Көз караш

Диний билим берүүнүн зарылдыгы эмнеде?..
Акыркы учурларда саясий жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү курч маселелер менен катар эле кыргыз коомчулугун диний проблемалар дагы олуттуу мүнөздө түйшөлтө баштаганы талашсыз нерсе болуп калды. Моюнга алуу керек, өкүнүчтүүсү, дин маселелеринин курчуп, күн санап опурталдуу проблемага айланып бара жатканына өлкөдөгү постсоветтик официалдуу бийлик жана аны менен катар эле диний уюмдардын төбөлдөрүнүн өзүлөрү себепкер болуп келген. Сөз кур болбосу үчүн өлкө бийлигинин негизги кемчиликтеринин айрымдарына токтолуп өтсөк болчудай. Эң оболу, постсоветтик Кыргызстандын официалдуу бийлиги өлкөдө болуп жаткан диний ренессанска, анын натыйжасында республика калкынын дээрлик баардыгы тигил же бул динге кирип, же диний агымга берилгендигине карабастан динди советтик атеисттик мезгилдеги принциптер менен мамлекеттен бөлүп келгендигин айтсак болот.

Мүмкүн динге карата мындай мамиле атеисттик негиздеги тоталитардык коммунисттик идеологияга, совет бийлигинин саясатына, совет элинин менталитетине туура болгон чыгаар. Анын үстүнө ал мезгилде динди мамлекеттен атеисттик негизде большевиктик караөзгөйлүк менен бөлүп, коомго жат нерсе катары коомдон чорт кесип, сырткары таштап салуу динди аныгы менен тутуп, ага өтө берилген, ошондуктан коммунисттик коомдон обочолонуп күн өткөрүүгө бел байлаган чектелүү гана адамдардын тагдырына тийиштүү болгон.
Ал эми азырчы? Шалаакылык же түшүнбөстүк мененби, түркөйлүк же алдангандык мененби, айтор учурда динди мамлекеттен мурдакыдай эле коммунисттик принциптердин негизинде бөлүп салуу менен республиканын постсоветтик бийлиги совет доорундагыдай мамлекеттен бир ууч эле динчилдерди эмес, өлкөнүн миллиондогон граждандарын бөлүп салып, алардын рухий түйшүгүнө көз жуумп, идеологиялык бүлүнүүсүнө кайыл болуп, өз алдынча оолактап кеткен.
Ал эми экинчи жагынан болсо, расмий бийлик динди өзүнөн ыксыз обочолонтуу менен диндин адеп-ахлактык, моралдык-этикалык, керек болсо идеологиялык нарк, маңызын туура баалап, коомубуздун бакубат турмушу үчүн анын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануунун ордуна аларды осолдук менен чанып келген.
Ушул өңүттөн алсак, мамлекеттик бийликтин өлкөнүн билим берүү мейкиндигиндеги исламдык билимдин алган ордуна туура баа бербей бир топ олуттуу кемчиликтерди кетирип келгенин өзгөчө байкоого болот. Биринчиден, мамлекеттен динди коммунисттик принципте бөлүп салуу менен өлкөнүн официалдуу бийлиги республикада өтө тездик менен кеңири кулач жайган, бирок башаламан, сапатсыз, түшүнүксүз негизде жүргүзүлгөн диний билим берүүнүн маселелерине кол шилтеп, алардын абалын, сапатын, мазмунун көз жаздымында калтырып койгон. Натыйжада өлкөнүн жүздөгөн, миңдеген граждандары, өзгөчө жаштары, бир топ убакыт жана каражат ресурстарын коротуу менен алган өпчап билимдерин жашоо-турмушта пайдалана албай, жада калса алган билимин күбөлөй турган мамлекеттик расмий документсиз (диплом, аттестат) орто жолдо калып жатышат. Себеби официалдуу маалыматтар боюнча өлкөдөгү жайнап кеткен медреселерден баштап, Ислам университетине чейинки ислам диний окуу жайларынын дээрлик баардыгы эч кандай мамлекеттик лицензиялары, мамлекет тарабынан жактырылган окутуу программалары жок эле иштеп келишкен. Эң негизгиси, алар кандай программалардын негизинде, кандай мазмундагы, эмне идеологиясы бар билим берип жаткандыгы, ал билимдин биздин граждандык коом эле эмес, керек болсо ислам дининин кайсы агымдарына жооп берээри мамлекет үчүн дээрлик белгисиз бойдон калып келген.
Ошол эле учурда, исламдык билим берүү маселелери менен байланышкан проблеманын экинчи жагы дагы бар. Экинчи проблема болсо, ислам дининин кыргыз коомчулугундагы күн санап өсүп бара жаткан ролуна жана бекемдеп бара жаткан ордуна карабастан, анын маселелерин туура тескей ала турган, керек болсо аны коомдун кызыкчылыгына шайкеш нукка сала ала турган, эң эле бери болгондо исламдын баа жеткис анык негиздерин элге бурмалабай жеткирип, элге туура түшүндүрүп бере ала турган атайын билимдүү, профессионал адистерди даярдоо иши колго алынбай келгендигинде.
Эгерде өлкөдө исламдын негиздерин, анын ар кыл маселелерин жеткиликтүү өздөштүрүп, мыкты билген адистер болгондо, алар коомчулукка ислам дини боюнча туура билим жана маалымат бергенде ислам дининин тегерегинде Кыргызстанда болуп жаткан опурталдуу түшүнбөстүктөр менен катачылыктар мындай деңгээлге жетмек эмес. Маселен, эң жөнөкөй келген, бирок коомдо көптөгөн өйдө-төмөн проблемаларды пайда кылган ислам жана кыргыз мусулмандарынын өзүн-өзү алып жүрүү маселелерин алалычы. Ислам динин туткандыкты билдириш үчүн сөзсүз же арабча, пакистандыктарча шалбырап кийине калыш, же сербейтип беш-алты тал сакал коюп жүдөп-какап жүрүштүн канчалык зарылдыгы бар. Россия, Түркия, Европа жана Америка мусулмандарында мындай ээлирип-эрчимелик, аша чапкан жасалмачылыктар жок. Керек болсо феодалдык - патриархалдык доордо, ушул эле ислам дини үстөмдүк кылып турган мезгилде кыргыздар ата-бабадан келе жаткан, жашоо-шартка ыңгайлашкан жана жаратылыш-чөйрөгө шартташкан өз кийим-кечеги, жашоо образы менен мусулман болуп келгени тарыхый чындык эмес беле.
Албетте, мындан дагы орчундуу маселелер бар. Алсак, диний аң-сезими, диний түшүнүгү, диний көз карашы, диний маданияты жетишээрлик деңгээлде калыптанып боло элек кыргыздар ислам дининин кайсы агымы, бутагы, тайпасы экенин билип-билбей эле шектүү даваатчылардын, чала сабат молдолордун, же тескеринче исламдагы тигил же бул агымдын кызыкчылыгын көздө-гөн, дасыккан миссионерлердин артынан ээрчип, түшүнбөстүктүн туңгуюгуна кирип бараткансыйт. Ал эми айрым кыргыздар исламдын түркиялык, аравиялык, пакистандык же болбосо теңирчиликке жуурулушкан жергиликтүү өзгөчөлүктөрүнө ыклас коюу менен бөлүнүп баратса, алардын айрымдарын исламдын ортодоксалдык, радикалдык-экстремисттик же жаңычылдыкка негизделген модернисттик агымдары өзүлөрүнө тартууда. Эң эле кооптуусу - исламды жамынып алып өтө активдүү иш жүргүзүп жатышкан айрым экстремисттик мүнөздөгү партиялар жана топтор өлкөдөгү идеологиялык вакуумду ээлеп алуу максаты менен кыргыздардын башын айлантып, аларды өзүлөрүнө тартууда. Жалпылап айтканда, бир ууч кыргыз мусулмандары билип-билбей, сезип-сезбей диний бытырандылыкка берилип, опурталдуу "ливанизация" жолуна түшчүдөй болуп тургансыйт.
Айтор, мына ушундай кырдаалда чала сабаттуулукка алдырбай же көрпенделик жеке кызыкчылыкка алданбай, же болбосо чет өлкөлүк бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөбөй, кыргыз элине исламдын баа жеткис асыл негиздерин бурмалабай таза жеткирип жана түшүндүрүп бере турган жергиликтүү диний аалымдардын жетишсиздиги кабатыр кылат.
Логика боюнча кайсы гана өлкө болбосун, кандай гана коом болбосун сөзсүз түрдө коомдук турмушка өтө зарыл керек болгон адистерди өз учурунда окутуп, тарбиялап, анан аларды коомдун өсүп-өнүгүшү үчүн, анын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн пайдаланаары закон ченемдүү көрүнүш эмеспи. Мисалы, экономисттер, юристтер, мугалимдер, дарыгерлер, элчилер, милиционерлер, аскерлер ж.б.у.с. Эгер бул логикалык катарды улантсак, анда мамлекет азыркы шарттагы кыргыз коомчулугунун абдан курч проблемаларынан болгон дин иштери боюнча адистерди даярдоону колго алыш керек эле. Тилекке каршы, кыргыз мамлекети эмнегедир дин маселелеринин оордоп, курчуп, өтө актуалдуу болуп бара жатканына карабастан мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы менен коопсуздугун көздөй турган атайын даярдыгы бар адистерди окутуп, даярдоого жеткиликтүү маани бербей келе жатат. Эгер ушуну эске алуу менен атайын адистерди окутуп, даярдоого туура маани бергенде бир топ проблемалар жоюлуп, медреселерде, ислам институттарында, университеттеринде окутуунун методикасын билген, расмий жактырылган программалары бар адистер сабак өтмөк, андан сырткары мамлекеттик дин агентствосунда, өлкө коопсуздугун камсыз кыла турган мамлекеттик атайын кызматтарда ислам дининин негиздерин, араб, фарси тилдерин ислам укуктук нормаларын, ислам маданиятын, тарыхын, философиясын, психологиясын ж.б.у.с. билген адистер, эксперттер иштемек. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынан баштап, айылдык мечиттерге чейинки диний жайларда дагы ар тараптуу жана терең билимдүү, маданияттуу, кадыр-барктуу, исламдын күнгөй-тескейин мыкты билген атайын даярдыгы бар адис дин кызматкерлери иш алып барышмак.
Ушуларды эске алуу менен, акыркы жылдары ОшМУ менен И.Арабаев атындагы КМУ тарабынан "Теология" кесиби боюнча адистерди мамлекеттик каржысыз эле даярдоо иши башталганы көпчүлүккө белгилүү болсо керек. Колдон келсе бул демилгени республика жетекчилиги активдүү колдоого алса дурус болоор эле. Ал эле эмес, мамлекеттин билим берүү, коопсуздук, тартип сактоочулук, укук коргоочулук сыяктуу кызматтары өздөрүнүн иштери үчүн атайын даярдыгы бар жогорку билимдүү адис - теологдорду максаттуу (целевая) түрдө даярдап берүү үчүн жогорку окуу жайларына максаттуу түрдө заказ бере турган учур бышып жетилди. Тилекке каршы, бул кесипте билим алган адистер мамлекет жана коом үчүн абдан керек экендигине карабастан, аталган кесипке карата айрым мамлекеттик ведомстволордо, коомдун кай бир чөйрөлөрүндө чоочулоо, шектенүү, ишенбөөчүлүк жана жаңылыш пикирлер али да болсо бар экендиги абдан өкүнүчтүү. Ушуга байланыштуу белгилеп коюу керек, көпчүлүк чоочулагандай бул кесипти алгандар сөзсүз эле молдо же дин кызматкерлери болушу мүмкүн эмес. Молдо же башка дин кызматкери болгон күндө дагы алар биз көрүп, биздин көзүбүз көнүп калган "чала сабат дин бузаар", өткөн турмушу күмөндүү, ал эми азыркысы болсо көрпенделикке малынган молдочалыштар болбойт. Жогоруда белгилеп кеткендей, "теолог" адистиги боюнча жогорку билими бар, моралдык, нравалык, рухий, маданий, интеллектуалдык деңгээли бийик, чет тилдерди билген мыкты адистер диний эле эмес илимий, илимий-педагогикалык, котормочулук жана мамлекеттик башка толуп жаткан кызматтарда иштөө үчүн закондуу (мыйзамдуу) мүмкүнчүлүк ала алышат.
Керек болсо, "теология" кесиби боюнча адистерди даярдоону мыкты өздөштүрүп, ошону жолго коюу менен эле чектелбестен, азыркы шартта мамлекет андан дагы чечкиндүү кадамдарга барышы абзел. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт" дегендей, исламдык билим берүүнүн орчундуулугун танып коюу, жашыруу, көрмөксөн-билмексендикке салуу, же болбосо анын проблемаларын жалаң эле күчкө салып чечүү аракеттери абалды ого бетер оорлотоорун эске алуу керек. Ошондуктан "страустун кейпин кийбей" же тескерисинче орто кылымдык инквизаторлордун жоругун жолдобой аталган маселени чечиш үчүн ХХI кылымдын цивилизациялуу коомуна ылайык келе турган жолдорду караштыруу зарыл болуп калды. Маселен, бул проблеманы чечүүнүн бирден-бир конструктивдүү жолу катары Кыргызстандын жогорку билим берүү системасына структуралык олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкөнүн жогорку билим берүү мейкиндигинде менчиктин ар кандай формаларына негизделген альтернативдик маанидеги ислам жогорку окуу жайын ачууга мүмкүнчүлүк берүү ишин караштыруу керек. Албетте, ал үчүн өкмөт тарабынан мурда бекитилген жогорку профессионалдык билим берүүнүн "Багыттары жана кесиптеринин тизмелерине" (перечень) кошумчаларды киргизип, тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана башка зарыл болгон расмий документтерди даярдоо талап кылынат. Бир топ уюштуруу иштерин чечиш керек болот. Иши кылса бул өтө эле түйшүктүү иш. Бирок башка арга жок. Болбосо, бир нече жылдардан бери көшөрүп, мамлекеттин закондуу талабына баш ийбей, мамлекеттин расмий уруксааты (лицензия) жок иш жүргүзүү менен ондогон, жүздөгөн жаштарга мамлекеттик диплом бере албай, аларды алган билимине ылайык жумуш менен камсыз кыла албай, ошондон улам жылдан-жылга жаштардын нааразы топторун арбыта турган Кыргызстандагы ислам окуу жайларын күч менен жаап, же болбосо башкача кескин чара колдонуудан чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн. Ошол эле учурда, жогоруда кеп кылгандай, аларды мурдакыдай эле абалда калтырып, аларга көз жума бергенден кырдаал уламдан-улам курчуй бермекчи.

Айтор, мына ушундай кырдаалда чала сабаттуулукка алдырбай, же көрпенделик жеке кызыкчылыкка алданбай, же болбосо чет өлкөлүк бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөбөй кыргыз элине исламдын баа жеткис асыл негиздерин бурмалабай таза жеткирип жана түшүндүрүп бере турган жергиликтүү диний аалымдардын жетишсиздиги кабатыр кылат.