Жаратылыш жана биз

Акыркы жылдарда Владимир Иванович Вернадскийдин калтырып кеткен илимий мурастары илимпоздордун жана дүйнөлүк кеңири коомчулуктун көңүлүнүн борборунда болуп келе жатат.
2009-жылдын март айында белгилүү Совет окумуштуусу В.И.Вернадскийдин туулганына 145 жыл толгондугун белгилеп отурабыз.

В.И.Вернадский жана жаратылышты коргоо маселелери
В.И.Вернадский эң эле көп илимдерди изилдеген энциклопедист окумуштуулардан эле. Ал табият изилдөөчү, минеролог, кристаллограф жана геохимия, биогеохимия, радиогеология жана биосфера жөнүндөгү илимдерге негиз салуучу болгон. В.И.Вернадскийдин көп эмгектери табият таануунун омоктуу философиялык проблемаларына арналган. Азыркы учурда илимий техникалык революциянын өнүгүшү В.И.Вернадскийдин биосфера жөнүндөгү окуусунун чоң мааниси бар экендигин аныктап жатат. Илимий жетишкендиктер менен адам эмгегинин таасиринен биосфера акырындык менен жаңы абалга - ноосферага б.а. акыл-эс сферасына өтүшүн көрсөткөн. Ноосфера жөнүндөгү философиялык ири жалпылоо болгон В.И.Вернадскийдин идеясы, анын илимий ишмердигинин негизги эки багытынын (биогеохимия жана илимдер тарыхы) кошулган жеринде пайда болду.
Ар бир доордун өзүнө таандык революциячыл идеялары, илимий ачылыштары болуп келген. Алсак XVI кылымдын биринчи жарымында 1543-жылы поляк элинин окумуштуусу Н.Коперниктин күн системасы боюнча ачкан идеясы анык революциялык акт болуп эсептелет. Бул жөнүндө өз учурунда Ф.Энгельс "Диалектика природы" деген эмгегинде жазган. Ал эми XVII-XVIII кылымдарда да табият илимдеринде өтө маанилүү ачылыштар болду. XVIII кылымда англис физиги, математик, механик И.Ньютон астрономиялык негизин түзүп, бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан. Бул учурду Ньютондун кылымы деп аташкан. Ошол эле XVIII кылымда француз химиги А.Л.Лавуазье флогистон теориясын жокко чыгарып дагы бир илимий революцияны жаратты.
XIX кылымда биология илиминде революциячыл ачылыш болуп англис окумуштуусу Ч.Дарвиндин эволюциялык окуусу эсептелет. Ошондуктан окумуштуулар XIX кылымды Дарвиндин кылымы деп туура аташат. ХХ кылымдагы илгертен келе жаткан табият таануу илими менен коомдук илимдерге болгон көз караштардын өзгөрүүсү алардын ортосундагы чегин бузууга алып келген ноосфера жөнүндөгү илим В.И.Вернадскийге таандык. Ошондуктан академик Н.Моисеев айткандай окумуштуулар ХХ кылымды В.И.Вернадскийдин кылымы деп туура аташкан. Окумуштуу өзүнүн эмгектеринде тирүү жандыктар менен жансыз жаратылыштын ар дайым болгон алакасын, бири-бирине келтирген таасирин жана биосферанын өнүгүшүнүн тарыхын изилдеген. Мындай учурда адам баласынын жалпы ааламга же жалпы планетага тийгизген таасири жөнүндө ой козголот. Акыл-эстүү адамдардын биосфераны түрдүү өзгөрүүлөргө учуратышып ноосферанын келип чыгышы В.И.Вернадскийдин окуусунун негиздеринин бири. Жер жүзүндө жүрүп жаткан эволюциялык процесстерге таасирин тийгизген, акыл эстин планетада пайда болушу, жалпы планетанын өөрчүшүндөгү дагы бир революциялык акт болуп эсептелет. Адамдардын жана коомчулуктун пайда болушу менен жер бетиндеги табигый процесстер ылдамдап жүрө баштады. Адам жаңы технологияларды ойлоп таап, өзүнүн тиричилигине керектүү болгон ресурстарды улам алып отуруп аны коромжуга учуратып жатат. Ошентип адамдар жердин геологиясына кийлигишип, планетанын өөрчүшүнө таасир көрсөтөт. Эми биосферанын келечектеги абалы, анын өөрчүшү адамдардын колунда болгондон кийин ар бир адам өзү биосферанын бир бөлүгү болуп туруп, биосферанын мындан аркы эволюциясы жөнүндө кам көрүүсү зарыл. Биосфераны акыл-эс сферасына же ноосферага айландыруу адамдардын өз колунда. Мындай айландыруу оңой-олтоң жумуш көрүнбөйт, ал үчүн талапка ылайык бир топ залкар иштердин аткарылышы керек: эң алды менен жаңы моралды тарбиялоо, элдин экологиялык жаңы адептүүлүгүн, аң сезимин жогору көтөрүү, үйрөтүү кыйынчылыгы турат. "Ноосфера дооруна өтүү үчүн, - деп жазат академик Н.Моисеев, - илгертен келе жаткан далай көнүмүш адаттарды (традицияларды) жана принциптерди, жеке адамдардын, коомдордун, өлкөлөрдүн, региондордун бири-бирине болгон мамилелерин жана адам менен жаратылыштын ортосундагы карым-катнаштарды кайра карап чыгууга туура келет. Жаңы билим керек болорун жана ноосфера жөнүндөгү илимдин акырындык менен ноосферанын өөрчүшү жөнүндөгү теорияга айланышы айтылат. Андай теория табият илимдери менен коомдук илимдердин татаал бирикмесинен келип чыгат. Бул сыяктуу ойду К.Маркс мындан жүздөгөн жылдар мурун тарых илими менен жаратылыш илиминин сөзсүз биргелешип, Адам жөнүндө бир илимдин пайда болушун айткан. Ноосфера Адам жөнүндөгү илимдин бир бөлүгү болуп, азыркы техника менен энергетиканын күчтүү өөрчүп турган кезинде адамдардын бейкут жашап калышын изилдеген илим болот. Коомдун мындан аркы өөрчүшүндө адамдардын иш аракети өздөрүнүн жыргалчылыгын көздөө менен бирге биосферанын мүмкүнчүлүгү менен да эсептешүүсү зарыл. Биосферага келтирилген таасирдин да чегин билүү керек. Ал чектен чыгып кетсе биосферада калыбына кайра келбес кыйроолор болушу мүмкүн. Ошондуктан алдыда, биотүрдүүлүктү сактоо, жаратылышты коргоо, жаратылыш байлыктарын үнөмдөп, сарамжалдуулук менен пайдалануу - бул бир глобалдык маселелердин бири. Жаратылышка кенебестик мамиле жасап жүрүп, жер шарынын айрым аймактарында далай өкүнүчтүү өзгөрүүлөр болуп келе жатат.
Тарыхты бир аз барактасак: Америка континентинде ноосфера доорунда эң көп өзгөрүүлөр болду. Акыркы эле доорлордо мурда жер жайнаган бугулардан, жапайы жырткычтардан, далай канаттуулардан, балыктардан ажырап отурушат. Аесуз кырып, алардын баарлаган чөйрөсүн бузуп, өрттөп отуруп бизондордон азыркы учурда бир он чактысы гана калган. Ал эми айрым түрлөр М.: көчмөндү көгүчкөндөр, стеллер уйлары алда качан "тукум курут болуп", таптакыр жок болуп кетишкен. Өсүмдүктөрдүн абалы да ушул эле сыяктуу. Бир мезгилде токойго бай келген Грецияны алсак, же башка Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн карап көрсөк, азыркы учурда бопбоз болгон чөлдү көрөбүз. Учу кыйры көрүнбөгөн Амазонканын тропикалык токойлоручу, анын азыр үчтөн бири гана калган. Батыш Европа өлкөлөрүнүн (Англия, Франция, Германия) ж.б. көпчүлүгүндө токойлор кыйылып бүткөн. Бул жагынан Финляндия гана токойлуу өлкө болуп эсептелет. Бизди Республикада да ноосфера доорунда биотүрдүүлүктү сактоо проблемасы күн тартибинде турат. Себеби коом өнүккөн сайын жаратылыш көз көрүнөө жабыркап бара жатат. Алсак, мындан 200 жыл мурун эле Чүй өрөөнүндө калың арча токойлору өскөн турбайбы (Алдашев, 1977). Бишкектин төмөн жагындагы камыштарда далай жырткычтар баарлап, алардын ичинде жолборстор да жашаган экен. Ысык-Көлүбүздүн айланасы чытырман токой болуптур. Азыркы көрүнүшү өзүбүзгө белгилүү. Кечээ эле жакында 1960-жылдары Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Чычкан капчыгайында калың карагай токойлор болгон. Ошол эле өрөөнүндөгү Нарын дарыясынын оң жээгин айтсакчы - жаз, күз жапайы жаныбарларга, канаттууларга бай калың сай токойлор өсчү эле. Эми ал экосистемалардын бири жок. Жаратылыштын бул байлыгы Токтогул суу сактагычынын алдында калган. XIX кылымда орустун улуу окумуштуусу Мушкетов Суусамыр өрөөнүнө суктанып мындай деген экен "Эта чудная долина, как изумруд в серебряной оправе". Жайлоонун жап-жашыл шиберин касиеттүү каухар ташка теңеп, ал эми туш-туштан курчаган ак селде сымал мөңгүлүү бийик тоо кыркаларын күмүш менен кыналгандай көрүнүшүн сүрөттөгөн. Азыркы учурда Суусамыр өрөөнүнүн келечегин оор жүк ташыган автоунаалар, аларды тейлеген "Париж" аттуу шаарчалар, чайканалар чечип калышкан, ар бир автоунаа каттаган сайын канча түтүндү чыгарып кетерин, ал тоолордун мөңгүлөрүнө кандайча таасир көрсөтүп жатканын ким изилдеп жатат? Айрым жайлоолордо азыр эле бир түп арча да өспөй калган, ал эми жердин сулуулугун чыгарган кадимки карагай, ак кайың, долоно, четин токойлорун Кыргызстандын кайсы жеринен көрүүгө болот? Ошентип миңдеген жылдар бою калыптанган экосистемалар акыркы жылдарда түп тамыры менен өзгөрүп отурат. Мындай жаратылышка ээсиздик мамиле жасоо жер жүзүндө эң эле көп, айтып отурса түгөнбөйт. Ошондуктан буга каршы биздин гана өлкөдө эмес Эл аралык мааниде бир топ чаралар баштаган. 1948-жыл жаратылышты коргоо боюнча Эл аралык союз түзүлгөн (МСООП), 1950-жылы анын алдында агартуу боюнча туруктуу комиссия уюшулуп, өлкөлөр аралык зор иштер жүргүзүлө баштаган. 1962-жылы комиссия тарабынан жогорку окуу жайларга жаратылышты коргоо курсу боюнча программа сунушталган. Жаратылышты коргоо боюнча агартуу иштер 1972-жылы БУУ тарабынан уюшулган Стокгольм конференциясынан кийин бир топ жанданды. Бул конференцияда курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Эл аралык агартуу программасы кабыл алынган. Ошол эле жылы Бүткүл дүйнөлүк конференцияны чакыруу макулдашылды. Өкмөттөр аралык Бүткүл дүйнөлүк агартуу конференциясы 14-26-октябрда Союз тарабынан Тбилиси шаарында өткөрүлгөн, ага 60 өлкөнүн делегациясы жана БУУнун, ЮНЕСКОнун, ФАОнун, ЮНЕПтин, МСООПтун, ВМОнун жана бир топ башка уюмдардын өкүлдөрү болуп, бардыгы 330 кишинин катышуусу менен конференция өз ишин баштаган. Алар негизинен айлана-чөйрөнү коргоо үчүн агартуу иштерди жакшыртууну; элди технологиялык этикетке тарбиялоону, өндүрүштөрдү иштетүүдө эч кандай таштандыларды айлана-чөйрөгө чыгарбоону же болбосо аларды консервалай билүүнү баса көрсөтүшкөн. Стокгольм конференциясынан 20 жыл өткөндөн кийин 1992-жылы Рио-де-Жанейродо (Бразилия) курчап турган чөйрөнү коргоо жана өнүгүү, биотүрдүүлүктү сактоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясында 178 мамлекеттин жетекчилери жолугушуп. Өнүгүүнүн жаңы идеясын кабыл алышкан, ал "Омоктуу өнүгүү" деп аталды. Анын максаты - жаратылыш ресурстарын жакырлантпай пайдаланып өнүгүүнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу менен экономикалык өсүүгө жетишүү. "Омоктуу өнүгүү" концепциясы өнүгүү учурунда экологиялык коопсуздукту толугу менен сактоо, жаратылыш байлыктарын үнөмдөп пайдалануу, экономикалык өсүүгө жетишүү; учурдагы муундун муктаждыгын канааттандыруу менен бирге келечек муундардын муктаждыктарын камсыз кылуу. Жаратылыш келечек муундардын да энчиси. Орустун улуу окумуштуусу В.И.Вернадский - адамдар жаратылышты пайдаланууда Биосферанын мүмкүнчүлүк чегин түшүнбөй жатышат, эгерде аны сезбей, табият менен карым-катышын өзгөртпөсө адамдар глобалдык экологиялык кризиске кабылышы мүмкүн деген осуятын эске тутуп, Кыргызстанда "Омоктуу (туруктуу) өнүгүү" идеясын иш жүзүнө ашыра башташкан: 1995-ж. курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Улуттук план кабыл алынган, 1996-ж. Кыргызстан биологиялык түрдүүлүк боюнча Конвенцияга кол койгон, 1997-ж. экологиялык коопсуздук идеясы бекилген жана омоктуу (туруктуу) өнүгүү боюнча Улуттук стратегия кабыл алынган. 1998-ж. Биотүрдүүлүктү сактоо боюнча Иш планы жана Стратегиясы кабыл алынды. Айлана-чөйрөнү коргоо саясатындагы реформалар жөнөкөй жана иш жүзүнө ашырыла турган болуу керек. Реформалар мамлекет, эл-журт, өкмөттүк эмес жана Эл аралык уюмдар менен бирдикте аткарылышы мүмкүн. Бул иштин стратегиясында үзгүлтүксүз экологиялык билим берүүгө орчундуу маани берилген. Ошондой эле адамдардын экологиялык ой жүгүртүүсүн жаңыча оңдоого, экологиялык маданиятын өстүрүүгө жана аларды аткаруу жолдоруна көңүл бурулган. Адамдардын омоктуу (туруктуу) өнүгүүсүнүн негизги принциби - экология, экономика, адам экендиги баса көрсөтүлгөн.

Мира Ботбаева,
И.Арабаев атындагы КМУнун биотүрдүүлүк кафедрасынын профессору;
Бейшекан Султанова, лаборатория башчысы.