Сунуш

Билими күчтүү эл болобузбу же..?
Жакында эл аралык комиссия 57 мамлекеттеги билим деңгээлин текшерип, биз акыркы орунда болгонубуз өкүнүчтүү болуп калды. Эгерде жүздөн ашык мамлекетти текшергенде, анда биз ортосунда болоор белек деп мен өзүмдү сооротуп коём.
Бул фактыдан көп тыянак чыгарса болот.
1. Базар экономикасынын терс таасиринен билим алууга кызыгуу азая баштады.
2. Мугалимдердин айлыгы аз болуп, тыңыраак адистер мектептен кетип калышты.
3. Мугалимдерди начар даярдап жатышат.
4. Окуунун материалдык-техникалык базасы начар.
Ушулардын бардыгында чындык бар, бирок абалды оңдош үчүн эң биринчи кезекте ишти окуу программасынан баштоо зарыл. Менин оюмча окуу программасын өзгөртмөйүнчө абал жакшырбайт.
Мындай ойду бекемдеп, төмөнкүлөргө көңүл бурамын.
Мен бир топ сабак боюнча мектепти бүтүрүп жаткандарга бериле турган суроолорду (тесттерди) карап чыктым. Бир убакта мен окуп жүргөндөгү программа менен азыркы программанын ортосунда айырма чоң. 70-жылдардын ортосунан баштап азыркы 30 жылдын ичинде программанын көлөмү 1,5-2 эсе өскөн.
Математика боюнча дифференциал менен интегралдар, химия сабагынан физикалык химия, физика сабагына Эйнштейндин салыштырмалуулуктун атайын теориясы, биология сабагына экология боюнча өзүнчө бөлүм жана башкалар кошулган.
Өзгөчө орус адабиятына күйөсүң. Бир убакта диссидент болуп жүргөндөрдү программага тобу менен киргизип, алардын чоң кишилер үчүн жазылган чыгармаларын мектеп окуучуларына таңуулашкан. Мисалга Платоновдун "Котлован", Набоковдун "Лолита" деген чыгармаларын программага киргизбей эле койсо болмок. Педофилдин жана аягы суюк аялдын сезимдерин билгенде окуучу жакшы болуп кетмек беле?!
Бир убакта Пентиум компьютерлер келе электе 286 сериясындагы компьютер менен иштеп калдым. Бир күнү аны менен шахмат ойноп жатып, гамбитти колдонуп жеңе баштасам эле компьютер көгөрүп-татарып, иштебей калды. Анын оперативдик эске тутуусу жетпей жаткан экен. Биздин мектептердеги окуучулар дагы ошондой көп маалыматты сиңире албай, көгөрүп-татарып жаткан учуру.
Азыркы окуучулардын көбү мурунку муун чемичке чаккандай оңой жооп берген суроолорго жооп бере алышпайт. Ишенбесеңер күкүрт кислотасынын, бензолдун формулаларын, эки сандын суммасынын квадратын, ар түрдүү мамлекеттердин борборлорун сурап көргүлөчү. Же болбосо жадыбалды. Базарда 7 сомдон 4 буюм сатып алсам, ошону калькулятор менен эсептешти. Мен таң калып жакамды кармандым.
Эмне үчүн ушундай болуп жатат? Анткени улуу муундарды окутканда көп кайталатып окутушкан. "Повторение - мать учения" деп орустар бекер айтышпайт. Окуу программасынын көлөмү бир нече эсе көбөйгөндө материалды кайталаганга убакыт такыр жетпей калган. Тегирменге буудайды бурдап салса какап калгандай эле болгон.
"Тозокко барчу жол дагы ак тилек менен жасалган" деген накыл сөздү ушул тажрыйба таасын далилдеп турат. Элибиз билим жагынан бардыгынан алдыга озуп чыксын деген тилек менен Советтер Союзунун эң мыкты окумуштуулары, анын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаты Колмогоров жана башкалар программага кошумча кылып дифференциал, интегралдарды сунуш кылышкан. Бирок ошол окумуштуулар программаны генийлер үчүн чактап жасашкан экен. Элдин баары эле гений эмес экенин алар унутуп коюшкан. Анын үстүнө алар өзү түшүнгөндөй жазышкан. Ушундан улам Гётенин айткан сөзү эске түшөт. Ал "окумуштуу, сен бизге илимди түшүндүрүп жатасың, ал эми сенин түшүндүргөнүңдү ким түшүндүрөт" деп айткан.
Натыйжа такыр башкача болду. Мектеп программасына көпчүлүк окуучулардын күчү жетпей калды. Алла Пугачева бул жөнүндө "биринчи класс институтка окшоп калды, жакында синхрофазотронду окутушат" деп ырдаганын баарыбыз билебиз. "То ли еще будет, ой-ой-ой" деген үшкүрүгүн коштоп, бүткүл Советтер Союзунун эли катуу үшкүргөн.
Жакында Россиянын математиктери жана педагогдору, Россиянын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү теледен сүйлөшүп, элдин математиканы начар билип, жаман көрүп калганына өзүбүз күнөөлүүбүз деп моюнга алышты.
Мындай жагдай окуучуларга терс психологиялык таасир тийгизет.
1. Күнүгө сабак түшүнбөй жаткан окуучу өзүн келесоо, дөдөй катары сезиши мүмкүн.
2. Баары бир илим-билимге тишим өтпөйт деп окуучу окууга кайдигер мамиледе болот.
3. Өз күчүнө ишенбөөчүлүк бала кезден калыптанып, мындай адамдар дайыма түз жол эмес, айланып өткөн жолду издеп калышат. Студент болгонго чейин эле пара бергенге даяр коррупционер калыптанат. Жөлөк болчу кишилерди издешет. Тууганчылык күч алат.
Окуучулардын ата-энелерине да кыйын болуп жатат.
1. Баласы окууга күчү жетпей жатканын көрүп, жардам берейин десе өздөрү да билбей чайналышат. Жардам бергенге даремети жетсе абройлору да бийик болмок.
2. Репетиторго көп каражат коротушат. Колунда барлар жок дегенде жылына 5 миң сомго чыгым болушат.
Мамлекет үчүн дагы терс натыйжа көп болуп жатат. Билимдүүлөр азайып жатса мындай мамлекетте келечек дагы күнөм. Билимине эмес, билегине ишенгендер көп болуп, криминалдар жайнап кетиши мүмкүн.
Ушуларды эске алуу менен окуу программасын өзгөртпөсөк болбой калды. Реформа десе эле туура эмес багытта өзгөрүүлөр болуп кетпеши үчүн оюмду тактап, төмөнкүлөрдү сунуш кылам:
1. Окуу программасындагы 1970-жылдан кийин киргизилгендерди алып салуу керек. Бул биринчи вариант.
Экинчи вариант боюнча ушул кийинки кошумчаларды кошумча сабакта жалпы баяндоо түрүндө гана өтүүгө тийиш. Булар боюнча мугалимдер баа койбошу керек, экзамендерге, тесттерге киргизбөө зарыл.
2. Айрым сабактарды окуу программасынан толугу менен алып салуу зарыл. Мисалга "Мекен таануу", "Экономика" сабактарын. Мекенди таануу, экономиканы билүү зарыл, бирок азыркыдай программа жана окуу китептери менен окуткандан көрө окутпай эле койгон дурус.
3. Орус жана кыргыз адабияты сабактары окуучулардын абдан көп убактысын талап кылып жатканына байланыштуу айрым жазуучуларды, акындарды программадан алып салуу замандын талабына жооп берет. Совет бийлигинин учурунда диссидент болгону же болбосо согуштун ардагери болгону үчүн эле программага киргизген туура эмес.
Менин сунушумду колдоп, толуктап, кошумчалай турган, мектепте окуган баласынын билими үчүн түйшүк тарткан ата-энелер болот го деген үмүттөмүн. Билими күчтүү эл болобузбу, же...
Токтогул Жумадилов

Натыйжа такыр башкача болду. Мектеп программасына көпчүлүк окуучулардын күчү жетпей калды. Алла Пугачева бул жөнүндө "биринчи класс институтка окшоп калды, жакында синхрофазотронду окутушат" деп ырдаганын баарыбыз билебиз. "То ли еще будет, ой-ой-ой" деген үшкүрүгүн коштоп, бүткүл Советтер Союзунун эли катуу үшкүргөн.
Жакында Россиянын математиктери жана педагогдору, Россиянын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү теледен сүйлөшүп, элдин математиканы начар билип, жаман көрүп калганына өзүбүз күнөөлүүбүз деп моюнга алышты.





Ак-Жар мектебиндеги акыркы коңгуроо

Май айынын жыйырма бешинде өткөн Кочкор районунун Ак-Жар орто мектебинин акыркы конгуроо аземи айрыкча эсте каларлык өттү. Бул салтка айланган күндү мектептин бүтүрүүчүлөрү, окуучулары эле эмес ар жылы бүтүндөй Ак-Жар айылынын тургундары чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени бул күнү окуучуларыбыз ата-энелер, мугалимдер үчүн атайын программа даярдашып, окуткан мугалимдерине өздөрү чын жүрөктөн чыгарышкан арноо ырларын окушат. Ал эми эң башкысы 25-май, акыркы коңгуроо күнүндө, бизге атайын меймандарыбыз, "Ак-Жар" мектебин бир жылдарда бүтүрүшкөн, азыркы күндө ар кыл кесиптерде, тармактарда иштешип, мектебибизге, окуучуларыбызга демөөрчүлүк жардам көрсөтүп жүрүшкөн ага-эжелерибиз келишет. Бул жолу бизге, 2004-жылдан бери мектептин алдыңкы окуучуларына "Үкүбай ата" стипендиясын берип, мектепке жакындан жардам көрсөткөн урматтуу эжебиз, филология илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Лайли Үкүбаева келди. Эже бүтүрүү аземинде 1952-жылы репрессияга дуушар болгон атасы, Советтик-партиялык кызматкер Турумов Үкүбайдын өрнөктүү өмүрүн, балдарга айтып берип, 10 окуучуга "Үкүбай ата" атындагы стипендияны тапшырды. Ошондой эле мектептин жетекчилигине, алдыңкы мугалимдерине да белектерин берди жана мугалимдердин эмгегине урмат көрсөтүп, жылуу пикирлерин айтып, мугалимдер бөлмөсүнө чоң килем тартуулады. Өзүнүн китептерин мектептин китепканасына тапшырды.
2004-жылда баштаган эженин мындай өрнөктүү ишин мектепти бүтүргөн башка ага-эжелерибиз да колдоп, улантып кетишкен эле. Алсак ушул мектепти бир жылдарда бүтүрүшкөн, өздөрү да көп жылдар бою бул мектепте иштеп, азыр бизнеске кетишкен Сагынов Конокбай, Сапарова Миралар (үй-бүлө) беш жылдан бери бир классты шефтикке алышып, ар жыл сайын окуучуларды бекер окуу китептери менен камсыз кылып турушат. 25-майга карата өздөрү шефтикке алган 5-класстын отличник, ударник 15 окуучусуна 1500 сом стипендияларын берип жиберишкен.
Мектептин материалдык-техникалык базасын түзүүгө көп жылдардан бери жардам көрсөтүп келаткан КРнын эсептөө палатасынын кызматкери Сапарбаев Көчөрбай Сапарбаевич агайыбызга да терең ыраазычылык билдиребиз. Ал агайдын жардамы менен мектебибиз мебелдер, телевизор менен камсыз болуп, окуучуларга, мугалимдерге зарыл, керектүү шарттар түзүлдү.
Быйылкы жылда да жаңы демөөрчүлөр кошулушту.
Көп жыл ушул мектепте окуган математик мугалим агайыбыз Советбектин жаркын элесин эскеришип уул-кыздары мектебибиздин бир классын "математика классы" деп жабдышып, мектеп боюнча математикага шыктуу 10 балага стипендияларын тапшырышты.
Дагы бир кубанычтуу иш болду. Ушул мектепте иштеп, быйыл пенсияга узап жаткан эжебиз Бермет Сматова да башталгыч класстар үчүн "Кыргыз тили" кабинетин жасап белек кылды жана 10 балага 1000 сом стипендиясын берди, мындан ары да берип турарын айтты.
Бул күн ата-энелердин, балдардын эсинде калды. Мындай камкордукка жооп кылып биздин мектептин окуучулары, мектеп коллективи дагы жаңы жетишкендиктерди жарата береринде шек жок.
Биздин мектепке, окуучуларга, мугалимдерге көрсөткөн колдоолору үчүн жогоруда аты аталган агай-эжелерибизге жалпы эмгек жамаатынын, окуучулардын атынан ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Иштерине ийгиликтер каалайбыз.

Акыл Тургуналиева,
"Ак-Жар" орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары.