"Кутбилим" газетасы талкууга койган маселе

Автордук концепцияны талкуулайбыз
Редакциядан: Март айында газетабызга жарыяланып, талкууга коюлган профессор Советбек Байгазиевдин "Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" педагогикалык коомчулуктун арасында кызуу талкууну жаратып, редакциябызга республиканын ар кайсы бурчтарынан көптөгөн материалдар, ой-пикирлер келип түштү. Алардын бардык тексттерин жарыялоо мүмкүн болбогондуктан, келип түшкөн каттардын, материалдардын негизги ойлорун, чечимдерин, корутундуларын гана жарыялап, редакция ушуну менен концепция боюнча талкууну жыйынтыктоону туура көрөт.

Тарбияга таяныч
Белгилүү окумуштуу-педагог, профессор Советбек Байгазиевдин "Кутбилим" газетасына жарыялаган "Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" Бишкек шаарынын № 81 орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинде кызуу талкууланды.
№ 81 орто мектебинин эмгек жамаатынын кеңешмеси С. Байгазиевдин иштеп чыккан концепциясы боюнча төмөндөгү жыйынтыкка келди:
- С. Байгазиевдин "Мектеп окуучуларынын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" аттуу автордук долбоору Билим берүү министрлиги тарабынан кабыл алынып, мектептерге жайылтылышы талапка ылайык.
Бишкек шаарынын № 81 орто мектебинин мугалимдери.

Патриотизмдин идеологиясы

Советбек Байгазиевдин "Кутбилим" газетасынын 2009-жылдын 30-март жана 3-апрелдеги санына жарыяланган "Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" автордук долбоор коомубуздун таалим-тарбия ишинде орун алган эң негизги маселени козгойт.
Азыркы учурда мектеп жаштарын тарбиялоодо максаттуулукту, системалуулукту ачып көрсөткөн долбоор. Долбоор тарбиянын философиялык, идеологиялык, педагогикалык негиздерин берген.
Автордук долбоорду колдоого алуу менен өзгөчө мектептин окуучуларына класстык саат өтүүдө мугалимдер үчүн кошумча даяр билим деп эсептесе да болот. Рухий-адептик тарбиянын мазмуну анын багыттары аркылуу - адамгерчиликтүү, мээримдүү мамилеге чакырганын белгилегибиз келет. Автор этникалык маданият, ата-бабаларыбыз түзгөн улуу моралдык кодекс - тарбия таалимдин булагы деп белгилеген.
Советбек Байгазиевке ийгилик каалап, урматтоо менен Бишкек шаарындагы № 68 гимназия мектебинин жамааты.


***
Кыргыз элине таанымал чыныгы аалым, дасыккан педагог, чебер окумуштуу жана белгилүү публицист С. Байгазиевдин аталган автордук концепциясы бул темада келечекте илимий-практикалык конференцияда талкуу уюштуруу, кошумча-алымчалар менен ар тараптан колдоого татыктуу. Долбоордун ички маанисине майдалап токтолбостон, негизинен ушундай улуттук багытнама бизге эмне себептен өтө зарыл экенин негиздеп айткым келет.
Биринчиден, бизде илим-билим чынында советтик системанын негизинде өнүккөн. Эми ошол доктринанын жетишкендиктеринин негизинде улуттук этнопедагогиканын тажрыйбаларын эске алып, глобалдаштыруу шартында жаңы улуттук тарбия доктринабыз бизге зарыл.
Экинчиден, дүйнөлүк тарых, тажрыйба көрсөткөндөй өз каада-салтына, өз философиясына, өз тарыхына таянып жаңы техникалык-илимий жетишкендиктерди өздөштүргөн мамлекеттер гана (мисалы: Япония, Түштүк Корея, Малайзия) стабилдүү, өз улуттук жолу менен өсүп-өнүгүүгө жетише алган.
Бул долбоор талкууланып, кабыл алынгандан кийин, аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнгөнү зарыл.

Каныбек Иманалиев
саясат таануу илиминин кандидаты

Максаттуулукту, багыттуулукту киргизет
Кыргыз Билим берүү академиясына эки жумалык курсуна, ар кайсы облус, райондордон келген мугалимдер, Кыргыз Билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиевдин Мектеп окуучуларынын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы - автордук долбоору менен толук таанышып чыктык.
Теле берүүлөрдөн суроо узатып (көчөлөрдөн) Кыргыз жазуучуларынын атынан атап, же чыгармадан бул чыгарма кимдин чыгармасы? ж.б. суроолорго: "билбейбиз" же "билбейм", "окубаптырмын" - деп уялуу сезими менен эмес, эмнегедир "сыймыктануу" сезим менен "мен современныймын, анын мага кереги жок" дегендей эргүү менен жооп бергендерди уксаң жаныңды коерго жер таппайсың го! Элибиздин басып өткөн жолун, тарыхын, үрп-адат, каада-салт, наркын тарыхый чыгармалардан, эпостордон, оозеки чыгармалардан окуп үйрөнөбүз да. Ушулар менен алектенген, жан дүйнөсүн байыткан адамдар, өспүрүмдөр француз, орус, япон, немис болом дебей, кыргыз болгондо да сыймыктуу кыргыз болом дээр эле го.
Мектеп, билим берүү, тарбия ишин, бир максаттуу жолго коюу боюнча, мектеп окуучуларынын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясын толугу менен колдойбуз.
Уркунбаева Бурулбүбү - Токмок шаары, № 9 орто мектеби.
Чукулова Созулкан - Ак-Суу району, М. Мамакеев орто мектеби.
Эсенбаева Шааркүл - Ак-Суу району, М. Мамакеев орто мектеби.
Чектибаева Сагыйпа - Кемин району, Бейшеке орто мектеби.
Джумабекова Куннура - Кара-Буура району, Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектеби.
Рахматулина Нуркан - Талас району, А. Оторбаев орто мектеби.
Мамбеталиева Алмакан - Талас району, Б.Эшмамбет орто мектеби.
Орозалиева Гүлжан - Талас району, Балбал орто мектеби.
Бейшекеева Б. - Чүй району, Ө. Исаев орто мектеби.
Мамбеталиева Р. - Кемин району, А. Казакбаев орто мектеби.
Батыркулова Гүлжамал - Ноокен району, Жусупбек Жунусалиев орто мектеби.

***
Советбек Байгазиев иштеп, "Кутбилим" газетасына чыккан концепция абдан маанилүү маселе катарында саналат. Азыркы күндө билим берүү мектептер жана коомчулук, тарбия маселесинде кайдыгер мамиле кылып, өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрүнө жеткиликтүү көңүл бурулбай жатат.
"Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" республикалык масштабда кабыл алынып, конкреттүү практикалык иш-чаралар менен бекемдесе.
Сунуштар:
1. Педагогикалык жамаат коомчулук бул маселеге кайдыгер карабастан өз оюн билдирсе.
2. Балдарды тарбиялоодо педагогдор, ата-энелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргелешип, конкреттүү иш-чаранын пландарын иштеп чыгып, практикалык кадамдар жасалса.
3. Рухий-адептик кризистен чыгуу үчүн мектеп окуучуларынын өз мүмкүнчүлүктөрү колдонулса жана жайылтылса.

Педагогдор:
Карагулова Назира - Москва району, Сыйданов орто мектеби.
Тургамбаева Дилбар - Чолпон-Ата шаары, А.Осмонов орто мектеби.
Байзакова Жыпар - Тоң району, А.Көлбаев орто мектеби.
Рысалиева Зина - Кемин району, Б.М. Юнусалиев орто мектеби.
Баялиева Каныш - Талас району, Таш-Дөбө орто мектеби.
Акматалиева А. - Талас району, Балбал орто мектеби.
Исмаилова К. - Талас району, Арал орто мектеби.


Менин оюм
Сиз айткандай жөн эле окута бербестен "ыйман", "адептүүлүк" деген терминдерге көбүрөөк көңүл бөлүнүп, намыскөй, "элим", "жерим" деп күйгөн жаштарды тарбиялап чыгарышыбыз керек. Өзгөчө сиздин дене тарбия сабагында элдик (улуттук) спорт оюндарын үйрөнүлүүгө жана ойноого, ал эми эмгек сабагында элдик узчулукту, элдик этиканы, этикетти үйрөнүүгө көңүл буруу деген сөздөрүңүз өзгөчө жакты. Ошондой эле рэкет маселеси тууралуу айткан оюңуз түрмө, камоо жолу менен эмес ыйман жолу, адептүүлүккө чакыруу, жылуу сөз, туура иш алып баруу жолу менен дегениңизге толук кошулар элем. Акырында Советбек агай, сиз чындап эле кыргыз деп күйгөн адам экенсиз, ушундай элибизге, мугалимдерге керектүү эмгектер жарала беришине тилектешмин!
Кенжегүл Кулбаева,
Суусамыр өрөөнү,
Тунук орто мектебинин мугалими

***
Байгазиев Советбек Орозакановичтин "Мектеп окуучуларынын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" автордун жазган эмгегин жогорку баага татыктуу деп таптык. Советбек Байгазиевдин бул дыкаттык менен иштеп чыккан концепциясы бүгүнкү күндүн талабына ылайык, улуттук таламдар кошо камтып жазылган. Ошондуктан бул концепцияны жалпы коомчулук колдоого алып, Кыргыз Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев бекитип, республикабыздагы бардык мектептерге сунуш кылынса деген пикирибизди айткыбыз келет.
Кочкор районундагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто
мектебинин мугалимдер жамааты

***
Автордук концепция И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасында талкууланып, төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
Күн тартибиндеги маселе боюнча талкууга кафедранын окутуучулары катышты. Алар аталган концепциянын учурдагы маанисине, өзгөчөлүктөрүнө, технологиясына жана башка маселелерине токтолушуп, айрым пикирлерин авторго билдиришти.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, педагогика кафедрасынын чогулушу токтом кылат:
1. Профессор С. Байгазиевдин автордук концепциясы учурдагы актуалдуу маселеге арналгандыгы белгиленсин.
2. Профессор С. Байгазиевдин автордук концепциясын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бекитүү үчүн сунушталсын жана мектептерге таратуу жагдайы каралсын.
3. Автордук концепциянын материалдарын кафедранын окутуучулары тарабынан лекцияларда, практикалык сабактарда колдонуу сунушталсын.

Т.В. Панкова,
А.Бекташева, катчысы.

Жаңы концепцияны жактырдык

Өлкөбүздүн президенти К.С. Бакиевдин элге кайрылуусундагы "Маданий өз алдынчалык, улуттук интеллектти туруктуу өнүктүрүү, коомубуздун негизги дөөлөттөрүн сактоо" жөнүндөгү стратегиялык милдеттин ыңгайынан караганда, билим берүүдөгү чар - жайыттыкка чек коюуга мезгил жетти. Анда окуучуларды тарбиялоодо идеологиялык максаттуулукту, багыттуулукту, ыраттуулукту туюндура тарбиялоо зарылдыгы белгиленген. Профессор С Байгазиев жаңы концепциянын долбоорун конструктивдүү түзгөн.
Бул концепциянын долбоору баарыбызга жагып жаткандыгынын себеби: тарбиялоонун билим берүү менен тыгыздыгы, мектеп, мугалим эле эмес ата-эне коомчулук, өкмөт толук биримдиктүү түздөн-түз камтылышы болуп саналууда.
Чечим:
1. Жогоруда көрсөтүлгөн концепциянын долбоору жактырылсын.
2. Ушул концепциянын кабыл алып, мектептерге таратуу жагы министрликтен суралсын.
Д.А. Назаркулова, Төрага
Б. Керимбаева, катчы

Таасын тарбия концепциясы

Окумуштуу С. Байгазиев таалим-тарбия ишиндеги башкы максаттарга колдонулган мазмундарды пайдалануу менен окуучулардын аң-сезимине жана жан дүйнөсүнө жеткирүүнүн технологиясын - айла-амалдарын, уюштуруу иш-чараларын, методикалык жолдорун да иштеп чыккан. Иштелген бул көрсөтмөлөр илимий негиздүү, практикалык ылайыктуулугу менен ынаным берет.
Кыскасы, автор иштеп чыккан концепциясында педагог-окумуштуу кудуретин, акылгөй дараметин, публицист-жазмакер устаттыгын көрсөткөн. Чынында, концепция ар тараптан ойлоштурулуп, атайын изденип, изилденип чыкканы айгинеленип турат.

Н. Абдесов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.

***
Көрүнүктүү окумуштуу-педагог, Кыргыз Билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиевдин "Кутбилим" гезитинин 2009-жылдын 3-апрелиндеги № 12 санына жарыяланган "Мектеп окуучуларынын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" педагогикалык жамааттарда зор кызыгуучулукту пайда кылууда. Жаңы концепцияны окуп чыгып, эмне үчүн окуучуларыбыздын билим сапаты жыл сайын төмөндөгөндөн төмөндөп бара жатат? Окуучуларды тарбиялоо мектепке жана мугалимге гана тиешелүүбү? - деген көптөгөн суроолор ойго келет.
Кылымдардан кылымдарга улуттук педагогикага негизделген рухий-адептик тарбиябыз улутубузду сактап келди. "Эсиң барда этегиңди жап" дегендей, тарбия иши таптакыр колдон чыгып кете электе иштиктүү чараларды көрүү бардык бийлик бутактарынын, коомчулуктун ыйык милдети деп эсептейбиз.
Ушул өңүттөн караганда, С. Байгазиев сунуш кылып жаткан жаңы концепция колдоого гана татыктуу. Бул материал газетага жарыяланып кала бербестен, ага мыйзамдык күч берип, аны аткаруунун иш чарасы иштелип чыкса, коомубуздагы эң көйгөйлүү маселелердин бирине жалпы көңүл бурулуп, натыйжалуу жыйынтыктардын болорунда шек жок.

Т. Турганбаев - Жалал-Абад областык усулдук борбордун директорунун орун басары.
Ж. Жолдошова - усулчу.
Т.Исмаилов - "Мугалимдер дүйнөсү" гезитинин кабарчысы.
А. Алимбеков - усулчу.
З. Жаныбекова - окуу бөлүмүнүн башчысы.
Х. Гапирова - усулчу.
М.Мавлянова - усулчу.

Корутунду иретинде.

Көрүнүп тургандай, профессор Советбек Байгазиевдин түзгөн автордук концепциясын муундарыбыздын таалим-тарбиясы үчүн өз учурунда жаралган олуттуу иштелме катары республиканын көптөгөн педагогдору жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар бир добуштан колдоого алып, концепцияны кабыл алууну Министрликке сунушташты. Маселенин актуалдуулугун, педагогикалык коомчулуктун сунуш-пикирлерин эске алып, Билим берүү жана илим министрлиги аталган автордук концепцияны расмий документ катары кабыл алса, мектептерде таалим-тарбия ишин ачык-айкын концептуалдык багыт менен алып баруу үчүн мугалим-тарбиячыларга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлмөк. "Кутбилимдин" редакциясы талкуунун жыйынтыгын Министрликтин жетекчилигине маалымдамакчы. Талкууга катышкан бардык инсандарга редакция рахмат айтат.