Президентке кат

Билим казынабызды бөксөртпөйлү
Урматтуу Курманбек Салиевич!

Сиздин бүткүл Кыргыз элине болгон бул жолку кайрылууңузда коомго, эл тагдырына чын дилинен жан күйгүзгөн чыгаан адамдарга үмүт артуу менен сунуштарды күтөм деген сөзүңүзгө уюп, кайдигер четте кала албадык. Кыргыз элинин учурдагы улуттук таламдарын белгилөөдө билимдүүлүккө өзгөчө басым жасап кеткениңиз бизди, билим берүү тармагында көп жылдар бою иштеп келе жаткан адамдарга өзгөчө сезимдерди жаратты. Сиздин ар бир конструктивдүү добушка кулак төшөөгө даяр экендигиңизге маани берүү менен кыргыз жараны катары өз сунуштарыбызды билдирүүнү туура таптык.
"Мамлекетти оңдоону мектептен баштоо керек", - деп айтып кеткен улуу Коменскийдин сөзү педагогикалык окуу жайында билим алган ар бир студенттин эсинде калса керек. Кеменгер адамдын артыкчылыгы алдын-ала көрө билгендигинде дегендей, Эл мугалими И.Бекбоевдин: "Президентибиз деп Путинди, Каримовду китептен окуган жана окуткан орус, өзбек, тажик мектептериндеги балдардан кантип чыныгы атуулду күтсө болот, бул жерде кыргыз мамлекетинин биримдигине доо кетип жатпайбы", - деп тээ качан эле жан күйгүзө айткан сөзүн гезиттен окуп калганыбыз бар.
Жылдан-жылга мектепте иштеген мугалимдердин орточо жаш курагы элүүдөн ашып, ал эми мугалимдик адистикти каалоочулардын саны улам азайып баратканы кашкайган чындык. Эгерде ушул темпте кете берсек кыргыздар үчүн Сиз белгилегендей билимдүү улут болмок турсун жалпы сабаттуулукка жетишкен деңгээлибизди сактап калуу да чоң проблеманы жаратчудай.
Агартуу тармагындагы абалды жакшы түшүнүү менен катар колубуздан келген бир топ жумуштарды убагында аткарганбыз. Мисалы, өткөн окуу жылында Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбиясы факультети менен бирдикте Сузак райондук билим берүү бөлүмү райондун бардык патриот жарандарына кайрылып: "Көгарт өрөөнү Курманбектей баатыр, Курманбектей президенттин мекени. Келечекте, дагы канчалаган журт намысына жарап берүүчү азаматтардын чыгышы мүмкүн. Андыктан, келгиле, ар бирибиз өзүбүз окуп, тарбияланган мектептерибизге колдон келген жардамыбызды көрсөтөлү", - деген демилге көтөрүп чыкканбыз. Бул чакырыкты туура түшүнүү менен колдоо көрсөтүп, өз айылындагы мугалимдик кесипке шыктуу жаштарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылап окутуп жатышкан Сузактын Ленин, Ырыс атындагы, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилеринин ысымдарын ыраазычылык билдирүү менен баса белгилеп өтмөкчүбүз.
Бул идеяны Баткен чөлкөмүндө жайылтып, атайын жыйын өткөргөн облустун губернатору М. Джумабековдун, жергиликтүү кеңештерге таянуу менен быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн педагогикалык адистиктерге жылдагыдан бир топ эсе көбүрөөк абитуриенттерди кабыл алуунун аракетин көрүп жаткан Баткен мамлекеттик университетинин ректору, профессор М.Тайировдун тажрыйбаларын башка аймактын, окуу жайларынын жетекчилери да үйрөнүшүп пайдаланышса жакшы натыйжаларды бермек. Чындыгында кыргыздын ар бир жылгасы эл сыймыктана, даңазалай турган бычакка сап жигиттерден кур эместиги талашсыз, ал эми биздин негизги максатыбыз - мугалимдерди даярдоону журттун патриоттук сезимин козгоо аркылуу, жергиликтүү бийлик, айыл аксакалдары, мектеп дирекциялары менен бирдикте ишке ашырууда болуп жатпайбы.
Тилекке каршы, өткөн окуу жылында пландаштырылган иштерибиздин максат, мааниси жалпы журтка жете бербей, толук кандуу турмушка ашырылбай калды, эми ал иштер мындан ары улантылабы, жокпу, ал да белгисиз…
Агартуу тармагындагы мугалимдердин жетишсиздиги оор маселеге эбак айланып бүткөндүгүн, аны бүгүнкү шартта мамлекеттик бюджеттен билим алып чыккан бүтүрүүчүлөрдүн эсебинен толуктоо мүмкүн эместигин практикабыздан көрдүк. Анткени биринчиден, бюджеттик группада окуган студенттердин саны өтө эле аз, экинчиден, түрдүү шылтоолор менен алар да бөлүштүрүлгөн мектептерге эмес, өзүнө ыңгайлуу жерлерге орношуунун мыйзамдуу жолдорун издешет жана эч бир кыйынчылыксыз эле табышат, үчүнчүдөн, бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү контракттык группаларда окушкандыктан, алар каалаган жерлеринде иштөөгө (иштебей коюуга деле) жол ачык.
Буга учурда окуу жайларында алынбай, жыйылып жаткан дипломдордун саны улам көбөйүп бара жатышы ишенимдүү далил.
Республикабыздын кошуналардан өзгөчөлөнгөн айырмасы - демократиялык принциптерди туу тутуп, рыноктук экономиканын таламдарына эртерээк кадам шилтөө менен өзүн-өзү башкаруу принциптерине өткөндүгүндө. Конституциябыздын 93-95-беренелеринде "жергиликтүү кеңештер аймактын өнүгүү программасынын жоопкери"- деп баса көрсөтүлгөн. Андыктан биздин коомдук түзүлүшүбүздөгү мындай уникалдуу мүмкүнчүлүктү мыйзамдуу, туура пайдалануу менен ар-бир регион өзүнө керектүү кадрларды (мугалимдиктен башка деле) келечектүү жаштарга жолдомо берип, максаттуу даярдабаса, мурдагыдай эле борборду карап олтургандан алардын проблемасын эч ким чечип бербейт. Бүгүнкү күндүн чындыгы ушундай экендигин алигиче түшүнө электер болсо түшүнүп, биле электер болсо билип алганы, чыны, оң болмок.
Жыйынтыктап айтканда, мектептерди педагогикалык адистер менен камсыздоо маселеси ар бир айыл өкмөтүнүн тикеден-тике аткаруучу милдетине жана жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчүнө айланууга тийиш.
Коюлуп жаткан маселе мугалимдерди даярдоо жоопкерчилигин башкалардын мойнуна арта салуудан, же жогорку окуу жайларынын казынасы толбой жаткандыгынан келип чыккан жери жок. Керектүү сумманы башка адистиктердин эсебинен жыйнап алуу мүмкүнчүлүктөрү аларда толтура. Түшүнгөн кишиге, сөздүн төркүнү агартуу системасында орун алган кырдаалды тез арада, мындан да кеч болуп кала электе жөнгө салууда болуп жатат.
Мына, окуу жылынын аякташына да саналуу убакыт калды. Эртең эле мектептерде балдарды окутканга мугалимдер жетишпей жатат деп, жылда коюлуп жүргөн маселе дагы көтөрүлөөрү айдан ачык көрүнүп турат.
Эгерде ушул сунушубуз Сиз тараптан колдоого алынып, жогоруда биз санап өткөн милдеттер толугу менен республиканын бардык облустарынын, райондорунун, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилеринин аң сезимине жетсе, ошондо гана республикабыз дүйнөлүк экономикалык кризистен кем эмес коркунучтагы - чала сабаттуулук кризисинин алдын алган болоор эле деген бекем ишеничтебиз.

Нургазы Маматов,
Кыргыз Республикасынын "Эл агартуусунун мыктысы", "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", жана "Манас -1000" медалдарынын ээси.
Жалал-Абад областы, Сузак району.




Өсүш - өргө жетелейт
Талас районундагы Ш.Шеркулов орто мектеби 1965-жылдарда башталгыч мектеп болуп уюштурулган. Аталган мектеп бүгүнкү күндө жалпы билим берүүчү орто мектепке айланып 247 окуучуга, 25 педагогикалык кадрлар менен толукталып, үзүрлүү эмгектенип жатышат. Алардын 32% жогорку, 24% I категориядагы мугалимдер, 6 мугалим "Билим берүүнүн отличниктери", 4 мугалим "Депозит" конкурсунун жеңүүчүлөрү болуп саналат.
Билим берүү системасындагы кыйынчылыктарга карабастан, жаш муундарга сапаттуу билим берүүнүн үстүндө аракеттер жасалып жатат. Кадрлардын жетишсиздигине карабастан, Талас университети менен тыгыз байланышта болуп, жергиликтүү кадрларды жумушка тартуу иштери жүргүзүлүп, натыйжада бардык предметтер боюнча адистер менен толук камсыз болуп, 2007-2008, 2008-2009-окуу жылдарында бир топ өсүштөргө жетишти. Мектеп окуучулар арасында өткөрүлгөн райондук олимпиадага катышкан окуучулардын саны өсүп, байгелүү I, II, III орундарды камсыздай алышты.
Өзгөчө биология мугалими Тотонова Ф., тарых мугалими Салиева А., кыргыз тили мугалими Давлеталиев У., информатика мугалими Карабаева С, орус тили мугалими Жаналиева А., география мугалими Шеркулов Н. ж.б. сабактардан жогорку көрсөткүчтөрдү жаратышты.
Окутуунун жаңы формаларын жайылтуу, өз ара пикир алмашуу, семинарларды өткөрүү, ачык сабактардын деңгээлин көтөрүү, билим берүү сапатын көтөрүүгө багытталган докладдарды уюштуруу өз үзүрүн берди.
Мектепте өзгөчө жаңы иштеп жаткан жаш кадрларга көңүл бурулуп, насаатчылар С.Рахматулина, К.Тагаймуратова, Э.Асанов жана мектеп администрациясы методикалык жардам берип жатышат.
Замандын экономикалык тартыштыгы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жакындан жардам берүүнү колго алып, жыл сайын "Кайрымдуулук" акциясын өткөрүп, 19 жарды үй-бүлөлөрдүн балдарына кийим-кече, окуу куралдарын сатып берүүдө көмөк көрсөтүлдү.
Дүйнөлүк банк каржылаган "Айылдык билим берүү" долбоору мектеп үчүн чоң жардам көрсөттү. Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо бир гана компьютер менен олтурган мектеп бир класс комплекс-компьютер, аудио-видео аппаратураларга ээ болуп, сабактарды жаңы технологияларды пайдаланышууда жана мектеп жамааты жалпысынан 154,926 сомдук колдоо алышты. Мектептин эмгек жамаатынын демилгеси менен 12 окуу кабинеттери жаңы түзүлүп, негизги материалдар менен толукталып иштеп жатышат.
Өткөн республикалык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган кабинет түзүү, калыбына келтирүү боюнча өткөрүлгөн конкурста Ш.Шеркулов атындагы орто мектеп I орунду алып, акчалай сыйлыкка ээ болду. Республикалык "Сильва" билим берүү борбору тарабынан уюштурулган "Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына карата" кабинеттерди түзүү жана жабдуу боюнча республикалык конкурска катышып, кызыктыруучу сыйлыкка татыды.
Мектеп администрациясы өнөктөштүк иштерди уюштурууга зор көңүл бурууда. Айыл-өкмөтү, ишкерлер, ата-энелер менен иш алып баруунун натыйжасында мектепке 120 миң сомдук каржылоонун кошумча булактары тартылды.
Айыл-өкмөтүнүн кийлигишүүсү менен "Түрткү берген гранттын" эсебинен мектеп чатыры шифер менен жылуулук системасы киргизилип, жалпы 486 миң сомдук жумуш аткарылды. Мындай түзүлгөн шарттар окуучуларга сапаттуу билим берүү менен мезгилдин талабына ылайык келечекте турмуштан өз ордун тапкан жаштарды тарбиялоо болуп эсептелет.

С.Раxматулина,
Талас областынын Талас районундагы Ш.Шеркулов атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары.