Жаңы ыкма

Учурда мектепте билим берүүгө бөлүнгөн бюджеттин 10% гана окуу процессине арналып, калган 90% анда иштеген кызматкерлерге жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалат. Натыйжада окуу процессин нормалдуу жүргүзүү жана квалификациялуу мугалимдерди сактап калуу үчүн окуучуларды окутууга кеткен чыгымдардын басымдуу көлөмүн алардын ата-энелери көтөрүп келишет.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча ата-энелер балдарын окутууга жылына 800 млн. сом же болбосо 1 балага орто эсеп менен 610 сом коротот. Албетте, ата-эне баласынын билими, татыктуу келечеги үчүн эч нерсе аябайт. Бирок ошол жумшалган каражат кайтарымдуу болуп жатабы деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Адистер 2001-жылга салыштырмалуу 2008-жылы мамлекеттин билим берүү тармагына жумшаган чыгымы 4 эсе өскөнүнө карабай, билим берүүнүн сапаттык деңгээли жогору көтөрүлө албай жатканын белгилешет. Буга башкаруу системасынын эффективдүү эместиги себеп болууда. Ага кошумча мектеп администрациясы өзүнчө автономияга ээ болбой, өзүнө бөлүнгөн каражатты муктаждыгына жараша бөлүштүрө албагандыгы жана педагогикалык персоналдардын даярдыгынын начардыгы да терс таасир берүүдө.
Ушундай кемчиликтерди четтетүү үчүн эксперимент катары Чүй областынын мектептери бир жылдан бери жаңы ыкма - жан башына каржылоо модели менен иштеп жатат.

жан башына каржылоонун билим сапатына тийгизген таасири
Сабактын саны азайып, сапаты жогорулайт
Эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча Кыргызстан мектептик окуу жүгү өтө жогорку деңгээлдеги өлкө болуп эсептелет. Мисалы, 10 жаштагы окуучу үчүн жыйынды сааттык окуу жүгү Германияда - 774 саат, Японияда - 761 саат, Финляндияда - 684 саат, Россияда - 893 саат болсо, Кыргызстанда 1088 саатты түзөт. 14 жаштагы өспүрүм үчүн ошол эле Германияда - 918 саат, Россияда 998 саат болсо, биздин Кыргызстанда 1190 саат. Окуучуга жүктөлгөн ашыкча окуу сабактары кол эмгек, этика, жаратылыштаануу сыяктуу сабактардын эсебинен кыскартылган. Бирок окуу сааттарынын азайтылышы мугалимдердин эмгек акысын кемитпейт. Мугалимдин эмгек акысы окуучунун жана анын ата-энесинин каалоосу боюнча өтүлгөн кошумча сабактардын эсебинен да көбөймөкчү. Аламүдүн районундук билим берүү бөлүмүнүн адиси Н.Логинованын берген баасы боюнча мугалимге кошумча сабак өтүп акча табуу мүмкүнчүлүгүн түзүп жаткан жан башына бюджеттик каржылоо принцибинин артыкчылыгынын бири ушул. Мугалимдин эмгегин баалоонун жаңы системасы боюнча алардын эмгек акысы өздөрү көрсөткөн кошумча кызматтын сапатына жараша болот. Мындан тышкары ал кошумча акы алуу булагы катары окутуунун инновациялык ыкмаларын ийгиликтүү пайдалануу, окутуунун автордук программаларын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу, методикалык иштери, окуу куралдарын жазуу, окуу-методикалык пособиелерди жана материалдарды иштеп чыгуу, конференцияларды, семинарларды, олимпиадаларды, тегерек столдорду жана балдардын чыгармачылыгынын көргөзмөсүн уюштуруу ж.б. иштерди аткарат.
Мындан тышкары бул система мугалимдер корпусун эффективдүү башкарууга өбөлгө түзөт, анткени жогоруда белгиленгендей, мугалимдин иш сапатын баалоо боюнча чечимди мектептин администрациясы эмес, мектептин атайын эксперттик кеңеши кабыл алат. Эмгек акынын стимулдук бөлүгүн эсептөөдө педколлективдин тартибин бекемдөөчү төмөнкү кошумча индикаторлор колдонулат:
- документ иштерин сапаттуу жүргүзүү;
- окуу пландарын жана программаларын өз мөөнөтүндө тапшыруу;
- административдик эскертүү албоо;
- бекем тартип.

Жан башына каржылоонун жаңы формасы боюнча мектептер бюджетин өз алдынча бир окуучунун муктаждыгына жараша бөлүштүрүүгө, мугалимдерге материалдык стимул көрсөтүү жагын чечүүгө, окуучунун окуу жүгүн кыскартууга, мектепте акы төлөнгөн жана акы төлөнбөгөн кошумча кызматтарды көрсөтүүгө жана ошондой эле билим берүү программасын, окуу планын иштеп чыгууга, аларды бекитүүгө укуктуу боло алышат. "Социум Консалт" компаниясынын эксперттеринин пикиринде жан башына каржылоо механизми билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин, жетекчилерин материалдык жактан колдоого негиз түзөт. Бул жаңы ыкма агартуу тармагынын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын арттырып, окуучуларга билим берүүдө бирдей шарт түзүүгө, дегеле, социалдык жалпы абалга жагымдуу кырдаал тартууламакчы.

Жаңы ыкма кимге ыңгайлуу?
Ысык-Ата районундагы мектептерге киргизилген жан башына каржылоо ыкмасы агартуучулар арасында бир нече ирет талкууланды. Биз ушул жаңы ыкманын кимге ыңгайлуулугун, деги эле эксперимент учурунда эмне иштер аткарылып жаткандыгына кеңири токтолуп көрөлү.
Ысык-Ата районундагы 51 мектептин бюджети 1 окуучуну бирдей бюджеттик каржылоонун минималдык стандартынын негизинде аныкталган. Бул учурда мектеп администрациясы чыгымдардын сметасын түзүүдө, бюджеттик каражаттарды башкарууда тажрыйба топтой алды десек болот.
- Райондогу 24 мектепте өз алдынча бухгалтерия түзүлдү. Калган 27 мектеп айыл округдары аркылуу тейленсе да, чыгымдардын өз алдынча сметаларына ээ. Бюджеттик операцияларды аткарууда биринчи кол коюу укугу - мектеп жетекчисине, экинчиси - айыл округдун башкы бухгалтерине таандык.
- орто эсеп менен 10% жеңилдетилген эксперименталдык окуу планы киргизилди. Бул интеграцияланган үч предметтин жана тандалган предметтерди киргизүүнүн эсебинен ишке ашып, бир эле учурда окуучунун окуу жүгүн жеңилдетүүгө жана мугалимдин эмгек акы фондусун көбөйтүүгө каражат табууга мүмкүнчүлүк түздү.
- иш натыйжасына жана 1 окуучуну каржылоого жараша бааланган эмгек акынын жаңы системасы киргизилди. Анын мааниси төмөнкүчө: кызматкерлердин эмгек акысы үч бөлүктөн турат: педагогдун ставкасы боюнча эсептелген туруктуу эмгек акысы, стимул берүүчү акча - эмгекке катышуусунун коэффициенти боюнча (КТУ) эсептелген акча (ал сабак өткөн мугалимдердин методикалык бирикмесинин мүчөлөрү тарабынан аныкталат) жана үчүнчү бөлүгү - сыйлоо фонду - эмгек акынын стимул берүүчү фондусунун 10% өлчөмүндө аныкталат.
Мугалимге эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы билим берүү мекемелери көрсөт-көн кызматтын сапатына таасир этүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Педагогдорго кошумча эмгек акы төлөөдө окутуунун инновациялык методикасына ээ болуусу, автордук программаларды иштеп чыгуусу жана колдонуусу, методикалык иштери, окуу куралын жазуу, окуу жана окуу-методикалык пособиелерди, материалдарды иштеп чыгуу, конференцияларды, семинарларды, олимпиадаларды, балдардын чыгармачылык көрсөт-мөлөрүн уюштуруу, тегерек столдорду өткөрүү сыяктуу кошумча факторлор эсепке алынат.

Кошумча кызмат көрсөтүү
Эмгек акыны баалоонун жаңы системасынын киргизилиши мектеп үчүн олуттуу экономикалык стимул болууда. Алар ээлеген имараттарды рационалдуу пайдаланууга өтүшүп, коммуналдык жана башка чыгымдарды азайтууга жетишти. Жан башына каржылоо механизминин кириши менен бирге окуучулар үчүн окуу жүгү кыскарып, мектептер өз ыктыяры боюнча жана акы төлөөнүн негизинде кошумча билим берүү кызматтарын сунуштоо укугуна ээ болушту. Жаңы модель боюнча каржылык ишмердик жүргүзгөн мектептер үчүн атайын кошумча кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү жобосу жана прейскуранты иштелип чыккан. Аталган кызматтар Билим берүү жана илим министрлиги жана антимонополиялык саясат боюнча комитет бардык мектептер үчүн бекиткен бирдей баалардын прейскуранты менен көрсөтүлөт.
2008-жылы Ысык-Ата районундагы мектептердин кошумча кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешеси 3,8 млн. сом болсо, Чүй областы боюнча бул кызмат 9,3 млн. сом киреше алып келген.
КРнын вице-премьер-министри Өктөмкан Абдуллаева жан башына каржылоо модели мектепте билим берүүнүн сапат деңгээлине таасир бере турган күчтүү система катары баалап жаткандыгын билдирүүдө. Анын баамында ата мекендик билим берүү системасы жалпы дүйнөлүк билим берүү системасы менен интеграцияланууга муктаж.
- Балдарыбыздын орто мектепте алган билим сапатын жана аны окутуу методикасын жакшыртууга жетишүүбүз үчүн жан башына каржылоо системасына өтүүбүз зарыл, - дейт вице-премьер.
Мына ушундай позитивдүү пикирлерин эксперимент өтүп жаткан мектеп администрациясы да билдирүүдө. Ысык-Ата районундагы Буденовка орто мектебинин директору Н.Төлөбаеванын айтымында, бул жаңы ыкма мугалимдердин иш сапатын жогорулатып, эми алар мурдагыдай теңдемечилик системасы боюнча эмес, өз эмгегине, өз аракет-дараметине жараша акча алаарына көздөрү жетти.
- Эгерде мурда мектеп айыл өкмөтү бөлүп берген каражаттарды пайдалануучу кардар сыяктуу болсо, эми өзүбүздүн ишибизди рационалдуу бөлүштүрүп, зарылдыкка жараша каражат жумшап, кээ бир зарылдыгы жок нерселерден баш тартып дегендей, тыйыныбызды үнөмдүү жумшоого үйрөнүп калдык, - дейт ал. Бул ыкмада иштин сапаты гана жакшырбастан, тартип маселеси да калыбына келгендигин кубануу менен белгилейт. Анткени мектепте иштеген мугалимден тартып, техперсоналга чейинки кызматкерлердин эмгек акысы анын эмгекке катышуу коэффициентине жараша болоорун билип калышты. Алар үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен да кошумча акча алып жатканы чоң стимул болууда. Директордун айтымында, агартуучулардын эмгек акысы 40-50% көбөйгөн.
Ал эми Красная-Речка орто мектебинин директору З.Ходжомамбетова мындай дейт:
- Негизинен жан башына каржылоо моделинин бизге ыңгайлуу көптөгөн жактарын белгилөөгө болот. Биринчиден, мектептин бюджети реалдуу эсеп-чоттун негизинде түзүлөт. Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган категориялык гранттар толугу менен мектептин эсеп-счетуна келип түшүп, керектелчү чыгымдардын бардык статьялары райондук финансы органынын, жергиликтүү бийликтин жана ошондой эле мектеп администрациясы тарабынан катуу көзөмөлдөнөт. Баарынан маанилүүсү - жыл аягында мектептин эсеп-счетундагы каражаттардын калдыгы жергиликтүү бюджетке кирешеленбей, келерки жылы керектелет. Мектеп чыныгы автономияга ээ болуп, ишинен өзгөчөлөнгөн мугалимди же болбосо жаш адисти материалдык колдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле үнөмдөөнүн натыйжасында мектеп өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кокус зарыл болсо, кошумча штаттык бирдик алууга жетише алат. Мектеп жетекчилери өз алдынча түзүлгөн бухгалтерияга ээ болгондугуна ыраазы болушууда. Айрыкча, алар мектеп финансылык көз карандысыздыкка жетишип, өз короосуна өзү кожоюн экендиги бардык жагынан ыңгайлуу болуп жаткандыгын белгилешет.
Адистердин айтымында, жан башына каржылоо - билим берүү мекемелерин каржылоонун бирден-бир объективдүү ыкмасы. Ысык-Ата районундагы мектептерде жүргүзүлгөн тажрыйбадан улам бул механизм биздин шартта иштеп кетүүгө жөндөмдүү деп айтууга толук негиз бар.

Айнагүл Кашыбаева,
Айгүл Ештаева.