Рух дүйнө

"Кыргыз адабияты" предметинин куррикулуму
(Башталышы өткөн санда)

Адабиятта эмнени жана кантип окутабыз?

Кыргыз адабиятынын куррикулумунун курамында силлабус түзүлгөн кезде окутуунун мазмуну төмөнкүдөй багыттарда жаңыланды:
o саясатташкан чыгармалар, партиялык-советтик духта жазылган көркөм адабияттар окутуудан алынып салынды;
o акын-жазуучулардын кадыр-баркына, сыйлыгына, улуулугуна, жалпы кыргыз маданиятына сиңирген эмгегине карап окуу программасына кирип калган айрым татыксыз чыгармалар азыр окутуудан чыгарылды;
o балдардын курак өзгөчөлүгүнө оорлук келтирген, ички структурасы: стили, образдары, жалпы поэтикасы татаал чыгармалар да силлабуска киргизилген жок;
o айрым чыгармалар окуучулардын курак өзгөчөлүктөрүнө карата башка класстарга которулду;
o чыгармалар жана авторлор тизмектерге (блокторго) ылайыкталып, ар бир блоктон кийин окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр көрсөтүлдү. Мисалы, "Манас" эпосу үйрөнүлгөндөн кийин манас айтуу жана манас уга билүү сыяктуу компетенттүүлүктөр берилсе, төкмө акындардын чыгармачылыгынан соң төкмөлүк өнөр жөнүндө түшүнүккө ээ болуп, төкмөчүлүк маданиятын билүү компетенттүүлүгүнө жетишүүгө тийиш болот;
o ар бир блоктон соң адабият теориясынан кандай маалыматка ээ боло турган жана ошол адабий-теориялык билимдерин текстти талдоо процессинде пайдалана ала турган компетенттүүлүктөрү да куррикулумда атайын бөлүп көрсөтүлдү.
Жаңы куррикулумда адабият силлабусу үчүн көркөм чыгармаларды тандап алууда мурдагыдай эле төмөндөгүдөй чен-өлчөмдөр жетекчиликке алынды:
n адеп-ахлактык чен-өлчөм: чыгарманын бийик моралдык-этикалык асыл нарктарга, гуманисттик идеяларга тарбиялоочу мүмкүнчүлүгү, тарбиялык-таанытуучулук потенциалы;
n эстетикалык-көркөмдүк чен-өлчөм: чыгарманын көркөм формасынын кооздугу жана анын окурмандар арасындагы рейтингинин жогорулугу;
n лингвистикалык чен-өлчөм: адабий тилдин нормасынын сакталып, тилинин жалпы калк үчүн мүнөздүүлүгү;
n психологиялык-педагогикалык чен-өлчөм: чыгарманын окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, кабылдоо мүмкүнчүлүгүнө, таанып-билүүчүлүк кызыкчылыгына, муктаждыгына ылайык келиши;
n жанрдык-тематикалык чен-өлчөм: чыгармалардын жанрдык жана тематикалык ар түрдүүлүгү.
Адабий материалдарды берүүдө дидактиканын жөнөкөйдөн татаалга деген принциби колдонулуп, тематикалык улоочулук принциби ишке ашырылды.
5-9-класстарда чыгармалар хронологиялык-тематикалык принцип боюнча жайгаштырылып, тематикалык жагынан бири-бирин толуктап турат, ошондой эле адабияттын материалдары төмөнкүдөй тартипте берилет:
n элдик оозеки чыгармачылык;
n элдик төкмө жана жазгыч акындардын чыгармалары;
n профессионалдуу жазма адабияттын өкүлдөрүнүн чыгармалары;
n дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрү.
Кыргыз адабиятынын куррикулумунун концептуалдык негизи окутуу методдорунун типтеринин жана мазмунунун классикалык жана соңку учурдагы методдоруна таянуу менен ишке ашырылат. Окутуу мазмуну дидактикалык жагынан алып караганда мурдагыдай эле календардык-тематикалык пландаштыруудан, ар бир сабактын иштелмелеринен турууга тийиш.





Адабиятты окутуунун өзөктүү багыттары

Куррикулумдун мазмунуна ылайык адабиятты окутуу төмөнкүдөй өзөктүү, түйүндүү багыттарды ичине камтыйт:
1. Көркөм чыгарманын тексти менен иштөө. Бул иштердин ар биринин этаптарын, максатын, милдеттерин, методикалык ыкмаларын аныктоо.
2. Чыгармаларды алардын тектик, түрлүк, жанрдык өзгөчөлүктөрүнө ылайык үйрөнүү: эпикалык, лирикалык, драмалык чыгармаларды ар биринин өзгөчөлүктөрүнө жараша спецификалуу окутуунун жолдору, ыкмалары.
3. Көркөм чыгарманы анализдөөнүн усулдары: "авторду ээрчүү", образдык, проблемалык, композициялык, тилдик ж.б. талдоолор.
4. Текстти интерпретациялоо, окуучулардын турмушу тууралуу, ошол турмуштагы, дүйнөдөгү өзү тууралуу жеке түшүнүгү менен көркөм чыгарманы байланыштыруу.
5. Чыгарманы үйрөнүү процессинде жана жалпы адабиятты окутуу этабында окуучулардын адабий-теориялык түшүнүктөрүн калыптандыруунун системасы жана анын методикасы.
6. Сабактарда адабий сын, адабияттаануу, эстетика багытындагы эмгектерди колдонуу менен алардын маңызын конкреттүү адабий чыгармага байланыштуу ачып берүү жолдору жана ыкмалары. Окуучулардын план, тезис, конспект, доклад, сценарий, инсценировка ж.б. жаза билүү компетенттүүлүгүн өстүрүү.
7. Акын-жазуучулардын биографиясын үйрөнүү аркылуу таалим-тарбия алуу жана ошол өмүр баяндын конкреттүү чыгармалар менен байланышын түшүнүү үчүн керектүү болгон методика.
8. Адабиятты окутуу аркылуу окуучулардын жазуу жана оозеки кеп маданиятын өстүрүү, кыргыз элинин сөз байлыктарын түшүнүү, сөздүк-фразеологиялык жумуштарды жүргүзүү жана андан ээ болгон көндүмдөрдү практикада колдоно билүүсүнө жетишүү жолдорун издөөнүн усулдары.
9. Дилбаян жана изложение өткөрүүнүн методикасы, жазуу иштерине коюлган талаптар, аларды анализдөө жана баалоо.
10. Адабиятты окутуудагы көрсөтмөлүүлүк, азыркы технологияларды сабакта колдонуунун максаты, милдети, кызматы, түрлөрү жана методикасы.
11. Кыргыз адабиятынан тандоо сабактарынын мазмуну, мааниси жана өткөрүүнүн жолдору. "Соңку кыргыз адабияты", "Дүйнөлүк адабият" курстарын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү.
12. Класстан тышкаркы иштер. Кошумча жана өз алдынча окуу. Булардын формалары, аларды жүргүзүүнүн жолдору.
13. Кыргыз адабияты мугалими, анын башка мугалимдерден айырмаланган сапаттары, мугалимдин менеджерлик кызматы ж.б.




Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун өзгөчөлүктөрү
Тил үйрөнүүнүн, анын ичинде кыргыз тилин үйрөнүүнүн теориялык жана практикалык иш аракеттери, ошол тилдин грамматикалык эрежелерин жаттоо, орфографиясын, пунктуациясын сактоо жана ушул багыттагы көнүгүүлөрдү иштөө менен гана чектелбейт. Ал үчүн ошол үйрөнүлүп жаткан тилде жазылган көркөм чыгармаларды окуп, андагы каармандардын рухий дүйнөсүнө аралашуу керек. Бул же тигил элдин адабиятын окуу - бул тексттерди гана билип чыгуу эмес, ошол тексттерде камтылган улуттук салт-санааларды, элдик маданиятты, этнопедагогиканы, калк тарыхын үйрөнүү дегендик. Мына ошол өңүттөн алып караганда өлкөбүздө мамлекеттик тил болгон кыргыз тилин тереңирээк өздөштүрүү үчүн кыргыз адабиятын окуп-үйрөнүүгө чоң роль таандык. Тилекке каршы, кыргыз адабияты азыр окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде ойдогудай эмес экендиги белгиленип жүрөт. Мунун себептери ар түрдүү болгону менен ошонун эң башкысы - кыргыз адабиятынан жеткиликтүү жана илимий-практикалык деңгээли учур талабына жооп берерлик окуу программаларынын жана алардын негизиндеги окуу китептеринин жоктугу, жана болгонунун да жетишсиздиги, окуулуктарды түзүүнүн ырааттуу принциптери жана тажрыйбасы иштелип чыкпагандыгы.
Кыргызстандагы орус тилинде сабак жүргүзүүчү мектептердин (класстардын) окуучулар контингентинин кыргыз тилин билүү деңгээли бирдей эмес, айталык, жалаң жергиликтүү улуттардан турган, орус тилдүү чөйрө жок айылдык орус мектептериндеги (класстарындагы) окуучулар кыргыз тилин абдан жакшы билишет, кыргыз мектептериндеги окуучулардай эле өздөштүрөт, алар үчүн шаардык мектептердеги орус улутундагы же башка улуттардын балдары окуган чыгармалар өтө эле жөнөкөйлүк кылат. Тескерисинче, кыргыз улутундагы элдер аз жашаган, кыргызча чөйрө жок Бишкектин, Чүй өрөөнүндөгү айрым шаар-кыштактардын окуучулары үчүн алыскы тоолуу аймактардын окуучулары үчүн сунуш кылган чыгармалар, суроо-тапшырмалар өтө эле оордук кылат.
Мына ушундай өңүттөн биз жалпы Кыргызстандагы орус мектептериндеги окуучуларды болжолдуу түрдө эки контингентке бөлдүк да, эки түрдүү программа түзүп, сунуштоо зарыл дейбиз. Алардын бири татаалыраак болсо, экинчиси ага салыштырмалуу жөнөкөйүрөөк. Мындай практика биринчи жолу турмушка ашырылып жатат жана биз буга өлкөдөгү элдин демографиялык абалын, практик мугалимдердин суранычын эске алып, атайын, максаттуу түрдө бардык. Албетте, эки варианттагы программанын бирин тандап алууну биринчи кезекте мектептин кыргыз адабияты мугалими, андан соң мектеп дирекциясы, региондордогу билим берүү бөлүмдөрү, башкармалыктары чечүүгө тийиш.
Эң негизгиси окутуу орус тилинде жүргүзүлүүчү мектептердин окуучулары кыргыз адабиятынын тарыхын, теориясын толук, терең билип, чыгармаларга адабий талдоо жүргүзүү эмес, башкысы - бөтөн тилди үйрөнүү көндүмдөрүн жатыктыруу, тилдик билимин практикада текшерип көрүү жана байытуу. Демек кыргыз адабияты сабактары ушул милдетти аркалоону башкы максат кылып коёт.
Кыргыз адабиятынын тарыхын жана акын-жазуучулардын өмүр баянын орус тилиндеги мектептерде атайын саат бөлүп үйрөтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептедик жана жазуу иштеринин формасын, түрлөрүн тандоону мугалимдин өзүнө калтырдык.
Ошол эле кезде чыгармаларга бөлүштүрүлгөн сааттардын санын өзгөртүп алууда, бири-бирине үлөштүрүүдө мугалимге эркиндик, өз алдынчалык берүү зарыл деп ойлойбуз.
Адабият теориясынан да программада атайын көрсөтүп маалымат берүү зарыл эмес деп чечтик, муну эгер керек болсо, чыгармаларды талдоо процессинде эле жүргүзүүгө болот. анан калса, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары адабий-теориялык маалыматтар менен өз тилдеринде - орус адабияты предметинде таанышат эмеспи дедик.
Жаңыдан колдонулуучу куррикулумдарда окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабиятынан билим берүүнүн мазмуну жана формасы мындайча өзгөчөлүктөргө ээ болду:
n Окуучулардын эки түрдүү тил билүү деңгээлине ылайык варианттар менен сунуш этилет, бул мугалимдин ишин бир топ жеңилдетет жана окуучулардын өздөштүрүүсүнө жакшы шарттарды түзөт.
n Бир варианттан экинчи вариантка өтүү, же болбосо бир варианттын окуу китептерин экинчи вариантты окуп жаткандар колдонууга, өз алдынча жана класстан тышкары окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эки вариант боюнча бир класста бир эле китеп жазылса туура болор эле деген ойдобуз, анткени сунуш кылынган адабий тексттин көптүгү мамлекеттик тилди үйрөнүүгө жакшы жардам берет.
n Кыргыз адабиятын башка тилдүүлөргө үйрөтүү кыргыз тилин жакшы өздөштүрүү, тил аркылуу улуттук рухту, этномаданий мурастарды сиңдирүүгө көмөктөшүү кызматын аткарат.
n Чыгармалардын тандалуусунда көбүнчө кыргыз элинин этнографиялык өзгөчөлүктөрүн туура көрсөткөндөрүн, этнопедагогикалык баалуулугу болгондорун, кыргыз жергесинин пейзаждык сүрөтүн сөз менен жакшы тарткандарын биринчилерден болуп иргеп алдык.
n Куррикулумда чыгармаларга сааттар бөлүнүү менен жазуу иштерине, кайталоолорго да өзүнчө сааттар калтырылды. Чыгармаларды үйрөнүүгө бөлүнгөн сааттарда да ошол чыгарманын айланасында жазуу жумуштарын жүргүзүүгө, кайталоолорду өткөрүүгө толук мүмкүн.
n Кыргыз адабиятынын тарыхы терең окутулбайт, башкысы бул предметтен мектептин негизги курсунда (5-9-класстар) сөз өстүрүү үчүн адабий тексттер гана тандалып алынат. Ал эми жогорку класстарда (10-11-класстарда) айрым учурда гана авторлор тууралуу кыска маалыматтар берилет да, бул курс жарым-жартылай тарыхый-хронологиялык принципте түзүлөт.
n Биздин методикага ылайык окуу китептери хрестоматия окуу китеби тибинде түзүлөт (жазылат), б.а. бардык класстарда көркөм чыгармалардын тексттери сунуш кылынган саатка ылайык, кыскалары толук, көлөмдүүлөрү үзүндү түрүндө окуулуктарга киргизилет.
n Сабактарда текстти талдоо учурунда эң көп жумуштар ошол тексттеги кыргыз сөзүн үйрөнүүгө жумшалат, демек монологдук жана диалогдук речтерди талдоо, автордун баяндоо, ой жүгүртүү, сүрөттөө стилдерин аңдап билүү, ыр түзүлүшүн анализдөө, чыгарманын тилин ар тараптан изилдөө, орус тилине которуу жана котормолорду салыштыруу, тааныш эмес сөздөрдүн лексикалык маанилерин ачуу, сүйлөмдөрдүн стилистикалык түзүлүшүн байкоо сыяктуу тилдик жумуштар көп жүргүзүлөт.
n Кыргыз адабияты сабагы кыргыз тили сабагы менен терең интеграцияланып жана бири-бирин толуктап окутулат. Экөөнүн тең максаты - Кыргызстанда кыргыз тилин кеңири чөйрөдө, оозеки жана жазуу формасында колдонууга жетишүү.
(Уландысы кийинки санда)