"Кутбилим" газетасы талкууга койгон маселе

автордук концепцияны талкуулайбыз
Мугалимдердин семинарынын чечими

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын № 81 орто мектебиндеги - Адеп борборунда "Адеп түбү жок деңиздей терең, чеги жок ааламдай кенен" аттуу семинар болуп өттү. Бул семинарга Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, атактуу окумуштуу-педагог Исак Бекбоев баш болгон Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары, Бишкек шаардык билим берүү башкармасынын өкүлү жана борбор шаарыбыздын 30дан ашык мектептеринен Адеп предметинин мугалимдери катышты. Семинардын катышуучуларынын сунуш пикирлерин эске алып, мугалимдердин жыйыны төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
"Байгазиев Советбек Орозкановичтин "Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" автордук долбоору республикалык деңгээлде талкууланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясынан колдоого алынып, кабыл алуу жагы суралсын".

Улуттук жүзү бар концепция

Мен бул чыгаан педагогду көптөн бери билем. Бир убакта аны билим берүү министринин постуна да сунуштаган элем ("Майдан", 28.01.92).
"Иниме кат" аттуу эмгегин "педагогикалык поэма" деп атап, макала жазгам. Ал эми С.Байгазиевдин "Кутбилимге" жарыяланган "Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" аттуу эмгегин бүгүнкү ыймандык кризистин тушундагы эң баалуу документ деп эсептейм жана автордун бул тарбия программасы жогорку баага татыктуу.
Акыры жүрүп таалим-тарбия ишинде мектеп жетекчиликке ала турган тарбия идеологиясы табылды көрүнөт. Бүтүндөй коллектив иштей турган концепцияны жалгыз өзү иштеп, С.Байгазиев окуучу жаштарды мекенчил, патриот, адептүү кылып өстүрүүнүн чоң максатын, мазмунун жана технологиясын көрсөтүп берген. Далилдери, негиздемелери айныксыз ишене тургандай бекемделген. Бул концепция даяр стандартка салынып, орусчадан көчүрө салынган нерсе эмес, республиканын, мектептин бүгүнкү муктаждыгын, улуттук таламдарды эсепке алып, фактылар менен чечмеленип жазылган өзүнчө оригиналдуу, улуттук жүзү бар концепция.
Ошону менен бул интернационалдуу да мазмунда. Себеби республикада жашаган боордош улуттардын маданиятын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды да үйрөнүүнү камтыйт.
Бул бир жагынан концепция, экинчи жагынан мугалимдин дайыма окуй турган үстөл китеби сыяктуу.
Тарбия жагындагы татаал абалды эске алып, мен министр Абдылда Мусаевге ушул концепцияны бекитип, мектептерге таратууну сунуштар элем.

Жумаш Койчуманов, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз УИАнын илимге эмгек сиңирген кызматкери.





Тарбиялоонун жаңы концепциясын колдойбуз
КББАнын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагог-окумуштуу Советбек Байгазиевдин 30-март жана 3-апрель 2009-жылдагы "Кутбилим" газетасынын №11 санына жарыяланган: "Мектеп окуучуларынын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" деген автордук долбооруна карата, Талас облусундагы эмгектенип жаткан айрым мугалимдердин ой-пикирлери жана сунуштары.
Коом өзгөрүп, өнүккөн сайын азыр жаңы техникалык технологияларды жакшы өздөштүргөн, интернет, электрондук почта кызматынан кеңири пайдаланган билимдүү жаштарыбыз көбөйүүдө. Бирок ушул эле учурда китепканага барган окуучуларыбыздын саны кескин кыскарды. Жаштарыбыз жалаң эле интернеттен даяр материалды издеп, алуу менен гана алектенип калды.
Окууга кызыккан окуучуларыбыз аз, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктар көбөйгөндөн көбөйүүдө;
Эмне себептен?
Мүмкүн, бул да болсо жаңы техникалык каражаттардын тийгизген кээ бир терс таасиридир. Азыр ар бир үйдө спутник-антенна, DVDлер бар. Окуучулар үй шартында телевизордон бул каражаттардын жардамы менен катаалдыкты, уруш-мушташты, кан төгүүлөрдү, сексти даңазалаган киши өлтүрүү азгырыктуу ар кандай темадагы биздин менталитетибизге карама-каршы фильмдерди кызыгуу менен көрүшөт. Компьютердик клубдарга барышып, акча төлөшүп, таш боорлукка, мыкаачылыкка тарбиялаган оюндарды ойношот. Ушул себептен улам жаштарыбыздын арасында ар кандай түрдөгү кылмыштуулуктар, кайдигерлик, мыкаачылык, рэкеттик күн сайын күчөп, тамырын жаюуда. Жаштарыбыз адеп-ахлактан чектөөдө. Мектептер ортосунда көчө-көчөгө, класс-класска бөлүнүшүп мушташуу, улуттук идеябыздан ажырап, ар кандай диний секталарга кирүү илдети күч алууда. Көпчүлүк жаштарыбыз өздөрүнүн керт башын гана ойлоп, турмушка коммерция, прогматик катары гана мамиле жасап жаткандыгы жашыруун деле эмес.
Ата-энелер арасында көр тирлик деп, бүгүнкү базар экономикасынын катаал шартын шылтоо кылып, тарбия жаатынан алыстап, мектеп менен байланышпай, балдарынын билими, тарбиясына кайдигерлик менен кош көңүл мамиле кылгандар жок эмес. Эгер окуучу кылмыштуулукка барса, сөзсүз түрдө мектеп администрациясы, класс жетекчи жооп берет, мектептеги жана мектептен кийинки убакта да. Эмне үчүн ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатпайбыз. Мектепте окуучу 6-7 саат болсо, калган убакыт ата-энелер менен болот. Ошондуктан милдеттүү түрдө ата-энелердин мыйзам алдында жоопкер болушу керек.
Адабий чыгармаларды кызыгып окуган окуучуларыбыз аз. Мектеп китепканасында көркөм адабияттар кыргыз тилиндеги саны абдан аз (өтө жарды). Бул дагы окуучулардын улуттук өзүн-өзү таанууда, көрөңгөдөн иш жүзүндө ажырап калуусуна алып келүүдө. Ошондуктан мектеп окуучуларын тарбиялоо жаңы реформага муктаж, жаңы идеологиялык максаттуулук, ырааттуулук, багыттуулук керек.
Окуучуларыбыз улуттук баалуулуктарды: Мекенин, улутун, эне тилин, тарыхын, дөөлөтүн, салт-санаасын, нарк-насилин, маданиятын, океандай терең улуу "Манас" эпосунан тартып, көөнөрбөс ыйык элдин оозеки чыгармаларын, улуттук аспабын, күүлөрүн билүүсү зарыл. Ушул баалуулуктардын негизинде улуттук патриоттуулукка, Ата-мекенди сүйүүгө, рухий адеп-ахлакка тарбиялоо бүгүнкү күндүн эң маанилүү орчундуу милдеттеринен.
С.Байгазиевдин мектеп окуучулардын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы бүгүнкү күндүн эң орчундуу, көйгөйлүү маселелерин өз учурунда козгоп отурат.




Мектеп жаңы концепцияга муктаж
Глобализация, илимий техникалык прогресс адам баласын болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге, ийгиликтерге бөлөө менен катар, өз ата-бабасынын, элинин жана жалпы адамзаттын биосоциалдык жана маданий байманасынын мурасын, ошондой эле алар иштеп чыккан бай руханий дөөлөттөрүн ырайымсыздык менен жокко чыгарып олтурат. Адамзат коомунун бакыбаттуу келечеги, анын ичинде кыргыз элинин болочок жаркын турмушу, жаңы руханий адеби бай инсандын аренага келиши, ата-бабалар максат кылган кыргыздын келечегин тарыхтын саргайган кунарсыз барактарынын арасына кошпой жаңы көз караш, жаңы дем менен түптөп, өркүндөтүп алдыга ары акылдуу, ары эстүү, ары ыймандуу атуулдарды тарбиялап чыгуу максатка ылайык келип отурат. Ошого байланыштуу азыркы мезгилдин курчуп калган талабына ылайык адептик таалим-тарбия берүү боюнча ишти жаңыча, практикалык багытта элибиздин менталитетин, руханий-адептик салт-санаасын, үрп-адатын, этнопсихологиясын, этнографиясын, ишенимдерин, дүйнө таанымын, улуттук идеологиясын, ураанын, жалпы эле руханий, маданий-материалдык байлыктарын жана азыркы турмуш талабын эске алуу менен жөнгө салып, жолго коюу зарылдыгы күн тартибинде турат. Бул процесс, албетте, мектеп окуучуларынан башталары айтпаса да ынанымдуу. Максатка ылайык окуучулардын жан дүйнөсүндө ыймандуулук, чынчылдык, боорукерлик, адилеттик, ата-баба сүйүп, кастарлап коргоп келген. Атамекенди сүйүү сыяктуу адамдык асыл сезимдерди уялатууга, күндөлүк турмушта өзүнүн ыймандык түшүнүгүн адептүү жүрүм-туруму менен айкалышта тута билүүсүнө каныктыруу шарт. Алардагы чыныгы адамдык эмоцияларды - социалдык, нравалык, эстетикалык эмоцияларды тарбиялоо, демек адамдын эмоционалдык турмушун тереңдетүү жана өнүктүрүү, анын личностунун ар тараптан байышына көмөктөшүү болуп эсептелет. Мына ушундай заманыбыздын көйгөйлүү татаал маселелерин жонуна артып, анын ийгиликтүү чечилишине шарт түзүп жаштарды тарбиялоодо идеологиялык максаттуулукту, ырааттуулукту, багыттуулукту камтый турган жаңы концепцияны, тактап айтканда, "Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясын мамлекеттик деңгээлде иштеп чыккан белгилүү педагог-окумуштуу профессор Советбек Байгазиев. Концепция учурдун какшап турган талабына ылайык түзүлгөндүктөн муундарды тарбиялоодо олуттуу таяныч жана багыт болуп кызмат өтөмөкчү. Концепциянын башкы максаты - элдик идеяга жана заманга шайкеш келген нарктуу ыймандык-адептик сапаттарга эгедер, маданияттуу, жүрүш-туруш адеби калыптанган инсанды тарбиялоо. С. Байгазиевдин бул кылдат иштеп чыккан концепциясы жалпы коомчулук тарабынан колдоого алынып, мектеп окуучуларын, жалпы эле келечек ээлерин рухий-адептик жактан тарбиялоодо негизги кубаттуу идеялык-тарбиялык каражатка айланарына толук ишенебиз.
Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жамааты:
А.А. Акматалиев - профессор, филология илимдеринин доктору
А. Кадырмамбетова - филология илимдеринин кандидаты;
М. Мукасов - филология илимдеринин кандидаты;
С. Егимбаева - филология илимдеринин кандидаты;
С. Дүйшөмбиев - филология илимдеринин кандидаты.




Биз бул автордун тарбиялоо концепциясынын жаңы долбоорун колдойбуз жана кубаттайбыз.
1. Бектур Исаков - Эл мугалими. Талас району.
2. Насипбаева Ырыс - ТалМУнун педагогика кафедрасынын окутуучусу.
3. Жоробекова Шайыр - КР эмгек сиңирген мугалими, Талас Көмөкчү интернатынын директору.
4. Жолдошева Нуржамал - Райондук кеңештин депутаты.
5. Байбекова Бурул - Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгисинин ээси. № 6 орто мектебинин кыргыз тил мугалими.
6. Сүйүнтбекова Жаңыл - А. Огомбаев орто мектебинин физика мугалими. Талас району.
7. Ажибаева Айнура - ТалМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, пед. илиминин кандидаты.
8. Конгантиева Зууракан - ТалМУнун педагогика кафедрасынын окутуучусу.
9. Умурбекова Анара - ТалМУнун педагогика кафедрасынын окутуучусу.
10. Кудабаева Гүлмира - ТалМУнун философия кафедрасынын башчысы, философия илиминин кандидаты.
11. Исмаилова Рахима - ТалМУнун окутуучусу
12. Райымова Г.- А. Бөрүбаев атындагы орто мектеби.
13. Керимбекова С. - Хан Бүргө орто мектеби.
14. Сатымкулова Л. - А. Оторбаев орто мектеби.
15. Дүйшөнова С. - А. Оторбаев орто мектеби.
16. Кошолиева К. - Алымкул орто мектеби.
17. Байзаков К. - Алымкул орто мектеби.
18. Мамбеталиева А. - Алымкул орто мектеби.
19. Ибраимов Б. - Алымкул орто мектеби.
20. Касымалиева Г. - Алымкул орто мектеби.
21. Кадыркулова К. - Алымкул орто мектеби.
22. Берембаева Мира - Талас облустук усулкана борборунун усулчусу.
23. Өзүбекова Гүлнара - Талас шаарынын № 1 орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы.