз жеңилдик алып келди. Окуу сааттарынын ашыкчалыгы балдардын ден соолугуна да ашыкча зыян келтирип жаткандыктан, анын кыскартылышы жакшы эле иш болду дейт директор. Арийне, окуу сааттары кыскаргандыгына жараша окуу куралдарын, анын мазмунун, программаларын кайра иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт ал. Ал эми мугалимдердин айлык акысына акча кошо турган жолдор табылып, алар эмгекке тартылуусуна жараша жана кошумча сабак өтүүдөн акча алып жатышкандыгы жетишкендик катары бааланууда. Ново-Покровка айылы шаарга чукул жайгашкандыктан, ушул жаңы ыкманын жыйынтыгына кызыккан мугалимдер келип иштөөгө кызыкдар болуп жатышат.
Анын пикиринде билим берүүгө каражат жумшоо шарт. Эгерде бала мектеп базасын мыктылап түптөп албаса, кийинки жумшалган каражат да, убакыт да текке кетиши мүмкүн. Балдарга кошумча билим берүү кызматынын натыйжасында балдардын билим базасы бекемдеп, мугалимдердин эмгек акысы көбөйгөнү сөзсүз түрдө колдой турган көрүнүш. Эгерде шаарларда кээ бир ата-энелер жумушсуздуктун айынан балдарына көрсөтүлүп жаткан кошумча билим үчүн акы төлөй албай калып жатышса, бул жакта андай проблема жок. Анткени ата-эне, керек болсо кол арага жарап калган балдардын өздөрү мал чарбачылык, дыйканчылык күтүшүп, өздөрүнө жумшаганга кошумча акча таап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мектеп администрациясынын чечими менен мыкты окуган балдар кошумча билим алуудагы төлөнүүчү акыдан бошотулган. Бала үчүн ата-эне жана мугалимдер канчалык күч, каражат жумшаса, алар ал акыбетти кайтарып, окуудагы эң жогорку көрсөткүчтү жаратышаары талашсыз. Учурда Чүй боорунун мектептери колдонгон жаңы ыкманын натыйжасында жетишип жаткан ушундай ийгиликтер кимди да болбосун ынандырбай койбойт.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим".
Айгүл Эштаева,
"Айылдык билим берүү" долбоору.





"Кутбилим", жањы саны... • кыргызча... o
email • архив • редакция 
5-июнь, 2009-ж.:
1-бет
IБилимди күчтүү эл болобузбу же..?
2-бет
Окуялар, фактылар
3-бет
эмгек рыногуна сапаттуу экономикалык адистер керек
4-бет
Бүтүрүүчү, мектепке карай жол башта!
5-бет
Билими күчтүү эл болобузбу же..?
6-бет
Жан башына каржылоонун жагымдуу жаңылыктары
7-бет
Высшая школа
8-бет
Толеранттуулук жана диалог - өркүндөөгө өбөлгө
9-бет
"Галера" мектеп коопсуздугун бекемдегиси келет
10-бет
РИТОРИКА ДЕГЕН ЭМНЕ?
же жалпы эле "Риторика" илиминин пайда болушу жана өнүгүү тарыхы тууралуу айрым түшүндүрмөлөр
11-бет
Экспериментальная площадка
12-бет
Нетрадиционные педсоветы как средство развития профессиональной компетентности педагогов
13-бет
"Кыргыз адабияты" предметинин куррикулуму
14-бет
Үй-бүлө маданияты эмнеден башталат?
15-бет
Объявления
16-бет
Защита диссертаций
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика